АБЫКАЕВ Абийирбек: ВЛАДИМИР НАБОКОВ: ПЕРИШТЕНИН СӨЗҮ

АҢГЕМЕ

Коюу түндүн койнунан таттуу түштүн канаттуу шамалы сууруп чыгып, алтын түстүү таптаза асман астында ажайып бир тоолуу өлкөдө жол четинде турдум.   Кылчайып артымды карабасам да тээ ылдыйда аркайган урчуктуу аскалардын жаркыраган кырларын, түбүнө көз жеткис тик жарларды, күн нуруна күзгүдөй чагылышкан көлдөрдү жон терим менен сезип жатам.

Жан дүйнөм түркүн түстө кулпуруп, рахаттын бийик чегине жетип, жараткандын жан жыргаткан бейишине киргенимди билдим. Бирок менин жерди байырлап, жерде өскөн жан дүйнөмдү жалындап күйүп тынчтык бербеген жерликтерге тиешелүү бир ой кемирет – ал оюмду мени курчап турган ушул улуу сулуулуктун деминен кызганып, андан сактап калууга жандалбас кылам…

Кыйноонун кызыл жалынына чулганган ал ой менин жердеги мекеним жөнүндө эле:    жылаңаяк, ач жылаңач мен, тоо жолунун жээгинде боорукер, нур жүздүү асман жашоочуларын күтүп жатам, бир укмуштуу окуяны сезгендей тентек шамал чачтарымда ойнойт, анын хрусталдай таза үнү капчыгайды толтуруп, аскалардын арасында өскөн дарактардын жибек сындуу жалбырактарын дирилдетет; дарактарга оролуп өскөн узун чөп, ага жармашып күйгөн жалынды элестетет; чанагынан үзүлгөн гүлдөрдүн калдайган желекчелери жаркыраган бутактардын арасынан жайма-жай өтүп, күн нурун толтуруп алып учуп бараткан алтын аяктай каалгыйт; туптунук, үйлөп койгондой торсойгон желекчелер чыгарган нымдуу, жагымдуу жыт мага эмнегедир жашоомдогу башымдан өткөзкөн эң жакшы учурларды эске салып жатты…

Аңгыча мен турган жаркыракка тунуп турган жол көлөкө каптап, шуулдаган зор канаттардын бороону астында калды… Кандайдыр бир көз тайгылткан уюган жарыктан мен күтүп жаткан периштелер топ-тобу менен өсүп чыгып жатышты.  Гүл желекчелеринен жаралган булут сымал жеңил жылып, тунук жүздөрү кыймылсыз, бир гана нурлуу кирпиктери бир нерсеге суктангандай дирилдейт.  Ортолорунда айланасын бактылуу кыздардын күлкүсүндөй күлкүгө бөлөгөн кичинекей көгүш чымчыктар каалгып учуп,  алтын түстүү, шумдуктай формадагы кара чаарлары бар ийкемдүү жаныбарлар ойношот:    алар атлас сыяктуу жумшак туяктарын үнсүз шилтеп, абадагы түркүн түстөрдү кубалап, менин жанымдан чимирилип, айланып, ийилип көздөрүн жайнатып өтүп жатышты.

Канаттар, Канаттар, Канаттар! Алардын ар бир бүктөмдөрүндөгү жарыктын кубулушуп ойногонун кандай сөздөр менен айтып бере алам? Алардын бардыгы кубаттуу жана жумшак-алтын түстүү, кара кочкул, каракөк, баркыттай кара, канаттардын иймекей учтарынан жалын чыгып жаткансып жаркырайт.  Периштелердин ар биринин жарык нур чачкан ийнинин артында түркүн түскө кубулган булут каалгыйт; кай бирлери өз абалына магдырап, рахатка батып көз ирмемге эреркей түшүп, канатын күүлөп алганда күн жарк этип чыга калгандай же бир эле убакта миллион көз сени карап тургандай таасир берет.

