ДҮЙШЕЕВ Шайлообек: ШАЙЛООБЕК ДҮЙШЕЕВ: КЫРГЫЗ ЖАЗЫ

Жаз тууралуу ырларды сунуш кылар алдында окуучулук күндөрдөгү бир учур эске түштү. 7-класстын «Русская литература» китебинде «А.Саврасов. «Грачи прилетели» («Чар каргалар учуп келишти») деген сүрөт бар эле. Орус тил эжебиз ошол сүрөт тууралуу көп жакшы нерселерди айтып бере берчү. Ошондон уламбы, билбейм, менде орустарга жазды каргалар апкелет турбайбы деген түшүнүк пайда болгон.

– Эмне үчүн ошондой чар каргалар бизде жок? – деп сурагам.

Эжейимдин буга эмне деп жооп бергени бүгүн эсимде жок. Бирок биздин каргалар учса эле күн бүркөктө учарын, биздин каргалар учса эле жаан же кар жаарын ойлоп, орустарга жазды апкелген Саврасовдун чар каргаларына суктангам, бизде да ошондой каргалар болсо деп тилегем.

Мектепти, классташтарды, айылды, балалык сүйүүмдү эске салган бул сүрөт башкаларды билбейм, менин өмүр бою эсимде калды. Саврасов менен жакында «тааныштым». Ырды болсо жаңы жаздым.

* * *

Алексей Кондратьевич Саврасов 1830-жылы Москва шаарында майда соодагердин үй-бүлөсүндө туулат. Атасынын каршы болгондугуна карабастан Москвадагы сүрөт окуу жайын окуп бүтүрөт.

* * *

Эл оозуна алынып калган кезинде мецанат И.В.Лихачевдун көмөгү менен Харьков, Киев, Одесса, Крым шаарларын кыдырып сүрөт тартат.

* * *

1862-жылы Лондондо өткөн Бүткүл дүйнөлүк сүрөт көргөзмөсүнө катышат. Франция, Швейцария, Германияда болот.

* * *

1871-жылы А. Саврасов ага атак-даңк алып келген «Грачи прилетели» деген сүрөтүн тартат.

* * *

1882-жылы сүрөттөн башканы ойлобогон, жарытып акча-тыйын таппаган Алексей Саврасовду аялы эки кызын ээрчиткен бойдон таштап баса берет. Ага дейре эле эптеп күн көрүп келген художник ансыз дагы оорукчал, жакыр жашоосуна кайыл болуп, биротоло селсаяктык турмушка өтөт.

* * *

А. К. Саврасов 1897-жылдын 26-сентябрында Москванын ооруканасынын алдындагы багуусуз калган адамдар башкалкалаган жайда дүйнөдөн кайтат.

* * *

Алексей Саврасов орус сүрөт өнөрүндө лирикалык пейзажга негиз салган улуу художник катары тарыхта калган. Ал бир эле «Грачи прилетели» деген сүрөтүн 9 жыл бою кайта-кайта, ар кандай вариантта тартып келген.

* * *

Жакшы жери, орус эли Саврасовду унуткан жок. Анын жакыр турмушта өмүр өтөп, селсаяктык жашоо сүргөнүнө карабастан өлгөндөн кийин сүрөттөрүн бирден чогултуп, атактуу сүрөт музейлеринин төрүнө илдирди. Муну менен эле чектеп койбостон, окуу жайлардын, мектептердин окуу китептерине кийирип, окутуп, таанытып, хрестоматиялык сүрөткө айлантып, сүрөтчү уулунун өмүрүн ушул күнгө чейин улап, узартып келатат.

* * *

Биз мектепте өз тарыхыбызга караганда орус элинин тарыхын, өз маданатиябызга караганда орус элинин маданиятын өзүбүздүкүнөн артыгыраак таанып билгенбиз. Азыр ойлойм, кокус А. Саврасов сыяктуу тагдыры оор, жашоосун селсаяктык менен өткөзгөн, бирок кудай берген таланты бар акын-жазуучубуз же художнигибиз болгондо биз аны мына ошол орус коому көтөргөндөй көтөрүп, орус эли баалагандай баалап, жаманын жашырып, жакшысын ашырып, кыргыз эле эмес кытайга чейин даңазалап, окутуп, таанытып, билбегендерге билгизип, мактап алалат белек? Ай, таң? Антерибизге көзүм жетпейт…

* * *

Аракеч, селсаяк, бирок Кудай берген таланты таш жарган таланттар тургай, кыргыздын маңдайына бүткөн жалгыз уулу Чыңгыз Айтматовду өлгөндөн кийин тим койбой, оозуна келгенди оттогондор чыгып жатпайбы азыр. Мындай журт бузар «балтиниттерди» мамлекет эмес, эл өзү соттоп, эл өзү жектеп, бүтүндөй бир элдик жексурга айлантып, элден, журттан «сүрүп чыгармайын», биздеги «ашынып» кеткен көралбастыкты жок кылмайын «балтиниттер» дагы далайлардын түбүнө жетери бышык.

