Адабий сыр: Алыкулдун чыгармачылыгын Мидин неге сындаган?

  • 27.04.2021
  • 8843

*     *     *

Филология факультетин тандаган студент келечекте «филолог, тил жана адабият мугалими» деген диплом алмакпыз. Ошого эле топук кылып жүрө бергенибиз болбос дегендер профессорлордун, доценттердин лекцияларын укканга баарын билип алгансып кыйынсынбай улуттук, советтик, дүйнөлүк адабияттардын өнүгүү процессин, абалын өзүбүзчө да иликтешибиз керек экендигине көзүбүз жеткенсиди.

Адабиятка кызыккандар жатаканадагы жөндүү-жөнсүз, өөдө-төмөн, өөдүр-сөөдүр кыжылдашканыбыздан майнап чыкпасын көрдүк, анча-мынча болсо да уюшкан тартипте, системалуу талкуу, пикир алмашуу зарыл болгондуктан адабият кружогун уюштурдук. Тилчилердин мүдөөсүн аралаштырганым жок. Алардын түйшүгү адабиятчы, жазуучу, драматург, акын болууну көздөгөндөрдүкүнөн оор болсо болор, жеңил болушу мүмкүн эмес. Ал эми мугалимдик кесипти көздөгөндөр жогорудагылардан эки-үч эсе ачуу десе ачуу, көп десе көп туз жегенге даяр адамдар. Балдарга өлкөнүн «келечеги болууга татыктуу» тарбия берип, өстүрчүлөр ошолор! Тилекке каршы, мугалимдин кадыр-баркын түшүнгөн саясат, саясатчылар жок азыр бизде.

Эгемендүүлүк мансапкор, дүнүйөкор талоончулардын чырагына май тамызуудан башталган. Ошондой доордогу аткаминерлер мугалимдерге эптеп-септеп күн көргөн байкуштун таз кейпин кийгизип коюшканы чындык! Өзүмчүл, карөзгөй аткаминерлерге билимдүү эл-журттун эч кереги жок окшобойбу. Адабият кружогубуз уюшулган күндөн ага активдүү катышкандар Ашым Жакыпбеков, Жалил Садыков, Сарман Асанбеков, Камбаралы Бобулов, Сайпидин Осмонов, Сейит Жетимишев, Жумаш Мамытов, Жанболот Абдраимов, Чөкү Дөөталиев, Муканбет Эшимов, Жапар Мамбеттурдиев, кийин кошулган Эрнис Турсунов менен Мырзабек Тойбаевдей курсташтарыбыз болду. Бизден кийинки курстан Жолдошбай Абдыкалыков, Эсенгул Ибраев, Кадырбай Мамбетакунов, жогорку курстан Жапаркул Алыбаев кружогубузга үзбөй катышып жүрдү.

Аты аталгандардын бардыгы кыргыз адабияты, маданияты, журналистикасындагы белгилүү ишмерлерден болду. Жумаш Мамытов гана тил илимин изилдөөгө баш-оту менен киришип, филология илимдеринин доктору даражасында Ош университетинде, Караколдогу Касым Тыныстанов атындагы университетте иштеп жүрүп, көзү өтүп кетти.

Басмадан жаңы китеп чыкса, авторду катыштырып, кружогубузда талкуулачубуз, сындачубуз. Өмүр бою ыр жазып жүргөн акын Муса Жангазиев чочугансып, кара сөз менен «Назарбектин классташтары» деген повесть жарыялаптыр. Китепти окуп чыгып, талкуулап калдык. Жапаркул Алыбаев: «Ушундай халтура жазган авторду атыш керек!» дебеспи. Автор кебелген жок. Талкуу аяктаганда: «Филфактын студенттери бүт эле «5ке» окуйсуңарбы?! «2», «3» алганыңарды атып салса, канчооңор калмаксың? Жазуучулар деле жакшы-жаманы аралаш силерге окшогон элбиз» деп кутулган.