Көз караштары асманга кадалган. Алардын каректеринен бир эле убакта чексиз кубанычты жана учууга болгон умтулууну байкадым.  Алардын жай, бир калыпта баскан издеринде гүл ачылып жатты.  Гүлдөрдөн чыккан нымдуу жаркырак, жылтылдаган жүнү кыска жылмакай айбанаттардай, абада айланып, тегеренип, чимирилип ойнойт; чымчыктар кубанычтуу сайрап, өйдө-ылдый кайкып учушат.  А мен укмуштай сулуулуктан эсим танып, титиреген бир бечаранын кейпинде жол боюнда турам:    бул сулуулуктун жанында түккө турбас жан дүйнөмдө дагы эле баягы оюмду айткым келип кыйналап жаттым.

Аларга Кудай сүйгөн бир керемет жылдыздын бетинде бир өлкө бар экенин, башына түшкөн оор түйшүктөрдүн азабынан соолуп, өлүп бара жаткан менин өлкөм бар экенин айтып берсем, аларга айтып жок дегенде үлпүлдөгөн жарыгынан бир ууч болсо да сурап алсам, ал жарыкты өлкөмө жеткизсем эле ал жерде кубанычтын оту жанып,  гүлдөгөн жаздын деми менен адамдардын жан дүйнөсү тазарып кетчүдөй сезип жаттым.  Анан алардын алдын торой чыгып, титиреген колдорум менен жаркыраган буттарынан, толкун сымал тармалданган жумшак  канаттарынын учунан кармап калууга аракеттендим, гүлдөй назик канаттар салааларыма токтобой жылмышкан сайын онтолоп, айлам кетип, акыры кайырчыдай жалдырап суранганга өттүм.

Периштелер мени таназарына илбей, асмандап учуп кетип жатышты.  Алардын тобу менин акыл-эсим  жетпеген, шумдуктай жарык төгүлүп турчу,  Кудайдын деми сезилип турган жайдагы бейиш майрамына шашып учуп бара жатышкан. Түркүн түскө боёлгон зор канаттардын бетинен желеленген, мөлтүрөгөн тамчылардын элесинен саймаланган сүрөттөрдү көрүп жаттым. Менин үстүмдөгү канаттарынын толкун сыяктуу соккон эпкининен кооз бутактардагы короздонгон сулуу көгүш чымчыктар уча качып, жаркыраган күмүш бутактардын үлбүрөгөн назик гүлү күбүлүп жатты…

“Токтой тургула, менин айкандарыма көңүл буруп койсоңор”- деп кыйкырып жаттым, периштелердин жепжеңил буттарынан кучактоого аракет жасап, бирок алардын колго илинбеген, кармоого мүмкүн эмес тамандары менин сунулган колума токтобой жылмышып, күүлөгөн жазы канаттарынын кырынан чыккан ысык аба жука эриндеримди куйкалап жатты.

Алыстан даана көрүнгөн эки асканын ортосундагы гүлдөгөн, алтын түстүү кокту алардын бийинен жаралган бороонго толуп чыкты; алар кайтып кетип баратышты, алар кеткенде бейиш чымчыктарынын шаңкылдаган бийик күлкүлөрү басылды, дарактардан жалбырактар күбүлбөй токтоду, мен болсо турган жеримден жыла албай алсырап,  жалдырап турдум.

Оо, жараткан! Бир кезде күтүлбөгөн окуя болду: арт жакта калган периштелердин бири кайра бурулуп акырын жылып менин жаныма келди. Мага анын жаадай ийилген каштарынын астынан мени үңүлө бүт дитин салып тиктеп турган алмаздан курч каректери көзүмө чалдыкты.  Жайылган канаттарынын асты көк баскансып, а канаттын өңү бозомтук тартып, адам сүрөттөп бере албаган түстө, ал эми ар бир канатчасынын учу күмүш түстүү орок менен бүтөт экен. Анын жагымдуу жүзү, күлүмсүрөп турган эриндери, жазы маңдайы мага  жердеги көргөн адамдарды эске салды.  Мага анын жүзүндө бир кезде биздин арабыздан кеткен адамдарга тиешелүү жагымдуу сапаттары, жада калса бырыштары да чогултулгандай,  мурда кулагым чалган тааныш үндөр бир обонго биригип калгандай туюлду. Ал мага жакын келди, ал күлүмсүрөп турду, бирок мен аны тик багып карай албадым.  Бирок буттарына карап, анын таманындагы кыйма чийме көгөргөн кан тамырларды, ошол кан тамырлардын үстүндө жайгашкан каны качкан калга көзүм түштү – ошол тамырларды, ошол калды көргөндө мен анын жерден таптакыр жүзүн бура электигин, ал менин дубамды түшүнө аларын сездим.

