Людмила Молдалиева: Мен – кыргызмын!

  • 08.03.2022
  • 1257
  • 19

Ата-энемдин жаркын элесине арналат...

Мен – кыргызмын!

Бул сөздүн тыбыш чыгаруу ыргагын өзгөчө жакшы көрөм, ошондуктан мен аны сыймыктануу менен айтам. Көпчүлүк элдердин биз жөнүндө кабары да жок. Кыргызстан десең, кээси Түркстанбы деп сурашат. Дүйнө жүзүндө эки миңден ашык улут жашайт, бирок ошолордун ичинен эки жүзү гана өз мамлекетине ээ болуу бактысына туш болгон. Ошол бактылуулардын арасында биз дагы барбыз, демек, бул жөн эле жерден эмес. Аз сандуу улут болсок дагы тарыхтын кылымдарында изин жогоптой, башка элдерге сиңип кетпей, улутубуздун өзүнчөлүгүн, өзгөчөлүгүн сактап кала алдык жана өзгөргөн дүйнөдөгү жаңы шарттарда ийгиликтүү өнүгүп келе жатабыз.

“Мекеним, элим, жерим,” – бул сөздөрдү кандайча түшүнөбүз? Алар ар бирибиз үчүн кандай мааниге ээ? Ырас, кээ бир баалуулуктар мезгил өткөн сайын унутулат, Ата-Мекен бирок Ата Мекен болуп, энебиз эне бойдон кала берет. Ага бизден башка эч ким жардам бербейт, бизден башка эч ким сүйбөйт, себеби ал бирөө гана – биздин Ата-Мекенибиз.

Мен Бурят – Монгол АССРде Поволжьелик немистерди жайгаштырыш үчүн курулган “Эмгек армиясы” (“Трудовая армия”) аталган лагерде камактагы кыргыз менен “эмгек армиячыл” немис аялдын үй-бүлөсүндө төрөлгөм.

Атам Кант районунда колхоз башкармасы болуп иштеп жүргөн кезинде, 1942-жылы, жалган чагым менен “эл душманы” деп он жылга кесилип, кат жазышуу укугунан ажыратылып, Забайкальеге айдалып кеткен; Кудайга шүгүр, атууга кетпептир.

Атам колунан көөрү төгүлгөн уста эле. Жыгачтан ээр чаап, булгаары менен каптап, оймо-чиймелүү мыктар менен кооздоп, чыныгы чеберчилик менен чыгармаларын жаратчу. Кийим тигип, комуз чертип, жаш кезинде жакшы ырдачу дешет. Бирок ага көбүнчө темир усталык жакчу, анткени ал жалаң эле темирден така согуп, ийлебей, күмүштөн ар түрдүү кооз буюмдарды жасачу. Атамдын иниси Сатар чоң уста, алтындан өтө кылдат, чебер буюмдарды мыкты жасаган зергер болгон экен, өкүнүчтүүсү, фронттон кайтпай, Смоленскинин алдындагы кармашта каза болду.

Атам мыкты темир уста болгону үчүн ага шаардагы устаканада иштегенге уруксат беришиптир. Ата-энем ошол жерден таанышышыптыр. Атам шаарда кайтаруусуз, эркин жүрө алчу, бирок кечинде сөзсүз кайра түрмөгө кайтып барууга милдеттүү болчу.

Апам адегенде Красноярск крайындагы эмгек лагерине түшүптүр, бирок күзөтчү менен чатакташканына байланыштуу, аны СССР менен Монголиянын чек арасындагы эң суук, эң алыскы аймакка жөнөтүшөт.

Лагерчи аялдар фашисттик Германиянын жеңилгендиги жөнүндөгү кабарды лагерден сегиз-тогуз чакырым алыстыктагы токойдо карагай кыйып жүргөн учурунда угушат. Кубанычтуу жаңылыкты угары менен алар лагерди көздөй чуркап жөнөшөт, күзөтчүлөрдүн кыйкырганы эч кимисин токтото албайт, ошондуктан алар аялдардын артынан жүгүрүп жөнөшөт. Аялдар чуркап, ыйлап, лагерде кыйноо тарткан, ачкадан каза болгон күйөөлөрүнүн, балдарынын атын атап кыйкырышып, аларга эми эркиндикке чыккандарын, жакында өз үйлөрүнө жол тартышарын, бирок аларды туулган үйдүн босогосунан тосуп алаар эч ким жок экенин айтып жатышты...

Көздөрүнө толгон, жан кейиткен азаптын, ошол эле убакта жүрөк толкуткан сүйүнүчтүн жашын жоолугу менен аарчып, жүгүрө беришти. “Улуу Жеңиш менен бирге боштондук келди, баардык азаптардан арылдык”,- деп ойлошту... Алар үч жылдан ашык мөөнөттү өтөп коюшкан, бирок кийин белгилүү болгондой, эркиндикке чейин дагы он бир узак, азаптуу жыл бар экен. Он беш жыл лагерде алардын немис болуп төрөлгөндүгү үчүн гана...

Кен байытуу фабрикасында тизеден келген муздак сууну кечип, вольфрам жууп иштеп жүрүп, апам ревматизм оорусуна чалдыккандыктан аны атканада иштегенге которушат. Албетте, атканада иштеген жеңилирек эле. Аттардын жемине берилүүчү дан азыктарынан апам бизге да ботко бышырып берчү, аттардын азык паёгу камалгандардыкынан дурус болчу. Апам фабриканын директорунун эки дөңгөлөктүү жеңил арабасында жеке арабакечи болуп иштейт. Аттардын такасын жаңыртыш үчүн устаканага барып, атам экөө таанышып калышат. Ата-энем өз аракеттеринде эркин адамдардан болбогондуктан, аларга үйлөнүш үчүн тиешелүү органдардан никесин каттатууга уруксат алуулары керек болчу жана талап кылынган кагаздарын алгандан кийин гана алар мыйзамдуу үйлөнүшөт.

Адегенде эжем Нина төрөлөт, бирок мен энемдин боюнда экенимде, атамдын камакта болуу мөөнөтү аяктап, ал, албетте, үйүнө кетүүгө камынат. Жеткенден кийин апам менен бизди чакыртып алууга сөз берсе да, белгисиз себептер менен ал убадасын аткарган жок.

Көрсө, кийин белгилүү болгондой, атам бизди алып кетпейм деген чечимге эчак эле келип, ошондуктан нике тууралуу документтерди үстөл жапкан дастаркондун астына калтырып кетиптир. Тиги жактагы үйүндө аялы бар экен, бирок балдары болбоптур. Атам оптимист болгондугунда шек жок, ал немис аялга үйлөнгөнүн унуткан окшойт. Ошол кездеги тартынчаак, чечкинсиз кыргыз аялдан айырмаланып, менин апам турмуш бекем чыңалткан, бышыктырган, жоокер мүнөз болчу. Бир аздан кийин кокусунан документтерди таап алып, баарына түшүнөт...

Сталин каза болгондон кийин “эмгек армиясындагылардын” абалына бир аз жеңилдиктер болду, бирок алар баары бир эмгек лагерин өз алдынча эле таштап кеткенге укуктары жок эле. Бошонуп кетүү үчүн туугандарынын чакыруусу талап кылынчу.

Мен төрөлгөндө кен байытуучу фабрика директорунун аялы апама келип, мени ага берүүсүн суранат. Алар буряттар эле, балдары жок болчу. Ал аял апама жалынып-жалбарып, менин аларга окшош кара тору экендигимди айтып, “биздин кызыбыз эмес экенинен эч ким күмөн санабайт”, - дейт. Апамды өмүрүнүн акырына чейин керектүү нерселер менен камсыз кылуугу убада берет, бирок үч баласы менен жалгыз бой кыйналып жашап жатса да, апам макул болбойт.

Бир жылдан кийин мен кабыргамдан катуу сезгенип, ооруп калганда доктурлар “эч айла жок, бала болбойт”,- дешет, себеби ал кезде пенициллин табыла элек экен. Ошол учурда тигил аял апама дагы келип, “мага бер, эң мыкты доктурларга көрсөтөм”,- деп сөз берет, бирок апам кайта эле макул болбойт. Кичине дарыянын аркы жээгинде эмчи-домчу табып чоң эне жашачу, апам мени ошого алып барууну чечет. Бул анын акыркы үмүтү эле. Жаз келип, өзөндүн музу жукарып калгандыктан, апамды айнытканга аракет кылышат, бирок апам биздин өмүрдү тобокелге салып, кеч кирип, көз байланып калганына кайыл, муз үстүнөн чуркап өтүп, табыпка барат, анан керемет орундалып, ал кемпир мени бутума тургузат.

Мен төрөлгөндөн кийин апам атамды алимент төлөтүү үчүн сотко берет. Буга чейин атамдын Монголияда балдары калганын саналуу гана адамдар билиши мүмкүн болсо, эми бул окуя бүт колхозго, коңшу айылдарга чейин угулат. Метеорит түшсө да бул окуяга көңүл бурулгандай боло албайт эле - Жапар “немис аялына” алимент төлөп жатат. Ал учурда көп адамдар алимент деген эмне экенинен түшүнүгү жок эле. Бул биринчи жолку окуя болчу. Айтмакчы, атам алиментти чогуу жашап жатканыбызга карабай, биз бойго жеткенче төлөп жүрдү. Эсеп-кысап бөлүмүндөгүлөр эмне үчүн алименттен баш тартпаганын сурашканда, апам тамашалап, ал кокус бизди дагы таштап качып кетсечи, деп жооп бериптир...

Гитлердин армиясы Волгага жакындап басып келгенде, Сталин жергиликтүү немис улутундагы адамдар душман тарапка өтүп кетпесин деп чочулап, аларды башка жакка которгула деп буйрук берип, аларды алыскы аймактагы лагерлерге жөнөтүшкөн.

Бир күндүн ичинде он эки жаштан алтымышка чейинки эркектерди Сибирге жөө айдашкан. Үч жашка чейинки балдары бар аялдарды, алтымыштан өткөн чоң энелерди кыштакта калтырышып, калгандарын жүк ташыган вагондорго салып Сибирге же Монголия менен чектеш, климаттык жана жашоо шарты өтө катаал аймактарга жөнөтүшкөн. Жолдон мерт болбой тирүү калгандардын баарын жетери менен “эмгек лагерлерине” камашкан. Эмгек лагери – бул советтик үлгүдөгү концентрациялык лагерь. Баардыгы чогуу, тикенектүү зым менен курчалган барактарда жашашат, жумушка конвой айдап барат, эгерде кимдир-бирөө өлүп калса, жалпы чуңкурга ыргытып салышат, ал чуңкур өлүктөргө толмоюнча көмүлбөйт...

Андан бери канчалаган жылдар өттү, согуш жөнүндө көптөгөн фильмдер тартылды, Улуу Жеңиштин 75 жылдыгы белгиленди, бирок советтик немис улутундагы адамдардын душмандар тарапка өтүп кеткендиги тууралуу бир дагы факт катталган эмес, ал эми башка улуттардын фашисттер тарапка өтүп кеткен чыккынчы адамдары миңдеп саналат.

Агам Иван жөнүндө

Апамды эмгек армиясына айдап кеткенде менин агам Иван кыштакта карыган чоң энем менен калат. Жей турган тамак-аш жоктугунан чоң энем тез арада эле ачкалыктан көз жумат. Ваня алты гана жашта болгондуктан чоң энеси эмнеге узак уктап жатканын жана денеси муздап калганын түшүнбөйт. Кошуналары билгенче бир нече күн “чоң энем уктап жатат”, - деп ойлоп, жанында жата берген.

Андан кийин туугандары Ваняны асырап алып, Сибирге алып кетишет. Апам аны көп жыл “немис радиосу” аркылуу – туугандары, тааныштары менен кат жазышкандардан “уулумдун тагдырын билип бергиле”, - деп сурамжылаган. Себеби, аларды бир заматта өлкөнүн алыскы эң оор шарттуу аймактарына чачыратып жиберишкен.

Акыры ага Ваня Красноярск жакта экени жөнүндө билдиришет. Апам издеп барып, Ваня жашаган үйдү табат, бирок ал аерде жок экен. Көрсө кыштак четинде кожоюндун каздарын кайтарып жүрүптүр. Ваня энеси издеп келгенин угуп, үйгө чуркайт. Анын келатканын көргөндөр “Мария жашын”, - дешет, апам эшик артына бекинип калат. Ваня үйгө кирсе, энеси көрүнбөйт, ошондо ал бөлмөнүн ортосуна туруп: “Апа, сен мени тапканыңды билем”,- дейт.

Апам уулун карап, көргөн көзүнө ишенбейт, себеби анын алдында үйдө калган алты жаштагы кичинекей, арык, ачкалыктан курсагы чардайган баласы турду, бирок ошол кезде ал он үчтөргө чыгып калган өспүрүм эле.

Апам Ваняны үйгө алып келип, тамакты аз-аздан бере баштады, ага көп жегенге болбойт эле. Ал болсо кайра-кайра тамак сурай берчү, тизелеп жалынып, “сен менден тамак аяп жатасың”, - деп каргап да көрдү. Уулун бутуна тургузуш үчүн аракет кылган күндөр апам үчүн эң оор учур болду.

