Габриэль Гарсиа Маркес: Ыйык кыз

  • 03.06.2021
  • 3705

АҢГЕМЕ

Маргарито Дуартени кайрадан жыйырма эки жылдан кийин кезиктирдим. Мен аны Трастевер кварталынын сырдуу көчөлөрүнүн биринен капысынан чыга калганда араң тааныдым: ал сүйлөгөндө испан тилинин жеңил ыргагын жоготуп, байыркы римдиктерге мүнөздүү манераны алган экен.

Ак баскан чачтары суюлуп, качандыр бир убактарда Римге келген кездеги, аза кийимчен түнөргөн андылык адабиятчынын кебетесинин да изи жок эле, бирок бир аз сүйлөшкөндөн кийин эле аёону билбеген тентек жылдардын катмарынан анын тааныш элесин: мурдагыдай эле көп ачыла бербеген, сырын ичине каткан, таш сомдоочулардай өжөр жүзүн көрө баштадым. Илгери кирип жүрчү барлардын биринде экинчи пиала кофе ичер алдында, акыры ичиме батпай бараткан суроону берүүгө батындым:

– А ыйык кыз эмне болду?

– Ал ыйык кыз бул жерде, – деди ал. – Дагы эле күтүп жүрөт.

Анын бул сөздөрүндө канчалык адам зээни кейий турган оор нерсе жатканын тенор Рафаэль Риберо экөөбүз гана түшүнө алмакпыз. Биз анын драмасын аябай жакшы билчүбүз, жана көп жылдарда бери Маргарито Дуартени – өз авторун издеп жүргөн каарман, биз жазуучулар өмүр бою күтүп таппай жүргөн каарман деп эсептечүбүз, эгерде ушул убакытка чейин мен өзүмдү ага таптырбай жүргөн болсом, анын бир эле себеби, окуянын финалы кандай бүтөрүн элестете албагандыгымдан болчу.

Ал Римге баягы Папа Пий XII, ыктытма ооруга туш болуп, дарыгерлер менен табыптардын ак, кара дубалары ага жардам бере албай, өзгөчө жаркырап турган жаз айында келди. Ал аскаларга жабыша салынган Колумбиянын Андысындагы Толимо деген айылынан биринчи жолу сыртка чыккан болчу, бул жадагалса анын уктап жаткан кебетесинен да көрүнүп турчу.

Ал биздин элчиликке кутмандуу таңдардын биринде формасы жана көлөмү виолончел салар кутучага окшогон, кызыл карагайдан жасалып, бети жалтырата сүрүлгөн чемоданы менен кирип, өзүнүн бул жакка келген адам таң каларлык себебин айтып берген эле. Элчи дароо өз жердеши тенор Рафаэль Риберо Сильвеге телефон чалып, Маргарито Дуартеге биз чогуу жашап жүргөн пансиондон бир бөлмөнү ижарага алып беришин суранды. Мен алар менен ушинтип таанышкам.

Маргарито Дуарте баштапкы мектепти да тыңгылыктуу аяктай алган эмес экен, анткен менен беллетеристикага болгон ышкыбоздугунан улам колуна тийген китептерди тандабай окуй бергендиги, анын бир топ терең билим алуусуна себепкер болуптур.  Он сегизге чыкканда жергиликтүү бийликтин кеңсесинде катчы болуп иштеп жүрүп кийин кызын бул жарык дүйнөгө таштап, төрөттөн каза болуп калган татынакай сулуу кызга үйлөнгөн. Энесинен да сулуу кызы сегизге келгенде безгек оорусунан көз жумат.

Маргарито Дуартенин бул окуясы ал Римге келерден жарым жыл мурда, суу сактоочу плотина куруу үчүн  айылдык көрүстөндү көчүрө баштаганда башталган экен. Айылдын бардык жашоочуларындай эле Маргарито да өз жакындарынын мүрзөсүн ачып, жаңы көрүстөнгө көчүрмөкчү болот. Аялынын сөөгү күлгө айланыптыр. Ал эми он бир жыл мурда ага жанаша коюлган кызынын денеси чирибей, күнү бүгүнкүдөй сакталыптыр. Ал тургай табытты ачканда анын жанына коюлган роза гүлдөрү жаңы эле үзүп алгандагыдай жыпар жыты бур дей түшөт. Эң кызыгы, кыздын денесинин караманча да салмагы жок болчу.

Бул шумдукту кулагы чалган жүздөгөн адамдар айылга агылып келишти. Ушунча жылдан бери дененин чирибей жатышы чындыгында эле анын ыйыктыгынын айныксыз белгиси эле, ал тургай жергиликтүү епархиянын епискобу да бул укмушту Ватикандын сотунда кароого берүүнү сунуш кылды. Бул эми Маргарито Дуартенин жеке иши эмес, ал тургай туугандарынын да иши эмес, а жалпы элдин ишине айлангандыктан, Римге барып бул ишти алга жылдыруу үчүн ага каражат чогултуп беришти. Париолинин тынч кварталдарынын биринде жайгашкан кичинекей пансиондо бул окуяны айтып берген соң, Маргарито Дуарте таң калыштуу чамаданга салынган кулпуну ачты. Ошентип тенор Риберо Сильва экөөбүз да бул укумуштун күбөсү болуп калдык.

