Вели Айдын кыска окуялуу чыгармаларынан

  • 13.04.2023
  • 0

Түрк тилинен которгон Мээрим Сайдилкан

ЖАПАЛУУ ҮЙ

Эмнеге бул көңүл мынчалык жапакеч деди.

Кайгыларыңды жарыштырганды жакшы көрөсүң, бирок сени менен жеңиле турган жарышка түшпөйм.

Себеби кайгыга толгон көңүлүңө, көңүлүмдү дарбаза кылдым.

ХРИСТОС

Бул аял эски жана жамандыктарга толгон ааламдын бейиши болчу.

“Кайтып келемин, күткүлө” деп кетти.

Зейд динчил яхудидей же христиандай көп күттү.

Сөзүнө туруу мусулмандын өзгөчөлүгү эле.

Зейд күттү, бирок кеткен кайра келеби?

Күтүштү.

Кыямат кайым болду.

ЖАШОО

“Күн чыкты,
Айлана гүлгө оролду,
Мөмө байлашты,
Гүлдүн өмүрү узарды” – деп жазды акын.

Жана узунунан жерге жатты,
тазалануу, өсүү үчүн.

КҮНӨӨЛҮҮ

“Эми чыдай албаймын” деди аял.

“Акырын” деди адам.

“Бул күнөөлөрдүн баары жазасыз калабы, менин күнөөм эмнеде?” деп кыйкырды аял.

“Күнөөнүн ээси болбойт, себепкери болот” деди адам.

БАР

Менин үй-бүлөм бар; мүлк, байлык, дүкөн жана көңүлгө жакын тааныштарыбыз да бар деди аял.

Сен да барсың деди адам.

СУНУШ

– Кантип билдиңиз?

– Мурдабы же кийинби?

– Мурда?..

– Саламдашуу үчүн колунан эмне келсе, баарын кылчу.

– Кийинчи?

– Болгону бир саламдык кадыры калды.

ЖОЛ

“Дартыңыз, дартыбыз, жолуңуз, жолубуз”
– Кастюм шым кийген адам карапайым айыл тургунуна ушундай деген эле.
Таш доорунан келген жүк ташуучу унаалар,
Айылдын асфальт жолунан өтүүдө.

ЖАШООГО ЭСКЕРТҮҮ

Тагдыр өлгүдөй оор.

Окшош материалдар

Комментарий калтырыңыз