Скиф өлкөсү уч-кыйырсыз жердин эң четиндеги ээн жер. Бийик аскалардын сүрдүү чокулары булуттарды тешип өтүп, асманга бой сунушат. Айланада өскөн бир тал өсүмдүк жок, көрксүз, күңүрттөнгөн жылаңач беттер. Бардык жерде аскалардан кулап түшкөнсүгөн чоң-чоң таштар. Деңиз толкуну күркүрөп, айлананы дүңгүрөтүп асканын этегине келип урунганда, андан учкан туздуу тамчылар асманга шурудай чачырайт. Жээкте толкундун ак көбүгүнө киринген майда таштар.
Аскалардын ары жагынан бир аз туман каптаган Кавказ тоолорунун ак карлуу чокуларын көрүүгө болот. Түнөргөн коюу булуттар акырындап алыстап, тоо чокуларын өз коюнуна жашырат. Уламдан улам бийиктеп асманга көтөрүлгөн булуттар акыры күндүн бетин жаап калды. Айлана барган сайын күңүрт тартып караңгылоодо. Кунары качкан, ээн жаткан катаал жер.
Бул жерге эч качан адам буту тийген эмес. Мына ушул учу-кыйырсыз жердин деңизге такалган четине Зевстин кызматчылары чынжырланган титан Прометейди бийик асканын бооруна үзүлбөгөн бекем чынжыр менен матап байлоо үчүн алып келишти. От-жалын бүркүп жаркылдаган кубаттуу Чагылган, Күч жана Бийлик ээсинин эч ким жеңе алгыс кызматчылары Прометейди байлап жетелеп алышкан. Алардын алп денелери граниттен оюлуп жасалгандай. Жүрөктөрүнөн аёо сезими, көздөрүнөн мээримдүүлүктүн жышааны билинбейт, жүздөрү тегерегиндеги аскалардай сүрдүү.
Булардын аркасынан башын жерден албай илкий басып, колуна оор балка көтөргөн кудай уулу Гефест келет. Аны коркунучтуу иш күтүп турат. Ал досу Прометейди өз колу менен чынжырлап асканын бооруна бекитип байлашы керек. Гефест досунун тагдырына терең кайгырса дагы, Чагылган менен бүткүл асмандын ээси Зевске баш ийбей коюуга батынбайт. Ал Зевс баш ийбестикти кандай катаал жазалай турганын жакшы билет.
Күч жана Бийлик Прометейди асканын чокусуна жетелеп чыгышты да, Гефестти ишке киришүүгө буюрду. Алардын катаал сөздөрү досуна жаны ачыган Гефестти ого бетер азапка салды. Каалабаса да ал чоң балкасын колуна алды, бир гана муктаждык аны баш ийүүгө мажбурлап жаткан. Күч аны шаштырды:
— Бол, тезирек балкаңды, кишендерди колуңа ал! Прометейди аскага чынжыр менен бошоно албагыдай кадап байла. Ага кайгырганың бекер, анткени сен Зевстин душманын аяп жатасың.
Күч эгерде Прометейди эч ким бошото албагыдай кылып чынжырга байлабаса, Гефестти Зевстин каарына каларын айтып коркутту. Гефест үзүлбөгөн чынжырларды аскага кадап, Прометейдин колу-бутун бекем ороп, байлай баштады. Ушул учурда ал досун узак азап салып, чынжырга байлашына кириптер кылган өз өнөрүн жек көрүп жатты. Зевстин кажыбас кызматчылары анын ишин көздөрүн албай көзөмөлдөп турду.
— Бекем как! Чынжырды бекем тарт! Бош тартып коём деп ойлобо! Прометей куу, ал тоскоолдуктардан чыгуунун жолун тапканды жакшы билет, — дейт Күч. — Аны катуу бекит, Зевсти алдаган кандай болорун ушул жерден түшүнсүн.
– Оо, кандай таш боордук, мындай сөздөр сенин келбетиңе гана туура келет! — деп үшкүргөн Гефест ишке киришти.