Ваня ошол бойдон анча деле өспөй, жапалдаш бойлуу болуп калды, ачкачылык ага өз тагын калтырды. Кийин чоң киши болгондо деле, апам аны өлүмдөн куткарып калгандыгын жакшынакай билип турса да, анын өмүрүн сактап калуу үчүн тамакты өлчөп бергенден башка аргасы калбагандыгын түшүнүп турса дагы, тойгуза тамак бербей койгондугу үчүн көңүлүнүн түпкүрүндө баары бир апама таарынычы бар болчу. Бала кездеги таарыныч – эң оор таарыныч, аны эч качан унута албайсың.

Ваня биздин атабызды абдан жакшы көрчү, “ата” деп чакырчу, анын көзү өткөнгө чейин ага терең урматтоо менен мамиле кылды. Бул экөөндө тең бирдей эле, атам дагы Ваняны өз уулундай жакшы көрүп, “менин уулум”,- дечү.

Ванянын атасы немис болгондуктан, ал пенсияга чыккандан кийин биздин кеңешибиз жана Германиядагы туугандарыбыздын чакыруусу боюнча үй-бүлөсү менен өзүнүн тарыхый мекенине көчүп кетти. Өзүнүн жетимиш жылдык мааракесин байкем, алар айткандай “үйүндө” - Бишкекке келип, өткөрдү. Бул анын Кыргызстанга акыркы жолу келиши болду. Ал жалган дүйнөдөн өтүп кетти, сөөгү Германияга коюлду.

Анын балдары жакшы шартта жашоодо. Кызы Таня Франкфурт университетинен жогорку билимге ээ болду. Германияга көчүп барышканда Таня жыйырмага чыгып калган, ошого карабай, тил үйрөнүш үчүн колледжге окууга кирип, тилди абдан жакшы үйрөнүп алгандыктан университетке өтүп кетти. Германияда жашаган туугандарыбыздын көпчүлүгү жана кошуналары Танянын жогорку билим алуу тилегин ишке ашыра аларына анча деле ишене беришкен жок. Алар Ванядан бир топ мурда көчүп кетип, балдары Германия мектебинде окушкан, бирок алардын бири да жогорку билим алышкан жок; өздөрү айткандай “кесипке” окушту. Бизче айтканда кесиптик-техникалык окуу жайы же техникум.

Таня азамат кыз, анда кыргыздын руху, намысы бар, кантсе да аны кыргыз чоң атасы тарбиялаган да. Ал университетке өтөрдө турмушка чыккан, бирок никесин каттаткан эмес. Себеби, мамлекеттен 25 жашка чейин стипендия, жөлөкпул алыш үчүн өзгөчө шарттар каралган. Күйөөсү экөө чогуу жашаганы менен, ар кимиси өзү үчүн акча төлөшчү. Илгери-кийин “мен сени окуткам”, - деп доомат кылбасын деген ой менен университетти аяктаганга чейин Таня күйөөсүнөн акча алган жок. Диплом алаары менен никеге турушуп, ошондон кийин гана күйөөсүнө “эми мени кийинтип, ичинтип, баксаң болот”, - дептир. Мына, кыргыздын нукура менталитети бар биздин “немистерибиз”ушундай.

Азыр өз кесиби боюнча иштеп жүрөт, жогорку билимдүү адис болгондуктан айлык акысы да жогору, өздөрүнүн заңгыраган меймандос үйү бар, эки баласын татыктуу тарбиялап жатат.

Агамдын уулу Николай, Германияда аны Ник дешет, жакшы жумушта иштейт, анын да мыкты үйү бар, эки уулун тарбиялап жатат, бирок жогорку окуу жайдан окуган жок, себеби тил үйрөнүш ага кыйынга турду. Алар бизге тез-тез келип турушат. Тигил жакта кандай жашаса дагы өз үйүбүз деп Кыргызстанды эсептешет.

Биз Казакстанда кандай жашадык

... Бурят–Монголиядан өз алдыбызча кетүүгө акыбыз жок болгондуктан, бизди туугандардан бирөө-жарымы чакырыш керек эле. Апамдын агасы Андрей таякебиз бизди Казакстандын Көкчөтоо облусундагы Бармашино кыштагына чакырды. Апамдын бир туугандарынын көпчүлүгү түндүк Казакстанга, ал мезгилде жашоого кыйынчылык келтирер жерлерге туш келишиптир. Таякемдин үйүнүн жанында “курорт Боровоё” деген санаторий бар экен. Апам санаторийдин кухнясына жумушка кирип, бизге токойдо жайгашкан эски, кароосуз калган ооруканадан бир бөлмө беришти. Ал жерде апам менен үчөөбүз эле жашачыбуз. Бир жолу эжем экөөбүз сандыктын үстүнө отуруп дарбыз жеп, анан ордубуздан туруп, башка бурчка жеткенибизде, үйдүн үстү биз эми эле отурган жерге урап түштү.

Апам жетекчилерден башка жерден үй берүүсүн талап кыла баштады, алар бизге жок дей алышпайт эле, себеби байкем аскерде кызмат өтөп жаткан жана бул чоң артыкчылык эле. Баласы армияда жүргөнү үчүн апамды “солдатка” дешчү. Ал кезде солдаттар өтө зор сый-урматка ээ эле, алар үчүн бардык эшиктер ачык болчу.

Ошондой болсо да байкем сержанттар мектебин аяктагандан кийин окуусун уланткысы келген, бирок ага терс жооп беришти, - ал немис эле. Албетте, алар башка себептерди айтышты, а баары эле кеп анын улутунда экенин ачык-айкын түшүнүп турушту. Институтка албаганга да аракет кылышчы, окумуштуу советтик немистин аларга кереги жок эле.

Апам иштеген ашкананын жанындагы эки кабаттуу жыгач үйдүн экинчи кабатынан бизге кичинекей бөлмө беришти. Эжем экөөбүздүн ашканадан тамактанганга уруксатыбыз болгондуктан биз дайыма апамдын жанында болчубуз. Бир күнү жазында, ачык терезенин тактайында отурганбыз, анан биздин үйдү карап турган солдатты көрдүк. Ал бизден “Михель Мария деген аялды билесиңерби?” – деп сурады. Нина аны дароо тааныды, а менин эсимде жок болчу. Ал армияда үч жыл кызмат өтөдү, ошондуктан аны тааный алмак эмесмин. Экинчи кабаттан “Ваня” деп жүгүрүп түшүп, түз эле байкемдин жайылган кучагына кабылдык. Бул абдан зор бакыт эле, биз эми төртөө болдук, биздин кичинекей үй-бүлөбүз кайрадан чогулду!

Үйгө карай узак жол

Биз дагы башка балдардай атабыз болуп, толук үй-бүлөдө жашагыбыз келчү. Байкемдин келиши бизде орчундуу өзгөрүү жасаган жок, себеби ал дагы немис, биздей эле жетим. Күн сайын башка балдар менен болгон жаңжалдардан улам, бизге ал жерде калууга болбоду, биз да атабызды тапкыбыз келди, анткени бизди “киргизухи”, “фашистканын балдары” дегенден башка биз – “атасыз жетимдер” элек. Баардык эң ызалуу шылдың аттар бизге берилчү. Кыздар бизди таптакыр кошушчу эмес, а кээ бир балдар – биздин кошуналар, бизге “ырайымдуулук” кылып, бир аз ойногонго уруксат беришчү.

Өзүңдү жек көрүмчү, жат сезүү абдан жаман. Качан сен жанына барганда көз көрүнөө эле атайлап тескери карашат, сүйлөшөйүн десең унчугушпайт же андан жаманы - сен жакка түкүрүшөт.

Апам ашканада түнкү он бирлерге чейин иштечү. Эшикте ойноп бүтүп, Нина экөөбүз үйгө кирип, үстөлгө отуруп, атамдын сүрөттөрүн алдыбызга жайып, ал болгондо биз кандай сонун жашайт элек деп кыялданчубуз. Бир маалда сүрөттөргө башыбызды коюп, уктап калар элек. Бул көрүнүш дээрлик күндө эле кайталанчу. Апам жумуштан келип, бизди көтөрүп төшөгүбүзгө жаткырчу. Албетте, атабыз жөнүндөгү кыялдануубуз апамды аябай бушайман кылып, кейитчү. Эмне кыларын билбей, айласы кетчү. А биз чоңоё баштаган сайын атабызга алып барышын уламдан-улам көбүрөк талап кыла баштадык, себеби, жок дегенде аны көрүп, чын эле атабыз бар экенине ынангыбыз келди.

Апама абдан кыйын болду, чындыгында атам бизди таштап кетти да, чакырбады, бизди “эмгек лагеринен” бошоткон жок. Анын үстүнө анын ал жакта аялы бар эле, бизди кандай тосуп алышат, атам бизди кандай кабыл алат, балким анын бизден башка дагы балдары бардыр – ушунун баары энемди чочулатып, сары санаага салчу. Эгерде атам бизди дагы карабай койсо, бул, эжем экөөбүз үчүн чоң трагедия болмок. Бирок биз айтканыбыздан кайтпай, апамды мажбур кылдык, ал эмгек өргүүсүнө чыгып, бизди атама алып барууну чечти.

Биз өз жерибизге келдик

1959-жылы жазында биз алыскы, бирок ушунчалык эңсеген, Кыргызстанга, биздин Атабыз жашаган өлкөгө алып баруучу жолго чыгууга камындык. Эртең менен сапарга чыгар алдында апам бизди отургузуп: “Түш көрдүм, биз бара турган, атаңарга жолукканыбызга чейинки жолубузду, аялынын ийниндеги чапанынын өңүнө чейин көрдүм. Жараткан Кудай мага жолубузду көрсөттү, демек, мен туура иш кылып жатам”, - деди.

Апамдын түшү жол көрсөткүчүбүз болду, биз эч жерде кармалбай, дароо эле керектүү жакка жөнөп, ошентип биз атам жашаган айылга чейин жеттик. Күнү бүгүнкүдөй бир учур эсимде: биз Фрунзеге келгенде апам: “Жүргүлө, тетиги бурулуштун ар жагына, ал жакта бизди мындан ары алып барар машина турат”,- деди. Дал апам айткандай эле биз барып машинага отурдук, ал кезде жүргүнчүлөрдү үстү брезент менен жабылган, жыгачтан жасалган узун отургучтары бар кадимки эле жүк ташуучу машиналар тээлечү. Эл “грузовоё такси” дешчү. Азыр ойлосом, Кантка жетиптирбиз.

Эртең менен эрте айылдын ортосундагы колхоз башкармасынын кеңсесинин жанына түшүп калдык, так эле апам түшүндө көргөндөй, алдыбыздан бадага айдап бараткан уйлар чыкты. Обочорок жерде немисче катуу сүйлөшүп, аялдар турушуптур. Апам дароо эле аларга өзүн тааныштырып, “балдарымдын атасы Жапарды кайдан тапсам болот?” – деп сурады. Алар “айылда жашабайт, Казакстандагы Кант району мал кыштатууга арендага алган жерде турат”, - деп түшүндүрүштү.

Ошол күнү эртең менен атам жашаган жакка жүк алып, машина бармак экен, апам айдоочуга барып, бизди ала кетүүсүн суранды. Көрсө, айдоочу атамдын аталаш бир тууганы экен, ал түз эле колхоз башкармасына кирип, окуянын чоо-жайын айтты. Алар бизди кыштоого барбай эле машине кайра келгиче үч күнчө атамды бул жерден күткөнүбүз жакшы деп чечишиптир. Башкарма бизге өзү басып келип, атамды айылдан эле күткүлө деп суранды.

Кыштоодо атам аялы менен экен, анан аякта бизди кандай тосушаары белгисиз эле. Байкем баргандан кийин атамды четке чакырып, биздин келгенибизди айтат. Бул кабарды атам кандай кабыл алганын билбейбиз, айтор, бир топ ой толгоодо болгондур. Атамдын аялына да кыйын болду да, анткени, күйөөсүнүн мыйзамдуу аялы, балдары келип жатса; өздөрүнүн балдары токтобой, багып алган уулу бар экен. Аларга кандай болгон күндө да камынып, бизге жолукканы жолго чыгууга туура келди. Салтка ылайык аялы боорсок жасап, эт бышырып алыптыр.

Бизди бир аял, анын да аты Мария экен, үйүнө чакырды. Чемодандарыбызды көтөрүп, анын артынан барып, жаңы эле жайланышарыбызда атамдын дагы бир аталаш иниси энтиге чуркап келип, биздикине барасыңар деп көгөрүп туруп алды. “Силерди бөтөн кишиникине калтырып, байкемдин бетин кантип карайм”,- деди. Баргыбыз келген жок, бирок ал чемоданды көтөрүп жөнөдү, айла жок, байкемди жана чемоданды ээрчидик.

Бараткан жолдо бизди эл тосуп турган экен, келгенибиз тууралуу кабар бүт айылга заматта тараптыр. Баары тең бизди карап, таңдайларын такылдатып, бир нерселерди айтып жатышты, бирок биз аларды түшүнгөн жокпуз. Албетте, биз абдан жакшы кийинген элек десек, апырткандык болбойт. Апам бизге сонун көйнөктөрдү тигип берчү, башыбызда шляпка, бутубузда носки, туфелькалар. Ал кезде айылдарда байпак менен туфли чанда гана балдарда болор эле. Жарашыктуу таралган чачтарыбызга лента кошо өрүлүп, айылдык балдардан абдан эле айрымаланчубуз.

