Майя Энжелоунун сүрөтү https://www.today.com/news/ булагынан алынды.
(Marguerite Annie Johnson Angelou) Майя Энжелоу (1928–2014) – акын, жазуучу, жарандык укук кыймылынын катышуучусу катары таанымал, ал Мартин Лютер Кинг жана Малкольм Икс менен иштешкен. Жети мемуардын автору.
Ал эми And still I rise – “Көкөлөп бары бир учамын” аттуу ыры 1978-жылы чыгармачылык карьерасынын туу чокусуна жеткен мезгилде жазылган. Ага чейин автордун үч автобиографиясы, бир топ пьесасы жана эки ыр жыйнагы чыккан.
Автордун ырлары афроамерикалык жаштарга дем-күч берип турган. Айрыкча басынып, тебелендиде калган катмарга үмүт шооласын жандырып, жарыкка жетелеген. Аталган ыры гимн катары кабыл алынган, 1994-жылы Нелсон Мандела инаугурациясында ушу ырды окуган.
Түпкүлүгүндѳ кулчулук жана жарандык укук маселелери эске алынып жазылса да, бул ыры басмырланууга туш болгон бардык адамды (жеке адамбы, азчылыкпы же бир улутпу) андай акыйкатсыздыкка, эзилүүгѳ, тебеленүүгѳ жол бербѳѳгѳ чакырат. Ал ѳмүрүнүн акырына чейин акыйкаттык, билим алуу жана теңчиликке жетишүү үчүн күрѳшкѳн, 2010-жылы президент Барак Обаманын колунан Азаттык президенттик медалы авторго тапшырылган. Ал 86 жашында 2014-жылы дүйнѳ салган.
|
Still I Rise By Maya Angelou You may write me down in history Does my sassiness upset you? Just like moons and like suns, Did you want to see me broken? Does my haughtiness offend you? You may shoot me with your words, Does my sexiness upset you? Out of the huts of history’s shame Leaving behind nights of terror and fear
|
Көкөлөп бары бир учамын Майя Энжелоу Ысмымды тарыхка жазсаң да, Кудуңдап мен жүрсөм үйүмдөн Кадимки ай менен күн өңдүү, Көргүң бар жер карап, үлдүрөп, Таарынган жоксуңбу, тайманбай Сөздөрүң ок сымал тешкилеп, Ажарым ичиңди күйгүзүп, Байыркы тарыхтан бөлүнүп, Караңгы түндөрдү калтырып, Калкымдын кыялын артынып, Англисчеден которгон Алтынай Токтоматова Ыргакка салган Алтынбек Исмаилов
|
Колдоо көрсөтүү
KY
RU
EN
TR