АҢГЕМЕ
Жыйырма төрт жаштын күзүндө деңиз жээгиндеги мейманканада кыз менен таанышкамын. Бири-бирибизге жагып калдык.
Бир маалда кимононун далбагай жеңи менен жүзүн жаап алса болобу.
Муну көрөр замат баягы келесоо адатым дагы кармаганы эсиме кылт этип, ушул жаман адаттан качан кутуларым билбей куйкам курушту.
- Мен сени баары бир көрүп турам.
- Бирок толук эмес да, – жүзүн жеңи менен жапкан бойдон жадырап майин жооп берди. Өх деп жеңилдей түштүм.
- Эмне болуп кетти?
- Эчтеке, баары жайында.
Ал колун түшүргөндө, мени тиктеш үчүн өзүн кыстап, бирок мага тике карагандан айбыгып жатканы жүзүнөн билинип турду. Мен жүзүмдү буруп кеттим. Алдымда чалкыган океан жатат.
Ушунтип кишинин көзүн кадала тиктеп катып калмай жинди чалыш адатым бар. Бул адатым бат-бат кармайт да, көптөр мындан оңтойсуз абалга кептелгени өзүмө кадимкидей сезилет. Бул жинди кыялымды таштайм деп канча аракет кылдым, бирок маектешип жатканда адамдын жүзүн карабасам, кызыктай боло берем. Ушул өнөкөт менде өмүр бою каларын ойлогондо, отурган жеримде жаным кашаят. Мунун себебин ата-энеден кенедей кезде эрте ажырап, көрүнгөндүн колун караган томолой жетимдигим менен түшүндүрүп, өзүмдү сооротуп жүрдүм. Сагырдын жашоосу абад болмок беле, дагы эмне деп кагат экен деп күнүм түшкөн бегана-чоочундун көзүн карап, ошого көнгөн да.
Бирөөнүн көзүн мелтиреп кадала тиктемей адатымдын учугу каерден башталганын эстеп баш катырдым. Бул өнөкөт ата-энемдин үйүндө жашап жүргөндө бар беле же кийин ар кимдин колун карап сандалып калганымда пайда болдубу – такыр эстей албайм.
Кыздан жүзүмдү буруп кеттим. Океан жээги күнгө жарып туруптур. Күн саамайы мени балалык эскерүүлөргө жетелеп жөнөдү.
Ата-энем өлгөн соң айылда чоң атам экөөбүз он жылдай чогуу жашадык. Чоң атам сокур эле. Ыраматылык киши кудайдын куттуу күнү бир бөлмөдө, оту эбак өчүп муздаган мештин маңдайындагы орунда былк этпей олтура берчү. Алгач чыгыш тарапка түздөнүп олтурат да, кийин жүзүн улам түштүк тарапка ыктап бурулат. Түндүк тарапка жүз ыкташын бир да байкабадым. Чоң атам жүзүн такай чыгыштан түштүк тарапка ыктап буруларын байкаган соң, мунун себебин билишке дээликтим. Чоң атамдын жанына олтурам да, качан эч болбосо бир ирет түндүк тарапка жүз бурат деп жанынан карыш жылбай олтура берем. Кудум электр куурчак сыяктанып ар бир беш мүнөт сайын жүзүн акырын чыгыштан түштүк тарапка карап бурулат. Бул бир жагынан кайгылуу, бир жагынан таң калыштуу көрүнүш. Түштүк – бул жарык. Алтургай сокурга да түштүк тараптын жылуу илеби менен майиндиги сезилгенин кара.
Кийин чоң атам тууралуу көп нерселер эстен чыгып кетти, азыр эми ал сокур жүзүн кантип күн саамайына тосуп олтурганы кайра эсиме түштү.
Баламын да, чоң атам эч болбосо бир ирет түндүк тарапка карап койсо өлөбү деп анын ирмелбеген көздөрүн кадала тиктеген бойдон ордумда селейип олтурам. Көрсө, киши көзүнө кадала тиктеген адатым ошондон калган экен. Көкөйүмө көк таштай тийген оор күндөрү калыптанган өнөкөт тура. Ушуларды эстеп өзүмдү өзүм аяп кеттим. Бул өнөкөттүн кайдан келип чыгышын билгенде гана жаным жай алып, тура калып бийлеп жибергим келди. Анүстүнө кыздын маңдайында тыржыйбай, кабагымды ачып жаркылдагым келген.
- Эми бир аз көнүшүп калдым, бирок дале уялып жатам, – деди кыз.
Мунусу эми көзүмө кадалып тиктеп жат дегени эле. Адам көзүнө кадала тиктешиң мага алгач кызыктай туюлду деп айткысы келди окшойт.
Эми перинин жоодураган көздөрүн каалашымча моокум канып тиктей берсем болот. Жүзү албыра түшкөн кыз кыйды көздөрүн жадыратып жаш баладай баёо түрдө:
- Менин жүзүм сага күндөн-күнгө таанымал боло баштайт. Кыжаалат болуштун кереги жок.
Мен күлдүм. Андан келген майин жылуулукту сездим. Кыз менен чоң атам кандайдыр бир бүтүндүккө айланып, мага качанкы эскерүүлөрдүн учкуну серпилип жатты. Күн саамайы төгүлүп турган океан жээгине атып чыккым келип өзүмчө жыргайм десең.
Которгон Кубантай ЭРНАЗАРОВ, Москва шаары
Эгер “РухЭш” сайтынын ишмердиги токтоп калбашын кааласаңыз, бизди колдоо үчүн төмөнкү банктык эсебибизге өз каалооңузга жараша акча которо аласыз... Мбанк+996 700 532 585 жана ЭЛСОМ +996 558 080 860, МойО +996 0700532585 жана Оптима банк-4169585341612561.
Колдоо көрсөтүү
KY
RU
EN
TR