Диляра Тасбулатова: СССРдагы секс жана баш таңмай

  • 15.10.2021
  • 5362

Меймананага бара албайсың: паспортуңдагы үйлөнгөнүң тууралуу штампты текшеришет.

Үйдө болбойт (түшүнүктүү да).

Менин бир таанышым подъезде  болуп жатканда кошуналарга колго түшүп калыптыр.

Аны байлап салышыптыр, кыз болсо качып кеткен экен. Анан менттерди чакырышат.

Менттер келип көпкө күлүп, байлоодон бошотушат да, бөтөлкө кой дешет. Таанышым бөтөлкө коюп, чогуу ичишет.

Менттер айтат имиш:

- Турмушуң менен куруп кет! Аял менен ээн калганга да жер жок. А сен аял менен ээн жолуккуң келсе, бизге келип тур. Кээде алкаштар үчүн камера бош калат.

Мурдагы менттер ушундай жөн билги эле.

Баш таңмай

Өгүнү акылдуу үч эркек менен отуруп калдык. Адегенде иш жөнүндө сүйлөшө баштадык эле, анан ататтагыдай ичкилик коштолуп, ырдаганга кирдик. Орус романстары деп койолучу.

Жакшы, “жыргализм” болуп отурабыз. Ичимдигибиз кымбат, портвейн (биздин үч балта эмес, Португалиядан келген, экскюзив, билген кишиге).

Жыргализм күчөп, ал эмес бирөө жетине албай:

- Ох ата, катындар болбогону кандай жыргал а! - деп калбаспы.

Мен бышкырып ийдим.

Алар эсине келе түшүп, колумдан өпкөнгө жан талашат: “Ой кечирип кой, сен укмушсуң, сулуусуң  ж.б. ж.б.”

Отуруш улана берди, ликер ичиле баштады.

Анан бирөө:

- Аялым кошо келем деп ээрчиди эле да! – деп калды, кейигендей.

- Кой ай! Ошол эле жетпей аткансып, биз жалаң эркектер отурабыз да! - деп салдым.

Алар унчукпай, бири бирин карап калышты.

Терминатор

Аялдардын  айрым лифчиктери (кечирип коюңуздар) киттин мурутунун ордуна темир зым менен тирелип жасалган, билип алганыңар оң. Анан күтүлбөгөн жерден баш багып, акыры-ын тикчийип чыгып келет десең, айталы, свитерден.

Элестетип көрүңүз – сиз бирөө менен сүйлөшүп турасыз дейли, анан эле сиздин төшүңүздөн темир зым тикчийип чыгып келатат.

Төшүң канча чоң болсо, темир зым да ошончо узун.

Менде ошондой окуя болгон. Сүйлөшүп жаткан жигиттин жүрөгү түшүп калды.

Андан да мен ага, мага эксперимент жүргүзүп жатышат, ички органдарымдын бардыгы темирден, Терминатордукундай деп салдым.

Ал макоорок адам эле, ишенип калды.

Андан ошентип кутулгам.

Улгайгандардын күнү

Улгайгандардын күнүндө (менин майрам күнүмдө) бир жаш жигит телефон чалып калды.

- Куттуктап атабы? – деп сурайт апам.

- Куда түшүп атат, - деп койдум.

- Кимге?

- Мага!

- Жаш жигит улгайгандардын күнүндө картаң катындын колун сураппы? – дейт апам мистейип.

- “Турмуш” деген газитке жакшы баш сөз боло тургандай.

- Мен башка баш сөздү билем: “Эки пенсионер бири бирине кептелип калышты”.

- Апа-а!

- Мен эмес, “Московский комсомолецте” болчу.

Мага жөнөкөйү керек

Жанагы, эмне эле, венустрофобия – сулуу аялдардан корккон оору тууралуу дагы бир баян. Менимче, Чеховдун бир аңгемеси бар: күйөө болуучу жигит ортомчу болор аялдан, акылы жогураак, сулуу эмес, жөнөкөй колуктуга жолуктурууну суранат.

Менин да ошондой таанышым бар эле – жөнөкөй колукту издеп эле жүрчү.

Бир жолу мага:

- Мага кийин чалчактап кетпегендей - жөнөкөйүрөк бир кыз таап берчи,- деп калды.