Балканын оор соккуларынан аска титиреп, күчтүү соккулардын дабышы жердин учу-кыйырына чейин жаңырды. Акыры, Прометей аскадан бошонгус болуп байланды. Бирок ушуну менен иш бүтпөйт, эми анын көкүрөгүнө болоттон жасалган, бекем казыкты кагып, аскага кадоо керек. Гефестин буга колу барбай турду.
— Эх, Прометей! — деди ал. – Сенин азабыңды көрүп, жүрөгүм канайт!
— Сен кайрадан создуктуруп жатасың! – деди Күч ачууланып Гефестке. – Сен дагы эле Зевстин душманын аяп жатасың! Байка, өзүң азапка түшүп калба!
Акыры баары бүттү. Баары Зевс буйругандай жасалды. Титан чынжырга байланып, анын көкүрөгүнө болот казык кагылды. Прометейди шылдыңдап, Күч ага мындай деди:
– Мына, эми бул жерде өзүң каалагандай текеберлене аласың; сыймыктана бер! Кудайлардын уурдап алган белектерди эми адамдарга кантип берер экенсиң! Көрөбүз го, ошол ажалдуулардын сага кандай жардам беришерин. Бул кишенден кантип кутулуунун амалын эми өзүң ойлонууга тийишсиң.
Намыстуу Прометей жооп берген жок. Гефест аны аскага чынжыр менен байлап жаткан учурда ал үн катпады, ал тургай акырын онтогону да угулбады. Кыйналганын эч билдирбеди.
Зевстин, Күч жана Бийлик кызматчылары кетишти, капалуу Гефест да алар менен бирге кетти. Прометей жалгыз калды. Эми анын үнүн деңиз менен кара булуттар гана уга алмак. Күчтүү титандын жараланган көкүрөгүнөн эми гана оор онтоо чыкты, эми гана ал өзүнүн жазмышына нааразы. Прометей бир жолу катуу кыйкырып алды. Айткыс азап, кайгы-муңга толгон бугун сыртка чыгарды:
— О, кудайдын көк асманы жана силер, ылдам соккон шамалдар, оо, дарыяларга куйган булактар, деңиз толкундарынын тынымсыз күркүрөгү, оо, жер, ааламдын энеси, оо, бүткүл ааламды айланып баарын көргөн күн, баарыңарды күбө болууга чакырам! Карагылачы, кандай кутулгус азапка кабылдым! Айткылачы, мен эми канча жылдар мындай уятсыздыкка дуушар болуум керек! Ой, шордуу башым, шордуу башым! Мен азыр оор жарааттан онтолой баштадым, бул дагы көп кылымдар бою уланат! Мен бул азаптын чегине кантип жетем?
Бирок мен эмне деп жатам? Кантсе да мен эмне болорун билгем. Бул азаптар менин башыма күтүүсүз келген жок. Коркунучтуу тагдырдын жарлыгы сөзсүз болорун билчүмүн. Мен бул азапка чыдап көтөрүшүм зарыл! Ажалдуу жандарга чоң белек бергеним үчүн, жан чыдагыс азап тартышым керек жана бул азаптардан кутула албайм. Ой, шорум-ай, шорум!
Аңгыча канаттардын кагышынан, кандайдыр бир жеңил нерсенин кыймылы абаны козгогондой акырын чыккан добуш угулду. Ак чачтуу Океандын алыскы жээгинен, салкын үңкүрлөрдөн, шамалдын эпкини менен жеңил арабада чайпалып Океан кыздары жетип келишти. Алар Гефесттин балкасынын соккусунан чыккан үндү угушкан, Прометейдин онтоолору аларга чейин жеткен. Аскага чынжырланган күчтүү титанды көргөндө, көз жаштары куюлуп, Океан кыздарынын сулуу каректерин парда тарткансып тунартып салды. Ал Океан кыздарынын тууганы болчу. Анын атасы Япет, кыздардын атасы Океандын бир тууганы эле, ал эми Прометейдин аялы Гесион алардын эжеси. Асканы Океан кыздары курчап алышты. Алар Прометейге боору ооруп, катуу кайгырышты. Бирок анын Зевске жана бардык олимпиадалык кудайларга карата айткан наалат сөздөрү аларды чочутуп жаткан. Алар Зевс титандын азабын ого бетер кыйындатып салат деп коркушту. Океан кыздары титан кайсы жазыгы үчүн мындай жазага тартылганын билишпейт эле. Ошондуктан алар Прометейден Зевс аны эмне үчүн жазалаганын, титан эмне үчүн анын кыжырына тийгенин айтып берүүсүн суранышты.
