АБЫКАЕВ Абийирбек: ДИЛАЗЫК: ДУШМАН

— Апаке, мен сени аябай сүйөм, — деди кичинекей Варя уктаар алдында, апасынын төшүнө башын жөлөнө жатып.

— Мен да сени аябай сүйөм, Варенька! – деп жооп берди апасы.

— А сүйүү деген эмне?

— Эми…кызым, сага кантип айтсам. Сүйүү – бул өтө татаал жана күчтүү сезим. Ар кандай сүйүү болот: мисалы, башка кишини сүйүү, өз өлкөсүн сүйүү, жаратылышты сүйүү…– апасы ар бир сөзүн кылдат тандап түшүндүрүп жатты.

— А оюнчукту сүйсө болобу?

— Бул эми бир аз башкачараак, бирок ал деле жакшы сезим, оюнчуктарыңа камкордук кылсаң, сындырбай ойнойсуң.

— А кээде бирөөнү жаман көрсөң да, сөзсүз сүйүш керек болуп калабы?

— Мисалы  ботконубу? – деп күлдү апасы.

— Мейли, ошол ботко дейли, фу, бөлтөктөрү менен…

— Ботко жеген балдарга аябай пайдалуу. Чындап айтсак, өзүңдүн душманыңды сүйүш өтө кыйын, эгер ал сага жамандык жасап жатса аны түшүнүш, кечириш оңой эмес.

— А сенин душманың барбы? А меникичи? – деди уйкусу качкан Варя апасын демитип.

— Ар бир адамдын өз душмандары бар, бирок менин оюмча көпчүлүк учурларда адамдын душманы – ал өзү.

— Кандайча?

— Эми, ошондой. Адам жалкоолонот, айткан убадасына турбайт, ошону менен өзүнө чыккынчылык кылып, башкаларды алдайт. Ал кээ бир кылган иштеримдин эч жаман жагы жок деп ойлойт, чындыгында өзүнө өзү зыян кылып, өзүн өзүнө душман кылып алган болот. Ошондуктан, ошондой жаман адамды — өзүн-өзү сүйүү өтө кыйын.

— Ой, мен мындан кийин жалкоо болбойм, өзүмдү да алдабайм, анпесе жаман адам болуп калсам, өзүмдү сүйө албай калат турбаймынбы, —деди да, Варя көзүн жумду.

Бир мүнөттөн кийин ал апасынын ийнине жөлөнгөн боюнча, акырын коңурук тартып, терең уйкуга кетти, апасы бир топко чейин кызы менен болгон маек жөнүндө  ойлонуп уктай албай жатты.

Интернеттен алып которгон Абийрбек Абыкаев