АБЫКАЕВ Абийирбек: ЖАЛАЛИДИН РУМИ: КАПТАГЫ КУМ

Чоң төөсүнө теңдеп эки кап арткан,
Чөл аралап, бир бедуин[1] бараткан.

Жолдон анан жолугуп бир жолоочу:
– Жүгүң эмне? — берилди анын суроосу.

Жооп узатат ээринде түз олтуруп:

“Бир кабыма буудай салгам толтуруп.

Экинчи кап шыкаганмын кум менен,
Теңдеп алгам, ообойт жүгүм бул менен.”

Жолоочу анда үн чыгарып акырын,
Бедуинге айтат минтип акылын:

“Кумду төк да жеңилдеткин жүгүңдү,
Буудайды бөл, теңештириш кыйынбы?

Ашыкча жүк, төөңө дагы, сага да,
Ашык түйшүк жаратарын кара да.”

“Оо жолоочум, акылыңа суктанам!
Көп жыл жашап, мындай акыл укпагам!

Кел учкашкын, жөө жүргөнүң жарабайт,
Кандай жансың? Кайдан келдиң? Кана айт.

Хансыңбы сен, бир өлкөнү башкарган,
Вазирсиңби, баш ал десе башты алган?»

Анда тиги: “Кийгенимди карачы,
Хан кийминде, болот бекен жамаачы?”

“Бул жөн суроо. Ойлонбостон сурадым,
Малың көппү, кайда турар турагың?”

“Көп сурооңдон тажады го кулагым,
Көп малды кой, бир коюм жок, чырагым.”

“Көзүң ойноп, көп товардан жайнаган,

Көпөс болбо, көп дүкөндү кармаган?»

“Өмүрүмдө соода кылып көрбөгөм,  —
Дейт жолоочу, — андай ишке көнбөгөм”

“Зергер болбо, алтын күмүш ширеткен,
Же көзү ачык, арбактарга тили өткөн?

Не болсо да бал тамызган тилиңден,
Акылыңа баа бердим мен дилимден!”

Жолоочу айтат: “Жакырмын мен жер кезген,
Нан сурап жейм, бай үйлөрдөн кездешкен.

Акылымдын сыйлыгы ошол — ачкалык,
Азап чектим, жер кыдырып, ач калып”.

“Кет, жогол,– дейт — мага жакын жолобо,
Кач, нары тур төөнүн жолун торобо!

Калп акылың, экинчи ооздон чыкпасын,
Кетчи бачым, бактысыздык жукпасын!

Өз тагдырым сактабасам болобу,
Сен ылдый кет, мен кетейин жогору.

Каптагы кум кала берсин төгүлбөй,
Акылсызмын, талашпаймын төгүндөй.

Акылымды аз берсе да кудайым,
Кол создурбай, кылган экен ырайым!

Акылыңды баа жеткис деп санаба,
Дилиңдеги кумдан кутул садага!”

ЫРЧЫ
Ичип алган, башчысы чоң түрмөнүн
Ырчыга айтат: “Кана ырдачы билгениң.

Кайгымды куу, көңүлүмдү ачкының
Ырың менен жүрөгүмдүн жап муңун!”

Буюрду да, башчы турду теңселип,
Ырчы созот жан дүйнөсүн эңшерип:

“Кайдан билем, түнүңбү же күнүңбү?
Кайдан билем, кимге арнадың сүйүүңдү?

Кайдан билем, ишенемби тагдырга?
Кайдан билем, керекминби мен сага?”

Кайдан билем?  Ушул ырын кайталап,
Кайталоодон онтоп ийди чар тарап.

Башчынын көр, кыжырданып турушун,
Баш алчудай сууруп чыкты кылычын.

Бирок досу кармап калды колунан,
Тосту ажалды чыга калган жолунан.

“Эсиңе кел, талаасы эмес уруштун,
Ырчыга эмне, кас көргөнсүп куруштуң!”

“Кайдан билем? Кайдан билем? –деп сайрайт,
Кайталоодон жиним келип, кан кайнайт.

Болобу анан, келжиректи ыр десе,
Эмнеге ырдайт кайда экенин билбесе!”

Которгон Абийрбек АБЫКАЕВ

[1] Бедуин – көчмөн.