ЭССЕ
1995-жылдын апрель айы, “Эл ырчысы Эстебес” тобунда улуттук филармонияда иштеп жүргөн бойдок кезим таңгөрү. Чыгармачылык сапар менен касиеттүү Ысык-Көлгө жолго чыктык. Эстекем өзү баштап, жубайы Райкүл апа, эл артисти Нуржамал Табалдиева, Токтобүбү Черикчиева, төкмө акын Абдылда Нуралиев, анан эң кичүүсү 21 жашка эми толом деген мен.
Менден бактылуу жан жок, алгачкы жолу Ысык-Көлдү көрөм деген дегдөө делбеңдетип түнү менен уктаткан жок, таттуу кыялга бата, залкарлар менен бир сапарда үзөңгүлөш жүрүү шыбагасы, насиптеш болуу бактысы буйруганы көңүл кушумду көккө серпе, терезени телмире тиктеп, теребелге суктана карап, чала уйку болгонума да кайыл боло жолулаштардын күлкүлүү сөздөрүнө сугарылып бараттык.
Эстебес атабыз боз волгасын бежите, биз болсо көк түстөгү жигули үлгүсүндөгү Абдылда агабыздын жаңы алган тулпарын атырылта алардын соңунан бараттык. Жол катар көптү көргөн Рая апабыз менен Нуржамал эжелердин жасап алган даамдуу тамактарын жеп, термоско куюлган памил чайдан ичип, залкарлар менен чогуу чай ичип бир машинеде чогуу баратканымды айылдаштарым же классташтарым көрүп, айылга айтып барса деген ойлорго сүңгүйм жаман арымда. Ошентип көптөн күткөн көлүбүз да көрүндү, жүрөгүм башкача согуп, тамагыма сүйүнүчтүн бармактай болгон сезими туруп калгансып башкача толкундандым, көл жээгинде жашаган баардык көлдүктөргө суктанып, бул жашоодо булардан башка бактылуу эл жоктой сезилип, көлдүк болбой калганыма өкүнгөнсүп да жибердим.
Зымырап Чолпон-Ата шаарына жетип, андан ары Бостериге кайрылып, “Кыргыз деңизи” санаторийине келип түштүк. Эстекемдин кадыры менен баарыбызга бирдей люкс номурларды камдап коюшуптур. Айылдан келип эле эже, жездемдин, өздөрү шаар четиндеги жаңы конушка салып алган чабалекейдин уясындай болгон эки бөлмөлүү үйүнө түшкөн жаным, андай баардык шарты бар бөлмөдө өзүмдү зорго кармап турдум, айхайлап жибербей.)))
Райондун акими ал кезде Эркин Мухтаров деген агабыз, милийсанын чоңу кадимки Кеңеш Дүйшөбаев байкем экен, экөө тең менин азыркы жашыман дагы жаш куракта экен көрсө, өнөргө, андан дагы Эстекеме өзгөчө сый кылган байкелерге ичтейим эзиле, качандыр бир убакта бизге да ушундай сый мамиле жасалар деп ниет кыла көлдү көздөй чуркадым. Касиетиңен кагылайын ыйык көлдү алгачкы көргөндө эле сүйүп калдым, мелмилдеген көгүлтүр көлдөн карааныма күндө жалынган чоң энемдин мээриминдей жылуулукту туйдум.
Айтматовдун “Ак кемесиндеги” баланын саламы менен учураштым: “Арыба, Ысык Көлүм! Мен келдим”.
Ошол саламым күнү бүгүнкүгө дейре адат болуп калды. Күнүгө түрдүү адамдар менен таанышып, сыйургал чексиз болду, өмүр бою ушундай сыйда жүрүп, ушундай баардык шарты бар үйдө төрөлүп өсүп-чоңойгон сымал, көнө түштүм жакшы шартка.)))
Сапардын бешинчи күнү Эстекемди Абдылда агабыз катуу таарынтып алды, баягындай чогуу чай үстүндө бажакташмай, каткырык-күлкү менен көңүлдүү маанайды Балыкчынын шамалы белгисиз тоолорго учуруп кеткендей сумсая түштүк, үнсүз тамактанмай, жыла басып бөлмөлөргө кетмей, концерттен соң конокко барсак да мурунку көз караш жылуулукту сезе албадым.
Таарынычтын үчүнчү күнү Чоң-Сары-Ой деген айылда күндүзү оюн коймой болдук. Адатынча кезмектеше ырдап, ырдоо кезеги Абыкеме келип, сахнага чыгып кетти. Баарыбызга угуза:
– Эртең акыркы концерт, алдыгы көпкөн акмак жээнди барар менен жумуштан айдайм! – деди Эстекем.
Экөө бир айылдан болуп жакын таяке-жээн экенин ошондо билдим.
Абыкем ырдап баштады, Эстекем мурчуят, ушул да ырчыбы дегенсип жактырбай. Төгүп баштаган Абыкем ырынын арасында Эстекемди мактап кирсе болобу минтип:
Эстекем деген чоң дайра,
Мен жылжып бир аккан булакмын.
Эстекем болсо чоң аяз,
Мен айнекке турган бубакмын.
Эстекем болсо чоң карышкыр,
Мен капталда качкан улакмын.
Эстекем болсо сүлөөсүн,
А мен тамтыгы кеткен тумакмын, – деп бүтүрдү Абыкем.
“Жакшы сөз жан эргитет” деп кыргыз бекер айтпаганын сездим, сөздүн күчүн, керемет касиетин ошондо туйдум. Улам ар бир айтылган мактоо, түйүлгөн кабакты акырындан жазып, көздү күлүңдөтүп, ууртка билинер билинбеген жылмаюуну жаратып, акыры жаңы эле жер сабап келип токтогон мөндүрдөй тып басылып, буркан түшкөн толкун жөн салды шапата урулган жээктей, күндүн көзүн тосуп турган сур булутту шамал айдагандай, таарыныч менен жек көрүү заматта жоголуп, “Абдылда бүгүн жакшы төгүп атат”, – деген Эстекемин жайдаңдоосу баарыбыздын көңүлдү көтөрө, баарын орду ордуна жыйнаган буюмдай келе түштү.
Абыкем ырын бүтүп шылкыя көз кыйыгы устатын карап, сахнадан чыгары менен “эңишелиби же өбүшөлүбү” деген Эстекемин сөзү Абыкеми бактылуу кыла, моюнун кучактай “таяке, кечирип коюңуз” деген сөзү, “жиндим, жиндим, кечтим” деп айтылган кеби, – бул жалганда адам баласында таарыныч менен араздашуу эч качан болбогондой таасир берди мага.
Кубаныч менен кошо эртеси Абыкеме айдоочулук күбөлүктү Эстекем сүйлөшүп алмаштырып берип, анан залкар атабызды дагы бир жумалык эс алууга аким болбой алып калып, бизден бактылуу киши жоктой Бишкеке чыктык...
Эгер “РухЭш” сайтынын ишмердиги токтоп калбашын кааласаңыз, бизди колдоо үчүн төмөнкү банктык эсебибизге өз каалооңузга жараша акча которо аласыз... Мбанк+996 700 532 585 жана ЭЛСОМ +996 558 080 860, МойО +996 0700532585 жана Оптима банк-4169585341612561.
Колдоо көрсөтүү
KY
RU
EN
TR