Василий Шукшин: Жайлады

  • 25.04.2022
  • 6481

АҢГЕМЕ

Агафия Журавлева кемпирдин уулу Константин Иванович келиптир. Жанында аялы менен кызы бар. Учурашып, эс алайын деп келди да. Новая кыштагы – кенедей кыштак, Константин Иванович болсо такси да минип алган, үй-бүлөсү жабыла  чамандарды жүк салгычтан узакка дейре түшүрүп атышты… Бул кабар кыштакка ошол замат дүң этти: Агафиянын ортончу уулу, Костя, катын-баласы менен учурашканы келиптир. Өзү бай, окумуштуу имиш деп атышты.

Калган майда-чүйдөсүн кечке жуук билишти: өзү –кандидат экен, аялы да кандидат, кызы болсо мектеп окуучусу экен. Агафияга ток самоор, гүлдүү халат менен жыгач кашыктарды апкелишиптир.

Кечинде болсо Глеб Капустиндин эшигинин алдында мужиктер чогулушту. Глебди күтүп турушту. Эми эмнеликтен алар анын эшигинин алдына чогулуп, кимди күтүп турушканын түшүнүү үчүн Глеб Капустин туурасында айта кетиш керек.

Глеб Капустин – эриндери калбыйган, кырк жаштарга чамалап калган, аксаргыл мужик, билбеген балекети жок, анан да жеткен кер какшыкчылын айт. Ушундай болуп калган экен, Новая кыштагы кичинекей болгону менен андан атактуу адамдар көп чыккан: бир полковник, эки учкуч, врач, кабарчы, баары ушул кыштактан чыгышкан… Эми мына, кандидат Журавлев чыгып отурат.

Башынан ошондой болуп калган эмеспи, атактуу адам айылга келери менен кечинде эле анын үйүнө эл толуп чыгат – кайсы бир керемети таң калдырган окуяларды же жердештери суранып калса, өзүлөрү туурасында өзүлөрү айтып беришет. Мына ошондо Глеб Капустин кирип келет да, атактуу конокту бир жайлайт дейсиң. Анысына көптөр нараазы болушчу, бирок андан да көптөр, айрыкча мужиктер, Глеб Капустин атактуу немени качан бозала кылат дешип, кадимкидей күтүшчү.  Күтмөк тургай, адегенде Глебге чуркап бара калышып, анын баары чогуу-чаран меймандыкына басып келишчү. Тимеле оюн көргөнү келаткансып келишчү.  Өткөн жылы Глеб полковниктин өзүн куп келиштирип жайлаган эле. 1812-жылдагы урушту кеп кылып калышпайбы…

Москваны өрттөөгө ким буйрук бергени полковниктин жадынан көтөрүлүп кеткен экен. Мындайча айтканда, кайсы бир граф экенин билет экен дечи, бирок фамилиясын алмаштырып, Распутин деп айтып албаспы. Глеб Капустин ошол замат бечара полковниктин төбөсүнө шумкардай атырылып чыккан… Жайлаганда да оңбогудай кылып жайлаган. Баары ошондо катуу толкунданышкан, арына келген полковник болсо сөгүнүп коё берген. Өрттөгөн графтын аты-жөнүн билип келишке мугалим аялдыкына чейин чуркап барышкан. Чечүүчү мүнөттү күтүп, чыңала кыпкызыл болуп чыккан Глеб болсо улам-улам:   “Өзүңүздү кармаңыз, жолдош полковник, кармаңыз, биз деги Филяда отурган жокпуз го”, — деп коёт улам. Глебдин оозунан чыккан бул сөзгө эл да таң калган. Эмнеге минтип атканына абышкалар да кызыгып сурашкан ошондо.

Глеб болсо мыйыгынан күлүп коёт. Тикирейген көздөрүн өч алып аткансып, ого бетер табасы кана жүлжүйтөт. Айылдагы атактуу адамдардын энелери Глебди бүт жек көрүшчү. Коркуп да турушчу.

Эми кандидат Журавлев келип отурат, эмне болор экен…

Аңгыча Глеб да келип калды (ал тактай кескен жерде иштечү), жуунуп, кийимин которду… Тамак ичем деген да жок. Эшиктин алдындагы секичеде жабалактап турушкан мужиктерге чыкты.

