Арноо концерти: «Бизди кудай алмак беле»

  • 19.04.2023
  • 0

АҢГЕМЕ

Илгери, эми илгери эмей эмне болду? 1999 же 2000-жылдары беле, тагы жадымда калбаптыр, гастролдук иш сапар менен түштүктү түрө кыдырып жүрөбүз, анан Ноокаттын борборунда күндүзү концертибизди берип, кечки концертти районго караштуу Салиева атындагы айылда коймок элек.

Балдар алдыга эртерек концерт өтчү клубга барып, аппаратураларды орнотуп, билеттерди сатып, даярдык көргөнү кеткен. Жайдын күнү көрүүчүлөр да оюн көргөнү талаа жумуштарын бүтүрүп кеч келет эмеспи, аны ойлоп өзүм да күүгүм талаш айылга шашпай бардым. Машинени ыңгайлуу жерге токтотуп, клубга кирейин десем, кичи автобуста билет сатып отурган балдарга карап бир аксакал: “Ой бул Сыймык балам дагы эле келе элекпи, учурашып койсом болот эле, анан концерттен кийин сүрөткө түшүп, кол тамга алгандардан бошобой калат” деп үнүн өктөм чыгарып аткан экен.

Аксакал киши айтып атканын угуп, өзүм барып учурашып калдым.

– Ассалоому алейкум!

– Уалейкум ассалом, о-ой айланайыным... кандайсың балам? Аткөлүк аман, чарчабай келип алдыңарбы? Бала-бакыраң, ата-энең аманбы?

Жылуу учурашып, кыса кучактап бетимен сүйдү.

– Жакшы, жакшы... Ата, өзүңүз кандайсыз, күүлүүсүзбү, ден соолугуңуз жакшыбы?

– Ээ балам, бизди кудай алмак беле? Силер аман болгула, сага учурашканча оюн көрөлү деп, неберемди айдатып, тиги коңшу айылдан келдим, мени тааныдыңбы? – Күтүүсүз берилген суроо бүдөмүк ойго сала бүшүркөттү.

Туй ата-а, эстей алсамчы. Негизи чыгармачыл адамдар көп киши менен таанышып, убакыт өткөн соң жолукпасак аттарын эстей албай калабыз. Ошондой таанышып, билген адам экен деп саамга буйдала түштүм.

– Ата кечирип коюңуз, өңүңүз абдан жылуу учурап жатат, бирок кайдан көрүп таанышканым эстей албай турам.

– Ой айланайын, бат эле тааныбай калдыңбы, бир жылда эле? – Бул суроо жети өмүрүмдү жерге киргизгенсиди...

Чүкөдөй абышканын алдында басынып, кичирейе түшкөнсүдүм.

Айыбымды туюп:

– Ата, ушундай эстей албаган адатым бар. Эми бир айтып коюңуз... унутпай жүрөйүн. Кайдан тааныштык эле?

– Ай балам, а-ай, – деди кейип. – Ой өткөн жылы менин 70 жылдык тоюм болуп, анан ошого кыздарым жанагы арноо концертинен куттуктоо берип... сүрөтүм менен, сен куттуктап ырдабадың беле... Ии, эстедиңби эми?..

Абай салсам: тамашанын бүдүрү жок, жүзүнөн мээрим төгүлгөн аксакалга не дээримди билбей, “и-ии-й... ооба, эми эстедим” дедим.

Көрсө, жарыктык аксакалдын ою боюнча ар бир ырчы куттуктоого келген каттарды окуп, сүрөттөрдү карап, “аа бул кишиге мен ырдайын деп ырдашат экен” дептир.)))) Мен дагы, жанымдагылар да жылмайып сыр бербедик, аксакалдын колуна, келген кишилери менен чогуу чакыруу билет берсем да албайт.

– Чай бере албадым, билет сатып алгам жана эле... силерге жардам болсун деп...

Концерт жүрүшүндө атайын башка айылдан келген атабызга деп ыр арнамак болдум.

– Былтыр телевизордон куттуктасам, азыр концерттен куттуктайм, – деп арноо концерттин уландысын кылып, ден соолук кааладык, ал киши да сүйүндү, батасын алып биз кубанып сапар уладык.

Көөдөнүндө күрүчтүн данындай кири жок, таза адамдар бар үчүн биздин жашоо тең салмакта кармалып тургансыйт, ал атанын аты менимче Абдрайым болсо керек эле, эгер азыр болсо токсонду чамалап калгандыр жашы, өмүрү узун болсун. Жашоонун баарын өздөрүнүн таза көкүрөгүндө түзүлгөн сценарийдей сезген таза адамдар болгону кандай жакшы!!!

Сыймык БЕЙШЕКЕЕВ

Эгер “РухЭш” сайтынын ишмердиги токтоп калбашын кааласаңыз, бизди колдоо үчүн төмөнкү банктык эсебибизге өз каалооңузга жараша акча которо аласыз...

Мбанк+996 700 532 585 жана ЭЛСОМ +996 558 080 860, МойО +996 0700532585 жана Оптима банк-4169585341612561.

Окшош материалдар

Комментарий калтырыңыз