* * *

Ушундан улам «талант деген тарыхта ичкилик ичкен-ичпегени менен эмес, оң-тетири жүргөн-турганы менен эмес, мыкты чыгармасы менен гана калат» – деп айткан Салижан Жигитовдун ташка тамга баскандай айткан сөзү эске келет.

* * *

Эми «кыргыз жазынын» сүрөттөрүн тарткан ырларыма конок берели.

Сага
1-варианты

Санаамда «жарк» деп күлөсүң,
Санаймын сааттын мүнөтүн.
Кайталайт улам эжейим,
Карганын бакта сүрөтүн.

 

– Жактырып ушул жайды алар,
Жазды алып келди каргалар…
… Айнектен сыртты карасам,
Жаап жаткан экен майда кар.

 

Булуту киргилт, ныкталган,
Бук болсо чиркөө жыттанган.
Орустун жазын орустан
Ошондо чындап кызгангам.

 

Балалык сүйүү биз эккен,
Байкатпай күчөп ич эзген.
Жаныңда жүрсөм дечү элем,
Жазды уурдап чыгып китептен.

 

Адырдын жолун теминтип,
Арыктын суусун элиртип.
Айылга жазды биринчи,
Апкелген бала дедиртип.

 

Көккө уча жаздап аз калып,
Көрүнгөн кызга мактанып.
Энеме барбай эң алгач,
Саа барат элем Жазды алып…

* * *

Мен бир эле ырды ар кандай вариантта, ар кандай муунда жазып, өзүмдү сынаганды жакшы көрөм. Ошондуктан жогорудагы ырдын 2-вариантын да сунуш кыла кетейин.

2-варианты

Сага жазган каттан «жарк» деп мүнөзүң,
Сабак бүтпөй, санайм сааттын мүнөтүн.
Саврасовдун айтып жатат эжейим,
«Чар каргалар учуп келген» сүрөтүн.

 

Жай табалбай жакшы жерге жайгарар,
Жазды кайда апкетишкен каргалар?
Терезеден көчө жакты карасам,
Тегеренип жаап атыптыр майда кар.

 

Булуттары коргошундай ныкталган,
Бук болгондо крест, чиркөө жыттанган.
Октой түптүз кайыңдары керемет,
Орустардын жазын бизден кызгангам.

 

Ак чамбыл жол, атчан, жөөчөн киши өткөн,
Алакандай айыл ушул биз өскөн.
Кайыңдыга жаз апкелсем дечү элем,
Каргаларды уурдап чыгып китептен.

 

Эжей калып, сабак калып, бак калып,
Эл бүткөндүн бардыгына мактанып,
Энеме да алпарбастан ошондо,
Эң биринчи саа бармакмын Жазды алып!..

* * *

Жылымтык күндөр төгүлөт,
Жылгалар тоодон бөлүнөт.
Жыңайлак кыя, андан соң,
Жыртык тон аңыз көрүнөт.

 

Таргыл уй өңдүү маталып,
Талаалар жүдөө шапайып.
Кашаттын, дөңдүн, бейиттин
Карааны улам азайып.

 

Жумук көз чөөттү акпаган,
Жука муз менен чаптаган.
Жупкадай жолдор чыйрыгат,
Жумалбай көзүн каткалаң.

 

Таң секин тамга жөлөнүп,
Тал-терек үшүп, көгөрүп.
Абакем келип, тоо жакка,
Жазды алып кетти өңөрүп…

* * *

Аргын жел согуп араң, жай,
Алышты бойлоп бадалдар.
Албырып турду тамылжып,
Ай-күнү жеткен аялдай.

 

Кумурска куунап жүк ташып,
Кум-чапты жашыл түк басып.
Жер менен чөптөр жүгүрдү
Желени көздөй сүт ташып.

 

Ат жолдор баскан чаң ысып,
Арыктан суулар жарышып.
Апрель биздин айылга
Жазды алып келди агызып.

 

Шыбырап чөптөр төрдөгү,
Шыбактар жонду өрдөдү.
Чак келбей калды кыздардын
Былтыркы кийген көйнөгү…

* * *

Жан-алы калбай тызылдап,
Жаз келе жатат кытылдап.
Дөңгөлөк Күндөн корккондон
Дөбөдө олтур кыш ыйлап.