- Такыр эле жөнөкөйүнөнбү?

- Жөп жөнөкөйүнөн.

- Эч нерсе колунан келбегениненби?

- Жо-ок. Колунан бардыгы келген: үйдү таза кармаган, кир жууган, тамак бышырган жана башкаларды да аткара билген, бирок унчукпаган, момун болсун.

- А сенчи?

- Эмне мен?

- Сен аны бага аласыңбы анан?

- Менби?!

- Кандай? Үйлөндүңбү?

Ал бардыгына ыраазы болгон адамдай:

- Ооба.

- Бардыгы сен каалагандайбы? Полду жууп, тамак жасайт, унчукпайт, а сен ага акча бербейсиң?

- Ошондой. Бир эле өтүктү беш жыл кийет (мактана кетти).

Анан бир аз капа болгондой:

- Чайга үч кант салып ичет...

- Кетир! Үч кант! Ой андайга кантип түтөсүң! Айбан турбайбы!

Мени тиктеп калды:

- Ошондой дейсиңби? Кетирет элем, бирок ал жанагы өтүгүнөн үнөмдөгөн акчага мага ботинка сатып берем деген: мен бардык чыгымды атайын китепке жазып жүрөм, - дейт.

Подаграга жарда берүүчү керебет

Бир кездерде, мындан жайырма жылдай мурун, мага келбети келишкен жаш жигит абдан жакчу. Мени да ал жактырып жүргөн. Андан эч нерсе чыккан жок, бара-бара билинбей эле айрылыш жолго түштүк.

Жыйырма жылдан кийин  Венецияда,  бир кафеде  жолугушуп калдык. Жаштыкты эстеп ичип отурабыз.

Ал айтат:

- Жүрү меникине, бул жакта жакшы квартирам бар... Эмерек, картиналар...

Мен:

- Мен түнкүсүн эмеректерди деле жакшы түшүнө бербейм.

- Түшүнөсүң: сонун бир керебет бар, чайкаласың да...

- Сен эмне, ал керебетте чайкаласыңбы?

- Ооба, айрыкча тизелерим ооруганда... Жеңилдеп калам.

- Мен керебетте чайкалганды жактырбайм: кан басымым жогору...

- Анан эмне кылалы?

- Эчтеке. Кел дагы бир бөтөлкө алалы?

- Туура айтасың. Эмерек куруп кетсин.

Шаббат

Жаш кезимде эки улгайган еврей айым – Эйдля Моисеевна жана Юдифь Израиловна менен жакшы тааныш болуп жүрдүк. Эйдля (80 жашта, бирок жыйырма жылга жаш көрүнөт, сымбаттуу, артынан ээрчигендери бар):

- Биздин жашыбызда, эң эле жаманы эмне экенин билесиңби, жаркыным? (жаркыны – мен). Мен сизге ачыгын айтайын. Ал секске болгон көңүл коштук. Бирок аны да түшүнсө болот. Эркек деле адам да – гүл букет, конфет доорун канчага чейин чойо бермек элең?

Юдифь (кебетеси анык эле Шапокляк, төрөпейил, бирок кыймылы тез кемпир 85 жашта):

- Сен өзүң тууралуу гана айт, Эйдля. Биз, менин Лазерим менен акыркы күнгө чейин, жума күнү каза болду, ошентишип жүрдүк...

Эйдля камырабай:

- Бирок бары бир ишемби[1] күнү ошентпейт элеңер да, - деп коёт.

Дирижабелдердин сүйүүсү

Эркектер тууралуу дагы бир окуя.

Бир жашы улуу адам мени жактырып калды, өзү жыйырма жаштай улуу, башы жалтырак, карды салаңдап, корто бойлуу, дагы ушул сыяктуу. Бирок акылдуу көрүнгөнсүгөн эме эле.

Артымдан жүрдү, жүрдү, а мен күлүп эле кутулам.

Жини келди окшойт, бир күнү:

- Моделге деле окшобойсуң... - дейт.

Мен:

- Эмнеге окшобойт экем? Мен дирижабелдин кичиртилген моделине окшоп турбаймбы, - дедим.

Апам (ал киши да бар эле):

- А Сиз (менин “жигитиме”) - дирижабелдин так өзүнө окшошсуз, айрыкча алдыдан караганда...