Ал дүйнөнүн көп музейлеринен жолуктуруп жүрчү катып калган мумияларга окшош эмес эле. Көз алдыбызда күйөөгө тийчүдөй жасанып кийинип алган сулуу кыз жер алдында көп жыл жатса да, жөн гана мемиреп уктап жаткандай эле. Кыздын муздак териси жылмакай, ал эми ачык көздөрү туптунук болуп, ал өлүмдүн ары жагынан бизге көз жүгүртүп карап тургандай адам чыдагыс сезим калтырат. Табытты каптаган атлас менен флердоранждан жасалган гүл чалбар денеден айырмалаланып катаал убакытка туруштук бере албаптыр, ал эми кыздын колунун үстүнө коюлган роза гүлү ошол боюнча соолубай турган экен. Кызды алып чыккандан кийин табыттын салмагы чынында өзгөрүлгөн жок.  

Маргарито Дуарте келген күндүн эртеси эле өз аракетин баштады, адегенде ал ага боор ооруганынан гана дипломатиялык жолдор менен жардам берген кызматкерлердин көмөгүнөн пайдаланды, кийин Ватиканга барчу жолдогу тоскоолдуктарды айланып өтүү үчүн акыл-күчү жеткен бардык айла-амалдарга барды. Ал өз көйгөйүн бирөөгө айтчу эмес, бирок биз анын кандай чайналып жүргөнүн билер элек: анын жасаган ат көтөргүс көп эмгеги кур убарага айланып жаткан. Кирбеген эшиги, какпаган каалгасы калган жок, диний уюмдар жана гуманитардык фонддор анын айткандарын кунт коюу менен эч таң калбай угушуп, жардам беребиз деп убада кылып узатышкандары менен эч жыйынтык жок эле.

Чынынын айтсак, түзүлгөн жагдайдын да ыңгайы жок эле. Академиялык медицинанын тандалган күчтөрү гана эмес, дүйнөдөгү ар түрдүү сыйкырлуу күчтөрүн колдончу эл ичинен чыккан табыптар да жардам бере алышпай, Престолго кандайдыр бир тиешеси бар маселелер Папанын ыктытканы басылганга чейин каралбай турган. Акыры июлдун аягында Пий XII оорусунан айыгып, кыска өргүү алып эс алууга Кастельгандольфого кетти.

Маргарито ыйыкты Папага көргөзүүгө үмүт кылып, анын ар жума сайын болчу кабыл алуусуна алып барды. Тигил чиркөөнүн короосундагы аябагандай жапыз балконго чыгып келгенде, Маргарито анын жалтырата тазаланган тырмактарынан бери көрүп, андан чыккан лаванданын жытын сезип турду. Маргаритонун үмүтүн таш каптырып, Папа бүт дүйнөдөн келген туристердин жанына түшүп келген жок, болгону бир эле сөзүн алты тилде кайталап сүйлөп, аягында жалпысынан батасын берди да кетип калды.

Иш улам артка жылдырыла берди, ошондо Маргарито ишке белсенип киришти. Ал алтымыш баракка арыз жазып, аны Ватикандагы кеңсеге киргизди, бирок андан да жооп болбоду. Ал мындай болорун ошондо эле билген, анткени бардык эрежелерди сактап арызды кабыл алган кеңсе кызматкери да, ары-бери өткөн башка кызматкерлер да кыздын өлүгүн кызыкчылык үчүн да карап коюшкан эмес. Алардын бири былтыр дүйнө жүзүнүн ар кай бурчтарынан денеси чирибеген өлүктөрдү ыйыктардын катарына кошууну суранган сегиз жүздөн ашык кат келгенин айтты. Маргарито жок дегенде кыздын салмагын тартып көрүп, анын салмаксыз экендигин текшерип көрүшүн өтүндү. Кызматкер текшерип көрүп, бирок аны бир укмуш катары кароодон баш тартты.

- Бул кандайдыр бир жалпы ишенимдин жыйынтыгы болсо керек, – деди ал.

Анда-мында бош убакыт боло калганда, жана аптаптуу жайдын дем алыш күндөрүндө Маргарито анын ишине тиешеси бар сыяктуу көрүнгөн китептерди биринин артынан бирин окуду. Ар бир айдын аягында өз демилгеси менен, мектеп окуучуларынын дептерине катчынын катасыз, сулуу кол жазмасы менен жердештеринен алган акчаны кайда жумшагыны тууралуу эсеп-кысабын бир тыйынын да унутта калтырбай жазып жүрдү. Жыл аягында ал ушул шаарда туулуп өскөн немедей, Римди коён жатагына чейин билип алды. Жана да италиялыктардын тилинде өзүнүн андылык испан тилинде сүйлөгөндөй эле кыска жана эркин сүйлөп калды. Эми ыйыктардын катарына алуу боюнча иш-чаралардын тартибин андан жакшы билген адам жок эле. Ал өзүнүн аза кийимин Римдеги эмне иш кылып жүргөнүн киши билбеген жашыруун коомдун соттору кийген кемсел менен чий калпакка алмаштыруу үчүн көпкө чейин батына албай жүрдү.