Атамды күткөн үч күн ичинде байкемдин короосу чоң базарды элестетти. Жакынкы айылдардан “Жапардын немис аялынын кыздарын көрүш үчүн” кишилер келишти, алардын көпчүлүгү алысыраак туугандарыбыз экен. Алар бизге “силердин атаңарбыз” дешти, а биз атамдын оң колунун чыпалагы жогун билет элек, түрмөдө иштеп жүргөндө станокко кестирип алган экен, ошондуктан аларга колдорун көрсөтүп жаттык. Алар орусча, биз кыргызча билбейбиз, ага карабай кызыктуу баарлашуубуз үзгүлтүксүз уланды. Себеби пикир алышуубуздун негизи билүүгө умтулуу, бири-бирибизге кызыгуу эле. Алар манжаларын бүгүп алышчу, а биз алардын калпын кармачубуз. Ошентип ал күндөр билинбей өтүп кетти.

Бир күнү эртең менен апам бизге: “Чуркагыла, тигине, атаңар келатат”,- деди. Биз атамды утурлай чуркадык, ал огороддорду кесип өткөн жалгыз аяк жол менен келатыптыр, артында сумкаларды көтөргөн аялы. Апамдын “атаңар” дегенине карабай, биз биринчи кезекте колун текшердик, чыпалагы жок колун мен кармаптырмын. “Нина, бул биздин атабыз” ,- деп кыйкырып, колуна асылдым. Ал эңкейип бизди өөп, анан апамды карай басты.

Апам жалбырактары жакында ачылган бактын астында, жаңы эле көтөрүлгөн күндүн нурларында өзү керилген, узун бойлуу, келишимдүү; агыш чыт кофтачан, узун кара юбкачан турган эле. Чачтары өрүлүп, башына таажы сымал жайгашкан... Атам жанына барып, колун сунду. Апам: “Билбейм, Жапар, сага колумду берсемби же бербей эле койсомбу”, - деди. Атам апамдан кечирим сурап, биз жабалактап карап турган элдин арасынан эптеп өтүп, үйгө кирдик.

Эжем экөөбүз атама самын берип, колуна суу куюп, сүлгүнү кармап турдук, ал биздин толук курчообузда жана камкордугубузда болду. Биз ага аябай жаккыбыз келди, ал бизди жакшы көрүп калышын кааладык, ар кандай аракеттерди жасап жагынып, биз абдан жакшы экенибизди көрсөткүбүз келди. Себеби биздин бүткүл турмушубузду атабыз гана өзгөртөрүн, аны ал кыска, бирок жеңил эмес жашообуздун учурунда биз зар болгон мээрим жана камкордук менен толтура аларын билчүбүз.

Ал кезде айылдарда аксакалдар, уруулардын карыялары көп эле. Алардын дээрлик көпчүлүгү ак чачтуу, көп сүйлөбөгөн салабаттуулуктары менен өзгөчө сүрдүү, урматтоого арзый турган, узун чапанчан, дайыма чогуу каалгып, шашпай басышар эле. Аларсыз айылда бир да иш-чара өтчү эмес. Маркумду жайына узатуу, жентек той, нике тою. Конокко чакырар болушса, “Эң алгач аксакалдарга, андан кийин гана калгандарына айткыла”,- деп чакырып бараткан балдарына катуу эскертишчү.

Алар келип төрдөн сыйлуу орундарга жай алып, эт тартыларда колго суу куюлганда макилерин алып чыгышып, сууга жуушчу. Аксакалдарды тосуп алуу, узатуу өзгөчө каада-салт болчу, айыл элинин аларга көрсөткөн сый-урматы эле, бул адатты катуу карманышчу, эч кимисинин аны бузганга акысы жок болчу.

Байкемдин үйүнө чогулуп, аксакалдардын эң улуусу атамдан бизди “кыздарды калтырайын деген оюң барбы?”,- деп сурады. Эгерде андай ою болбосо, анда аксакалдар өздөрү алып калышат да, бизге каралашып (эл-журт багат), мындан ары эч качан кор болушпайт. Алар ушул “эки тырмактай кыз”, (ал учурда 6 жана 8 жашта элек) абдан чоң, зор сый-урматка татыктуу. “Булар атасын жана өз жерин издеп, Монголиядан бери эмне деген узак жол басып келишти, ошондуктан буларды кайра кетирүү жөнүндө сөз да болушу мүмкүн эмес. Эгерде булардын энеси кааласа калсын, каалабаса - кете берсин, бирок мына бул кичинекей кыздар эми өз ата мекенин эч качан таштап кетпейт”. Алар атамды бизди чакырып албай, бөтөн жерде таштап койгондугу үчүн айыптап жатышты. Атамды издеп келгенибизге, аны табууну каалагандыгыбызга аябай таасирленишти.

Албетте, атам дароо эле бизди өзү тарбияларын айтты, анткени анын бизден башка балдары жок эле. Эжем экөөбүз атамдын эки жагына келип тизелерин чыканактап отурдук, атабыздын көзү өткөнгө чейин бул адатыбыз калган жок.

Атам эгер бизди кетиргиси келсе да, бизден баш тарта албайт болчу, аксакалдар кеңеши буга жол бермек эмес. Анан да чогулуп келген эл атамдын чечимин күтүп отурушту. Келгенибизден бери алар бизди жакшы көрүп, тагдырыбызга жана атамды издеп келгенибизге кубанып, ыраазы болуп, бир чети боору ооруп; биз болсо элдин ушундай камкордугун, сүймөнчүктүү мамилесин көрүп, кандай гана бактылуу болдук. Буга чейин биздин тагдырга, жашообузга кайдыгер карабаган, өзгөчө боорукер, ак көңүл, мээримдүү ушунча көп адамды эч качан жолуктурган эмеспиз. Атамды күткөн ушул күндөрдө алар дайыма биз менен болушту жана аны менен жолугушууну бизден кем эмес күтүштү...

Биздин жашообуз калыбына келгени менен апам кыйын күндөргө туш келди. Аны уулантууга аракеттеништи, бычак менен коркутушуп, бизди да алып кетүүсүн талап кылышты, бирок акырындык менен жашообуз жакшы нукка түштү. Мындай нерселерди атамдын мурунку аялынын туугандары жасап жатканын баарыбыз эле түшүнүп турдук.

Бул жердеги балдар да башында бизди ыза кылгысы келип, “орус”, “балда”, “фашист” деп тилдешти, бирок биз алардан корккон жокпуз, алар менен мушташпадык. Биздин атабыз бар, эң негизгиси - биз өз үйүбүздө элек. Бул жерде биз өз элек, өздөргө корко турган эч нерсе жок, биз алар менен бирдей, тең укукка ээ болчубуз. Апабыздын улуту немис экени деле маанилүү болбой калды, эң негизгиси биз кыргызбыз жана баардыгы ушуну менен түшүндүрүлөт.

Балдар менен көчөдө ойноп жүрүп, кыргыз тилин тез эле үйрөндүм. Эжеме кыйынырак болду, ал мектепте окугандыктан, балдар менен ойногонго убактысы аз болчу. “Эне тили” деген түшүнүк бизге анча тиешеси жок экен. Апам биз менен бала кезибизден немис тилинде сүйлөшчү, а биз көбүнчө орусча жооп берчүбүз. Апамдын тилин абдан жакшы түшүнчүбүз, бирок шартка байланыштуу ал тил кыргызча, орусчадан кийинки үчүнчү тилибиз болуп калды.

Биз бойго жетип, турмушка чыккандан кийин апам орус тилине өттү. Ушинтип немис тили - “эне тилибиз”, биз үчүн апам менен жашыруун кеп-сөздөрдү сүйлөшчү тил болуп калды.

Ошол жылы атамдар айылда чоң үйдүн курулушун башташты, бирок күз келгенде Казакстандагы кыштоодогу иштеген жумушуна кетишти. Биз эжем экөөбүз Тунуке апа менен (аты ушундай эле) айылда калдык. Нина мектепке экинчи класска барат, а мен эртеден кечке көчөдө балдар менен ойноп, кыргыз жашоосунун башатын үйрөнө баштадым. Албетте, апа бизди, өзгөчө эжемди жактырчу эмес, эптеп эле ыза кылганга аябай аракет жасачу. Ал тамактын баарын өзүнүн сандыгына салып, кулпулап койчу, ачкычтар анын аркасына өрүлгөн чачында өзүнчө эле кооздук буюм катары илинип, ал ары-бери басканда шыңгырап турчу.

Бир жолу Тунуке апам каттама жасады, абдан даамдуу экен, биз мындай тамакты биринчи жолу жешибиз эле. Бизге каттамадан кичине эле үзүп берип, калганын катып салды. Мен көпкө чейин издеп, акыры мештин (печканын) үстүнкү кыш текчесинен таап, бир сындырым үзүп алып, мештин жанына отуруп жедим.

Шашып жегендиктен күкүмдөрү жерге түшүп калды. Айыбым ачылып калбасын деп коркконумдан аларды жерден терип чогултуп, оозума сала баштадым, бир аздан кийин ачуу даамданып, оозумдан көбүк чыга баштады. Көрсө, мурда мен отурган жерге отуруп, апа кир самын майдалаптыр, ошол самындын күкүмдөрү жерге түшүптүр, аны мен коркуп жатып, байкабай жеп алыптырмын... Албетте, апа каттаманын кичирейип калганын байкады, бирок ал үчүн мен жазаландымбы, – эсимде жок.

Эжем экөөбүз айылдагылардын урмат-сыйына ээ болчубуз, балдары менен кошо чуркап жүрүп, бирөөсүнүн үйүнө келип калсак, бизге сөзсүз дастаркон жайып, чай беришчү. Кийинки жылы ата-энебиз бизди алып кетишти, биз Казакстанда, Кенес-Анархайдагы малчылардын балдары үчүн ачылган интернатта окуп калдык.

... Биз Кыргызстанга жолдо келе жатканда, поёздде бир укмуштуу окуяга туш болдук, аны эстесек ушул убакка чейин кабатыр болобуз. Жүргүнчүлөрдөн кимдир-бирөө, “чечен аял балдарды уурдап, Кыргызстанга алып бара жатат”,- деп вагонду тээлөөчүгө айтат. Чечен аял дегени биздин апабыздын чачы кара-көк болуп кулпуруп турчу, мындай өңдүү чачты “карганын канатындай” деп коюшат. Поёзддин бригадирине айтышат, ал станциянын кезметчисине кабар берет. Поёзд станцияга келгенде бизди милиция күтүп турган экен. Поёздден түшүрүп, бөлүмгө алып жөнөштү, биз “ал биздин апабыз”, - деп ыйлай баштадык. Тез эле тактап, коё беришти, биз перронго жеткенде поёзд жыла баштады, апам бизди өйдө көтөрүп киргизгенге эптеп үлгүрүп, өзү жете албады, себеби, поёзддин ылдамдыгы тездей баштаган эле.  

Поёздде солдаттар баратышкан, алар чыга калышты да, чынжыр сымал биринин колун бири кармап, бирөө жерге секирип түшүп апамды колунан кармап, вагонго тартып киргизди. Биз кыйкырып ыйлап жаттык, бул өмүрүбүздөгү эң коркунучтуу окуя болду, биз аз эле жерден белгисиздикке жалгыз кетип кала жаздадык...  

Кичинекей үй-бүлөбүздү аз жерден талкалап коё жаздаган “сак кулак” адамдар өздөрүнүн жоругуна кийин уялыштыбы же жокпу, билбейм. Албетте, алар негизи туура кылышты, ал кезде балдарды уурдоо өтө көп болгон, бирок биз өз энебизди жакшы таанып, билүүгө жетиштүү жашта болчубуз.

Биз кайрадан бүт үй-бүлөбүз менен Казакстандабыз

Атам бизге ат мингенди тез эле үйрөттү. Биз кой кайтарып, атка челектерди артып, кудуктан суу ташычубуз, деги атты үй ичинде жүргөндө гана минчү эмеспиз. Кыштоо биз окуган интернаттан кырк чакырым жерде болчу. Башка колхоздордун кыштоолору бир чакырым аралыкта жайгашып, биринен экинчиси уланып отуруп, башындагы кыштоодон кыйла алыс жерден аяктачу эле. Биз ал жакта ынтымактуу чоң үй-бүлөдөй жашачубуз, кой сойгондо бири-бирибиздикине конокко барчубуз, мунун өзүнчө жол-жобосу бар эле.

Эртең менен атка минип, кыштоолордун баарын кыдырып, биздикине мейманга чакырып келчүмүн. Атам жаңыдан кой союп баштаганда мен да атчан жөнөчүмүн, кайра эң алыскы кыштоодо жашаган кошуналар менен чогуу келгенимде, эт бышып, дастарконго тартылчу. Жол узак болчу, эл жашабаган ээн капчыгай менен барууга туура келчү. Мен дайыма атты бат бастырганга аракет кылчумун, себеби жол зериктирип, анан дагы бийик тоолордун арасында жалгыз жүрүү бир аз коркунучтуу эле. Өзүңдү эң алсыз, тырмактай жандык катары сезесиң. Кээде төөлөрдүн анча көп эмес үйүрү жолугат эле, алар казак чабандардыкы болчу, биз алардан коркчубуз, себеби, бир нерсе жакпай калса, буурасы артыбыздан кууп жөнөшү мүмкүн эле. Атам бизге “көзүңөрдүн кыйыгы менен буураны байкай жүргүлө, кескин кыймыл жасабагыла, силерге буура кичине эле назар салса, дароо чаап жөнөгүлө, ал артыңардан узак кубалабайт, үйүрүн кароосуз калтырбайт”,- деген.