Прометей кыздарга титандарга каршы күрөштө Зевске кантип жардам бергенин, өз энеси Фемида менен жердин улуу кудайы Гайаны Зевс тарапка өтүүгө кантип көндүргөнүн айтып берди. Зевс титандарды талкалап, аларды Прометейдин кеңеши боюнча коркунучтуу Тартардын падышачылыгына кууп киргизген. Зевс дүйнөдөгү бийликти басып алып, аны жаңы олимпиадалык кудайлар менен бөлүштү, ал эми ага жардам берген титандарга бийлик берген жок. Зевс титандарды жек көрөт, алардын кубаттуу күчүнөн коркот. Зевс Прометейге да ишенбей, аны да жек көргөн. Прометей Крон башкарган убактан бери жашаган жана Зевс жок кылгысы келген байкуш ажалдуу адамдарды коргой баштаганда, Зевс аны жек көрүүсү ого бетер күчөдү. Бирок Прометей дагы эле акылы жетиле элек адамдарды аяды; ал алардын Аиддин караңгы падышачылыгына бактысыз болуп түшүшүн каалаган эмес. Аларга адамдар билбеген үмүттү тартуулады, бул үчүн ага кандай азап болорун билсе да, аларга Теңирдин отун уурдап берди. Алдыдагы коркунучтуу жаза, күчтүү титанды адамдарга жардам берүүдөн баш тарттыра алган жок. Энеси улуу Фемиданын эскертүүлөрү да аны токтото албады.
Океан кыздары Прометейдин аңгемесин кунт коюп угуп отурушкан. Аңгыча канаттуудай жеңил учкан арабасын зырылдатып олуя карыя Океан өзү аскага келди. Океан Прометейди Зевстин бийлигине баш ийүүгө көндүрүүгө аракет кылды: ал коркунучтуу Тайфондун жеңүүчүсү менен күрөшүү натыйжасыз экенин жакшы билерин айтты. Океан Прометейге боору ооруйт, Прометей тарткан азаптарды көрүп, өзү да азап тартып кыйналат. Бул өтүнүчү үчүн Чагылган ээсинин каарына өзү кабыл болушу мүмкүн. Ага карабай олуя карыя Зевске кадырын салып титанга ырайым берүүнү суранып барууга даяр экенин билдирди. Ал жылуу сөз кимдин болсо да жүрөгүн жибитип, ачуусун басарына ишенет. Бирок Океандын бардык аракети текке кетти, Прометей ага дароо олку-солку болбой жооп берди:
— Жок, убара болбо, өзүңдү сактап калууга аракет кыл. Боорукердик сага зыян келтирет деп корком. Тагдыр мага жиберген кыйынчылыктын баарын аягына чейин көтөрөм. Сен, Океан, мага болушам деп Зевстин каарына калгандан корк.
– Оо, бир тууганым, – деди Океан Прометейге капалуу карап, – бул сөздөрүң менен мени эч аракет кылбай артка кайтууга мажбурлаганың. Мага ишен, оо, Прометей, мени бул жерге сенин тагдырың үчүн кам көрүү, сага болгон сүйүү гана алып келди!
– Жок! Кет! Тезирек, шашыл, бул жерден кет! Мага тынчтык бер! – деп кыйкырды Прометей.