Көптү башынан өткөргөн атак-даңктуу ишмерлердин ой-пикирин угууну эп көрүп, Жазуучулар союзунун ошол кездеги төрагасы, окумуштуу философ Азиз Салиевди баш кылып, кыргыз адабиятынын дөө-шаалары А. Токомбаев, Т. Сыдыкбеков, К. Баялинов, К. Жантөшев, Т. Үмөталиев, К. Маликовдорду университеттин чоң залынын төрүнө отургузуп, кеп-сөзүн укчубуз. Азиз Салиевдин көркөм адабияттын өзгөчөлүгү, маани-маңызы жөнүндөгү ой жоруусуна, такалбай так сүйлөгөн чечендигине, тилинин таттуулугуна, билимдүүлүгүнө суктанчубуз. Жаш жазуучу деген курактан өтүбүрөөк бараткан жана жаш жазуучу аталгандар залда, студенттердин арасында отурчу. Жолугушууларды уюштуруу, сүйлөчүлөргө сөз берип, жыйынды алып баруу жоопкерчилиги менин милдетим эле, анткени комсомолдун факультет боюнча бюросунун (факбюро делчү) секретары болчумун. Комсомолдун барктуу кези анда. Өз костюмум болбогондуктан бирөөнүн дурусураак костюмун сурап кийип, сүйлөчүлөргө сыр билгизбей сөз берип турчумун.

Кандан, бектен кайра тартпаган кайран учурдун кайсы бирин эстесем азыр уялам. «Алыкулдай ыр жаза албасаңар, элди мазе кылбагыла» дегенге чейин барган күнүбүз болгон. Чоң жазуучулар биздин ушинтип бышыксынганыбызды байкамаксанга салып койчу, чамасы, эссиз балдарга теңелбейли дечү го. Бир саам Кубанычбек Маликов гана: «Акындын баары Алыкул боло бербейт, боло да албайт, болуп да кереги жок. Ар ким өзүнчө кызык» деген. Ошондо аша чаап баратканыбызды сездик окшойт, бизди теске сала жүрөр жетекчи керектигин түшүнгөнбүз. Аалы Токомбаевге барсак макул болду. Жума сайын чогулабыз. А кишинин адабият жөнүндө, турмуш жөнүндө айткандарын кызыгып угабыз. Төрт-беш жолу келип, чолоосу жетпей калды окшойт, келбей калды. Анан кружок мүчөлөрү акылдашып отуруп, «Чалкан» журналынын редактору Айткулу Убукеевди жетекчи кылып алууну ылайык көрдүк, анткени кыргыз поэзиясында: «Стадион эх кандай, стадионго эл батпай» деген сыяктуу поэмаларга чейин жазылып, халтура күчөп бараткан учур болчу, ошондойлорго бөгөт коёлу деген максатыбызга «Чалкандын» жетекчисинин кеп-кеңеши дем болчудай сезилген.