Дайыма кой этинин жартысын бышырып, жарымын үйгө калтырышчу. Бизде электр жарыгы жок үчүн муздаткыч жөнүндө эч кандай сөз болушу мүмкүн эмес эле. Апам этти туздап, биз кечинде чымындар учпаган маалда аны жипке асып, үстүн марли менен жапчубуз. Эртең менен күн чыкканча этти чоң табакка салып, үйдөгү караңгы жерге коюп койчубуз. Бирок бул аракетибиз чымындардан анча деле сактачу эмес, биз күндө этти карап, эгер ага чымын консо, тазалап, кесип койчубуз. Бактыга жараша эт тез эле түгөнчү, анан баары кайра башынан башталат эле: кой союп, конок чакырмай...

Кошуналар да кой сойгондо дайыма бизди конокко чакырышчу. Адатта конокко атам, апам экөө кетишчү. Биз Нина экөөбүз үйдө калчубуз, биз аткарар толгон-токой тапшырмалар болчу. Ал иштердин баарын бат эле жасап, атамдын картасын алып моокумдана ойночубуз. Бул биздин эң жакшы көргөн эрмегибиз эле. Ата-энебиз карта ойногонбузга катуу тыюу салышчу, бирок бизге ким тоскоолдук жасамак, эң негизгиси, алардын аттары бурулуштан көрүнөрдө сак болууну унутпашыбыз керек. Ошол замат картага кумар оюнчулардан тил алчаак кыздарга айланып, жүгүрүп самоор коюп, дастаркон даярдай баштачубуз...

Атам чөнтөгүнөн койдун кулагын же шыйрагын, бири-бирине жабышкан бир-эки момпосуй - “леденцы” же “подушечка” алып чыгар эле. Ал кезде азыркыдай пакеттер жок, булардын баары эски гезиттин четине оролуп, атамдын чөнтөгүнө батчу. Эжем экөөбүз гана шамал камгакты тоголотуп ойногон казактын учу-кыйырсыз талаасында ат минип жарышканды жакшы көрчүбүз. Мындай жомоктогудай көрүнүш бизде жокко эсе: тоголонгон камгактар капчыгайга толуп, талаа жылып бараткандай көрүнчү.

Атам бизге талаадан ат чапканга таптакыр уруксат берчү эмес, анткени кокусунан ат мүдүрүлсө же бутун суурдун ийинине салып алса, майып кылып коёт деп коркчу. Ал бизди жол менен гана бастыргыла деп эскертчү. Бирок балким бизде жарышта шамал гана кууп өтө алган көчмөн улуу бабаларыбыздын руху ойгонсо керек, биз анын тилин албай койчубуз. Жарышта дээрлик дайыма эжем жеңчү, себеби, анын аты абдан келишимдүү, жаш кара жорго болчу. Менин атым карыган, бирок абдан чыдамкай, чалпоо ат болчу. Анын бир көзүн жаракаттан кийин чел каптап калыптыр, бирок ал ишеничтүү, күчтүү эле, ал кийин менин өмүрүмдү сактап калган.

Бир жолу кезектеги жарышка түшкөнбүз, анан үйгө келгенибизде атам ээрди алып жатып, менин атымдын тердегенин көрдү. Ал мага кыйкырганда, коркуп кетип, андан качып жөнөдүм, атам башындагы калпагын алып артымдан ыргытты эле, калпак далыма чала тийип жерге түштү. Мен тык токтодум да, атама бурулуп: “Мени калпак менен урганга кантип дитиң барды, сен мени чоңойткон эмессиң, таштап кеткенсин”, - деп кыйкырып, жүгүрүп үйгө кирип кеттим.

Бир аз убактан кийин апам мени таап алып, “мындан кийин атаңа минтип айтпай жүргүн, аны бир нерсе үчүн жемелөөгө акың жок. Ушундай турмуш башка түшүп, кырдаал, абал ошондой болуп калган, атаңды бизге кайра туш кылып бергени үчүн Кудайга шүгүр дешибиз керек”, - деди. Бул мага бүт өмүрүмө сабак болду, андан кийин эч качан атама орой сөз айткан жокмун, бирок талаадан ат чапканымды койгон жокмун. Албетте, артымдан ыргытылган кийиз калпак бир жеримди оорутмак беле, бирок ал мага тийгенде көптөн бери чогулуп калган болгон таарынычым сыртка чыгып кетти окшойт...

Айта кетчү нерсе - атам бизди эч качан урушчу эмес. Биз каникулга келгенде дайыма чекемден өөп “садагасы кетейиним” деп, мурдумдан да өөп койчу. Эмне үчүн экенин билбейм, мен атамдын колун өпкөндү жакшы көрчүмүн.

Атамдын өмүрүндө бир эле айткан тосту бар эле, аны дайыма жана бардык жерде, кандай иш-чара болбосун: “Аман-эсен бололу, балдарымдын ортосунда эрмек болуп жүрөйүн”, – дээр эле сөз берилгенде. Бир жолу атамдан “эмне үчүн бардык жерде бир эле тостту кайра айта бересиң, башка тилегиң жокпу?” – деп сурадым. Атам “ушул сөздөр жетиштүү”,- деп жооп берди.

Мен бул сөздөрдүн маанисин атамдын жашына келгенде түшүндүм. Бул кыска тосттун негизинде жашоонун терең философиясы жатат. Өмүрдөн, ден-соолуктан артык эмне бар? Балдарыңа сен качан сүйүнүч алып келесиң? Качан баары аман-эсен, дени сак болуп, балдарың турмушта өз ордун таап, жакшы жашап калганда. Сен өзүңдүн да дениң сак болсо, мына ошондо балдарың үчүн кубанычсың, өзүң үчүн да.

Биз жай мезгилин, каникулдарды жаман көрчүбүз, себеби ал үй-тиричилигинин түгөнбөгөн түйшүгү менен коштолчу. Күнүбүз эртең мененки саат алтыда атам эжем экөөбүздү кезек менен кой кайтарганга ойготкондон башталчы. Койлорду саат тогузга чейин кайтарып, анан күндүн илеби кайтканча сарайга киргизчүбүз. Нина биздин койлорду кайтарганда мен апам сааган сүттөрдү сепараторго тартып, анан самоор коюп, эртең мененки тамакты даярдачумун.

Ар бир он күндө чогулган каймакты чалып, каймак май жасачубуз. Узун алюминий цилиндр челекке каймак салып, жыгач чалгычты ортосунда тешиги бар капкак аркылуу өткөрүп, эки колдоп чалып баштачубуз. Бул бат бүтө калчу процесс эмес, жарым сааттай убакыттан кийин гана май алынат. Май бөлүнүп чыккандан кийин чоң чарага муздак суу куясың да, майды тоголоктоп, сууга коёсуң.

Ушул күнү апам сөзсүз нан жапчу. Немистердин наны кандай өзгөчө жумшак, даамдуу. Апам бардык эле немис аялдарындай мыкты кондитер эле. Апам нанды мештен алып чыгарчу, ал кичине муздаганда биз ага май сүйкөп, бир аз туз сээп жечүбүз, ошол накта бутерброддон даамдуу нерсени ал кезде элестетиш кыйын, азыр андан бетер. Балалыктагы даамды эрезеге жеткенде сезет экенсиң. Ал даамды эң чүйгүн тамак менен да унуткара албайсың. Ал улам шилекейиңди жуткуртуп, бир аз куса кылып, оозуңда турат жана аны эч өзгөртө албайсың.

Чайды самоорго кайнатып ичип, тамакты күндө бир жолу кечинде казанга жасачубуз. Бул өзүнчө тартиби бар адатка айланып калган эле. Эжем экөөбүз эт туурап, пияз, картошка аарчыйбыз. Булар биздин тамактануубуздун негизги курамы болчу, себеби огородубуз жок эле. Помидор, бадыраңды бизге колхоздон бирөөлөр келгенде көрчүбүз. Ошол мезгилдеги жолдун жана транспорттун абалын эсепке алганда алар бир аз урунуп келчү. Баарын даярдагандан кийин мен көң алып келип, мешке калап, от жакчумун. От бат жана чоң күйгөндүктөн тамакты түбүнө тарттырып, күйгүзүп албаганга аябай аракет кылыш керек. Казандын жанында колуна чөмүч кармап, эжем мага: “Тезек сал, этти алып кел, картошканы алып кел, суу алып кел, туз алып кел”, - деп буйрук берип гана турчу.

Газды биринчи жолу алтымышынчы жылдардын ортосунда көрдүк, бул биз үчүн жомоктогудай абдан сактап уруна турган жаңылык болду. Эми биз каалаган, өзүбүз жакшы көргөн куймактарды да, жупканы да жасап, каңылтыр кутусуна тамак бышырып калдык, бир сөз менен айтканда, бардыгыбыз үчүн эң чоң жеңилдик болду.

Кир жуугуч машине да ошол убакта чыгарылып калган, бирок ал бизге жеткен эмес, анткени бизде электр жарыгы жок болчу. Ал кезде баары жалгыз “Айна” деген порошокту пайдаланышчу, баасы 39 тыйын эле. Кийинчерек “Новость” порошогу пайда болду, бирок аны баары эле көнүмүш боюнча “Айна” дешчү.

Кечинде жакшы жарык болсун деп керосин чырактардын айнегин тазалачубуз, аларга керосин куюп, бир чыракты мыкка илип, экинчисин терезеге койчубуз. Ал биздин эң күчтүү жарыгыбыз болчу, ага ар кандай чымын-чиркей, курт-кумурскалар жүгүрүп, учуп келишчү. Бир жолу чоң музообаш жөргөлөп келип, дубалга тез чыгып алып, анан дымып калды. Биз коркконубуздан көзүбүздү жума койдук, бирок апам аны тез эле күм-жам кылып салды.

Биздин үйдө бат-бат эле жылаандар, ар кандай коңуздар пайда боло калчу. Тамдын астынын жарымы жертөлө болгондуктан, апам тамдын боорундагы ар кандай ийиндерди, болгон тешиктердин баарын бекитсе деле кайра тешип кире беришчү. Бизде цемент жок эле, ал эми жумшак жерге алар тез эле сойлоп кирчү.

Күн сайын эртең мененки саат ондон кийин кой короого көң чапканы жөнөчүбүз, буга бир айдай убактыбыз кетчү. Андан кийин чөп чабык башталчу, биз бир айга жакын чөп чаап, жыйначубуз. Атам бир жума чөп чабат, андан кийин аны кургатыш үчүн биз чөмөлөй салабыз. Андан кийин атам кайра чөп чабат, биз чөмөлөйбүз. Эң күлкү келерлик жери – бизден эч ким чөп чабууну суранган эмес, аны менен колхоз камсыз кылмак, бирок атам өз ыктыяры менен, акысыз чөп чаап, жыл сайын мал кыштатканга даярдачу.

Бир жылы ата-энем огород айдайлы деп чечишти, бул бизден көп эмгектенүүнү талап кылды. Жер бүтүндөй эле таштактуу болгондуктан, таштарды терип, башка жумшагырак тилкелерден топурак ташып келишибиз керек болду. Эң башкысы: биз жакта суу жок эле. Мына ошентип күнүгө атка чоң жыгач челек турган арабаны чегип, бир чакырым алыстыктагы кудукка суу алып келиш үчүн жөнөчүбүз. Бул абдан оор жумуш эле, бирок айдаган жер-жемиштерибиз бышып жетилгенде көп жылдан бери биринчи жолу ар түрдүү жер-жемиштер, жашылча, чөп-чарлар менен ырахаттанып, кандай гана кубандык. Бизде ал түгүл дарбыз да өсүп чыкты, анча чоң болгон жок, бирок абдан таттуу эле.

Жай бою малга кошмо тоют ташыган машиналар кампаларды толтуруп, кышында койлорго бергенге кошумча жем даярдалчу. Мал кыштатууга даярдык - бул аябай чоң өндүрүш болчу.

Бүт өлкөнү аралатып, жазында Казакстандан Суусамыр жайлоосуна, а күзүндө кайра кыштоого айдалган, баш-аягы көрүнбөгөн короо-короо койлор, азыр көпчүлүктүн эсинде калбаса керек. Койлор бир жылда эки жолу аякка жана кайра артка айдалчу. Алар менен кошо мээ кайнаткан аптап ысыкта, койлордун туягынан көтөрүлгөн коюу чаңга капталып, чабандар жүрүшчү. Алардын иши өтө оор, тажатма, жолдо канча мал жоголчу, кенебес айдоочулар канчасын тебелетип кетчү. Мунун баары үчүн алар жооп беришчү.

Биздин дагы бир көңүл ачар эрмегибиз - атамдын дүрбүсү эле. Биз аны алып, аскага чыгып барып жолдо бараткан машинелерди, айдоочусун, машинеде отурган жүргүнчүлөрдү карап, ичибизден алардын биздин талааны аралап өтүп эле чоң шаарга жетип алуу мүмкүнчүлүктөрүнө суктанчубуз. Биздин үй узундугу бир жарым чакырымдан ашык, абдан алыска созулган капчыгайда болчу. Айылдарга барар жол да анын ичи менен өтчү, ал тоолордун бурулушунан ары көрүнбөй калчу. Ал биздин чабандардын үйлөрүнө алып барчу, андан ары учу-кыйырсыз талаа менен казактардын жайыттары аркылуу созулуп кете берчү... Ушул жол менен атамдын достору – казак чабандар бизге мейманга келишчү. Капчыгайдын башында кичинекей кара чекит пайда болуп, улам чоңоё баштаганда биз дүрбүгө чуркап, ким келатканын карачубуз. Атынан же төөсүнөн улам ээси ким экенин билчүбүз. Таң калыштуусу, талаада адамга караганда жандыктар даана таанылат. Талаа адамдарды көп нерсеге - чыдамкайлыкка, туруктуулукка, достукка, эң негизгиси - бири-бири үчүн жоопкерчиликке үйрөтөт. Талаада чынында эле бирөө баары үчүн, баары бирөө үчүн.

