АБЫКАЕВ Абийирбек: ДИЛАЗЫК: АТАСЫ МЕНЕН УУЛУ ЖӨНҮНДӨ УЛАМЫШ

Поезд ордунан козголор замат ал терезеден колун чыгарып, шамалга тосту. Бир кезде ал таң кала кыйкырып жиберди:

— Ата, карасаңыз, бактар артты көздөй жүгүрүп баратат!

Атасы жылмайып койду.

Жигиттин жанында олтуруп бараткан эрди-катын тигини таңыркап карап калышты, 25 жаштагы жигиттин кичинекей бала берчү суроо бергени аларга кызык угулду.

Жигит кайрадан суктангансып кыйкырып жиберди:

— Ата, көрдүңбү көл, жээгинде жаныбарлар жүрүшөт… Булуттар бизди ээрчип келатышат!

Күн себелеп, жаан башталды, жигиттин сунулган колуна жамгырдын тамчылары тийгенде сүйүнгөнүн жашыра албаган жигит атасына кайрылды:

— Ата, жаан жаап келди! Көрдүңбү, менин колума тамчылары түштү?

Кеңеш менен болсо да жардам бергиси келген аял, жанындагы жашап калган адамга кайрылды:

— Уулуңузду ооруканага эмнеге алып барбайсыз?

Тиги киши мындай жооп берди:

— Биз жаңы эле ооруканадан чыгып келатабыз. Уулумдун көзү жаңы эле көрө баштады…

Которогон Абийрбек Абыкаев