Сүрөт abcnyheter.no/penger булагынан алынды.
Гудмунд Хернес үч китеп басып чыгарган, анда ар кайсы өлкөлөрдүн – негизинен Европа жана Американын көрүнүктүү ишмерлеринин акылман ойлору камтылган. Назарыңыздарга авторлугу норвегиялыктарга таандык санат сөздөрдү сунуштайбыз.
Жетекчинин тажрыйбасынан
Көйгөйдү талкуулоого кеткен убакыт анын маанилүүлүгүнө теңирден тескери таасир этет.
* * *
Эгер кандайдыр бир ишти шашылыш бүтүрүү керекпи, анда дайыма колу бошобогон адамга кайрыл.
* * *
Эгерде маанилүү чечимди кечиктирүүнүн жападан жалгыз жолу болсо, аны жакшы бюрократ сөзсүз табат.
* * *
Өзү эч нерсе кылбаган адамга баары оңой бүтчүдөй көрүнөт.
* * *
Эң мыкты жетекчи – кол алдындагылар өзүнөн да алда канча жөндөмдүү адамдардан турат.
* * *
Башчы – бул сен жумушка эрте келгенде кечигип, а сен кечиккенде иш ордунда таң атпай пайда болгон адам.
* * *
Мурда алынган көрсөтмөнүн түшүндүрмөсүн окуганда гана сиз көрсөтмөнүн өзүн да, ага берилген түшүндүрмөнү да түшүнбөгөнүңүздү баамдайсыз.
* * *
Эгерде сизге берилген тапшырманы көпкө чейин карабай таштасаңыз, анда аны же башка бирөө аткарат, же таптакыр кереги жок.
* * *
Ийгиликтүү карьера жасаган ар бир адамдын артында камкор аял турат.
* * *
Сөз эркиндиги – бул башчы үчүн кол алдындагылардын сөзүн бөлүү эркиндиги, ал эми кызматкерлер үчүн оозун жаап сүйлөбөй олтуруу.
* * *
Эгер сиз күн сайын сегиз саат талыкпай иштесеңиз, акыры башчы болуп, күнүнө он эки саат иштей аласыз.
* * *
Кызматтан көтөрүлүү ийгилиги сизге ыраазы болгондордон эмес, сиз кыжырына тийбеген адамдарга байланыштуу.
* * *
Кызмат абалың канчалык кичинекей болсо, жумуш ордунда жок экениң ошончолук тез байкалат.
Техниканын кереметтери жөнүндө
Кир жуугуч машинеге алты байпак салсаң, бешөөнү гана аласың.
* * *
Кандайдыр бир оңдоодон кийин сөзсүз ашыкча тетиктер калат.
* * *
Оңой сынган тетиктерди табуу өтө кыйын.
* * *
Билинбей жүргөн бузуктар аларды оңдоого акча да, убакыт да жок учурда пайда болот.
* * *
Эски автомобиль – автомобиль оңдоочу жайга барып туруу үчүн эң сонун каражат.
Илимдер жана илимпоздор жөнүндө
Изилдөө иши – бул мурда эч ким окубаган эки китепти окуп чыгып, эч ким окубаган үчүнчү китепти жазуу.
* * *
Эгер бирөөдөн уурдасаң – бул плагиат; көп кишиден уурдасаң – бул изилдөө.
* * *
Оргиналдуулук – бул жакшы, ошентсе да плагиат – батырак.
* * *
Эгерде чындык өтө жагымсыз же күтүүсүз болсо, ага ишенүүдөн баш тартышат.
* * *
Эң жакшы аргументтер иш бүткөндөн кийин пайда болот.
* * *
Тарых бизге эч нерсе үйрөнбөй турганыбызды үйрөтөт.
* * *
Өз идеяңдын үстүндө канчалык көп иштесең, анын башка бирөөгө таандык экенине ошончолук ынанасың.
Иш жөнүндө
Эркек башкалар акылсыз деп далилденмейинче акылдуу кызматкер катары саналат, аял башкаларга өзүн акылдуу деп далилдемейинче акылсыз эсептелет.
* * *
Капыстан болгон ийгиликти кайталайм деп ойлобо.
* * *
Адамдар эч нерсе кылбоо үчүн болгон күчүн аябайт.
* * *
Оор эмгек менен байыдым дегенден сурагыла – кимдин эмгеги менен?
* * *
Паспортуңдагы сүрөткө окшошуп турсаң, анда эс алууга чыгууга убакыт келди.
ЖМКлар жөнүндө
Эгер сиз журналист, редактор, жазуучу же басмакана кызматкери болсоңуз, башкалар сиздин ишиңизди сизден көбүрөк түшүнөт.
* * *
Эч ким башканы каралагандан өзү агарып кетпейт.
* * *
Профессионал лектордун көйгөйү – ал өзү эч нерсе түшүнбөгөн нерселер жөнүндө сүйлөөгө туура келет.
* * *
Ката канчалык чоң болсо, ошончолук ынтызарлык менен корголот.
* * *
Ар бир атактуу болуу үчүн умтулган адам алгач уят-сыйын жыйнаштырып аракет кылат, максатына жеткен соң кокустан эл таанып калбаш үчүн кара көз айнек тагынат.
