О`Генри: Өнөргө жамынган уят

  • 05.03.2024
  • 6194

АҢГЕМЕ

"Мен эч качан, өнөктөшүм жана шеригим Энди Такерди мыйзам чегинде аракет кылууга көндүрө алган эмесмин", – деп нааразы болду бир жолку аңгемелешүүбүздө Жефф Питерс. Энди жакшы иштерди жасоого жөндөмсүз: анын фантазиясы өтө бай. Ал акча табуунун ушундай бир ойго келбеген жолдорун ойлоп табар эле, атүгүл темир жол компаниясы да андан чочулачу.

Өзүм тууралуу айтсам, мен эгер ордуна олуттуу бир нерсе бербесеңер – бул жасалма алтын чынжыр болобу, бакча гүлүнүн уруктары, бел оорусунун майы болобу же жок эле дегенде бүргөнү жок кылуучу каражат болобу, кошунаңардан эч качан бир цент да албагыла деген принцибимди бекем карманам. Сыягы, менин түпкү ата-бабаларым Жаңы Англиядан келген болуш керек, мен алардан кандайдыр бир пуритандык кынтыксыздыкты мурастап алган окшойм. Ал эми Энди таптакыр башка тукумдан, менин божомолумда, ал кандайдыр бир чоң корпорациядан чыккандай.

Бир жолу жайында Огайо өрөөнүндө үй-бүлөлүк альбомдор, баш ооруунун порошоктору, тизе оорууларына сүйкөчү майлар жана таракандарды жок кылуучу суюктар менен соода кылып жүргөнүбүздө Энди сот менен полициянын көз карашы боюнча өтө күмөндүү көрүнгөн дагы бир каржылык комбинацияны ойлоп тапты.

– Жефф, – деп баштады ал, – менимче, бул чочко багуучуларга түкүрүп салып, олуттуу бир нерсе жасоого убакыт келди. Асман тиреген имараттардын өлкөсүнүн жапайы токойлоруна экспедиция жасоо жана чоң аңчылык кылуу идеясы сага жагабы?

—Жакшы болот, – деп жооп бердим, – сен менин эрежелеримди жакшы билесиң. Мен азыр биз кылган сыяктуу таза бизнестин жактоочусумун. Акчасын алган соң мен сатып алуучунун колуна бир нерсе калтырганды жакшы көрөм, жок дегенде ал мен бети-колумду чайып алгыча алган буюмуна суктангандай болсун. Бирок жаңы нерсе ойлоп тапсаң, аны ачыкка чыгар. Мен олуттуу иштерди четке каккыдай майда шылуундуктун душманы эмесмин.  

– Мен, – дейт Энди, – гезиттер Питтсбург миллионерлери делген америкалык акча баштыктарынын чоң үйүрүнө итсиз, айдакчыларсыз чакан аңчылык уюштурууга ниеттенип жатам.

 – Нью-Йорктобу?

– Жок! – дейт Энди. – Албетте Питтсбургда. Булар негизинен ошол жактарда кездешет. Алар Нью-Йоркко анда-санда статусу муну талап кылгандыктан гана барышат. Нью-Йоркко барган питтсбургдук миллионер кайнап жаткан мискейдеги чымынга окшош: баары аны көрүп турат, ал жөнүндө сөз кылат, бирок андан эч кандай пайда көрүшпөйт. Нью-Йорк питтсбургдук миллионерди көп акча короткону үчүн шылдыңдап келет. Мен бир жолу Нью-Йоркто он күн жүргөндөн кийин Питтсбург тургунунун он беш миллион чыгымын каттаган эсеп китебин өз көзүм менен көргөм. Ал болжол менен мындай болчу:

Эки тарапка темир жолдун кире баасы – $21.

Мейманканадан саякатка жеңил араба менен чыгып келүү – $ 2.

Мейманкананын эсеби күнүнө 5 доллардан, бардыгы 50 доллар.

Чай – 5750 доллар.

Бардыгы – 5823 доллар.

Мына, Нью-Йорктун чыныгы жүзү, – деп улантты Энди. Бул шаар ресторандагы официант сыяктуу. Эгер сен ага өтө көп акча берсең, ал барып гардеробдун кызматкери менен кайра өзүңдү шылдыңдайт. Питтсбургердин жашоочусу байлыгынан ыракат алгысы келсе, ал үйүндө отурат. Мына дал ошол жерден биз аны кекиртектен алабыз.

Бир сөз менен айтканда, Энди экөөбүз альбом, дары-дармегибизди бир досубуздун жертөлөсүнө бекитип, Питтсбургга көчүп кеттик. Эндиде мыйзамга каршы аракеттердин даяр программасы азырынча жок болчу, бирок ал ишке келгенде анын инстинкти тиешелүү бийиктикте болот деп ишенген.