Халтурага каршы жатаканада өзүбүзчө оозеки «күрөш» жүргүзгөнүбүздөн тышкары курсташтарыбыз Ашым Жакыпбеков, Камбаралы Бобулов, белгилүү сынчы Кымбатбек Укаевдин макалалары жарыяланып, оюбузду тапкандай болду. Айткулу Убукеев да төрт-беш жолкудан ашык келе албады. Жаңы жетекчи караштыра баштадык. Мидин Алыбаев ичкилигин токтотуп, соо жүрөт деген кабарды угуп, «элчилер» жиберсек, Мидике кыйыктанбай келип берген. Куйкум сөздүү, тамашакөй, ою курч акын экенин укчумун, ырларын окугам, бирок өзүн Райкан Шүкүрбеков менен жүргөндөрүн алыстан көргөнүм болбосо, жанынан көрө да, уга да элек болчумун. Адабият жөнүндө, жашоо-турмуш, адам, адамдын оң-тетири кылыктары жөнүндө кызык пикири бар, кишини эриктирбеген өтө шайыр, ойчул адам экен. Ыгы келе калса эле Алыкулду мактайт да турат. Бул эмнеси? Алыкулду барктаганыбы, же арамзаланганыбы дегендей күдүк ойдо жүрүп, бир күнү сурадык: «Мидике, сиз Алыкулду катуу сындаган макала жаздыңыз эле, мурда Алыкулду түшүнбөй жүрүпсүзбү?» деп. Ошондо Мидикең: «Адам бир нерсеге көз каранды болуп жаны кыйналып турганда, айрыкча... – мобуга деп кекиртегин акырын чертип койгон, – иттик кетирет» деген эле. «Сиз кимге көз каранды болдуңуз эле?» десек: «Э, балдар, силер аны сурабагыла, мен айтпай ак коёюн. Кийин бир тобуң жазуучу болуп, адабиятка аралашып кетесиңер, ошондо өзүңөр эле кимге көз каранды болгонуму билип аласыңар» деген жоопту айткан.

Мидиндин Алыкулду теңдешсиз акын катары баалаганы көңүлүбүздү көтөргөн, бир кездеги «сын сөрөйүн» кур намыс үчүн кашайып коргоп отуруп албай акыйкат бааны, акыйкат айтканына ыраазы болгонбуз. Мидикең кыйла жылдан бери чыгара албай жүргөн ичиндеги букту чыгарып алгандай туюлган бизге. А балким, адилетсиз сын жазганы поэзияга кыянаттык кылган күнөөгө тете экенин мойнуна алып, бизге чейин деле бир эмес, бир нече ирет бугун чыгарайын деп чыгара албай келаткандыр?.. Онунчу класста окуп жүргөн кезибиз болсо керек эле, же тогузунчу белек? Кеп анда деле эмес. Гезитке Мидин Алыбаевдин «Маанисиз махабат» деген чоң макаласы жарыяланган. Катуу сындалган Алыкулдун «Махабат» аттуу китебин окумак түгүл көргөн да эмеспиз. Көрсө, китепти саттырбай тыйып салышкан экен, кийин билдик. Мектепти бүтүп, Кыргыз мамлекеттик университетте окуй баштаганыбызда Мидин сындаган Алыкулдун алиги китеби колубузга тийип калды. Ырлары укмуш, башкалардыкынан артык экен. Талашып окудук. Жаттап алып ырдап жүрдүк. Алыкулдун атагы тез таркады. Мектепте Алыкулдун өмүрү, чыгармачылыгы боюнча сабак өтчү эмес. «Орус поэзиясында Сергей Есенин деген пессимист акын болгон, кыргыз поэзиясында ошондой пессимист акын Алыкул Осмонов» деген чолок маалыматты мугалимдерден укчубуз.

Алыкулдун классикалык мыкты ырлары бар экени үч уктасак түшүбүзгө да кирчү эмес. Биз эмес мугалимдерге да билгизишпептир. Бул көрө албастыктын, ич тарлыктын айыкпас дартына чалдыккандардын кыл жип менен бууган кыянатчылыгы экени бештен белгилүү. 1956-жыл болсо керек эле, Алыкулдун ырларын жатка ырдап, «Алыкулдай ыр жаза албасаңар, элди мазээ кылбагыла» дегенге чейин барып, бышыксынып жүргөн студенттик кезибизде Шаршенбек Үмөталиев «Алыкул Осмонов» жыйнагын түзүп, ага маанилүү баш сөз жазып, китеп кылып жарыялагандан кийин Алыкулду мектептерде окутуу маселеси тездетилгенсиди. Бирок атактуу акындын атагынан корккондор дале жөн жатпаптыр. Алыкулдун атын түбөлүк калтыруу зарылчылыгына келгенде, анын ысмы шаардын түштүк-батыш четиндеги киши көрбөгөн, кыргыз жүрбөгөн бир жүдөө көчөгө ыйгарылымыш болгон экен, көрүп алып жаным кашайган. Кийин-кийин чыгармачылык интеллигенция тикебизден тик туруп, Бишкектин Токтогул көчөсүндөгү 68-мектепке атын койдурганыбызда аябай сүйүнгөнбүз. Бирок ошондон кийин дагы далайга токтоду.