Океан Прометейди аяп жүрөгү ооруса да, артка кайтууга аргасыз макул болду. Ал канаттуудай жеңил сызган арабасына олтуруп жөнөп кетти, ал эми Прометей Океан кыздарына өзү Зевстин эркине каршы чыгып, адамдарга кылган жакшылыктары тууралуу аңгемесин улантты. Ал Лемонстогу Мосхе тоосундагы досу Гефестин устаканасынын көөрүгүнөн чок уурдап, адамдарга алпарып берген. Адамдарга өнөр үйрөтүп, билим берди, аларга окуганды, санаганды, жазганды үйрөттү. Аларга жердеги кен байлыктарын казып алууну, темир иштетүүнү үйрөттү. Жапайы өгүздөрдү үйрөтүп, алардын моюнуна каамыт кийгизип, жер айдоону көргөздү. Атка араба кошуп, аны адамдарга башкарууну үйрөттү.
Акылдуу титан эң биринчи кемени куруп, аны жабдып, үстүнө зыгыр буласынан жасалган парусту такты, чексиз деңизден тез сүзүүнү үйрөттү. Мурда адамдар дары-дармек, оорудан айыгууну билишчү эмес, адамдар ооруларга каршы алсыз болушкан, бирок Прометей аларга дарылардын күчүн ачкан жана алар менен ооруну багынткан, аларга жашоонун кайгысын жеңилдетип, бактылуу жашоого керектүү көп нерселерди үйрөттү. Анын бул кылгандары Зевске жаккан жок, анын ачуусун келтирди, ошон үчүн аны ушул жазага буюрду.
Бирок билип койгула! Прометейдин азабы түбөлүккө созулбайт. Күчтүү Зевстин башына да кыйын күндөр түшөт. Ал тагдырынан качып кутула албайт! Прометей Зевстин падышалыгы түбөлүктүү эместигин билет: анын Олимп бийлигинен кулачу күндөрү алдыда! Улуу титан Зевс алдыда күткөн жаман тагдырдан кантип сактанса болор улуу сырды билет, бирок аны Зевстке айтпайт. Ал сырды Прометейдин оозунан эч кандай күч, эч кандай коркунуч, эч кандай азап сууруп чыга албайт. Прометей өз аңгемесин айтып бүттү. Океан кыздары аны таң калып угушту. Алар Чагылган ээси Зевске каршы чыгууга батынган күчтүү титандын улуу акылмандыгына, жеңилбес кайратына таң калышты. Прометей Зевсти кандай тагдыр менен коркутканын укканда аларды кайрадан коркунуч каптады. Алар эгер бул кабар Олимпке жетсе, анда сырды билиш үчүн Чагылган ээсин эч нерсе токтото албасын билишчү. Океан кыздары Прометейди жаш толгон көздөрү менен аёо менен карашып, оор тагдырдын өкүмү сөзсүз болорун ойлоп үн катпай турушту. Асканын жанында терең жымжырттык өкүм сүрдү; аны деңиздин тынымсыз шарпылдаган үнү гана бузуп жатты.
Аңгыча алыстан билинер-билинбес кайгы-муңга батып боздогон добуш угулду. Мына ал добуш аскага тийип жаңырыктап, улам жакындап, барган сайын даана угула баштады. Бул Герадан жиберилген зор сайгак кубалап, жиниккенче чуркап, денеси кан менен ак көбүккө чыланган, Арголистин биринчи падышасы, дарыя кудайы Инахтын уйга айландырылган бактысыз кызы Ио болчу.
Тынымсыз жүгүрүп жүрүп чарчап-чаалыккан, сайгактын ачуу чакканынан кыйналган Ио чынжырланган Прометейдин алдына келип токтоду. Катуу онтологон ал эмне үчүн мындай жазага кириптер болгонун түшүндүрүп, аягында улуу титанга жалдырап суроо узатты:
— Эй, Прометей! Минтип тентип кыйынчылыкта жүргөнүмдүн чеги барбы? Суранам, айтып берчи, бул азабым качан бүтөт, качан акыры тынчтык табам?
