Бир жолу ачкалык, суук жана уйку ким күчтүү деп мелдеше кетишет.
- Тетиги кой кайтарып жүргөн баланы көрдүңөрбү? Биз ошол бала аркылуу өз күчүбүздү көрсөтөбүз. Ким аны жеңсе, демек ошол күчтүү, - дейт уйку.
Беркилер буга макул болушат.
Суук, эң биринчи күчүн сынайт. Бала канчалык үшүп, көк муштум болсо да кой артынан калбайт.
Ачкачылык өз өнөрүн көргөзгөндө бала өзөрсө да, кесерсе да коюн таштап кетпейт.
Ал эми уйку ишке киришкенде баланын көзү илинип, көк шиберге көмөлөнүп, таягын кучактаган бойдон көшүлөт.
Көрдүңөрбү балдар, уйку оңой жоо эмес, көп уктап өмүрүңөрдүн баалуу кезин өткөрүп жибербегиле.
Которгон Кубанычбек АРКАБАЕВ
Колдоо көрсөтүү
KY
RU
EN
TR