Башымды ийип, чоктой кызарып ысыган топурактан күйгөн булганыч алакандарым  менен жарыктан карыккан көздөрүмдү басып алып, мен ага өз арыз-муңумду айта баштадым.  Ага өлкөм кандай керемет өлкө экенин, учурда аны чулгап алган кара туман кандай коркунучтуу экенин айтып бергим келген эле, бирок эмнегедир керектүү сөздөрдү таба албадым.  Шашкалактап, кайра-кайра кайталап, кайдагы бир майда-барат нерселер жөнүндө кобурай баштадым, жантыгынан коюлган күзгү чагылдырган күндүн нуру жөнүндө, эски китептер жөнүндө, илгерки айткан калптарым жөнүндө божурадым, майда-чүйдө жасалгалар тууралуу, кызгылт мектеп дептерине жазган алгачкы ырларым жөнүндө, бүлдүркөн  талаасынын так  ортосундагы эңилчек баскан боз таш жөнүндө, түк баскан гүл менен ромашка өскөн талаа жөнүндө айтып жаттым, бирок эң негизги айта турган оюмду түшүндүрчү сөздү табалбай чалынып, мүдүрүлүп, кайра башынан түшүп, кайрадан жаңылып,  жылуу бөлмөлөрү бар короо-жайым тууралуу кобурап, биринчи сүйүүм жөнүндө айтып, түктүү гүлдөрдө конуп учкан жапайы аарылар жөнүндө божурадым…

Айтор, негизги айтам деген оюма мына-мына жетип, өлкөмдүн башына түшкөн апаатты түшүндүрөм го деп ойлогон сайын, эмнегедир эсиме сүйлөгөндү да, жан дүйнөнү куйкалаган ири тамчы менен ыйлатканды да билбеген майда нерселер түшүп, ал сезимдерди туюндурган сөздөрүмдү айталбай жаттым…

Сөзүм түгөнүп, башымды көтөрдүм.  Периште жылуу жылмайып, мага бүт дитин салып, өз сүйрүсүнөн келген алмаздай курч каректери менен кадала карап туруптур, ал менин эмне айтарымды билип, оюмдагынын баарын түшүнүп турганын сезе койдум.

— Мени кечирип кой периштем, — дедим, анын таманындагы калынан этият өөп, — кечирип кой, мен майда-барат сөздөрдү айтканга эле кудуретим жетти.  Бирок өзүң түшүнөсүң да, боорукер кайрымдуу периштем, менин өлкөмдү эмне сактап калат? Ушуга жооп берчи.

Периште, өзүнүн көгүлтүр канаттары менен мени  көз ирмемге кучактап, жападан жалгыз бир сөз айтты.  Мен анын үнүнөн мурда сүйүп билип жүрчү үндөрдү уктум.  Ал айткан сөз ушунчалык ажайып кереметтүү сөз экен дейсиң, терең дем алып башымды ого бетер ылдый ийдим. Анын жагымдуу жыты менен шыңгыр үнү болгон тамырыма агып кирип, мээмде жаркыраган күн чыгып, аң-сезимимдин эсепсиз көп капчыгайларында жаңырып, бейиш сөзү кайталанып жатты.  Ал сөз менин жан дүйнөмө сыйбай толуп чыкты; бир ичке түйүн чекемде тыбырчылап, кирпиктеримде көз жаш титиреп, жагымдуу муздак жел чачтарымды аралап, Жараткандын жылуу мээрими жүрөгүмдү ысытып баратты.

Мен ал сөздүн ар бир муунун рахатка батып кыйкырып жаттым, мен дүйнөгө бакытка баткан нымдуу каректерим менен күн желесинин түркүн түстүү нуру ойногон көз жаш аркылуу карап турдум.

Оо кудай, тереземде кышкы таң көгүлтүр нурун төгө баштады, а мен эмне деп кыйкырып жатканым эсимде жок…

Которгон Абийрбек АБЫКАЕВ