Нарсулуу Гургубай: Сыйынган оң жүрөктөгү күмбөзгө

  • 01.04.2023
  • 0

СИҢДИМЕ
Сага таандык асман, жылдыз, Ай, булут,
жаз жарашат сага, жийде бурагым...
Муңая албай шаттыгыңдан айбыгып,
жаштыгыңдан жүдөп, сүрдөп турамын.

Сүйүүнү ырдап сурабай да, суратпай,
торгойдоюм, безеленген бар сырын...
Сүйүү, бакыт сурап сендей куракта,
мен Кудайды өзүм издеп барчумун.

Мен ал кезде жүрөгүмдү таптаза
жашачумун жан-ааламга булгалап.
...Бул жашоодон адам чарчай баштаса,
дүйнө деле чарчайт, жүдөйт, буйдалат....

Дүйнө деле адам менен бир кемип,
адам менен кошо толкуйт, төгүлөт...
...Менин азыр Күнүм дайым бүркөлүү,
эстегенден унутканым көбүрөк...

Өзүмдү да, өмүрдү да бир тутам,
автобусту... жазды күтүп короттум...
...Бир билгеним – жашоого өзүң ый-куса,
өзүң гана бакыт, сүйүү, жомоксуң...

Мен жомоктоп махабаттын маанайын,
сага айтып бере албаймын көркөмдөп.
...Тозот сүйүү, жарашпаса таалайы,
кирдейт сүйүү, караласа көрпенде...

Маңдайында маржан көкүл жаз туруп,
маанайы жок далай согот бул жүрөк...
...Сүйүү деле жаңылганды жазгырып,
сүйүү деле бүлүнгөндү бүлдүрөт...

Жомокто эле айкөкүлдөр, перилер,
чоң сүйүүгө, ханзаадага жолугат.
Жашоо андан кыйла бери, берирек,
сезимдер бар сүйүүдөн да чоңураак.

...Дүйнө деле адам менен бир арып,
Адам менен бирге туулуп, бирге өлөт.
...Асманыңда азыр сендей чырайы,
чарчай элек дүйнө бары – чоң дөөлөт...

Асманында өзүңө окшош чырайлуу,
таза Дүйнөң бар экени – чоң дөөлөт!...
2022-ж.

*     *     *
Аяп турдуң, аяп турдум... Билгендей,
кар аярлап жаап жатат ал тургай.
...Кеткен сенсиң кезегинде бир келбей,
кеткен менмин кезегинде таптырбай

...Сен бир киши азыр калбаат, бүлөлүү
калып кеткен далдаасында жылдардын...
Улам үйлөп колун, көөнүн, жүрөгүн,
мен болгону үшүп турган бир жанмын...

Эми айтсак, айтпасак не өзгөрөт?
Сүйүү дайым бүткөн жерден башталат.
Бул сүйүүгө туруксуздар сөз берип,
айыптуулар гана алдында актанат.

Кардан парда кайкып турган мунарык,
кайрылышка чейин гана көз жетет.
...Качандыр бир ушул сүйүү тууралуу
«оо, жөн эле, жөн эле бир сөз» дешет...

Кабагыңда кардын калтар бүртүгү.
Каяктандыр качанкынын шарпы урат.
...Бизге таандык болгон менен бул сүйүү,
Ар ким ага өз туйганын калтырат...

Көк да, жер да карлайт бура бастырбай,
кадам шилтейм, калат артта мүнөттөр...
Да бир ирет таштап сени, баш бурбай,
басып кетиш үчүн Теңир, жүрөк бер!

Аяп турдуң, аяп турдум... Билгендей,
кар аярлап жаап жатат ал тургай.
...Кеткен сенсиң кезегинде бир келбей,
кеткен менмин кезегинде таптырбай.

Кыя чаап, карабастан кыр-жарды,
экөөбүзбүз басып кеткен бир кезде.
... Сыйрылган соң жан жарасы жылдардын
Сыйынган оң көңүлдөгү күмбөзгө.

... Сыйрылган соң жан жарасы жылдардын,
Сыйынган оң жүрөктөгү күмбөзгө.
2022-ж.

Н. Ө...гө
Ай жаанчыл, жаанчыл ай туулуптур...
иймейип жатат көктө чалкасынан.
...Унчукпай койгонумдун себеби ушул,
көп болчу сөзүм сага айта турган...

Бул дүйнө калган өңдүү ырдан бүтүп,
ээрчиген кездерде бир улуу күчтү...
...Ырыңдан жылдызга окшош, ыманы ысык,
сүрөтүн көргөн элем сүйүнүчтүн.

Ыр жолдун бүтүн болбойт баш-аягы,
болбосун мен башынан билет элем.
Сага айтпай жашырам деп  жаман жагын,
жашоомдун жака-белин ирээттегем.

... Асманда бизди азгырган сырдуу жарык,
алдыда өмүр турса, айланкөчөк...
Бирөөсүн жашайм десең, бири калып,
дагы көп айлаң кетет, айлаң кетет.

Жашоону ырдадык биз жыргабаган,
башкалар көрбөсө деп биз көргөндү.
Кайра эле сыноо берип, ырга карай,
Жараткан жолубузду түздөй берди.

Алыста биз батпаган жашыл өрөөн,
алдады экөөбүздү жомоктору...
...Желкеге жез тырнагын матырам деп,
жезкемпир гана бизди коноктоду.

... Дагы көп али алдыда көрө элегиң,
дагы көп адам сенден өчүн алаар.
Жол бүтсө, жомок бүтсө, көпөлөгүм,
асманга карай кеткен көпүрө бар.

Жол бүтсө, жомок бүтсө, көпөлөгүм,
жылдызга карай кеткен көпүрө бар.
2023-ж.

Окшош материалдар

Комментарий калтырыңыз