Менин шартыма көнүп, Энди эгер мен ал баштоону ойлогон кандайдыр бир ишкердикке толук катышсам, жабырлануучу ошол эле учурда кардар, анын акчасынын ордуна жок дегенде сезими аркылуу канагат алаар нерсени сөзсүз алат деп ант берди. Бул көрүү, кол тийгизүү, жыт жана даам аркылуу дегени. Ошентип менин абийирим таза боюнча калмак. Мен мындан ары кымындай да өкүнбөй, ар кандай мыйзамсыздыкка кубаныч менен барууга даяр болчумун.

– Энди! – дедим анын артынан фабриканын ыш баскан абасын жиреп, – Америка металлургия борбору аталган Питтсбургда Смитфилд-стрит, – дедим шагыл жолдо баратып.

– Сен бул домна королдоруна жана болот фабрикасынын герцогдоруна кантип жакындай турганыбызды ойлондуңбу? Мен социалдык жактан абдан өнүккөн адаммын, бычак менен вилканы кантип кармаганды жакшы билем, бирок жергиликтүү арзан сигараларды сүйүүчүлөрдүн конок бөлмөсүнө кирүү анчалык деле оңой иш эмес.

– Алар менен кыскача тил табышуубузга кандайдыр бир тоскоолдук жаратар жалгыз нерсе болсо,– деп жооп берди ал, – бул биздин жакшы жүрүм-турум. Биз алар үчүн өтө билимдүүбүз. Питтсбург миллионерлери – жөнөкөй, ак көңүл, жакшы адамдар, бир сөз менен айтканда чыныгы демократтар. Ырас, алар орой, түпкүлүгүндө алар да уятсыз. Бул аябай деле таң калыштуу эмес, алардын дээрлик бардыгы эң кир, ыплас райондордон чыккан, бул шаарда детекторлор ишке кирмейинче алардын өмүр баяны ачыкка чыкпайт. Биз өзүбүздү эч кандай амбициясыз, жөнөкөй кармашыбыз керек, эл көп жүргөн сыраканалардан, ашканалардан качпай, ошол эле учурда өзүбүздү уга тургандай катуу жар салышыбыз керек. Ошондо бул акча баштыктары менен жакындан таанышууга эч нерсе жолтоо болбойт.

Ошентип Энди экөөбүз үч-төрт күн шаар кыдырдык. Жакшылап карап, байкоо жүргүздүк. Биз жергиликтүү миллионерлердин айрымдарын өңүнөн тааный баштадык.

Алардын бири күнүгө эртең менен биздин мейманкананын жанынан өтүп баратып токтоп, көчөгө бир литр шарап алып чыгуусун талап кылчу. Кызматчы ага бөтөлкө менен чөйчөктү алып келип, шарапты ачар замат ал бөтөлкөнү мойнунан кармайт да, бир заматта түбүнө чейин көңтөрүп ичет. Кыязы, байыганга чейин заводдо айнек үйлөгүч болуп иштеген окшойт.

Бир күнү Энди кечки тамакка келбеди. Ал он бирлер чамасында кайтып келип, түз эле менин бөлмөмө кирди.

– Бирөөнү илдим! – деди ал. – Он эки миллион. Мунайзат, прокат, кыймылсыз мүлк, жаратылыш газы. Кекирейбеген эң жөнөкөй адам. Ал өз байлыгын беш жылда тапкан. Учурда өзүнө адабият, искусство жана башка тамашаларды үйрөтүү үчүн бир нече профессорлорду жалдап алган. Мен аны биринчи жолу бирөө менен мелдешип жаңы эле утуп алганда көрдүм. Ал Steel Trust компаниясынын жетекчилеринин бири менен бир күндө Allegheny Steelде кеминде төрт жумушчу өзүн-өзү өлтүрөт деп мелдеше кетти. Ортого он миң сом коюлду. Анын жеңишин бүтүндөй эл куттуктап, ал бардыгын ичкилик менен сыйлады. Ал мени бир көргөндө эле жактырып калып, чогуу тамак ичүүгө чакырды. Мен баш тарткан жокмун. Биз Алмаз проспектисиндеги ресторандан мозель виносун ичип, кара икра кошулган устрица жеп, ал эми десертке таттуу шире кошулган куймак жедик.

Анан ал мага өзүнүн бойдок жашаган уясын көрсөткүсү келгенин билдирди. Уктоочу бөлмөлөрү, ванна бөлмөлөрү жогору кабатында жайгашкан он бөлмөлүү, чоң, келишимдүү имарат түздөн-түз балык катарларынын үстүндө экен. Анын айтымында, бул үйдү жабдууга эле он сегиз миң кетиптир.