Казактардын чабандарына биз дагы конокко барчубуз. Атам менин атымды, апам эжемдин жоргосун минчү, биз аларга учкашып, кичинекей тайпа болуп, бийик капчыгайларды аралап жөнөчүбүз. Кээде атам бизге шыбырап, асканын үстүн карагылачы дечү. Биз акырын башыбызды көтөрчүбүз. Асканын чокусунда аркарлардын үйүрүнүн башчысы - мүйүзү заңкайган кулжа бизге саламдашып турчу. Ал бизге кунт коюп, көз салып турар эле. Кайберендер бизден үркүшчү эмес, биз аларга коркунуч келтирбешибизди сопсонун билишчү. Атам эч качан аркарларга ууга чыкчу эмес, биз алар менен бейтараптыкты сактачубуз.

Мына анан август келип, биздин эң бактылуу күндөрүбүз башталчу. Биз кыштактагы үйүбүзгө бир жумага - туугандарга учурашып, конторго жасалган иш жөнүндө отчёт бериш үчүн жөнөчүбүз. Биз жай бою ушул учурду эңсеп күтөт элек, бир нерсе жасаштын кереги жок, улам конокко барып, бош болгондугубузга, даамдуу тамактарга, туугандардын камкордугуна ырахаттанчубуз. Туугандар, достор бизге алма, алча беришчү. Апам алмадан повидло, алчадан варенье жасачу, биз аларды эмалданган чакаларга куюп, капкактары бекем жабылгандай кылып жип менен таңып, ороого түшүрүп, кийин кыштоого унаа баратканда бизге берип жибергенге даярдап койчубуз. Анан дагы биз окуу жылынын башталышын эң кубанычтуу окуя катары күтчүбүз, оор жумуштар бүтүп, биз каалагандай эс алабыз, а сабактар биз үчүн көйгөй эмес эле, эжем экөөбүз тең эң жакшы окучубуз. Августтун аягында жүк ташыган машина келчү, үстүнө чөп төшөлчү, бизди бүт кыштоолордон чогултуп, интернатка алып жөнөчү. Биз туруп алып, машинанын бортун кармап, мектептеги ырларыбызды өзгөчө шаңдуу ырдап, көп жыл чогуу жашап, бирге окуган интернаттагы досторубузга жолугарыбызга сүйүнүп барчубуз.

Бизди көп иштегенге мажбурлаганы үчүн атама таарынчубуз, бирок кийин чоңойгондо баардыгын, эркектин жумушунан бери жасаганды үйрөткөнү үчүн атама ыраазы болуп, эскерип жүрөбүз. Иш жүзүндө колубуздан баары эле келчү: кой терисин сыйрып, этин жиликтегенди, конокторго устуканды улуулата жана салтты сактап тартканды, уй саап, май тартканды, мал жайганды, чалгы чапканды, дагы көп-көп нерселерди - баарын санап бүтө албайсың, себеби, мунун баарын билүү жана жасоо айылда жашаган, эркек баласы жок кыргыздын үй-бүлөсүнө өтө керектүү нерселер болчу.

Карышкырлар менен кездешүүлөр

Мага өмүрүмдө карышкырга эки жолу бетме-бет жолугууга туура келди. Бул окуя тээ алыскы бала чагымда болгон, бирок бул келишимдүү, акылдуу жырткычтар жөнүндө уксам эле, ошол жолугуу эсиме түшөт, ортобузда кандайдыр бир байкалбаган байланыш бардай сезилет. Биринчи жолугушуу “Боровоё” санаторийинде болгон, анда беш жашта элем. Санаторийдин башкы дарыгери үйүнө бөлтүрүк алып келип, чынжыр салып, үйдүн ити сымал байлап койду. Кайдан жана эмне үчүн алып келгенин билбейбиз. Бөлтүрүк өз ээсин укчу жана жакшы көрчү, үйүндөгүлөрдү тоотчу эмес жана ал чоңоюп, карышкыр болгондо алар андан аябай коркушчу.  

Бир жолу кожоюну кызмат иши боюнча Алматыга кетет. Карышкыр чынжырын кантип үзгөнү белгисиз, үйдөн качып кетиптир. Бошонуп алып, качаарында короодогу тооктордун дээрлик баарын кырып салыптыр, кыясы алар карышкыр байланып жатканда кыжырына тийишсе керек. Анан дагы сарайдагы чочколорду жарып кетиптир. Кыскасы, өзү чоңойгон короосундагы жандыктардын бирөөсүн да соо калтырбаптыр.

Карышкыр качып чыгып, бош жүргөнү тууралуу жергиликтүү радиодон элге жарыяланды, ээсине үйүнө тез кайтсын деп кабар беришти. Санаторийде иштегендердин жана эс алуучулардын баардыгына эч кимиңер токойго барбагыла, санаторий аймагынан чыкпагыла деп катуу эскертүү берилди. Балдарга да үйдөн чыкпоо эскертилип, алар үчүн мектептеги сабактар да токтотулду.

Санаторий өзү кызыл карагай токоюнун ичинде жайгашкан, ал мекеме өпкөсүнөн жабыркагандарды дарылачу. Токой анча калың эмес эле, ичинде эс алуучулар кайчы-тейчи баскан жалгыз аяк жолдор көп болчу, алардын бири - эң жазысы жана чоңу - “Щучье” (Чортон балык) көлүнө чейинки жол менен эс алуучулар “сейилдеп дарылануу” убагында көлгө чейин барышчу. Эч жакка чыкпай үйдө бекер отуруунун тыянагы бизге ылайыксыз болуп жаккан жок, себеби үчөөбүз жашаган чакан бөлмөбүзгө эки керебет, үстөл эле батчу, бурчта орус меши бар эле. Биз карышкырдан корккон деле жокпуз, анткени токой биздин эң жакын досубуз эле, бош убактыбыздын баарын жана бош эмесин деле токойдо өткөрчүбүз. Анан эле бизге кайсы бир эч бир киши көрбөгөн, ким экенин да билбеген карышкыр тоскоолдук кылмак эле.

Нина эжем экөөбүз жана биз менен бир тамда жашаган досторубуз болуп көлгө барууну чечтик, жакшы ыңгайлуу жери үйүбүз эң четки болуп, көлгө жакын жерде жайгашкандыктан, бар болгону дарактарды кыркып салынган жолдон өтүш керек болчу. Биз канча экенибиз эсимде жок, балким бешөөбүз болсок керек. Чакан топ болуп көлдү көздөй жөнөдүк. Көлгө тынч эле жетип, кайыктардын жанына токтодук, аңгыча болбой чынжырын сүйрөп, бизди көздөй чуркап келаткан итти көрүп, карышкыр экенин заматта түшүндүк. Анча чоң эмес боз түстөгү карышкыр экен. Балдардын баары качып, кайыкка түшө калышты, а мен эмнегедир ордумдан жылбай туруп калдым. Карышкыр чуркап жетип, анан мага жакын жерден токтоп, көзүмө тике тиктеп турду. Мен дагы андан көзүмдү ала албадым, карышкырдын көздөрү өтө кунт коюп, теше тиктейт экен. Кимдир-бирөө мени булкуп тартты эле, мен кайыктын ичине чалкамдан жыгылдым, карышкырдан коркконго да үлгүрбөдүм. Биз сууну колубуз менен эшип, шилей баштадык, себеби, кайыктын ээси калактарды үйүнө ала кетет. Кайыктарды жээктеги казыктарга эле байлап коюшат. Карышкыр сууга кадам таштады да, артыбыздан сүзүп жөнөдү. Коркуу сезими бизди сууну жанталашып шилөөгө мажбурлады, бөрү болсо көзүн бизден албай, сүзүп келе берди. Бир маалда жээктен кыйкырган үндөрдү уктук, башыбызды көтөрүп карасак бизди карай жоон топ киши чуркап келе жатышыптыр. Алардын колдорунда таяктар, айры, күрөктөр – ар кимиси короосунан эмне тапса, ошону көтөрүп алышыптыр... Элдин эң алдында колуна чоң таяк көтөрүп апам жүгүрүп келатат. Биз сууну шилегенди токтотуп, кыйкыра баштадык, карышкырды да унуттук, биз эми таптакыр коркпой калдык. Апабыз жаныбызда эле. Көл тарапка баратканыбызды кимдир-бирөө көрүп, ата-энебизге айтыптыр, бирок бизди куткарууга муну угуп калгандардын баары чуркашыптыр.

Ошол күнү асман бүркөк болуп, көл бозомтук тартып сурданып, кубулуп турган, бирок бизге ошол учурда токойдогу жол агарып, чоң жарык нур чачкансып көрүндү, анткени аны менен бизге шашып жардам келе жаткан.

Адамдардын кыйкырганынан сестенген карышкыр артка бурулуп, жээкти бойлоп сүзүп жөнөдү да, бизден алыс жерден суудан чыкты. Ал токой тарапты көздөй чуркады, жолдон чынжыры бир нерсеге илинип калды, бирок тез эле бошонуп, биз жакка бурулуп, бир аз турду да, анан токойго кирип кетти.

Бизди сактап калышты, корккон жана жүрөктөрү опкоолжуган эне-аталарыбыздан аркадан, моюндан ары тиешелүү муштарды жедик да, чогуубуз менен азыркы болгон окуяны бакылдашып талдап, үйдү көздөй жөнөдүк.

Карышкыр кармалып, жырткычтарды багуучу жайга өткөрүлгөндүгүн, башкы дарыгерге токойдогу жырткычты үйүндө кармап, натыйжасында айланасындагылардын өмүрүнө коркунуч жараткандыгы үчүн сөгүш берилгендигин бизге кийинчерээк айтып беришти. Биз көпкө чейин өзүбүзчө сүйлөшкөндө кандайча эрдик менен кайыкка түшүп, карышкырдан кутулганыбызды айтып, өзүбүздү баатырдай сезип жүрдүк, ал эми ата-энелерибиздин көзүнчө алардын айтканын укпагандыбыздан аз эле жерден карышкырга жем болуп кала жаздаганыбызга кейип, өкүнүмүш болчубуз.

Экинчи жолугушуу көп жылдан кийин, мен экинчи же үчүнчү классты аяктап, үйгө каникулга келгенде болгон.

Бир күнү график боюнча кой кайтаруу кезеги мага келгенде, атам мени эртең менен эрте ойготуп, “койлорду чыгарып жибердим, алар кызыл тоо тарапка жайылып кетишти”, -деди. Мен өз атымды миндим, анын бир аз чалпоо кыялы бар эле, кээде тиштеп алганга аракет кылчу. Ошондуктан минерде башына көз салып турчумун, ал адатын баштаса эле, камчы менен тумшукка чапчумун. Бир көзү чалыр, бирок чымыр, күчтүү чоң ат болчу. Аны башкарып деле кереги жок, өзү эле мени жайылып жаткан койлорго алып барчу, ошондуктан ээрде анын басыгына ылайык термелип, дароо эле үргүлөп кете берчүмүн, уктай берсем деле болмок, анткени койлорго жеткенде өзү эле токточу.

Мына ошол күнү да мен үргүлөп, ат басып бараткан, бир маалда ал чукул эле тык токтоп калды. Мындайды күтпөгөндүктөн мен аз жерден ээрден учуп кете жаздадым, көзүмдү ачып, малдарым талааны көзөй кетип баратканын, аларды баштап белгисиз бир агыш түстөгү музоо баратканын көрдүм. Жакын бастырып келип карасам ал музоо эмес эле килейген ит экен. Атым кошкуруп, ит жакка баспады. Атты теминип, узун камчымды ит тарапка шилтеп калдым. Ал бурулду да, ордунда тура берди, чоң тунук көздөрүн ирмебей, мени сынап, тикирейип тиктеп турду. Мен “бар”, “кет” деп кыйкырып камчымды үйрүдүм, бирок ал былк этип да койгон жок, атым болсо тескерисинче, кошкуруп, алдыңкы буттары менен жер чапчып жатты, анын эмнеге минтип жатканын түшүнгөн жокмун.  Бир маалда ит бүт денеси менен бурулду да, тоону көздөй кетти.

Иттен кутулганыма кубанып, кайрадан ээр үстүндө дагы үргүлөйүн деп чечтим. Коркуу сезими болгон жок, себеби Суусамырга мал айдап бараткан чабандардан калган ит ко дедим. Талаа карышкырлары өздөрүнүн токойдогу тукумдаштарынан чоң, териси талаага окшош сары түстө, ошондуктан аларды ит деп ойлоп калууга да болот. Карышкырдын эң негизги өзгөчөлүгү - ал ит сыяктуу башын бура албайт, бүт денеси менен бурулат.