– Ой, мага ишенип кой, Ио! — деп жооп берди Прометей, — муну билгенден көрө билбегениң жакшы. Бирок сурап калдың, айтпасам болбос. Сен дагы көптөгөн өлкөлөрдү басып өтөсүң, жолуңда көптөгөн коркунучка туш болосуң. Сенин оор жолуң скифтердин өлкөсү, бийик карлуу Кавказ, Амазонкалар өлкөсү аркылуу Босфор кысыгына чейин жетет, аны сүзүп өткөн соң ал кысык сенин урматыңа ошентип аталат.
Көпкө чейин Азияны кыдырасың. Сен мыкаачы Горгондор жашаган өлкөнүн жанынан өтөсүң; алардын баштарында чачтын ордуна ийрелеңдеген жыландар салаңдап, ышкырып турат. Алардан сак бол! Жору-кузгундардан, жалгыз көздүү адамдардан сактан. Сен аларга сөзсүз жолугасың. Акыры Библин тоолоруна жетесиң, ал жерден берекелүү Нил дарыясы агып чыгат. Дал ошол жерде Нил сугарган ырыскылуу өрөөндүн бир өңүрүнөн акыры тынчтык табасың. Ал жерде Зевс мурунку сулуу элесиңди сага кайтарып берет, ошол жерде уулуң Эпаф төрөлөт. Ал бүт Мисирди башкарат жана баатырлардын даңктуу муунунун түпкү атасы болот. Бул муундан мени кишенден бошотор адам чыгат. Ио, менин апам, олуя Фемида, сенин тагдырың жөнүндө мага ушуларды айткан.
Муну уккан Ио катуу капаланды:
– Ой, шорум-ай, шорум! Ох, тагдыр мага дагы канча азапты тартуулаган! Алдыда көрчү азаптарды укканда жүрөгүм көкүрөгүмдү жарып чыкчудай туйлайт! Көп жылдар бою кайрадан жинди болгон немедей жүгүрүп, дүйнө кезип, кайрадан сайгактын тумшугу денеме сайылып, кайрадан сүйлөгөнгө чамам жок жүрөт экемин да! Ой, шорум-ай, шорум!
Бозоргон көздөрүн алаңдаткан бойдон Ио асканын жанынан сайгактап жөнөдү. Куюн учуруп бараткансып тез алыстап кетти. Катуу ызылдаган сайгак байкуш Иону артынан сая түшүп кууп алган, анын чаккан жери чок баскандай тызылдайт. Прометей менен Океан кыздары аны булуттардын арасына кирип көрүнбөй калгыча карап турушту. Барган сайын Ионун кыйналып боздогон добушу акырындап угулуп, акыры кайгынын деңизине чөгүп кеткенсип жым болду.
Прометей менен Океан кыздары байкуш Иону аяп унчукпай калышты, бир аздан соң ачууланган Прометей үн катты:
– Мени кандай кыйнасаң да, Чагылган ээси Зевс, баары бир сен да эч нерсеге арзыбаган күн келет. Акыры падышачылыгыңдан айрылып, караңгылыкка ыргытыласың. Ошондо атаң Крондун каргышы орундалат! Сени бул оор тагдырдын алдын алып, сактап калышты кудайлардын эч кимиси билбейт! Аны мен гана билем! Азыр сен күчтүүсүң, жаркыраган Олимптин үстүндө отуруп, каалашыңча күндү күркүрөтүп, чагылганды чартылдатып ыргытып жатасың, бирок алар да сага жардам беришпейт, алар сөзсүз келер тагдырдын алдында алсыз. Эй, Зевс, сен тактыңдан кулап, күлгө айланганыңда гана бийлик менен кулчулуктун айырмасы эмне экенин билесиң!
Океан кыздары Прометейдин сөздөрүн укканда көздөрү алайып, сулуу үрөйлөрү учуп кубарышты. Анан деңиз көбүгүндөй аппак болгон колдорун Прометейге сунуп:
— Жинди! Кантип сен кудайлардын жана адамдардын падышасы Зевсти опузалап, тил тийгизгенден коркпойсуң? Эй, Прометей, ал сага мындан да катуу азаптарды жиберсе кантесиң! Тагдырыңды ойло, өзүңдү ая!