Бирден чылым түтөтүштү… Журавлев туурасында атайын кеп кылбай, аны-муну сүйлөшкөн болушту. Анан Глеб бир маалда Агафия Журавлева байбиченин жыгач тамы жакка эки жолу көз чаптырды да сурап калды:

— Агафия кемпирге коноктор келген экен да?

— Кандидаттар келишиптир!

— Кандидаттар дейсиңерби? – таңыркады Глеб. – О-о… Аларды жылаңач кол менен жеңе албайсың.

Мужиктер: бирөө ала албаса да, бирөө алып коюшу турган кеп деген тейде каркылдай күлүп калышты. Чыдамсыздык менен Глебди карап күтүп турушту.

— Болуптур эмесе, кеттик, кандидаттар менен учурашып келели, — деди Глеб жупуну гана.

Баары жөнөп калышты.

Глеб койкойуп алдыда келатат, жайбаракат басып, эки колу чөнтөктө, бир эмес, эки кандидат отурган Агафиянын үйүн улам жүлжүйө карап келатты. Ал эмес аны мужиктер алып келатышкандай болуп турду. Каршылаштар жашаган көчөдөн чогоол, жаңы урушчаак чыкканы маалым болгондо тажрийбасы ашкан мушкерди ушинтип коштоп келишет эмеспи.  Жол ката сүйлөшүшкөн деле жок.

— Кайсы тармактан экен кандидаттар? – сурады Глеб.

— Кайсы кесиптен дейсиңби? Анысын шайтан билеби, мага катыным кандидаттар деди иши кылып. Өзү да, аялы да ошондой имиш…

— Техникалык илимдин кандидаты дегендер болот, жалпы билим берүү жаатында да көп, буларың бирок дөөрүгөндөн башканы билишпейт.

— Костя негизи эле математиканы чемичкедей чакчу, — деп Костя менен чогуу окуган бирөө эстеди. – Бешке окучу жалаң.

Глеб Капустин коңшу кыштактан болгондуктан, мындагы адамдарды көп билчү эмес.

— Көрөлү, көрөлү, — сыйпалатып калды Глеб. – Кандидат деген азыр иттин кара капталынан.

— Такси менен келиптир…

— Мартабасын түшүргүсү келбейт да!.. – күлдү Глеб.

Кандидат Константин Иванович конокторду пейили жайыла барбалактап тосуп, үстөл жайганга кам урду… Агафия кемпир дасторконду ырастаганча коноктор сабырдуулук менен күтүп турушту, кандидат менен аркы-беркиден кеп уруп, бала чактарын эстешти…

— Эх, балалык, балалык! – деди кандидат. – Кана, достор, келгиле отургула.

Баары отурушту. Глеб Капустин да отурду. Азырынча дым дебей угуп отурганы. Бирок ичинен секирикке камданганы көрүнүп турду. Балалыкты кеп кылышканда ал да башын ийкемиш болуп, жылмайып койду, өзү болсо кандидаттан көзүн албай, мээлеп алган.

Дасторкон үстүндөгү кеп улам кызып, Глеб Капустинди унутуп да калышкансыды… Ал кандидатка так мына ушул жерден кол салды…

— Өзүңүздү кай тармактан көрсөтүп жүрөсүз? – суроо узатты Глеб.

— Кайсы жерде иштегенимди сурап атасызбы? – түшүнгөн жок кандидат.

— Ооба.

– Филфактамын.

– Философиябы?

– Андай деле эмес… бирок ошого жакын деп койсо да болот.

— Керектүү нерсе. – Глебге так философия керек эле. Ал жандана түштү. – Кана анда, баштапкы түшүнүк туурасында эмне дейсиз?

— Эмне болгон баштапкы түшүнүк?- деди кайрадан түшүнбөй калган кандидат Глебге тигиле карап. Калгандар да Глебге карап калышты.

— Адегенде духпу же материя жаралаганбы деп атам, — Глеб кандидатты жекеме-жекеге чакырганы ушул болчу. Айтаарын айтты да, текебердене турган калыбында жооп күттү. Кандидат бош келген жок.