 

Талыкшыйт тамдар жылчыйган,
Тал-терек арык, ыркыйган.
Таранчы жамап бүтпөй жүр,
Талаанын тонун жыртылган.

 

Аба да кенен дем алып,
Арыктар ычып «тер» агып.
Алты айлап кыштан чарчаган
Айылдар эми сеп алып.

 

Жашоо деп жандар дүрбөгөн,
Жаз тостук жалган дүйнөдөн.
Бейиттер келип жок болуп,
Беделер кайта гүлдөгөн…

* * *

Бук болгон шамал көшөрүп,
Булутун жонго көтөрүп.
Жакага түшкөн жол менен
Жаз келе жатты жөтөлүп.

 

Айдоолор жашын агызган,
Ак туман көчүп аңыздан.
Адырды артып баратат,
Алаңдап карлар алыстан.

 

Балдардын бал тил сөзүнөн,
Бакытты көрдүм көшүгөн.
Алоолоп жалын «дүрт» этет,
Айгырдын азоо көзүнөн.

 

Арылып суусу боорунан,
Айыкты карт чал оорудан.
Чатырап баскан келиндин
Чачырайт Күнү соорудан…

2-варианты
Асман чылгый булутун көтөралбай,
А чагылган шиши ным көзөй албай.
Жамаачы тон жол менен жалгыз аяк,
Жаз келатат жөтөлүп-жөтөлалбай.

 

Айдоолордон басалбай чалыштаган,
Ала-телек кар жатат сагызган аң.
Кыштак мына араңжан кыштан чыккан,
Кыркып алган токойдой арыктаган.

 

Күндү терип чымчыктын көчүндөгү,
Тоок кукулдайт жер тамдын төшүндөгү.
Алоолонгон жалындан дүрт этесиң,
Азынаган айгырдын көзүндөгү.

 

Чалкып жаны, арылып боору суудан,
Чал айыкты калтаңдап оорусунан.
Чака кармап бараткан Күн төгүлөт,
Чатыраган келиндин соорусунан…

Жазгы таң
Түйшүгүн тартып өткөндүн,
Түн бою түтөп өчкөн күн.
Жөө туман жаткан өзөнгө
Мөлт этет жашы чөптөрдүн.

 

Алыстап барат көздөгү
Адырга Айдын чөккөнү.
Таш жолду тиктеп үрпөйөт
Талаалар үймөк чөптөгү.

 

Аскада калкып ал учу,
Атканы калган таң ушу.
Аксаргыл желин желпиген
Айылда жаздын дабышы.

 

Алыштын жээги мал жүрөт,
Агалбай турат сай жүдөп.
Агарган бейит алдында
Акырын бүрдөп тал күлөт.

 

Агын суу чуркап ойногон,
Арыктар аңыз бойлогон.
Айдоодон чыккан көгүш буу,
Ак чаңгыл жолдо сойлогон.

* * *

Күндөр бөлөк, бири да жок андайдын,
Күүсү бөлөк көк тиреген тамдардын.
Күркүрөгөн күчүн небак унуткан,
Күн быякта күү-шаа түшүп жаагандын.

 

Алтүндөгү сууда калган кийиздей,
Асман бизде үнү жок жаайт жиникпей.
Анда-санда чагылган да көрүнбөйт,
Ата берип жок кылышкан кийиктей.

 

Отун уурдап, отсуз, күнсүз жандардын,
Ордосунда жашап калдык жалгандын.
Оюнчугу батпай турат дүкөндө,
Оюну жок, бирок биздин балдардын.

 

… Бала кез жүр бастырманын жанында,
Бакыт деген ата-энеңдин тамында.
Кереги жок ат башындай алтындын,
Алпар мени Ат-Башыга – айылга?

 

«Тарс!» эткенде бүткөн боюң дүрүлдөп,
Талаа кыйрап, тоолор көчүп күрүлдөп.
Буркан-шаркан кыян жүрүп заматта,
Булуттарды шамал айдап күжүлдөп.

 

Каяккадыр аласалып акканын,
Кайыңдынын «шаңк» дей түшкөн асманын.
Арча менен шыбактардын жыты аңкып,
Айылдардын жаз кучактап жатканын.

 

Таңын, кечин тасмалындай төгүлгөн,
Таш жолдорун тарамыштай өрүлгөн.
Тамчыларын мөлтүлдөтүп талдагы
Таранчынын көздөрүнөн көрүнгөн.

 

Чагылганы мизинде ойноп жалындын,
Күн күр этсе жер солк эткен айылдын.
Жаалы – мөндүр, жашы – жамгыр, жаны – сел,
Жасалмасыз накта жазын сагындым!..

Ала-Тоо, апрель, 2017