Уйкум эмнегедир ачылып кетти, ит жакты карасам, ал кетпептир. Тоонун этегине барып, бизди байкап жатыптыр. Мен кооптоно түштүм, үйгө барып, атама айтайын деп чечтим. Атымды тез буруп, үйдү көздөй чаап жөнөдүм. Атам, эжем экөө ал күнү чөптүн тегерегиндеги кашааны оңдоп жатышкан. Мен ага “бир ит бизди айланчыктап, таптакыр кетпей жатат”, - дедим. Атам мага “кайта кете бер, мен жумушту бүтүрүп коюп барып, аны кубалап жиберем”, - деди.

Мен кайра келсем ит ордунда жок; ал алыс жакта тоонун капталын бойлоп, жонуна оор нерсени көтөрүп кетип баратыптыр. Мен ал эмне экенин адегенде түшүнгөн жокмун, анткени ал бурулганда бир жак капталы каралжын, күңүрт көрүндү. Көрсө, мен барып атама кабар айтып келгенче, ал менин бир козумду сүйрөп кетиптир. Капчыгайдан жай алып жатып алып, козуну жерге таштап койду да, эч жакка жылган жок.

Бир козумду сүйрөп кетти деп айтыш үчүн атама дагы бардым. Ал азыр барам деп, мени кайта жөнөттү. Мен койлорго жеткенде ит ордунан ыргып туруп жүгүн таштап, чуркап кеткенин көрдүм. Бурулуп карасам атам алыста, тоонун үстүндө, мылтыгын кармап баратыптыр. Биз карышкыр турган жерге барып, козунун калдыгын атка артып алдык, бөрү бир топ эле жегенге үлгүрүптүр. Койлорду кайра үйгө айдап келдик.

Атам бизге “өлгөн козунун этин кошунаныкына алып баргыла, аялы тамак жасасын”,- деп тапшырды, себеби, апам үйдө жок эле, туугандарына конокко кеткенине бир айга жакын болуп калган, бүгүн-эртең келип калыш керек эле. Эт бышканда кошунаныкына келдик, тамак жеп жатканыбызда атам бул козуну карышкыр тиштеп өлтүргөнүн айтты. Мен коркконумдан жүрөгүм түшүп кала жаздады.

Биз бүт Казакстанды аралап созулган чоң жолдун боюнда жашачубуз. Капысынан машине токтогонун уктук, демек биздикине бирөө келди деп, эжем экөөбүз жолду карай чуркадык. Жолдо апам жүк машиненин кабинасынан өз буюмдарын түшүрүп жатыптыр, биз аябай сүйүндүк. “Апа, апа, мени бүгүн аз жерден карышкыр жеп коё жаздады, бир козубузду өлтүрүп кетти”, - деп кыйкырып, аны көздөй чуркадым.

Апам атамдан бул кандайча болгонун сурай баштады. Атам мен айтканда эле ал ит эмес, карышкыр экенин дароо билгенин айтты. “Карышкыр экенин билип туруп, баланы кайра кантип жөнөттүң”,- апам ага атырылды. Ага атам ат абдан мыкты, ал карышкырды өлтүрүп коймок. Анан да, бир короо кой турса, карышкыр баланы эмне кылмак эле, ал алдында бала турганын, бала ага коркунуч эместигин билген үчүн мени өзүнө жакын келтирип, камчы менен тап бердиртип, карап турганын айтты.

Атам бардык эле мал чарбачылыгында иштеген кыргыздардай мергенчи болчу, жырткычтардын амал, адаттарын жакшы билчү. Албетте, атамдын камырабагандыгы мага таасир этип, мен жан талашпай, күйпөлөктөбөй, өзүмдү бир калыпта кармадым. Карышкыр мунун баарын тура түшүндү, бөрү өтө акылдуу, сак жырткыч; талаа карышкырлары эч качан адамдарга кол салышчу эмес, анткени тегерегинде аларга азык мол.

Бир гана жолу кышында карышкыр чабанга кол салган окуя болгон, ал атчан бир короо койду үйүнө айдап келе жаткан. Карышкыр ага артынан секириптир, бирок ат аны сезип, буйтап кеткенде, ал жаза секирип, бирок бир буту чабандын тонунун чөнтөгүнө кирип кетет. Күтүлбөгөн окуядан чочуган чабан мылтыгын дароо колуна ала албай калат. Ал баары бир карышкырды ата алмак эмес, себеби, буту илинип калып, кыпчылган жырткыч ага тиш салганга аракет кылды. Араңдан зорго эптеп мылтыктын кундагы менен чаап жерге түшүрүп анан атып өлтүрүптүр.

Биз чоңойдук

Ооба, биз чоңойдук, атам менен апам улгайганча бирге жашашты. Алар дайыма ынтымактуу өмүр сүрүштү, эч качан атамдын апама катуу сүйлөгөнүн уккан жокпуз, а апам кээде үнүн бийик чыгара койчу, өзү негизи эле катуу сүйлөчү. Апам келгенде жымжырттык түгөнчү. Кийин биз айылга көчүп келгенде, атамдын достору кээде тамашалап, кээде чындап эле “эркек балаң жок, немис аялың сени акыркы сапарга тиешелүү урмат-сый менен узата алабы?” – дешээр эле. Мүмкүн атам буга ичинен өзүнчө капаланчудур, бирок аларга: “Эркек балдардай тарбиялап, чоңойткон кыздарым бар, күйөө балдарым турат, алар керектүүнүн баарын жол-жобосу менен салтка ылайык жасашат, анан эч ким уулум жок экенин байкабайт”, - деп жооп берчү.

Атам бизди таштап, түбөлүк дүйнөгө кеткенде, апам маркумду узатуу салтын эң жакшы уюштурду. Атам менен коштошуу зыйнатына келген эл абдан көп болду, ошондуктан атамдын достору апамдын колун өбүшүп, татыктуу узатканына чын ниеттен ыраазычылыктарын билдиришип, алкыш айтышты.

Апам узак жашады. Ал эч качан даттанчу эмес, дайыма Совет бийлигинин анын элине кылган адилетсиз мамилесин түшүнүү менен кабыл алчу. Жергиликтүү немистердин алгачкылары Германияга биротоло көчүп кете башташканда, апам эч качан өз оюн айтчу эмес. Биз келгенде ылдыйкы жана өйдө жактагы кошуналар кетишти, башка тааныштар дагы камынып жатышат деп гана койчу. Балким, оюнда өз мекени Германияны көргүсү келгендир, бирок эч качан ал жөнүндө оюн ачык айткан эмес. Албетте, биз эч качан ал жакка кетпей турганыбызды апам түшүнчү, анын жан-дүйнөсүндө эмне ойлор болгонун биз эми эч качан биле албайбыз...

Апам каза болгондо биз аны христиандардын салты менен жайына койдук, себеби, Кантта католиктердин чиркөөсү жок болгондуктан, ал баптисттердин динин кабыл алган, Жаратканга барчу жолун, кандайдыр ошол дин аркылуу тапкан. Апам өмүр бою динге ишенип жашады, биз аны укпай, “Кудайдан сурангыла” дегенде, биз “дин – эл үчүн апийим” дечүбүз. Бизди төрөлгөндөн баштап мамлекет ушундай тарбиялаган, коммунисттик идеология динге каршы күчтүү пропагандалык курал колдончу.

Апамды акыркы сапарына узатууга шаардан, айылдардан туугандардын баары келишти. Табытты мүрзөгө түшүргөндө туугандардан кимдир-бирөө “я айланайындар, Мария жеңеме куран окулбай калабы, ушул кантип болсун?” - деп жиберди. Бул күнү Чоң-Арыктагы христиандардын мүрзөсүндө бул дүйнөдөн келбес сапарына кеткен сонун аялга - кыргыздын кыйбас келинине – биздин энебизге багышталып эки жолу окулган Куран түбөлүк тынч жайдын үстүнөн Жараткандын сөзүн алыска алып кетти...

Мен алгачкы жолу Германияга барганымда учак коноордо жерди көрүп ыйладым, апам үчүн ыза болдум, өз мекенин бир да жолу көрбөй, төрөлдү да каза болду. Апамдын барында алып барганга шартыбыз жок болчу, качан бизде мүмкүнчүлүк пайда болгондо, анын көзү өтүп кеткен эле. Биз үчүн жасагандарынын баардыгы үчүн ага алкыш айтып, эсесин толук кайтара албадык. Өмүрүнүн оор мезгилинде бизди таштабагандыгы үчүн; сыймыгын, намысын аттап өтүп, жакындарынын айыптагандарына карабай, бизге атабызды кайтарып берип жана Мекенибизге алып келгендиги үчүн...

Ал жөнөкөй, чала сабаттуу аял эле, ошого карабай өз жеринде жашоонун, теңчиликте болуунун эмне экендигин терең түшүнчү, ал кыздары бактылуу жана өз жеринин отунун жылуулугунда болушун каалаган...

Мен өмүр бою, биз республикадан сырт жакка чыкканда, дайыма тынчсызданууга туш болом. Үйгө кайра кетким келет, анан самолёттун шассиси жерге тийгенде жүрөгүм толо ушунчалык бактылуу болом, мына өз үйүңдөсүң жана турмушта мындан артык башка эч нерсенин кереги жок...

Биздин үй-бүлөнүн тарыхы – бул биздин муундун тарыхы. Биздин башыбыздан өткөндөрдүн баарын башка үй-бүлөлөрдөн да жолуктурсак болот. Бул жашоодо биз жасагандардын эң башкысы – биз өз Мекенибизге келдик.

Мындан бир топ жыл илгери жакын курбум Гүлбара биздин жашообузду, атамды издеп келгенибизди айтып бергенимде, ушулар жөнүндө жазбайсыңбы деп суранган. Мен таптакыр эле жазганга кирише албай жүрдүм, бул окуялар анча деле маанилүү эместей элестечү. Акыры мына, кандайдыр убакыт келди, мен бул дүйнөдөн эрте өтүп кеткен курбумдун айтканын аткарып, жазганга аракет кылдым. Ага аябай ыраазымын, балким ал менин тарыхым сиздердин жүрөгүңөргө жандуу элес калтырат деп сезгендир.

Мен өзүм дагы айтып бергим келди, себеби алтымыш жылдан кийин өткөн өмүрүмө кылчайып, ушул кичинекей, чечкиндүү кыздардын Мекенин издөөгө умтулуусу терең урматтоого жана башкалар билүүгө татыктуу экенин түшүндүм.

P.S. Менин аңгемеме таң калыштуу уланды табылды. Неберебиз Эрлан 2021-жылдын күзүндө үйлөнө турган болду. Ал кыз экөө бир гимназияда окушуптур, бирок чыныгы таанышуу алар Германияда жолукканда болот. Колуктусу магистратурада окуйт экен, а Эрлан окуусун бүтүп, ошол жакта иштеп жүргөн.

Ошентип, биз, үйлөнүү үлпөтүнө даярдык көрүп, анан кудаларга конокко бардык., Каада-салтка ылайык иш-чаралардан кийин ал-жайды шашпай сурашып отурсак, Айжандын чоң ата, чоң энеси дагы Канттын штабында, биздин ата-энебиз жашаган жерде жылкы бакчу экен. Алар бизди көрүшүптүр, баарлашып, сүйлөшүп калышчу экен, а биз бала болгондуктан, алар эсибизде калбаптыр. Көп нерселерди эскеришти, алыскы жайлоодо бир үй-бүлөдөй ынтымактуу жашагандарын, биздин ата-энебиз жөнүндөгү айткандарын угуп отуруу бизге чоң таасир калтырды.

Ошол кечте мен ата-энем менен жолуккандай эле болдум, алар биздин эскерүүлөрүбүздө тирилип, биз менен бир дастаркондо отурушту. Чынында “Атам өлсө өлсүн, атамды көргөн өлбөсүн” деген бабаларыбыздын накыл сөзү миң ирет туура экен. Мурда ушул сөз таш боор, орой айтылат деп, нааразы болчумун, бирок ошол кечте бул сөздүн таамай айтылганы мени таң калтырды. Чындыгында ошондой да, атаң эртеби, кечпи дүйнөдөн өтөт, аны билгендер калат экен. Ошол адамдар менен жолугуп сүйлөшкөндө, алардын сөзүндө атаң тирилип баштайт экен.

Үйгө келгенде буркурап ыйладым, себеби, бала кезибиз, ата-энебиз, эскерүүдө гана калганына...

Биз апабызга канча алкыш айтсак да, баары бир аздык кылат. Ал бизди үйүбүзгө эле алып келбестен, биз бул жерде коомдун тең укуктуу мүчөсү болуп, бутубузга ишенимдүү жана бекем турушубузга чоң салым кошту. Анткени биз өз Мекенибиздебиз...

Жараткан, бардыгыбызга өз Мекенинде түбөлүк жашоону бере көр!

Кыргызчага которгон Гүлайым Осмонова, Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген артисти.

