АҢГЕМЕ
Поезд бир калыпта зымырайт. Анын коридорунда келаткан Мартин Форндайк бош купедеги орундукка көчүк басты. Колундагы кичинекей сумкесин тизесине коюп, көйнөгүнүн этегин бырышып калбасын дегендей акырын түздөдү. Негедир олдоксон кыймылдап, сумкесинен упа салынган кутучаны алып чыкты. Тикчийген капкара жасалма кирпиги көздөрүн коймолжута, ыгы менен боёлгон эрини бөйтөйүп, барпайган аксаргыл кеп чачы аны татынакай аялдан эч айырмалантпайт эле. Ал өзүн-өзү күзгүдөн кыйлага чейин кандайдыр бир канагаттануу сезими менен карап олтурду. Ушундай келбетке жетишүү үчүн акчанын көзүнө карабай чачканына ичинен ыраазы болду.
Ал абдан кубанып жатты. Ананчы, бүгүн кыялдагыдай жолу болбодубу. Банкты жалгыз-жарым тоноо эмне деген эр жүрөктүүлүк. Албетте, полицейскийлер жалгыз каракчыны эмес, топтошкон бандиттерди издешет. Муну ал башында эле ойлоп, таштай турган ар бир кадамын саресептеп чыккан. Тилекке жараша, нерви да темирдей чың болучу. Ошондуктан бул иштин оңунан чыгарына күмөн санаган эмес. Ыңгайлуу учурду күттү. Банктагы адамдардын бардыгы чыгып кетип, үч гана кассир калган мезгилде кирип барды. Тапанчасын алардын чекесине такап, эстерин жыйганча сумкесин акчага толтурду да, жылт койду.
Эшиктин чыйк эте ачылышы аны оюнан алагды кылып жиберди. Купеге толмоч киши кирип, анын бет маңдайынан орун алды. Бир аздан соң Мартин тиги кишинин нааразы болгондой түр менен үтүрөйүп, өзүн карап олтурганын сезип селт эте түштү. Эмелеки көкүрөгүн алып учурган кубанычы заматта жоголду. Коркунучтун тору чырмал алды. Калтыраган колу менен сумкесин ачып, тамеки алып чыкты. Кунт коё карап олтурган ашынасы:
- Сиз чыйрыгып турасыз. Балким, ооруп тургандырсыз, сизге кандай көмөк көрсөтсөм экен? - деп сурады.
- Ыракмат, - деп киркиреди Мартин. - Мен жакында эле кызыл өңгөчүмдөн оор операция болгом, андыктан сүйлөй албай жатам.
Тигил киши кечирим сураган болуп күңкүлдөп, терезе жакты карап калды. Мартин журналды ачып, ага үңүлдү. Ал көңүлү жайлана, өзүн кайрадан коопсуз сезди. Дал ушул учурда эшик тыкылдады.
- Биз полицияданбыз, - деди кирип келген эки кишинин бири. - Бул поездден банкты карактап кеткен кишини издеп жүрөбүз. Сиздердин буюм-тайымыңыздарды карап чыгууга тийишпиз.
Тиги киши ордунан ыргып турду:
- Оо, Теңир, силер эмне, менден шек санап жатасыңарбы? Деги менин ким экенимди билесиңерби? Мен деген генерал-майор Хартлей Дассонмун. Мына документтерим.
Ал колундагы документтерин полицейскийди көздөй ыргытып жиберди.
- Ал эми бул бечера мырзайым эми эле ооруканадан чыгып келатат. Ага жакында эле оор операция болгон. Андыктан мырзалар, өзүңүздөрдүн бандиттериңерди башка тараптан издегиле, бизди болсо жайыбызга койгула.
- Тынчыңыздарды алганыбыз үчүн кечирип коюңуз, мырза. Сиз дагы кечириңиз, мырзайым. - Полицейскийлер какая калып честь беришти да, чыгып кетишти.
- Сизге чоң ырахмат, мырза. Булардан катуу чочуп, жүрөгүм козголуп калды окшойт. Ресторанга барып ысык чай ичип келейинчи, - деди Мартин ордунан тура берип. Ашынасы жылмая баш ийкеди.
Ресторанда бир гана бош стол бар экен. Анын катарындагы столдо полицейскийлер олтурушуптур. Мартиндин көңүлү көтөрүлө түштү. Бош орунга барып олтурду да, официантты күтүп калды. Көөдөнүнө кубанычтын зор толкуну агылып киргендей өрөпкүп чыкты. Ал өзүнүн куугунчуларынын жанында олтурган. Алардын башын куп гана айландырды бейм!
Бир кезде анын жанында татынакай ак жуумал кыз пайда болду. Ал:
- Кечиресиз, бул орун бош болду бекен? - деп сурады жагымдуу жылмайып. Мартин олтурган ордунан ыргып турду. Ашкере сыпайыкерчилик менен башын ийип, олтуруңуз дегендей белги берди. Бул ишаараттардын бардыгы тең чыныгы жентельмен жигитке гана тиешелүү эле. Ак жуумал кыз ага наздана жылмайып койду да, полицейскийлерге бурулду. Анан күтүлбөгөн жерден:
- Бери карагыла, кесиптештер! Биз издеп жүргөн адам мына ушул, - деди. Анын үнү кадимки эркектики болучу.
Колдоо көрсөтүү
KY
RU
EN
TR