Улуттук китепкананы Алыкул Осмонов деп атоо демилгесин эгемендүүлүктүн алгачкы жылдары эле сунуштаганбыз, а тургай китепкананын алдына Алыкулдун эстелиги орнотулганын көрүп, аты коюлган экен деп жүрсөк, андай эмес экен. Ошондо да Улуттук китепкананын жетекчиси Жылдыз Бакашеванын демилгесин колдоп, жоон топ ишмерлер дагы бир жолу жогору жакка кат жазып, жооп ала албай жүргөнүбүздө, 2015-жылдын март айында Алыкулдун 100 жылдыгы белгилене баштаганда, бирөө мага телефон чалды: «Турдакун Усубалиевичтин атын Улуттук китепканага койдуруу жөнүндө бийликке кат даярдадык эле, кол коюп бериңиз» деп. Мен кол коё албасымды, Алыкулдун атын сунуштап кат жөнөткөнүбүзгө көп болгонун айтсам, «Баатырлардын баары кол койду, антпей коюп бере бериңиз» дейт телефон чалган неме. Албетте, көнгөнүм жок, антиш оюма кирмек эмес.

Ошол кездеги вице-премьер Эльвира Кубанычбековна Сариевага телефон чалсам: «Ооба, Турдакун Усубалиевичке чечим чыкканы жатат» деди Сариева. Ал учурда «Камбар-Ата–1» электр станциясы ишке киришери жөнүндө сөз жүрүп жаткан. «Маданият, адабият, илимий мекемелерге чыгармачыл инсандардын аты ыйгарылса жөндүү. Ал эми чоң чиновниктин аты берилсе уят! Турдакун Усубалиевичтин атын «Камбар-Ата–1ге» ыйгарсаңар эң туура болот. Китепканага Алыкул ылайыктуу» десем, Сариева: «Ыракмат, жакшы сунуш айттыңыз» деп жеңилдене түшкөндөй болду. Бир-эки жума өтүп-өтпөй Улуттук китепканага Алыкул Осмоновдун аты ыйгарылды. Эльвира Сариева менин сунушуму колдобогондо, чечим башкача чыгат эле.

Генийлердин жаралышына табияттын таасири болобу? Болот деген ойдомун. Кудай Таала Күн менен Түндү бекер жараткан эмес да. Анын сырына адам акылы жеткенден жетпегени көптүр. Андыктан Күн менен Түн теңелген 21-март табигаттагы керемети күчтүү, касиеттүү ыйык учур экени оюбузга келди бекен? Бул күнү мезгил менен мезгил тирешет. Суук менен жылуулук, оң менен тетири, эски менен жаңы канчалык катуу кармашса да кыш чилдеси жаз күнүнө жол бошотуп, айдан айга, жылдан жылга, кылымдан кылымга өнүгүүсүн өзгөртпөй келатат. Алыкулдун поэзиядагы генийлиги, чыгармачылыктагы кеменгерлиги ушул касиеттүү учурдун түздөн-түз таасиринен жаралгансыйт. Ыйык учурдун кудурети Алыкулдун ылкамына – ылкам, кубатына – кубат, эркине – эрк кошуп, өзгөчө талант бергендей. Албетте, эл окубаганды окуп, элден артык эмгектенип, эселеп ой жүгүртүп изденбесе, табияттын касиеттүү учурунан энчиленген өзгөчөлүктүн таасири менен гана поэзиянын туу чокусуна көтөрүлө албас эле го.