— Албетте, — деди ал жылмая. – Адегенде материя жаралган…

— Духчу?

— Дух кийин. Эмне болду?

— Жок дегенде ошондой деңиз? – Глеб да жылмайды. – Кечиресиз, биз бул жерде… коомдук борборлордон ыраакта турабыз, сүйлөшкүбүз келет, бирок анткенге жараган түзүгүрөк кишилер жок. Айтыңызчы, философия салмаксыздык түшүнүгүн эми кандайча аныктап атты болду экен?

— Боло жүргөндөй эле аныктап келатат.  Эми дегениңиз кандай?

— Бирок бул көрүнүш жакында эле ачылбадыбы. – Глеб мылжыя кандидаттын көзүнө тике карады. – Мен ошончүн сурап атам. Айталык, муну натурфилософия ушундайча аныктайт, ал эми стратегиялык философия, таптакыр башкача…

— Стратегиялык философия дегенди түк уккан эмесмин, андай философия жок! – кандидат кызуулана түштү. – Деги эмнени айтып жатасыз?

— Ооба, бирок жаратылыштын диалектикасы деген бар да, — жайбаракат улантты Глеб, калгандар болсо дымын ичине катып, экөөнүн оозун карап отурат. – Жаратылышты болсо философия аныктайт. Жакында эле жаратылыштын элементтеринин бири катары салмаксыздык байкалган. Ошондуктан менин сурабатканым, мындан философтордун баштары маң болуп калган жок бекен?

Кандидат чын пейилинен күлүп жиберди. Бирок өзү гана күлдү да… оңтойсуздана түштү.

Анан аялын чакырды:

— Валя, келсең биякка… мында түшүнүксүз бир кеп болуп жатат!

Валя келип туруп калды, бирок мужиктердин баары суроого кандайча жооп кылат деп жардана карап калгандыктан, Константин Иванович баары бир оңтойсузданып турду.

— Келгиле, — деди кандидат олуттуу сүйлөп. – Эмне туурасында айтып атканыбызды адегенде тактап алалычы.

— Макул. Экинчи суроо: сиз Түндүктүн айрым райондорундагы шаманчылык көйгөйүнө кандай карайсыз?

Кандидаттар күлүп жиберишти. Глеб Капустин да жылмайып койду. Анан кандидаттар күлүп бүткөнчө сабырдуулук менен күтүп турду.

— Жо, албетте, мындай көйгөй жок дегендей түр көрсөтүп койсо болот дечи. Мен да сиздер менен жыргап күлүп алайын, — Глеб дагы кең пейил жылмайды. Жылмайганда да кандидаттын аялы болгон кандидатка өзгөчө жылмайды. – Бирок анткенден бул көйгөй жоголуп кетпейт да. Туурабы?

— Сиз мунун баарын олуттуу айтып атасызбы? – Валя сурады.

— Сиздин уруксатыңыз менен. – Глеб Капустин ордунан тура калып, кандидаттын аялына сыпайы жүгүнүп койду. – Маселе, албетте, глобалдуу эмес, бирок биздей карапайым адамдардын назарынан алганда, билүү кызык да.

— Деги эмне болгон маселе? – кандидат аз жерден кыйкырып ийе жаздады.

— Шаманчылык көйгөйүнө сенин мамилең деп атат. – Валя эрксизден кайра күлүп калды. Бирок ошол замат эсине келе түшкөнсүп:

— Кечирип коюңуз,- деди Глебге карап.

— Эч нерсе эмес, — деди Глеб. – Мен түшүнүп турам, балким, адистикке жатпаган суроону бердим окшойт…

— Мындай көйгөй дегеле жок! – кайра кызууланган кандидат кепти шарт кести. Антпей эле койсо болмок. Кереги жок болчу.

Эми Глеб күлдү. Анан минтти:

— Мейли, жокко сот да жок!

Мужиктер кандидатты карап калышты.

