Сүрөт жана маалыма https://web.telegram.org/k/#@whiswh булагынан алынды.
Ал өтө картайып калган кези. Катуу оорунун айынан ажал тооруп турган. А бийликке нацистер келген. Фрейддин эже-карындаштары концлагерде өлүп, китептери аянтта эл көзүнчө өрттөлүп, баарын жоготкон: үй-жайы, илимий эмгектери, китепканасы, өмүр бою жыйнаган качантан берки эски статуэттери.
Болгону эки итин гана сактап кала алган. Бирок ал буга ыйлаган эмес. Мүмкүн ал өмүрүндө биринчи жолу көз жашы көнөктөп ыйлагандыр... ... Качандыр бир кезде Наполеон Бонапарттын буту баскан бархат килемге бутун коёру менен мууну бошоп ыйлаган экен ал.
Бул килемди ага императордун чөбөрөсү Мария Бонапарт буйрук кылып төшөткөн. Ал фашисттерден Фрейдди сатып алып, концлагердеги өлүмдөн сактап калган жайы бар. Мария Геббельске келип, карылыгы жеткен дарыгердин кунун төлөп берип, тек гана ага Австриядан чыгууга уруксат берилбептир.
Болбосо аны деле көптүн бири катары концлагерге жөнөтүшмөк да, өлтүрүп коюшмак. Геббельс мыйыгынан күлүп, сүйрөлгөн еврей чал үчүн принцессанын эки падыша сарайын алып койгон. Мариянын да эки гана сарайы болуптур. Башка жок! “Мага сепилдериңди бер, болду. А мен сага бул сүйрөлгөн жөөт чалды карматам. Болбосо биз аны эстелик үчүн кооз жасалгага айлантып коёбуз”.
Муну уккан Мария Бонапарт не дей алмак? Кармата берген. Ошондо да: “Селер менин ысымымды тартып ала албайсыңар. Мен – Бонапартмын. Устатым үчүн эч нерсемди аянбаймын!" – деген. Тигилер ага күлүшкөн. “Ажал алкымдан алып турган абышка үчүн эки сепилди кармата беришти, ушу кантип болсун. Бул, анык акылынан айныган принцесса” – дешкен экен.
Мария Бонапарт Фрейдден дарыланып, окуганы чын болчу! Картаң дарыгер кайтып келгенде анын таманына императордун килемин төшөшкөн эле. Бул сыйды көргөн Фрейддин көзүнөн жаш агып кетет. Музыканын коштоосунда принцесса Мария жана анын күйөөсү Георгий экөө докторду гүл менен тосуп алышат. Жеңиштин музыкасы коштогон, жакшылыктын жеңиши болучу бул.
Сүйүү жеңди ошентип. Бул мерте Бонапарт жеңди. А Геббельске падыша сарайлары кут алып келген жок, кырсыктуу балээ алып келди – бүтүндөй үй-бүлөсү менен өздөрүн өздөрү өлтүрүүгө дуушар болушту. Жакшылык жамандыкты жеңди.
Эч нерсесин аянбас сүйүү жөнүндө баян бул. Себеби сүйүү – эбегейсиз күч. Сүйүү – сексуалдык инстинктен да зор күч. Устат үчүн, дарыгер үчүн баарын берүүгө даяр – таптакыр башкача сүйүү бул. Оорудан айыкпас, көр оозуна аттай турган карыяны калкалап калуу – адамгерчилик эмей эмине...
Анна Кирьянова
Кыргызчалаган О`Шакир
Эгер “РухЭш” сайтынын ишмердиги токтоп калбашын кааласаңыз, бизди колдоо үчүн төмөнкү банктык эсебибизге өз каалооңузга жараша акча которо аласыз... Мбанк+996 700 532 585 жана ЭЛСОМ +996 558 080 860, МойО +996 0700532585 жана Оптима банк-4169585341612561.