Күнү-түнү жанын кыйнаган айыкпас дартка моюн сунуп бербей, ооруну багындыра алганы да Алыкулга табигаттын касиеттүү учурунан келген шыбагадыр. Бул сөзүмө далил катары «Курбума кат» деген ырынан төрт сап мисал келтирейин:

Сен не үчүн өз-өзүңдөн кирдейсиң,
Оору-соо деп, мени экиге иргейсиң.
Аалам алпы Шекспирдей күч менен
Ооруп жатып, ыр жазганым билбейсиң?!

Алыкул Осмонов Күн менен Түн теңелген касиеттүү учур 21-мартта туулган. 2015-жылдын ушу күнү жүзгө чыкмак. Ал 35 гана жыл тирүүлүктүн өмүрүн сүрдү. Ошого карабастан, ал жүз жылга тете жашагандай өлбөс-өчпөс улуу мурас калтырды. Жүз жылдыгынын урматына Кыргызстандын Биринчи радиосунан эртеден-кечке Алыкулдун керемет ырлары, поэмаларынан үзүндүлөр окулду. Аларды акындар, жазуучулар, малчы-дыйкандар, мугалимдер, илимпоздор, мектеп окуучулары, студенттер жалындаган дем менен окуду. Ырчылар обон созду. Кыргызстандын булуң-бурчунда Алыкулдун чыгармаларын жаңырткан ыр майрамы жалпы элдик эргүү, дымак менен ойлуу да, муңайыңкы да маанайда өткөнү эсте калды. Мен дагы Алыкулдун үч башка чыгармасынан бир максатты көздөгөн композиция түзүп жаштарды, жаштарды гана эмес, жалпыбызды анча-мынча ойго салар деген үмүттө радиого телефондон айтып бердим эле, мага байге ыйгарылганын радиодон айтышкан.

Ырас, өмүр өтө кыска, өтө аз,
Тагдыр ошол өлчөмүнөн көп кылбас.
Бирок, чиркин, аздыгына мейли эле,
Анын октой тездигине катат баш.
Кечээ гана тиги кырда жок эле,
Кайдан чыкты боз ат минген отуз жаш!

* * *

Мен уялам мына мындан уялам
Көзгө толор бир чоң эмгек кылбаган.
Колун кезеп, жолуң болгур дегенсийт
Жер шарынан күлүк учкан заманам.

* * *

Мен өзүмдү терезеден тыңшасам,
Күрс-күрс эткен оор жөтөл үн чыгат.
Мен өзүмдү бир кылымдан карасам,
Таскак урган улуу дабыш угулат.

Өмүрдүн жан кейиткен кыскалыгын, жашоонун кымбаттыгын Алыкулдай барктаган адам чанда чыгаар. Ошондуктан ал отуз жашка келгенче эле опол тоодой өлбөс-өчпөс чыгармаларды жаратып койгонуна алымсынбай өзүнө өзү нааразы болуп отурбайбы! Ал эми кургак учуктун оор азабын тартып, чыдамсыз кыйноодо жүрсө да таскак урган атагы келечектеги бир кылымдарда угуларын, чыгармаларынын түбөлүктүүлүгүн алдын-ала билгени – генийлиги эмей эмне!

Тилекке каршы, Алыкулдун генийлиги башка тилдерге, айрыкча орус тилине, Алыкул өзү «Жолборс терисин кийген баатырды» которгондой деңгээлге жете элек. Кыргызча жазылган чыгармалар совет доорунда башка тилдерге орусча «подстрочник» (сапма сап которуу) аркылуу гана которулуп, шорлоп келгенбиз. Орусчага деле ошол «подстрочниктин» жардамы менен которулган. Ал эми «подстрочник» дегенибиз кыргызча бир ооз тил билбеген «котормочунун» колуна карматып койгон жармеч «жолдомо» – далдалчы, которулчу чыгармадагы сөздүн, сүйлөмдүн маани-маңызын, төркүнүн, көркүн, кан-жанын, ыргагын «подстрочник» өлсө да жеткире албайт.