— Катын арабадан түшсө – атка жеңил, — деди дагы Глеб. – Маселе жок, а булар болсо… – Глеб колу менен бирдемелерди жаңсап көрсөттү, — бийлеп атышпайбы, коңгуроолорун шыңгыратып… Туурабы? Бирок кааласаң, — Глеб кайталады: — Кааласаң, аларды жок деп деле койсо болот да. Туурабы? Анткени, эгерде… Болуптур! Дагы бир суроо: сиздер Ай да акыл-эстен жаралган дегенге кандай карайсыздар?

Кандидат унчукпай Глебди карап калды. Глеб сөзүн улады:

— Мына, окумуштуулар Айдын жасалма орбитада жатканын болжолдоп атышат, анын ичинде акыл-эстүү макулуктар жашашы ыктымал деп атышат…

— Анан? – такыды кандидат. – Болсо эмне экен?

— Табигый траекториялар боюнча сиздердин эсеп кайда? Деги эле бүткүл космостук илимди кай жакка багыттаса болот?

Мужиктер Глебди дым чыгарбай угуп турушту.

— Бүткүл адамзат улам барган сайын, мындайча айтканда, биздин кошунабызга тезирек каттай баштайт деген ойго токтосок, анда күндөрдүн бир күнү ал жакта жаткан макулуктар чыдабай кетип, бизди утурлап чыгышы да ыктымал. Непадам ошондой болуп кетсе, анда бири бирибизди түшүнгөнгө даярбызбы?

— Сиз муну кимден сурап жатасыз?

-Сиздерден, ойчулдардан да…

— Сиз өзүңүзчү, даярсызбы?

— Биз ойчул эмеспиз, алган айлыгыбыз башка.  Бирок сиздерге кызык болсо, биз, айылдыктар, кандай багытта ой жүгүртөөрүбүздү айтып беришим да мүмкүн. Айдын бетине акыл-эстүү макулуктар чыгып келди дейли… Эмне кыл дейсиздер? Итчесинен үрөбүзбү же корозчосунан кыйкырабызбы?

Мужиктер каткырып калышты. Жандана түшүштү. Анан кайра Глебге тигиле карап калышты.

— Бирок ошого карабай, биз бири бирибизди түшүнүшүбүз керек. Туурабы? Бирок кантип? – Глеб суроолуу унчукпай калды. Баарын кыдырата карап чыкты. – Мен биздин күн системабызды кумдун бетине чийип туруп, аларга биз Жерден экенибизди көрсөтүүнү сунуш кылмакмын. Скафандр кийип алганыма карабай, менин да башым бар экенин, мен да акыл-эстүү макулук экенимди түшүндүрүшүм керек. Муну тастыктоо иретинде жанагы кум бетине чийилген схеманы жаңсап, алардын кайдан келгенин көрсөтүш керек, адегенде Айды көрсөтүп, анан силер ушул жактан чыккансыңар деп тигилердин өзүлөрүнө ишара кылыш керек. Ылайыкпы? Ошентип биз кошуна экенибизди такташып алдык дейли. Бирок бул башталышы эле. Андан ары мындай болгонго чейин менин кайсыл мыйзамдар боюнча өнүккөнүмдү жана азыр кайсы баскычта экенимди түшүндүрүү талап кылынат…

— Ии, анан. – Кандидат жандана түшүп, аялына кытмыр карап койду. – Бул абдан кызык экен: кайсыл мыйзамдар боюнча өнүгүп аткан экенбиз?

Ушуну ал бекер жасады, анткени кандидаттын мыскылдагансып аялына карап койгонун тиги байкай койгон; Глеб ошол замат көккө атып чыккандай болду… Анан ошол бийиктен шукшурулуп келип, кандидатка сокку урду. Айылдан чыккан атактуу адамдар менен сүйлөшүп жатканда дайыма ушундай учур болот – Глеб кеп бир жерге келгенде өйдө атып чыгат да, анан… Ал ушундай учурду күтүп турчу, келе калганда ага жетине албай сүйүнчү, анткени калган иш өзүнөн өзү болуп кетээр эле.