Социологиялык мыйзамдар
Мамлекет канчалык кичине болсо, анын гимни ошончолук узун.
* * *
Бактылуу кезде пессимист, кыйынчылык башка түшсө оптимист бол.
* * *
Ар бир суроонун эки жагы бар. Ийгиликке жетүү үчүн экөөнү тең колдон.
Ата-энелер жана балдар жөнүндө
Мурда деректирге чакырса окуучуларга кыйын эле, азыр деректирге кыйын.
* * *
Балдарды тарбиялоодо акчага караганда, убакытты эки эсе көп корот.
* * *
Уулдуу болуу тилеги – көп кыздуу кылды.
* * *
Мектеп каникулунун эки түрү бар: балдар үчүн өтө кыска жана ата-энелер үчүн өтө узак.
* * *
Көптөр бала боюнча калса да ата-эне болот.
Медицина жөнүндө
Кошумча килограммдар эң көрүнүктүү жерде топтолот.
* * *
Ооруган балага чоң адамдай, оорулууга жаш баладай мамиле кыл.
* * *
Оорудан сактануу мүмкүн болбосо, жок дегенде доктурлардан алыс бол.
* * *
Ооруканалар курулуп, керебеттер канчалык көп болсо, коридордо ошончолук көп бейтаптар жатат.
* * *
Мага бактерияңды көрсөт, мен сага ким менен жүргөнүңдү айтам.
* * *
Операция жасоого болот дегени операция жасалышы керек дегенди билдирбейт.
* * *
Канчалык чыдамкай болсоң, ошончолук көп күтүүгө туура келет.
* * *
Адамдын узак өмүр сүрүшүнө шарт түзгөн ар кандай прогресс ден соолук кызматынын маанисин жогорулатат.
Күнүмдүк байкоолордон
Эгерде мен чындап эле бир нерсе кылам деп чыгынсам, бул же адепсиздик, же арам, же фигурага зыяндуу нерселер болуп чыгат.
* * *
Жыл сайын пенсионерлер жашарып барат.
* * *
Аялдар үчүн карьералык мыйзам:
1. Эркек сыяктуу ойлон.
2. Айым сыяктуу иш кыл.
3. Ат сыяктуу иште.
* * *
Адам табиятына жаңылуу, андан көбүрөк күнөөнү башкага оодаруу мүнөздүү.
* * *
Биринчи сүйүү менен акыркы сүйүүнүн айырмасы: биринчи сүйүүнү акыркы, акыркы сүйүү биринчи деп ойлойсуң.
* * *
Жамандыктын саны туруктуу – бири жоголсо, экинчиси пайда болот.
Сүйүү жана башкалар жөнүндө...
Эски сүйүү маал-маалы менен жаңыланып турса дат баспайт.
* * *
Эгер сен мени сүйүп калсаң, бул сенин түйшүгүң. Сен мени сүйбөй калганда, менин түйшүгүм башталат.
* * *
Идеалдуу күйөө – бул алдабаган, тамеки тартпаган, ичкилик ичпеген жана... жок күйөө.
* * *
Турмушка чыкканга чейин аял бактысыз, анткени анын жашоосунда эркек жок, а турмушка чыккандан кийин тапкан эркегинин мазеси жок үчүн бактысыз.
* * *
Транспорт, туризм, спорт жөнүндө
Сапарга чыкканда кийим-кечеге караганда, эки эсе көп акча ал.
* * *
Чет шаарда өтүп бараткан кишиден бир жакка кантип барышты сурасаң, ал да конок болуп чыгат.
* * *
Даңгыр жол менен тоо чокуларына жете албайсың.
* * *
Чокуга канчалык жакындасаң, ошончолук тик болот.
* * *
Сиз кармаган балыктын көлөмү колуңуздун узундугуна барабар.
* * *
Эң тажрыйбасыз балыкчы эң чоң балыкка туш болот.
Турмуштук тажрыйбадан
Жаңы китептердин эң жаман жери – бизди эски китептерди окуудан алаксытат.
* * *
Кээси бекер кеңеш бергени үчүн өзүн берешен эсептейт.
* * *
Уктап жатканда кандай экениңди билүү үчүн күзгүнүн алдында көзүңдү жум.
* * *
Үйдөгү китептер дайыма алар үчүн керектүү орунга караганда жыйырма пайызга көп.
* * *
Жасалбаган нерсеге өкүнгөнчө, жасалган нерсеге өкүнгөн жакшы.
* * *
Мен үчүн маанилүү нерсе, башкалар үчүн маанилүү нерселерден алда канча маанилүү.
Которгон Абийрбек АБЫКАЕВ
Эгер “РухЭш” сайтынын ишмердиги токтоп калбашын кааласаңыз, бизди колдоо үчүн төмөнкү банктык эсебибизге өз каалооңузга жараша акча которо аласыз...
Мбанк+996 700 532 585 жана ЭЛСОМ +996 558 080 860, МойО +996 0700532585 жана Оптима банк-4169585341612561.
Колдоо көрсөтүү
KY
RU
EN
TR