Ал таң атпай ыйык салынган кутучасын көтөрүп чыгып кетчү да, көпчүлүк учурларда түн ортосунда эси ооп, капаланып кайтчу, бирок анын жан дүйнөсүндө үлбүлдөп өчпөй турган үмүт шооласы эртеңки күнгө күч-кубат берчү.

- Ыйыктар өздөрүнө тийиштүү убакыт менен жашашат, – дечү ал.

Ал кезде мен Римге биринчи жолу келгем, Эксперименталдуу кино борборунда окуп жүргөм, кыйынчылыктарга толгон ошол учур алигиче эсимде. Биз жашаган пансион Вилла Боргездин зоологиялык багынан эки кадам жерде жайгашкан заманбап ижара: кожойке өзү эки уктоочу бөлмөсүн ээлеп, төрт бөлмөсүн чет элден келип окуган студенттерге берчү. Биз аны Татынакай Мария дечүбүз, анын абдан сулуу, кумары ашып-ташыган, өмүр күзүнүн толуп турган учуру болчу жана ар ким өз бөлмөсүндө өзү король деген айныксыз ыйык эрежеси боло турган.

Үйдөгү күнүмдүк турмуштун түйшүгүнүн бардыгы анын эжеси Антониетанын мойнунда, анын канаты эле жок болбосо накта периштенин өзү эле, колунан чакасы менен катуу щёткасы түшпөй мрамор полду керээлдин кечке жышып-жууп жүргөнүн көрчүбүз. Күйөөсү Бартолино согуштан үйрөнүп келген сайроочу чымчыктардын этин жеп көнгөн жаман адатын бизге үйрөткөн ошол аял болду, кийин Татынакай Мариянын үйүндө жашоого каражаты жетпегендиктен күйөөсү аны алып кетти.

Маргаритонун ошондогу жашоосуна мындан артык ылайыксыз орун табуу кыйын эле. Бул жерде дайыма бир нерселер болуп турчу, таң атып, жерге жарык жаңы киргенде Вилла Боргездин зоологиялык багынан күркүрөгөн арстандын үнү уйкубузду бузчу. Тенор Риберо Сильвага өзгөчө мамиле кылышчу, – римдиктер анын темпераменттүү вокалдык көнүгүүлөрүн чыдап угушчу. Ал саат алтыда туруп, муздак суу менен жуунуп, Мефистофелдикине окшогон кашы менен сакалын иретке келтирип, клеткалуу шотланд халатын кийип, кытай жибегинен тигилген моюн орогучун мойнуна ороп, өзүнүн өзгөчө буруксуган жыты бар одеклонунан себеленип алган соң гана өзүн даяр сезип, вокалдык көнүгүүлөрүнө бүт дитин коюп кирише турган. Ал өз бөлмөсүнүн асмандан алигиче өчө элек жылдыздар көрүнгөн терезесин чоң ачып, үнүн адегенде акырын чыгарып, бара-бара катуулап, акырында болгон үнү менен сүйүү тууралуу ариялардан ырдачу. Бул күндө кайталанчу: ал ылдыйкы “дону” созо баштаганда Вилла Боргездин зоологиялык багындагы арстан жерди титиреткен күркүрөгү менен аны коштоп кирчү.

- Сен турган турпатың менен Ыйык Марктын өзүсүң, figlio mio[1],– деп таң калчу Антониета жеңе. – Арстандар менен ошол адам гана сүйлөшө алчу.

Бирок бир жолу ага арстандан башка бирөө кошулду. Ал “Оттеллодон”: «Gia nella notte densa s’estingue ogni clamor» деген сүйүү тууралуу ариясын ырдай баштаган. Капысынан эле короонун аркы башынан кимдир-бирөө ага кубулжуган сопраносу менен жооп бере баштады. Тенор токтолбой ырын уланта берди, экөөнүн бир укмуштай кооз дуэтине карк болгон кошуналар, тунук сүйүүнү даңазалаган акактай таза үндү бөлмөлөрүнө толтуруп алгылары келгенсип, терезелерин аңырайта ачып салып кыймылдабай тыңшашчу. Качан гана белгисиз Дедемона улуу урматтуу Мария Канильянын өзү экенин билгенде гана тенор Риберо Сильва эсинен танып кала жаздады.

Которгон Абийрбек АБЫКАЕВ


 

 

Окшош материалдар

Комментарий калтырыңыз