Эки тилди Алыкулдун өзүндөй сезе да, туя да билген, эки тилдин тамырын бирдей тарта билген таланттуу адам гана которгон кезде чыгарманын багы ачылат. «Подстрочникке» күнү түшкөн кыргыздын далай таланттуу чыгармалары башка тилге которулганда бааланбай, баркынан ажырап калган учурлар аз эмес. Алыкулдун мыкты ырлары да ушундай тагдырга дуушар болгон. Өткөн кылымдын 50-жылдарында Алыкулдун «Мой дом» деген орус тилиндеги ырлар жыйнагы Москвадан чыккан. Анын котормосуна жарытылуу пикир эмгиче айтыла элек. Орусча чыкканына корстон болуп келатабыз. Которгон орус акындары таланттуу болгону менен «подстрочниктин» туткунунан чыга алган эмес. Натыйжада, котормонун деңгээли Алыкулдун көркөм ой дүйнөсүнө караандабай калган. Ошондо мен ыза болгонуман «Мой домдун» котормосун сындап, «Литературная газетага» макала жибергем. Анда университеттин экинчи курсунда окучумун. Гезиттин редакциясынан: «Макалаңызда сөзмө сөз которууну талап кылыпсыз, ошондуктан макалаңызды жарыялай албайбыз» деген жооп келген. Албетте, жаш студент орчундуу деле пикир айта албасы белгилүү, ошондой болсо да мен Алыкулдун башкаларга окшобогон көркөм дүйнөсүнө, поэтикалык өзгөчөлүгүнө орус котормочулары көңүл бурат ко деген ниетте болчумун. Андай болбоду.

Бир мисал айтайын. Алыкулдун «Маляр келди, бир чоң үйдү майлады, кабак чыткан капалыкты айдады» деген саптары орусчасында «Дом засиял как дворец» деп Алыкулдун салыштыруусуна чендебей калган. Алиги котормодо эч кандай жаңылык жок, мындай салыштыруу орус тилинде толгон-токой. Ал эми «Кабак чыткан капалыкты айдады» деген көркөм элестүү маани Алыкулга гана таандык, ага чейин бир да акындын оюна келбеген күчтүү табылга. Оңой-олтоң которулган ырлар «Мой домдо» баштан аяк. Согуш учурундагы кыштын узак түндөрүндө коңшу-колоңдогу карылар биздикине келип, Сакиш эжеме «Жаныш-Байыш», «Курманбек» деген китептерди, ошондой эле Нестан-Дарежан, Тинатин, Тариэл, Автандил дегендердин достугу, махабаты, эрдиктери жөнүндөгү тири укмуштай китепти окутуп, ыйлачу жерлеринде ыйлап, жыргачу жерлеринде жыргап дегендей, шыпшынып отурушар эле. Көрсө, байбичелер согушка кеткен жакындарын элестетчү окшобойбу. Окулуп жаткан китептерди ким жазганы менен ишибиз жок, чыгармадагы окуяга гана арбалып, карылар менен кошо мен дагы таасирленип отурар элем.

Мектептеги жогорку класстардын бой тарткан кыздары алиги Тариэл, Автандил, Тинатин, Нестан-Дарежанды концерттерде ырдап чыгып, угуучулардын канын кызытчу. Айрым куплеттерин жаттап алып, мен дагы декламация окучумун. Аны жазган Шота Руставели деген грузин, аны кыргызча которгон Алыкул Осмонов экенин а кезде элес деле албаппыз. Деги эле чыгармаларды кимдир-бирөөлөр жазарын бала чакта ким ойлоптур. Кийин кимдин ким экенин билгени ушундай керемет котормо жараткан Алыкулдун талантына, даанышмандыгына сыймыктанып келатабыз. «Жолборс терисин кийген баатырды» котормо дешке дит барбайт, баягы көнгөн термин боюнча гана атап келатабыз, ниетибизде аны Алыкулдун өз чыгармасындай барктайбыз.