Бир бөлмөдө кырк миңге бааланган сүрөттөр, экинчисинде дагы жыйырма миңдик антиквариат бар. Анын аты Скаддер, ал кырк беште, пианинодо бир манжасы менен ойногонду үйрөнүп жүрүптүр, анын Аризонадагы мунай бургалоосунан күнүнө он беш миң баррель мунай өндүрүлөт.

– Угулушу жаман эмес, бирок бизге анын эмне кереги бар? Анын сүрөттөрү менен майын кайда алып барабыз? – Энди керебетте ойлуу отурду. – Жок, — дейт ал,— бул Скаддер катардагы жинди эмес. Ал мага өз байлыгын көрсөтүү үчүн антиквариат шкафтын кулпусун ачканда жүзү албырып кетти. Анын айтымында, эгер ал дагы беш чоң келишимди ишке ашырууга жетишсе, Жон Пирпонт Моргандын гобелендери жана фарфорлору анын коллекциясына салыштырмалуу төө куштун богок оорусуна окшошуп калмак. Андан кийин ал мага бир кооз буюм көрсөттү, –деп улантты Энди. – Ооба, бир караганда эле бул нерсе өзгөчө экени көрүнүп турат. Скаддердин айтымында, анын жасалганына үч миң жылдан ашык убакыт болуптур. Пилдин сөөгүнөн оюлуп жасалган лотос гүлү, анда айымдын жүзү. Ал карап чыккан каталогдо египеттик Хафре аттуу уста фараон б.з.ч. кылымда фараон Рамзес үчүн ушундай эки окшош буюмду жасаган экен. Экинчиси кайдадыр жоголуп кетип, аны дагы деле эч ким таба элек. Скаддер бул буюм үчүн эки миң төлөп бериптир.

– Болуптур, – дедим, – бирок мунун бизге тиешеси жок. Биз алардан көркөм искусство жана Египеттин тарыхы боюнча сабак алганы эмес, тескерисинче, питтсбургдук миллионерлерге кантип иш жүргүзүүнү үйрөтүү үчүн келдик деп ойлогом.

– Сабыр кыл, Жефф, – деди Энди бейгапар. – Чыдай турсаң, бир аздан соң баары ордуна келет.

Эртеси Энди мейманканадан эрте чыгып, түш маалында кайтып келди. Ал мени бөлмөсүнө чакырып, чөнтөгүнөн каздын жумурткасы сыяктуу бир нерсе салынган баштыкчаны чыгарды, андан башка эч нерсе жок экен. Анан таңгакты ачып, ичинен мурунку күнү мага сүрөттөп бергенге окшогон пил сөөгүнөн жасалган буюмду алып чыкты.

– Бир саат мурун,— деди Энди,— мен ар кандай чаң баскан таштандыларды саткан дүкөнгө кирдим. Ал жерде буюдарды күрөөгө да алышат. Карасам, бул индиялык канжарлардын астында жатыптыр. Ээси бул нерсе ылдыйкы шаарда айрым бир каапырлар жашаган мезгилден бери эле жатканын айтты... Мен ага эки доллар сунуштагам, бирок жаңылып калдым көрүнөт, – бул кичинекей нерсеге абдан муктаж экеним көзүмдөн көрүнүп турса керек. Албетте, сатуучу мындай деди: үч жүз отуз беш доллар – минималдуу баасы. Баасын бир тыйынга болсо да арзандатып, өз балдарымдан бир үзүм нанды тартып ала албайм. Кыскасы, жыйырма беш долларга сатып алдым. Жефф, – деп сөзүн улантты Энди – жакшылап кара. Бул Скаддер айткан экинчи фараондук буюмдун дал өзү. Алар тамчы суудай окшош. Аны көргөндө, ал кечки тамактын алдында салфетканы галстуктун түйүнүнө тыга салгандай ылдамдык менен эки миңди санап берет. Эмне үчүн бул кооз буюм чыныгы болуп чыкпасын?

– Чын элеби? – дедим. — Бирок Скаддерди аны сатып алууга кантип мажбурлайсың?

Бул убакта Эндинин мурунтан эле жакшы иштелип чыккан планы даяр экен. Аны ишке ашыруу гана калды.