Ал ошондон кийин эмнегедир, жолобой калды.

Чач тарачым тууралуу эки аңгеме

I. Көңүл жубаткандай

Бир жолу аялдамадан жакшынакай балага, өзүм барып жүргөн чач тарачыма жолугуп калдым, жап-жаш жигит (ал бир жолу мага: “Карып баратканың курусун, аныңды бардыгы эле түшүнө бербейт, - деп катуу муңканып алды эле, болгону 27 жаштагы жигит). Мага боору ооруп, аяр мамиле кылат. Ал үчүн мен абдан эле карып калган кемпир болсом керек.Өтө сылык, ыйлап ийчүдөй болуп, абдан эле аяр (өтө эле назик жан да).

- Өзүңүздү кандай сезип жатасыз?

- Ырахмат, түзүк эле го...

- Майдын он бешинде келиңиз. Чачыңызды боёп берейин. Жакында ак чач пайда болушу мүмкүн. Жакшы эмес го.

- 15-майда келе албайм, кетип жатам.

Ал (кайрадан эле боору ооругандай, ыйлап жиберчүдөй болуп):

- Профилакторийгеби?

Мен Каннага, кино конкурсуна баратканымды айтмакчы болуп, кайра тилимди тиштеп калдым. Ишенмек эмес. Ал үчүн отуз жаштан өткөн адам – карып калган, инвалит. Алардын орду таштандыда, Каннаны ким коюптур.

- Ошондой десе да болот...

- Жакшы дарылайбы?

- Эми... ошондой го... Кино да көрсөтүшөт.

- А-а, анда жакшы экен. Кино деген адамды жакшы алаксытат. Айрыкча улгайгандарды. Комедиялар, аялдар үчүн фильмдер. Бирок жакшылап дарыланганды да унутпаңыз!

Аңгыча анын маршруткасы келип, коштошуп колун булгалап түшүп кетти.

II. Тагдыры терең гейша

Мага боору ачып турган балага дагы келип калдым, чачты абдан жакшы тегиздеген мастер. Ошол күндөрү Фейсбукка бир жакшынакай аял чач тарачта кандай отурганын чыгарып коюптур. Мойнуна кап-кара плащ-палатка тыгыз оролуп, өзүн карап, Веласкес тарткан портретке окшоп калыпмын деп жазыптыр.

Мага да чач тарачым ак жакалуу кызыл жабуу жаап, чачымды төбөмө түйүп койду. Өзүмдү күзгүдөн карап, күлкүм келди – так эле самурайдын өзүнө окшоп калыпмын. Күлүп атсам тиги бала:

- Эмне болду? Эмнеге күлүп атасыз? – дейт.

- Өзүмө, - дедим. Мен сёгун (ошондой беле, же жаңылып калдымбы?) аркан берип  жиберген карган самурайга окшоп калыптырмын!

- Кандай аркан?

- Эгер самурай күнөө кылып койсо, кудай сактасын дечи, анын кожоюну – сегун ага аркан берип жиберет экен. Анысы өзүң эле асынып өл деген ишараты.

- Жок, жок, ал эмнеңиз! Сиз асынып өлчү самурайга окшобойсуз! Билесизби, сиз гейшанын ролун ойной алмаксыз, тигичи... (мукактанып калды) жаш эмес, албетте, турмуш кечирип калган, жанагы... “Садага чабылуучу” деген кинодогучу. Ахеджакова турмуш кечирип калган гейшаны ойнободу беле, эсиңиздеби? Жашап калган, гейша – тагдыр кечирип улгайган гейшамын деп айтканчы! Ошол кино мага Ахеджакова үчүн жаккан: калгандары жөн эле бирдеме... жагымсыз... Сөгүнгөндөрү, бири бирин өлтүргөнү... Досторум мага кассета берип атканда эскертишкен: “Сен гейшага – тагдыр кечирип калган гейшага көңүл бур”, - деп. Сиз да тагдыр кечирип калган гейша боло алмаксыз!

Которгон Марсел ИСАКОВ

[1] Шаббат – ишенби күн. Иудаизм боюнча эркек-аял кошулууга болбойт.

Окшош материалдар

Комментарий калтырыңыз