— Кошо күлгөнгө аялыңызды да чакырбайсызбы? – сурады Глеб. Жөн гана сурап койду, бирок ичиндеги ойлору бурганактап турган болушу керек. – Күлгөнгө не жетсин… Бирок биз, адегенде балким, жок дегенде гезит окуганды үйрөнүп алсак кантет? Ия? Кандай ойлойсуз? Мунун кандидаттарга деле зыяны тийбейт дешет…

— Угуп турсаңыз!..

— Биз угаарын уктук! Тойдук дегендей.  Ошондуктан эми сизге айтып коёюн, кандидат мырза, кандидаттык деген – сатып алып өмүр бою кийип жүрчүдөй кастүм эмес да. Бирок ошол кастүмдү деле анча-мынчада тазалап туруш керек ко. А кандидаттык деген, биз айткандай, кастүм эмес, аны деле… өстүрүп, карап туруу зарыл. –Глеб үнүн катуу чыгарбай, бирок баса-баса сүйлөп атты, эми токтоор түрү жок эле. Кандидатты карасаң бооруң ооруйт, бечара эмне дээрин билбей калды, бирде аялын, бирде Глебди караса, бирде мужиктерди карайт… Тигилер болсо аны карагандан өзүлөрү тартынып турушту.

– Бизди албетте, оозубузду ачырып, таң калтырса болот дечи: үйгө кычырап такси минип келип, анан беш чамадан түшүрүп… Бирок маалыматтын агымы азыр бардык жерге бирдей тарай турганын сиздер унутуп калып жатасыздар. Мен бул жерде тескерисинче, таң калса болчудай демекчимин. Мындай да болот. Биердегилерди кандидаттарды эзели көргөн эмес бир байкуштар деп койсо болот, бирок мындагылар баарын – кандидаттарын да, профессорлорун да жана полковниктерине чейин эчак көрүп коюшкан. Алардын баары туурасында жагымдуу эскерүүлөр калган, анткени алар, эреже катары, абдан карапайым адамдар эле. Ошондуктан менин сизге берээр кеңешим, жолдош кандидат, кара жерге бат-баттан түшүп келип туруш керек. Кудай акы, бул акылдуунун иши. Тобокелчилик да болбойт, кулап түшкөнгө да жеңил.

— Бул деген – “жок жерден күйгүздү” деп аталат, — деди кандидат. – Сен эмне, жибиңден бошонуп кеттиңби? Кеп деги…

— Билбейм, билбейм, — шашкалактап анын сөзүн бөлүп кетти Глеб, — мунун кандайча аталаарын билбейм, мен ага байланып турган жокмун, жибимди үзгөн жерим да жок. Эмне кереги бар? Мобулардан деле эч ким, — Глеб мужиктерди кыдырата карап койду, — байлоодо отурган эмес – муну түшүнүшпөйт. Ана, сиздин аялыңыз да таң кала бакырайып туруп калды… Тиякта кызыңыз да угушу мүмкүн. Угуп алат да анан Москвага барганда ал да жок жерден бирөөнү “күйгүзөт”. Андыктан минтип сүйлөгөнүңүздүн кесепети жаман болуп калышы ыктымал, жолдош кандидат. Ишенип коюңуз, максатка жеткирчү каражаттын баары эле жакшы эмес, жакшы эмес. Сиз деле кандидаттык минимумду тапшырып атканда, профессорду “жок жерден күйгүзгөн” эмессиз да. Туурабы? – Глеб ордунан өйдө копшолду. – “Жуурканды да үстүңүзгө тарткан эмессиз”. Ар кайсыны айтып, “урдурган” да эмессиз. Не дегенде, профессорлорду кадырлаш керек – анткени тагдырыңыз аларга көз каранды, бизге болсо күнүңүз түшпөйт, ошондуктан буларга шыпырылта берсе болот дейсиз да. Ошондойбу? Бекер кыласыз. Биз деле кичине анча-мынчаны билебиз… Гезитти деле, китепти деле кээде окуп калабыз… Алтургай, телевизор да көрөбүз. Анан элестетсеңиз, КВНге да, “Кабачок “13 отургучка” деле төбөбүз көккө жеткенге дейре суктанбайбыз. Анткени ал жагыңда деле – ушундай эле теңсинбегендик. Эмне айтсак, баарын уга берет дешет да. Угуп атышат албетте, арга жок. Бирок ал жакта отургандын баары гений дегендей түр көргөзбөш керек. Анча-мынча бирдемени түшүнгөндөр бар… Жупунураак болуш керек.