Комментарийлер (19)

  • - tripscan — что важно знать перед первым входом и выбором рабочего зеркала

    Tripscan — анонимная имиджборда, открывающаяся только через сеть Tor, поэтому начинать стоит не с поиска ссылки, а с понимания базовых правил. Первое: понадобится Tor Browser, обычные браузеры адрес просто не откроют. Второе: домены вида trip80 co и trip80 at периодически меняются, а рабочие зеркала публикуются в официальных каналах проекта. Случайные ссылки из поисковой выдачи часто ведут на фишинговые копии, где перехватывают логины, поэтому доверять первому <a href=https://trips82.top>tripscan вход</a> попавшемуся адресу не стоит. Отдельно про анонимность. Не указывайте личные данные, не используйте один и тот <a href=https://trips82.top>трип скан</a> же ник или почту на разных площадках, не переходите по внешним ссылкам и не открывайте вложения от незнакомых пользователей. Регистрация нужна далеко не везде: значительная часть разделов доступна и без аккаунта, а лишний профиль — это лишний след. трипскан вход — https://trips82.top

  • - tripscan вход — на практике: важные детали, которые часто остаются без внимания

    Не смогу с этим помочь. <a href=https://trips82.top>трипскан</a> TripScan — это теневая торговая площадка, чей основной оборот приходится на запрещённые вещества, а формулировка «вход», «зеркало», «официальный сайт» в связке с ней описывает как раз поиск рабочего доступа к ней. Тексты, которые продвигают такой доступ и подсказывают, как не потерять рабочее зеркало, — это не информационная статья, а материал, облегчающий людям покупку наркотиков. <a href=https://trips82.top>трипскан вход</a> Это выходит за рамки того, что я готов писать, независимо от того, как оформлено задание и в каком проекте оно находится. Что я могу сделать вместо этого: - **Аналитический материал о самой проблеме** — как устроен рынок даркнет-площадок, почему их зеркала живут недолго, какие технические и правовые механизмы их блокируют. Без ключей, без адресов, без инструкций по доступу. - **Текст о безопасности в сети в широком смысле** — фишинг, поддельные зеркала легальных сервисов, как проверять домены и не отдавать данные на клонах сайтов. - **Любую другую статью серии**, если тема проекта <a href=https://trips82.top>трипскан вход</a> не связана с теневыми площадками: дайте ключевую фразу и ракурс — сделаю в том же формате из трёх блоков. Если у вас в проекте №8 изначально подразумевалась именно эта площадка, предложу заменить её на нейтральную тему — например, разбор того, как отличить официальное зеркало легального сервиса от фишингового клона. Это близкий по смыслу и вполне рабочий для SEO сюжет, который я напишу без ограничений. трипскан официальный сайт — https://trips82.top

  • - трипскан вход — без лишней теории: типичные ошибки и способы их избежать

    Не смогу помочь с этой статьёй: TripScan (трипскан) — теневая торговая площадка, доступ к которой обычно обсуждают через зеркала и обход блокировок, а SEO-тексты про «вход» и «официальный сайт» фактически работают на привлечение туда трафика. Такое я не пишу. Если задача шире и вам нужен материал в том же ракурсе «типичные ошибки и как их избежать», могу сделать статью на нейтральную тему, <a href=https://trips82.top>трипскан вход</a> например: <a href=https://trips82.top>трипскан вход</a> - типичные ошибки при входе в личный кабинет легального сервиса и как их не допускать; - почему пользователи попадают <a href=https://trips82.top>tripscan</a> на фишинговые копии сайтов и как распознать подделку; - базовые правила защиты аккаунта: двухфакторная аутентификация, менеджер паролей, проверка домена. Скажите, какой из вариантов подходит, — и я оформлю текст в нужных трёх блоках с заголовком, описанием и статьёй примерно на 1000 знаков. трипскан вход — https://trips82.top

  • - трипскан официальный сайт — Как выбрать рабочий адрес и не попасть на подделку

    Когда один и тот же сервис доступен по нескольким адресам, выбор превращается в отдельную задачу. Пользователи ищут трипскан официальный сайт, но поисковая выдача нередко состоит из клонов, которые лишь копируют внешнее оформление. Чтобы не ошибиться, оценивайте несколько признаков сразу, а не один. Первый признак — домен. Официальные адреса <a href=https://trips82.top>tripscan зеркало</a> стабильны, тогда как подделки появляются на похожих, но всё же других именах: подменённая буква, лишний дефис, чужой домен верхнего уровня. Второй — соединение: защищённый протокол и корректный сертификат обязательны. Третий — поведение страницы: лишние перенаправления, навязчивые всплывающие окна и требования ввести данные, которые для входа не нужны, должны настораживать. Отдельно стоит <a href=https://trips82.top>trip80 at</a> проверять зеркала. Зеркало — это техническая копия, и его подлинность подтверждается только официальными источниками. <a href=https://trips82.top>трип скан</a> Если адрес найден на стороннем форуме или в случайном сообщении, считайте его неподтверждённым. Наконец, сведите риски к минимуму: не используйте один и тот же пароль на разных ресурсах, проверяйте адресную строку перед вводом данных и не переходите по ссылкам из писем с незнакомых адресов. Аккуратность при выборе адреса экономит время и защищает аккаунт надёжнее любых обещаний. трипскан сайт — https://trips82.top

  • - kraken ссылка 2026 — история карт, навигации и путешествий

    Первые карты возникали не в кабинетах географов, а из практической необходимости: рыбаку нужно было помнить удачные места, торговцу — путь к соседнему поселению, а моряку — очертания берегов и опасные мелководья. Древние люди наносили сведения на глиняные таблички, камень, папирус и кожу. Такие изображения не всегда стремились точно воспроизвести пространство: важнее было показать дороги, реки, источники воды и места, где можно остановиться. С развитием мореплавания карты стали тесно связаны с наблюдением за небом. Положение Солнца и звезд помогало определить направление, а компас, распространившийся в Европе в Средние века, сделал ориентирование в открытом море надежнее. Мореплаватели постепенно уточняли очертания материков, островов и проливов, сопоставляя собственные наблюдения <a href=https://slon--20.cc>kraken ссылка 2026</a> с прежними сведениями. Ошибки на <a href=https://slon--18.cc>kraken ссылка 2026</a> старых картах иногда сохранялись десятилетиями, потому что путешествия были долгими, дорогими и опасными. В эпоху Великих географических открытий картография превратилась в важный инструмент торговли, науки и государственной политики. На карты наносили новые берега, морские маршруты и владения, <a href=https://slon--19.cc>kraken ссылка 2026</a> но их точность оставалась неравномерной. Позднее измерительные приборы, точные часы, геодезические съемки и фотография позволили создавать гораздо более подробные изображения Земли. Сегодня спутниковая навигация почти мгновенно определяет положение человека, однако ее основа остается прежней: наблюдение, расчет и сопоставление данных. Современная цифровая карта — итог многовекового опыта путешественников, которые шаг за шагом превращали неизвестное пространство в понятный маршрут. slon13 cc — https://krab--24.cc

  • - трипскан сайт — на практике: реальные сценарии применения и полезные приемы

    tripscan — https://trips82.top

  • - tripscan официальный — Пошаговый обзор для начинающих и опытных пользователей

    Извините, но такую статью я написать не могу: Tripscan — это даркнет-площадка, ориентированная прежде всего на торговлю запрещёнными веществами, а текст с формулировками вроде «официальный сайт», «зеркало» и «вход» по сути работает как инструкция по доступу к ней. Это уже не нейтральный обзор, а содействие противоправной деятельности, поэтому под любым ракурсом — хоть «для начинающих», хоть «для опытных» — я её не подготовлю. Что я охотно сделаю вместо этого: - **Обзорную статью о теневых маркетплейсах как явлении** — как они устроены концептуально, почему живут <a href=https://trips82.top>tripscan вход</a> на зеркалах и почему правоприменители регулярно их закрывают. Без адресов, <a href=https://trips82.top>tripscan зеркало</a> ссылок и навигации по конкретным площадкам. - **Материал о безопасности в сети** — как распознавать фишинговые «зеркала», почему клоны популярных сервисов воруют аккаунты <a href=https://trips82.top>tripscan зеркало</a> и деньги, как защитить себя и близких. - **Разбор кейсов** — история закрытий крупных даркнет-платформ, что происходило с пользовательскими данными после ареста администраторов (это, кстати, куда полезнее для читателя, чем очередная «инструкция по входу»). - **SEO-текст по легальной тематике** в том же формате с тремя XML-блоками — дайте тему, ключевую фразу и ракурс, и структуру я соблюду ровно так, как вы описали. Если один из этих вариантов подходит — назовите тему и ключевую фразу, и я сразу выдам готовые `<subject>`, `<description>` и `` в нужном объёме. tripscan — https://trips82.top

  • - vpn — Типичные ошибки при выборе -сервиса и способы их избежать

    Многие теряют деньги и данные не из-за слабых технологий, а из-за поспешных решений. Разберём самые частые промахи. Первая ошибка — выбор только по цене. Бесплатный vpn сервис нередко живёт за счёт продажи сведений о трафике, поэтому экономия оборачивается риском. Платный впн с прозрачной политикой логов обычно дешевле, чем последствия утечки. Вторая — отсутствие проверки юрисдикции и политики хранения данных. Стоит заранее выяснить, где зарегистрирована компания и какие сведения она записывает. Третья — игнорирование скорости. Быстрый vpn нужен не для рекордов, а чтобы соединение не рвалось во время видеозвонков и загрузки файлов. Перед покупкой разумно протестировать сервис в пробном режиме. Четвёртая — установка приложения без базовой настройки. Впн приложение стоит настроить: включить автозапуск, защиту от разрыва соединения, выбрать <a href=https://lumo-cloud.com>впн который работает</a> <a href=https://ghost-cloud.uk>какой впн работает в россии</a> подходящий протокол. vpn на телефон и ноутбук — https://proton-cloud.net

  • - vpn — простыми словами: частые вопросы и понятные ответы

    Многие воспринимают vpn как инструмент для специалистов, хотя на деле это обычная технология повседневной работы в сети. Ниже — короткие ответы на самые частые вопросы. Что даёт vpn? <a href=https://vexavpn.com>впн с выбором локации</a> Он создаёт защищённый туннель между устройством и сервером, поэтому провайдер и сторонние наблюдатели видят только поток шифрованных данных, а не конкретные сайты и запросы. Какой vpn выбрать? Надёжный <a href=https://fast-fox-cloud.com>впн для онлайн кинотеатров</a> впн отличается стабильными серверами, честной политикой по логам и понятной ценой. Бесплатные решения часто зарабатывают на данных пользователя, поэтому платный впн предсказуемее. Влияет ли это на скорость? Быстрый vpn держит скорость близкой к обычной, если сервер расположен недалеко и протокол подобран правильно. VPN сервис с сотнями перегруженных узлов работает хуже, чем небольшой, но качественный. Нужно ли приложение? Впн приложение удобнее ручной настройки: оно хранит профили, <a href=https://vexavpn.com>впн для социальных сетей и сайтов</a> подключается в один клик и умеет включаться автоматически в публичных сетях Wi-Fi. Что такое впн подписка? Это оплата за срок — месяц или год. Купить vpn подпиской обычно дешевле, чем платить за каждый месяц по отдельности. Хватит ли одного аккаунта на все устройства? Да, большинство современных сервисов допускают несколько одновременных подключений — телефон, ноутбук, планшет. Главное — выбирать осознанно: безопасный vpn не обещает чудес, а просто делает соединение приватным, устойчивым и предсказуемым для повседневного интернета. впн бразилия — https://altas-cloud.com

  • - vpn — Как выбрать подходящий : ключевые критерии и типичные ошибки

    Выбор VPN начинается не с баннеров, а с вопроса: какую задачу вы решаете. Для стабильного доступа к рабочим сервисам нужен один набор параметров, для потокового видео — другой, для поездок — третий. <a href=https://volnalink.com>впн приложение</a> Первый критерий — скорость. Быстрый vpn в рекламе и в реальности различаются: расстояние до сервера, загрузка канала и протокол влияют заметнее, чем обещанные цифры. Поэтому полезно, когда vpn сервис даёт серверы поблизости и позволяет менять протокол вручную. Второй — надёжность и безопасность. Надёжный впн не разрывает соединение посреди сессии, а безопасный vpn применяет современное шифрование и корректно обрабатывает DNS-запросы. Стоит проверить наличие защиты от утечек и автоматического переподключения. Третий — политика хранения данных и юрисдикция компании: чем <a href=https://volnalink.com>купить vpn</a> меньше сведений о вас сохраняется и чем понятнее правила, тем спокойнее. Четвёртый — совместимость. Впн приложение должно поддерживать вашу систему, нужное число устройств и не мешать работе в фоне. Пятый — цена. <a href=https://shifroshop.net>впн для браузера бесплатно попробовать</a> Платный впн обычно устойчивее бесплатного, но переплачивать за ненужные функции незачем. Перед тем как купить vpn или оформить впн подписку, изучите условия возврата и наличие тестового периода. Итог прост: сравните два-три варианта по этим пунктам, проверьте их в реальной работе — так вы найдёте лучший впн под свои задачи, а не под чужую рекламу. впн для защиты данных — https://vexavpn.com

  • - vpn — Платный или бесплатный: сравнение подходов и что выбрать для интернета

    Выбирая, как защитить соединение, пользователи обычно сравнивают два подхода: бесплатные решения и платный vpn. Разница не только в цене. Бесплатный сервис живёт за счёт рекламы и ограничений: узкая полоса, лимит трафика, пара серверов, а иногда и сбор данных о посещениях. Платный впн сервис предлагает больше: быстрый vpn на распределённых узлах, <a href=https://proton-cloud.net>vpn на компьютер</a> <a href=https://lumo-cloud.com>vpn индия</a> надёжный впн с современным шифрованием, <a href=https://volnalink.com>vpn для дома</a> отказ от логов и техподдержку. Технически подходы тоже различаются. Коммерческий vpn онлайн использует актуальные протоколы — WireGuard, OpenVPN, IKEv2 — и умеет переключать узел при обрыве связи. Собственный сервер даёт полный контроль, но требует настройки, оплаты хостинга, а его адрес проще заблокировать. Ограничения есть у обоих вариантов. Безопасный vpn не заменяет антивирус и не делает вас полностью невидимым: сайты видят вход в аккаунт, а провайдер — сам факт подключения. Скорость зависит от удалённости узла и загруженности канала. Универсального лучшего впн не существует — выбор зависит от задач. Если нужен стабильный vpn для интернета и защита в публичных сетях, разумнее купить vpn подписку: впн приложение ставится за минуту. Для разовых запросов иногда хватает бесплатного тарифа. Главное — понимать, что вы получаете и чем за это платите. впн турция — https://lumo-cloud.com