Ошентип мен көк көз айнек сатып алдым, кычыраган боз пальто кийип, чачымды тыкырайта тарадым да, профессор Р.Ж.Пиклманга айландым. Башка мейманканадан бөлмө алып, ал жерде катталып, Скаддерге телеграмма жөнөттүм. Аны ал үчүн абдан маанилүү көркөм өнөр бизнесине тиешелүү маселе боюнча мага келип кетүүсүн сурандым. Бир саатка жетпей ал лифт менен көтөрүлүп келип калды. Ал тарбия көрбөгөн, орой, бакылдап катуу сүйлөгөн, сапатсыз Коннектикут сигаралары жана мунай жыттанган адам экен.

– Саламатсызбы, профессор! – деп бакылдай баштады ал. – Кандай жүрөсүз?

Чачымды дагы бир жолу сылай тарап, көк көз айнегимдин үстүнөн ага карадым.

–Мырза, – дедим, – сиз Питтсбургдун Пенсильвания штатында жашаган Корнелиус Т.Скаддерсизби?

– Ошонун дал өзүмүн! — деп бакылдады ал, мен сайдын аркы өйүзүндө олтургансып. — таанышканыбыз үчүн кекиртектерди нымдай турган убак келди го деп ойлойм!

– Сэр, — деп жооп бердим, — менин мындай орунсуз жана организмди кыйратуучу ыракаттануу менен алектенип олтурууга каалоом да, убактым да жок. Мен Нью-Йорктон байыркы искусствого байланыштуу иш боюнча келдим. Ар кандай жолдор менен алынган маалыматтардан сиздин Фараон Рамзес IIнин доорунанда Египетте пил сөөгүнөн жасалган камеонун ээси экениңизди билдим. Анда лотос желекчелеринин фонунда Исида кудайынын башы тартылган. Ар бир адис дүйнөдө мындай камео экөө гана бар экенин билет, алардын бири изи жок жоголгон деп эсептелчү. Бирок жакында мен аны Австриянын анча белгилүү эмес музейинен сатып алуу бактысына туш болдум. Мен сиздин коллекцияңызда сакталган анын экинчи түгөйүн сатып алгым келет. Бааңызды айтыңыз.

— Кайдагы нерсени айтпаңыз, профессор! — кыйкырып жиберди Скаддер. – Сиз чын эле аны таап чыктыңызбы? Анан мен сизге өзүмдүкүн сатса деп турасызбы? Жок жана дагы бир жолу жок! Корнелиус Скаддер өз коллекциясындагы сейрек буюмдарды эч качан сатпайт. Жаныңызда бул уникалдуу көркөм чыгарма барбы?

Мен Скаддерге Энди алып келген буюмду бердим. Ал аны аябай изилдеп карай баштады.

– Сиздин айканыңыз туура экен, – деди ал акыры башын көтөрүп. – Бул менин камеомдун чыныгы түгөйү. Ошол эле кол менен жасалган, ошол эле жасалга. Менин сизге айтарым: мен аны сатпасам да, сизден сатып алууга даярмын. Мен сизге азыр эле эки миң беш жүз бергенге даярмын.

– Мейли, мен макулмун, – дедим, жүзүмдө өзүм менен болгон оор күрөштүн издерин чагылдырып. – Сиз сатуудан таптакыр баш тартсаңыз, айла жок, анда мен сатам. Баасына макулмун. Бир гана сураныч, чоңураак купюралар менен бериңиз, менин убактым аз. Бүгүн мен Аквариумда лекция окуу үчүн Нью-Йоркко кайтышым керек.

Скаддер чек жазып, аны администратордун кеңсесине жөнөттү, ал жерден накталай акча кылып алып келип беришти. Ал өзүнүн египеттик буюмун чөнтөгүнө салды, мен акчаны алып мейманканага кайттым.

Энди анда-санда саатын карап, бурчтан бурчка басып жүргөн экен.

– Кандай? – деп сурады ал.

–Эки миң беш жүз. Накталай акча.

– Бизде он бир мүнөт бар, – деди ал. – Поезд кеткени жатат. Чемоданыңды ал, жөнөдүк.

—Эмнеге шашылабыз? Таза иштедик. Биздин египеттик камео жасалма болгон күндө да, ал дароо билинбейт. Скаддер өзү анын накта экенине ынанды.

– Ал жасалма эмес. – деди Энди. – Кечээ анын коллекциясын карап жатсам ал бир мүнөткө сыртка чыгып кетти, ошол учурдан пайдаланып чөнтөгүмө салып ала койгом... Чемоданыңды тез жыйна!

– Эмне үчүн сен аны мага антиквар саткан дүкөндөн таап алдым дедиң эле?

– Ох – деп жооп берди Энди, – сенин принциптериңди урматтагандыктан. Кийин абийириң кыйнабасын дедим... Бол эми тезирээк кыймылда, бай болгур!

Которгон Абийрбек АБЫКАЕВ

Окшош материалдар

Комментарий калтырыңыз