Ба Жин: Менин жүрөгүм

  • 30.11.2021
  • 4411

Автор тууралуу

Кытай адабиятынын корифейрлеринин бири, кылым карыта жашап (1904-2005), элине нар көтөргүс адабий мурас калтырган Ба Жиндин 26 томдон турган прозалык чыгармалары: роман, повесть, аңгеме, новеллаларынын ичинде эссе жанрына да татыктуу орун берилген. Тилекке каршы, өз коомундагы саясый жана социалдык маселелерди курч чагылдырган анын эсселеринин котормосу өтө сейрек.

Жазуучу мекенчил сезимге сугарылган эсселеринде жеке адам тагдырын ХХ кылымда оор жана татаал окуяларды баштан кечирген улуу Кытай мамлекетиндеги социалдык окуялар фонунда сүрөттөйт. Коомдогу теңсиздикти сындап, карапайым элдин жакшы жашоосун эңсеген жазуучу адабияттын негизги куралдарынын бири – көркөм калпты жаратуунун чебери эсептелет. Бирок көркөм калп реалдуу турмуштагы терс көрүнүштөрдүн бетин ачууга “ак” кызмат кылгандыктан, АДАМ жана МЕКЕН түшүнүгү бир бүтүндүккө биригип, окурмандын сезимине кайрак болуп, дилин курчутат. Өз тагдырын элсиз, мекенсиз элестете албаган жазуучунун кыска, бирок нуска эсселерин мекенчил окурмандарга сунуш кылабыз.

Которгон Үмүт КУЛТАЕВА

ЭССЕ

Билбейм, эмне үчүн кийинки кезде жүрөгүм жан чыдатпай ооруп жатат. Мен апакеме кайрылат элем: апаке, жүрөгүмдү алчы, аны менен жашагым келбей калды, мындан ары аны менен жашай албайм.

Эсиңдеби, апа, бул жүрөктү мага берип жатканда айткансың: «Сенин атаң өмүр бою адамдар менен чын жүрөктөн жолугушчу. Атаң өлүм алдында өз жүрөгүн сен чоңойгондо берип кой деп мага аманат калтырган. Жүрөгүн берип жатып, атаң айткан: «Менин жүрөгүмдү уулум алгандан кийин анын жашоосу чынчыл, бактылуу, бейпил болот». Мына эми сен эр жеттиң, атаңдын жүрөгүн ал. Дүйнөнүн кайсы жеринде болсоң да, бул жүрөк менен атаң экөөбүздүн ак батабыз сага бакыт, ийгилик алып келет».

Ошондон бери мен ушул жүрөгүм менен жер шарынын бүт булуң-бурчуна чейин кыдырдым, адамдардын жандүйнөсүндөгү чөл менен сазга дуушар болдум. Бирок жалаң кайгы менен азапты көрүп келатам. Кайда чын дилдүүлүк? Бакыт кайда? Бейпилдикчи? Бардык жерде жүрөктүн үшүн алган көрүнүштөр! Аларды көрбөй турган күн качан келет? Бардык жерде үрөй учурган үндөр. Аларды укпай калсам эмне! Мындай коркунучтуу трагедия качан өз оюнун токтотот? Алар менин жүрөгүмө жебе болуп сайылып, жүрөгүм тамтыгы жок тилинип бүттү. Ошон үчүн ал жан чыдатпай ооруп жатат.

Мага бул жүрөктүн кереги жок. Бул жүрөк менен көрүнгөн нерселерге көзүмдү жумуп, сокур боло албайм; угулгандарга кулагымды бекитип, дүлөй боло албайм; тилимди жутуп, дудук боло албайм; адамдар азап тарткан бул мезгилде мен жеке бактымды таба албайм. Дегеле мындан ары минтип жашай албайм. Апаке, кечир мени, чын эле бул жүрөктүн мага кереги жок, мен бул жүрөк менен бул дүйнөдө тынч жашай албайм, демек, мындай жашоонун да мага кереги жок.

Көп жылдар бою бул жашоонун коога-соодасын өз жайына койгум келди. Акыркы убактарда мен баарынан баш тартайын дедим. Жашоонун азабы, кордугу, адамдардын  бири-бирине жасаган кыянатчылыгы менен макул болуп жашайын дедим. Ошондо жүрөгүм тынч алат ко деп ойлогом. Бирок мендеги жүрөк буга макул эмес. Менин жүрөгүм адамдардын азабын, ачуу көз жашын көрбөй коё албайт, кайгысын сезбей коё албайт.

Мен жүрөгүмдү коё беришим керек. Бирок ал мага бакыт каалаган сенин энелик тилегиң менен мага бекем байланып алган. Ал мен көргөндөн корккон нерсени көрүшүмдү, уккандан корккон нерсени угушумду, башкалар уккусу келбеген нерсени айтышымды талап кылат. Ошондо мен жүрөгүмө кайрылдым: «Жүрөгүм таштачы мени. Мен сени менен бул ааламда жашай албай калдым. Суранам, менин бактым үчүн мени таштачы!».

А жүрөгүм унчукпайт. Анткени ал билет, апа, сен өзүңдүн ак батаң менен бизди түбөлүккө ажырагыс кылып койгонсуң. Мени каргасаң, ошондо гана биз ажырашабыз.

Апаке, суранам, мени каргап салчы, жүрөгүм менен ажырашканга мага кайрат берчи, анын мени адилет жашоого чакырган кагышы токтосун, анткени ал мени менен жашай албай жатат, мен да аны менен жашай албайм. Адамдардын көз жашы көл, каны деңиз болуп агып жатса, бир адамдын жүрөгү эмне болуп калыптыр? Анын колунан эмне келет? Апа, каргачы мени, бул жүрөктү алып кетчи, муну менен бирге жашагым келбейт.

Бирок менин апам эбак эле өлгөн...

Окшош материалдар

Комментарий калтырыңыз