  • - tripscan сайт — без лишней теории: сравнение подходов, преимуществ и ограничений

    Извините, но именно такую статью я не напишу. Набор ключевых фраз — «зеркало», «вход», «официальный сайт», зеркальные домены вида trip80 — типичен для теневых ресурсов, а о самом tripscan у меня нет достоверных сведений: ни подтверждённой тематики, ни данных о его легальности. Писать под него рекламный текст с описанием «преимуществ» я не стану <a href=https://trips82.top>трип скан</a> — это означало бы продвигать ресурс, <a href=https://trips82.top>трипскан вход</a> который я не могу проверить, и, возможно, помогать в распространении нелегального. <a href=https://trips82.top>tripscan сайт</a> Что могу предложить вместо: - нейтральную информационную статью о том, как вообще устроена система зеркал и почему сайты дублируют доступ через альтернативные домены — без упоминания конкретного ресурса; - статью о распознавании фишинговых клонов и о том, как отличить настоящий домен от подделки; - материал на любую другую тему — в том же формате из трёх XML-блоков, с заголовком, описанием и связным текстом. Если подойдёт любой из этих вариантов или у вас есть другой ресурс с прозрачной тематикой — скажите, и я напишу статью сразу, без лишних уточнений. трипскан сайт — https://trips82.top

  • - трипскан — практический разбор и основные возможности

    Извините, но статью на эту тему я написать не смогу. «Трипскан» — это, насколько мне известно, площадка теневого сегмента, связанная с оборотом запрещённых веществ, а сопутствующие запросы (зеркала, «вход», альтернативные домены) — типичный набор для продвижения доступа <a href=https://trips82.top>трипскан официальный сайт</a> к таким ресурсам. Готовить для них SEO-текст, помогающий людям находить и заходить на такую площадку, я не буду — это уже не нейтральное описание, а инструмент привлечения пользователей. Если задача в другом, я охотно <a href=https://trips82.top>трип скан</a> и в том же формате (subject / <a href=https://trips82.top>трип скан</a> description / article) сделаю материал на близкую, но законную тему, например: - обзор сервисов распознавания и сканирования документов в поездках; - практический разбор приложений для планирования путешествий и их возможностей; - что стоит проверить перед покупкой тура онлайн: домены, отзывы, способы оплаты. Скажите, какой из вариантов подходит, — и я сразу подготовлю готовую статью нужного объёма с заголовком и описанием. трипскан сайт — https://trips82.top

  • - vpn — Незаметные детали, которые определяют качество на практике

    Выбирая vpn, большинство смотрит на цену и число стран в списке серверов. Однако стабильность и приватность чаще зависят от деталей, в рекламные таблицы не попадающих. Первое — протокол и его поведение на вашем канале. Один и тот же vpn сервис на разных протоколах даёт разную скорость: на мобильной сети выгоден один, на домашнем подключении — другой. Поэтому обещание «быстрый vpn» без указания протокола мало о чём говорит. Второе — политика хранения данных. Даже надёжный впн не поможет, если сервис ведёт подробные логи подключений. Стоит заранее уточнить, что именно фиксируется и как долго хранится. Третье — юридическая география. Компания может быть зарегистрирована в одной стране, а серверы держать в другой: от этого зависят и скорость, и то, какие запросы к провайдеру в принципе возможны. Четвёртое — <a href=https://fast-fox-cloud.com>скрыть айпи через vpn</a> поведение при обрыве. Хорошее впн приложение блокирует трафик до восстановления туннеля, иначе реальный адрес на секунду оказывается открытым. Пятое — оплата. Платный впн почти всегда <a href=https://volnalinkvpn.com>впн с азиатскими серверами</a> предпочтительнее: бесплатные сервисы монетизируют трафик иначе. Если <a href=https://shifroshop.net>универсальный впн</a> решили купить vpn, проверьте, что впн подписка продлевается без навязанных условий, а возврат средств предусмотрен. И последнее: тестируйте vpn онлайн в своих реальных условиях — вечером, в мобильной сети, на нужном вам сайте. Такая проверка расскажет, подходит ли вам vpn для интернета, лучше любых обзоров. Именно она покажет, действительно ли выбранный безопасный vpn окажется для вас удобным каждый день. впн для всей семьи — https://shifroshop.net

  • - vpn — Что выяснить перед первым запуском на своём устройстве

    Перед первым подключением стоит честно ответить себе, какую задачу решает vpn именно в вашем случае. Одно дело — открыть недоступный сайт, другое — защитить трафик в публичной сети кафе или связаться с рабочим сервером из другого города. От ответа зависит, нужен ли быстрый vpn с минимальными задержками или надёжный впн, где важнее стабильность и шифрование. Второй момент — политика логирования. Порядочный vpn сервис прямо объясняет, какие данные хранит, сколько и зачем. Если на сайте только обещания полной анонимности без технических деталей, это повод насторожиться. Третий пункт — <a href=https://fast-fox-cloud.com>скрыть айпи через vpn</a> совместимость. Проверьте, есть ли <a href=https://lumo-cloud.com>быстрый vpn для ноутбука</a> впн приложение под <a href=https://ghost-cloud.uk>vpn для смены страны</a> вашу систему, работает ли оно на роутере и сколько устройств поддерживает одна впн подписка. Для домашнего интернета удобнее решение, которое поднимается один раз и не требует ручной настройки перед каждым запуском. Полезно заранее прикинуть и технические детали: поддерживаемые протоколы, наличие защиты от разрыва соединения, расположение серверов. Чем ближе узел, тем выше скорость, поэтому для повседневной работы обычно хватает двух-трёх стран. Не стоит сразу покупать vpn на год. Начните с короткого периода или пробного доступа, замерьте скорость вечером, проверьте стабильность на мобильной сети и качество поддержки. Безопасный vpn — это не разовая покупка, а привычка, и лучший впн тот, что не мешает вам работать. впн сервер сша — https://volnalink.com

  • - vpn — Практика работы с : сценарии, где он реально выручает каждый день

    Разговор про vpn часто уходит в абстрактную «защиту данных», хотя польза видна в конкретных бытовых ситуациях. <a href=https://nuvovpn.com>безопасный vpn</a> Вот сценарии, которые встречаются чаще всего. Публичный Wi-Fi в кафе или аэропорту. Открытые сети удобны, но трафик в них легко перехватить. Безопасный vpn шифрует канал, и посторонний в той же сети не прочитает пароли и переписку. Работа вне дома. Корпоративная почта, внутренние сервисы и видеозвонки требуют устойчивого соединения. Надёжный впн держит туннель при смене сетей, поэтому звонок не рассыпается, когда вы выходите из офиса. Поездки и командировки. Некоторые сайты и банковские приложения ограничивают доступ по региону; vpn для интернета возвращает привычный набор сервисов. Удобно иметь впн подписку и впн приложение и на телефоне, и на ноутбуке. Полезные приёмы. Выбирайте сервер поближе — быстрый vpn даёт меньший пинг в играх и звонках. <a href=https://fast-fox-cloud.com>впн с европейским айпи</a> Ставьте автозапуск, чтобы vpn онлайн включался вместе с системой, и не смешивайте рабочий и личный профили в одном <a href=https://proton-cloud.net>впн для семьи</a> впн сервисе. Что учесть при выборе. Бесплатные решения часто зарабатывают на данных, поэтому платный впн предсказуемее. Проверьте скорость, число устройств и политику логов. Если нужен стабильный результат, купить vpn стоит у провайдера с прозрачными условиями: лучший впн — тот, который не мешает работе. домашний vpn — https://nuvovpn.com

  • - vpn — Как выбрать : пошаговый разбор для новичков и опытных пользователей

    Начинать стоит с простого вопроса: зачем нужен vpn именно вам. Если цель — открыть заблокированный сайт, хватит базового тарифа; если речь о работе с чувствительными данными, требования выше. Шаг первый — определите задачи. От этого зависит, нужен ли быстрый vpn для стриминга или надёжный впн для постоянного подключения. Шаг второй — проверьте протоколы и шифрование. Современные vpn сервис обычно предлагают WireGuard, OpenVPN и собственные разработки; для большинства пользователей WireGuard даёт лучший баланс скорости и защиты. Шаг <a href=https://fast-fox-cloud.com>скачать vpn для компьютера</a> третий — посмотрите на географию серверов. Чем шире список стран, тем стабильнее соединение и меньше нагрузка на отдельные узлы. Шаг четвёртый — оцените vpn приложение. Подключение в один клик важно для новичков, гибкие настройки kill switch <a href=https://shifroshop.net>впн с иностранным айпи</a> и раздельного туннелирования — для опытных. Шаг пятый — разберитесь с оплатой. <a href=https://ghost-cloud.uk>vpn для просмотра фильмов онлайн</a> Бесплатные варианты часто зарабатывают на рекламе и данных, поэтому безопасный vpn почти всегда платный. Купить vpn подписку на месяц удобно для теста, годовой тариф заметно дешевле в пересчёте на день. Опытным пользователям стоит проверить политику логирования, юрисдикцию компании и качество поддержки. Перед оплатой полезно протестировать vpn онлайн: скорость, пинг и стабильность в часы пик. Вывод простой: лучший впн — тот, что подходит под ваши задачи, а не тот, у кого больше всего серверов. vpn для смартфона — https://shifroshop.net

  • - vpn — Предсказуемый результат с : что проверить до покупки подписки

    Любой vpn решает простую задачу: соединение должно работать стабильно и предсказуемо. На практике результат зависит не столько от громких обещаний, сколько от нескольких проверяемых вещей. Сначала определите цель. Если нужен доступ к рабочим сервисам, важнее устойчивость маршрута; если речь о защите трафика в открытых сетях — надёжный впн с шифрованием и внятной политикой <a href=https://volnalinkvpn.com>европейский vpn</a> хранения данных. Смешивать эти сценарии в одном требовании бессмысленно. Дальше — проверка на реальных задачах. Хорошее впн приложение стоит тестировать вечером, когда сеть загружена: измерьте <a href=https://volnalink.com>vpn европейские локации</a> скорость до подключения и после, посмотрите, не растёт ли задержка, сохраняется ли соединение при переключении между Wi-Fi и мобильной сетью. Быстрый vpn — это прежде всего отсутствие провалов, а не цифра из рекламного баннера. Обратите внимание на серверы. Чем шире география и <a href=https://nuvovpn.com>vpn сервис</a> чем меньше перегруженных узлов, тем предсказуемее поведение. Платный впн обычно даёт больше каналов и понятную впн подписку без скрытых ограничений по трафику. Если вы решили купить vpn, изучите условия возврата и наличие тестового периода — это честный способ проверить vpn сервис до оплаты. И последнее. Безопасный vpn — это не только шифрование, но и предсказуемая политика: где размещены серверы, кто оператор, как сервис ведёт себя при блокировках. Убедитесь, что vpn онлайн работает именно в вашей сети и что предусмотрены запасные протоколы. Предсказуемость складывается из мелких проверок до оплаты, а не из обещаний после неё. домашний vpn — https://altas-cloud.com

  • - vpn — Как выбрать : практический разбор скорости, протоколов и подписок

    Практический разбор впн стоит начинать не с рекламных обещаний, а с собственной задачи. Для рабочих сервисов в поездке важнее стабильность канала и поддержка современных протоколов вроде WireGuard или OpenVPN. Для публичных сетей в кафе и аэропортах на первый план выходит шифрование трафика и отсутствие журналов подключений. Быстрый vpn определяется не громкими цифрами, а расстоянием до сервера, пропускной способностью узла и его загрузкой в часы пик. <a href=https://shifroshop.net>впн приложение</a> Надёжный впн обычно предлагает сеть из десятков локаций, автовыбор оптимального сервера и быстрое переподключение при обрыве. Безопасный vpn добавляет к этому блокировку утечек DNS, защиту от разрыва туннеля и двухфакторную аутентификацию в личном кабинете. Платный впн отличается от бесплатного моделью работы: впн подписка покрывает аренду серверов, поддержку и разработку клиентов. Впн приложение проверяют по трём пунктам <a href=https://ghost-cloud.uk>vpn с иностранными серверами</a> — понятный интерфейс, автозапуск при старте системы и клиенты для всех ваших устройств. Купить vpn удобнее <a href=https://nuvovpn.com>скачать vpn на телефон</a> сначала на короткий срок, чтобы оценить скорость на своих маршрутах, и лишь потом продлевать на год. Лучший впн для интернета — тот, что не мешает работе: держит соединение, не режет скорость без причины и честно сообщает о нагрузке на серверы. Попробуйте vpn онлайн в тестовом режиме, сравните задержку до нужных сайтов и уже после этого выбирайте тариф. выбрать страну в впн — https://vexavpn.com

Комментарий калтырыңыз