Табышмактар
Латыш элинин табышмактары
Жаңгагы жер алдында, жалбырактары жер үстүндө[1].
Апакай жайытта кара уйлар чубайт, аларды акыл издеген эки уйчуман карайт[2].
Ак дубалды жарып, күмүштү көрдүм,
Күмүштү жарып, алтынды алдым[3].
Жону тешик кара бука.[4]
Кылга байланган кызыл бука[5].
Жети карышкыр жесе да, желип жатканы тирүү[6].
Кенеден кичине, букадан оор[7].
Тишсиз карышкыр сөөксүз койду жеп жатат[8].
Үчөө бир сокону сүйрөп, экөө жандап барат[9].
Англис элинин табышмактары
Айлананы канчалык калың каптаса, көз алдың ошончолук көрүнбөйт[10].
Алмадай тоголок, тыйындай жалпак да болот, эки же төрт көзү бар, бирок көрбөйт[11].
Алдынан карасаң кимдир-бирөөнү көрөсүң, артынан карасаң эч ким жок[12].
Париждин ортосунда эмне бар?[13]
Мүнөттө бирөө бар, мөөнөттө үчөө бар, жүз жылда бирөө да жок[14].
Коёндуку бар, башка жаныбарлардыкы жок[15].
Мышыктын кайсы жеринде жүн көп?[16]
Кимдин эки башы, төрт көзү, алты буту жана бир куйругу бар?[17]
Эмне үчүн арстандар чийки гана эт жейт?[18]
Эмненин моюну бар, башы жок?[19]
Кындырдай болуп катуу курчанса сегиз эсеге көбөйөт[20].
Машинасыз жолдор, суусуз дарыялар, үйсүз шаарлар каякта?[21]
Даярдаган Кубанычбек АРКАБАЕВ
[3] Жумуртка.
[4] Бочка.
[5] Алча.
[6] Чочкону эмген торопойлор.
[7] Учкун.
[8] Эмчек эмген бала.
[9] Кат жазып жаткан кол.
[10] Караңгылык.
[11] Топчу.
[12] Күзгү.
[13] Р тамгасы.
[14] Ө тамгасы.
[15] Бөжөк.
[16] Терисинде.
[17] Атчандын.
[18] Алар бышырганды билбейт.
[19] Бөтөлкөнүн.
[20] Нөл саны.
[21] Картада.
Даярдаган Кубанычбек АРКАБАЕВ
Колдоо көрсөтүү
KY
RU
EN
TR