АБЫКАЕВ Абийирбек: ЧЫНЫГЫ СҮЙҮҮ ЖӨНҮНДӨ ЖАҢЫ ЗАМАНДЫН УЛАМЫШЫ

Кадимки эле катардагы эмканада, кадимкидей эле күндөрдүн бири болчу. Улгайып калган адам догдурга тигилген колундагы жипти суурутканы келген эле. Анын бир нерсеге толкунданып, шашып турганы кебетесинен көрүнүп турду. Догдурдун качан келерин сурап, аны саат тогузда бир маанилүү иш күтүп жатканын айтты. А саат азыр сегиз жарым болуп калган эле. Мен ага догдурлардын бардыгы бошобой жатканын, алар эң эле жок дегенде бир сааттан кийин кабыл алышарын айттым. Бирок анын кайра-кайра саатын карап, бир нерсеге аябай кабатыр болуп, капа болуп жатканын көргөндө ага боорум ооруй түштү.

Менин кабыл алуумда оорулулар жок болгондуктан, мен анын колун көрүп берүүнү чечтим. Анын тиккен жери бүтүп калган экен, жибин  алса деле болчудай. Мен коллегаларым менен кеңешип, жипти сууруп салмай болдум. Эмнегедир мен аны менен сүйлөшкүм келди, андыктан аны сөзгө тарттым:

– Аябай шашканыңызга караганда, башка адиске да жазылып койсоңуз керек?

– Жок андай эмес. Саат тогузда оорулуу аялыма тамак беришим керек. Ал азыр ооруканада. Догдур эмесминби, аялы эмне оору менен ооруп жатканына кызыга кеттим. Тилекке каршы, ал аялы Альцгеймердин оорусу менен ооруп калганын айтты. Мен анын колунан жибин сууруп, тазалап байлап бергенге үлгүрдүм. Бирок жанатадан бери ага убакыт сарпталгандыктан, ал мага саат тогузга ооруканага барганга жетишпей калчудай сезилди. Мен андан кечигип барса, аялы капа болор-болбосун сурадым.

– Жок, капа болбойт. Аялым мени беш жылдан бери тааныбайт. Ал эмес өзүнүн ким экенин билбейт.

Мен таңкала сурадым:

– Ошого карабай, ар бир күнү эртең мененки саат тогузга сизди тааныбай калган адамга тамак бериш үчүн барасызбы?

Ал атам сыяктуу ийнимден таптады да, жылмая карап, мындай деди:

– Ооба, тилекке каршы, ал мени тааныбай калды. Бирок аны мен тааныйм. Мен аны менен өмүр бою бактылуу жашадым.

Мен терезеден аллеяда бараткан улгайган адамды узата карап турдум. Качан менин эшигимди тыкылдатышканда гана ыйлап жатканымды билдим. Денемди майда калтырак басып, өзүмчө кобуранып жаттым: «Бул мен эңсеп издеп жүргөн сүйүү, жана мен…» Менин эртең менеки оорулуум, бактылуу экенин айтты. Ошондой күйөөсү бар аял да бактылуу экени талашсыз.  Чыныгы сүйүү деген жалындап жакшы көрүү жана романтика эле эмес, кечиримдүү болуу жана кандай абалга кабылса да бири-бирин түшүнүү, ошол боюнча кабыл алуу — мына ушулар өчүп-өлбөгөн өзгөрүлгүз нерселер. Биз бул дүйнөдөн өтөбүзАл эми бул сезимдер башка жүрөктөргө жайгашып кала берет.

Которгон Абийрбек Абыкаев