Алыкулдун дагы бир керемет «котормосу» бар. Ал Шекспирдин «Отелло» трагедиясы. Албан ойго дал келген албан сөздү таап которгон Алыкулдай акынды көрө элекмин. Деген менен кандай гана тил болбосун «жакшы» сөз, «начар» сөз, «күчтүү» сөз, «күчсүз» сөз деген болбойт. Ар бир сөз маанисине жараша өз ордун жаңылбай тапса, ал күчтүү да, кубаттуу да, албан да болот. Ордун таппаса тантырап калат. Сөздү маанисине жараша орду менен айта билгендик Алыкулдагы өзгөчө кеменгер касиет, ансыз улуу акын болуш мүмкүн эмес. Сырткы окшоштуктарды гана сүрөттөп жазуу көркөм ойду тереңдете албайт, окурмандын да көңүлүн эргитип жибербейт. Маселен, согуштун алааматын, элдин толкуган, өрттөй жалбырттаган эркин, эрдикке бел байлаган чечкиндүүлүгүн Алыкулдун поэзиясынан көрөлүчү:

Ысык-Көл Ата Журттун күчүн сынап,
Өзүнчө өөдө-төмөн жүрүш кылат.
Күчү ошол күйбөй турган суу болсо да,
Көк түтүн ала-буурул жалын чыгат.

Баягы жылы Тоң районунун борбору Бөкөнбаев кыштагынын дал ортосуна Ленин колхозунан Ата Мекендик согушта курман болгон жоокерлерге таланттуу скульптор Сабитжан Бакашев жетектеген авторлор бакыйган эстелик тургузуп баштаганда, райком партиянын биринчи секретары Бейше Жапарович мага телефон чалып, эстеликке текст жазып беришимди өтүндү. «Текст даяр, аны Алыкул жазган» деп, айтып берсем баары аябай жактырган:

Дүйнө – өмүр, уул бердиң, бала бердиң,
Дүйнө – өмүр, алоолонуп жана бердиң.
Неге сен алыс кеткен сапарыңан
Ээриң жок, жайдакталып кайра келдиң!

Жогорудагы эки куплетте «согуш» деген бир ооз сөз айтылбаса да, согуш алааматы, Ата Журттун алааматта чымыркаган образы, элдин соолбогон кайрат-күчү, үмүтү, жашоону жайдактап кеткен улуу өксүү, улуу трагедия ченебегендей күчтүү да, таасирлүү да терең баяндалганын түшүнгөн түшүнөр, бирок адамды ушунчалык ойго салган мыкты ыр жаратуу ар кимдин эле колунан келе бербес.

Улуу акындын 100 жылдык мааракесин өткөрүү демилгеси ир алды Аскер Эрматов, Кеңеш Көкөев, Садыкбек Аблесов деген үч пенсионердин оюна келип, калгандарыбызды дүрбөтүп жибергенин айта өтпөсөм болбос. Алар жөн эле демилге көтөрбөй, жүз миңдеген акча каражаттарын ала келишкен. Алыкулдун Алыкулдугун барктаган, руханий дөөлөтүбүздү кадырлаган адамдардан үлгү алып, жолун жолдогондор көбөйүп турса, тез өнүгөр элек. Келечекте Алыкулдун көркөм поэтикалык дүбүртү өз Ата Журтунда гана эмес, дүйнө өлкөлөрүнүн далайында дүңгүрөйт деген үмүтүм чоң. Аны үчүн Алыкулдун ырларын которуу деңгээли өзү жазган улуу поэзиясынын деңгээлине тете болушу зарыл.

Бексултан Жакиевдин “Өмүр өтөт билинбей” китебинен үзүндү

Окшош материалдар

Комментарий калтырыңыз