— Кадимки эле баканооз — жалакор, — деди аялына кайрылган кандидат. – Туруш-турпаты менен…

— Таппадыңыз. Мен өмүрү бирөөнүн үстүнөн бир да тоголок арыз же жалаа жазган жан эмесмин, — Глеб мужиктерге карап койду: чын айтып атканын тигилер билишчү. – Болбогон нерсени айттыңыз, жолдош кандидат. Каалайсызбы, менин өзгөчөлүгүм эмнеде экенин сизге түшүндүрүп берейин?

— Каалап турам, түшүндүрүңүз.

— Мен мурунга чертип турганды жакшы көрөм — чийилген чийинден мурдуңду көтөрбө! Карапайымыраак болгула, кымбаттуу жолдоштор дейм…

— Биз жупуну болбой эмне кылып атыптырбыз? – чыдабай кетти Валя. – Кайсы кыйынсынганбызды көрүп атасыз?

— Муну өзүңөрчө калганда жакшылап ойлонгулачы. Ойлонуп көргүлө, анан түшүнөсүңөр. –Глеб, алтургай, кандидаттарды аяп кеткенсип карап койду. – “Бал” деген сөздү деле жүз жолу кайталаса болот, бирок андан оозуңдун ичи таттуу болуп кетпейт да. Муну түшүнүш үчүн кандидаттык минимумду тапшыруунун деле кереги жок. Туурабы? Бардык макалаларда “эл” деген сөздү жүз жолу жазсаң да, андан акылың ашып-ташып кетпейт. Андыктан, ошол элге келип жатканда бир аз тыканыраак болгула. Кичине даярдык менен келиш керек дегендей. Антпесеңер бат эле күлкү болуп каларыңар анык. Көрүшкөнгө чейин анда. Элдин ичинде… жакшы эс алыңыздар. – Глеб бырс күлдү да, шашылбай кепеден чыга жөнөдү.

Ал атактуу адамдардыкынан дайыма ушинтип жалгыз кетер эле.

Ал кандидаттардыкынан тарагандан кийин мужиктердин:

— Талуу жеринен кармап туруп сойду ээ! Такымын жеген ит. Айды кайдан билип алган ия?

— Жайлады.

— Кайдан эмне келгенинен өйдө чукуп бергенин ой! – дешкендерин уккан жок.

Эси ооп, ооздору ачылган мужиктер баштарын чайкап жатышты:

— Алчы таасын жеген ит. Бечара Константин Ивановичти  таза жарга такады го? Ия? Тимеле жаш баладай отургузуп койду! Тиги Валясы болсо оозун ачканга да жараган жок.

— Эмне дейсиң? Эч нерсе дей албайсың. Костя, албетте, бирдеме айтмакчы болду дечи… Бирок анын бир сөзүнө тиги бешти айтып туруп албадыбы.

Айтканда эмне… Такымын жеген ит!

Мужиктердин үнүндө алтургай, кандидаттарды аёо, аларга боор тартуу да бар эле. Глеб Капустин болсо баягыдай эле баарын таң калтырып турду. Ооздорун ачты. Алтургай, суктантты. Жаман көрүштү, жакшы көрмөк беле. Глеб ырайымсыз эле, ырайымсыздыкты болсо эч ким, эч качан жакшы көргөн эмес.

Эртеси жумушка келген соң Глеб, баса, (ойнойт да эми) мужиктерден сурайт:

— Кана, кандидаттын акывалы кандай болду экен эми? – дейт да мылжыйып коёт.

— Сен аны жайладың, — дешет тигилер.

— Эч нерсе эмес, — дейт айкөлдүк кылып Глеб. – Бул да пайдалуу. Мейли, бош убакта ойлонгонго кайра жакшы. Антпесе, аябай эле өөдөсүнүп кетишти…

Которгон Бахтияр Шаматов

Окшош материалдар

Комментарий калтырыңыз