— Мен баарына даярмын!
— Бирок акылман тагдырдын башка салганына баш ийип берет эмеспи!
— Ага силер сыйынып, силер ырайым сурагыла! Күчтүү падышаңарга тизе бүгүп таазим кылгыла! Ал эми мен үчүн Зевс ким? Мен андан эмнеге коркушум керек? Мен өлбөсмүн, түбөлүккө жашайм! Каалаганын кыла берсин Зевс. Анын кудайларга кылган үстөмдүгү көпкө созулбайт!
Прометей бул сөздөрдү айтып бүтүп оозун жыйгыча, Прометейдин жанында асмандан учуп түшкөн жылдыздай абаны жарып, кудайлардын чабарманы сүрдүү Гермес пайда болду. Аны Зевс титандан сырды ачууну талап кылуу үчүн жиберген: Зевсти ким кулатат жана тагдырдын буйругунан кантип сактануу керек? Гермес Прометейге эгер ал тил албаса коркунучтуу жаза күтүп жатканын эскертти.
Бирок күчтүү титандын оңой эле багынып берер ою жок эле, ал Гермеске шылдыңдай карап жооп берди:
— Менден бир нерсе угам деп ойлосоң, сен али акылың өсө элек жаш бала бойдонсуң. Билип кой, мен азабымды Зевстин кулдук кызматына алмаштырбайм. Зевстин ишенимдүү кулу болгондон көрө, бул жерде ушул аскада чынжырланып турганым артык. Зевс мени коркутуп, оозумдан бир ооз сөздү да жулуп алчудай жазалоо, азап бул дүйнөдө жок. Зевс өзүн оор тагдырдан кантип кутуларын, андан бийликти ким тартып аларын эч качан билбейт!
— Эми мени ук, Прометей, эгер Зевстин эркин аткаруудан баш тартсаң, сага эмне болорун айтып берейин, — деп жооп берди Гермес титанга. — Чагылгандын соккусу менен бул аска-зоону ал сени менен кошо туңгуюкка кулатат. Ал жерде көп-көп кылымдар бою күн нурунан ажыраган таш зынданда, терең караңгылыкта азап тартасың. Кылымдар өтөт, кайра Зевс сени туңгуюктан жарыкка көтөрөт, бирок ал сени кубантуу үчүн көтөрбөйт. Күн сайын Зевс жиберген бүркүт учуп келет да, курч тырмактары, тумшуктары менен бооруңду чокуп жеп, бооруң күн сайын кайра-кайра өсөт, сенин азаптарың барган сайын коркунучтуу болот. Ошондой абалда сенин ордуңа башка бирөө Аиддин караңгы падышалыгына өз ыктыяры менен түшүүгө макул болмоюн, сен аскада асылып турасың. Ойлон, Прометей, андан көрө Зевске моюн сун! Өзүң билесиң, Зевс эч качан жөн жеринен эле коркутпайт!
Намыскөй титан өз айтканынан кайткан жок. Көкжалдын жүрөгүн бир нерсе коркута алмакпы?
Капысынан жер титиреп, айлананын баары солкулдап; күн күркүрөп, чагылган чартылдап, көз уялткан нур жарк этти. Каардуу куюн кутургандай чимирилет. Деңизде тоодой бийик толкундар көтөрүлдү. Аска-зоо солкулдады. Улуган бороондун, ураган жер-таштын күүлдөгүнө аралаш Прометейдин коркунучтуу кыйкырыгы угулду:
— Оо, көрүп алгыла, Зевс менин жүрөгүмдүн үшүн алуу үчүн мага кандай сокку уруп жатат! Оо, жалаң сый-урматка гана татыктуу урматтуу энем Фемида, о, баарына жарык чачкан эфир! Зевс мени кандай адилетсиз жазалап жатканын көрдүңөрбү!
Прометей менен ал чынжырланган аска коркунучтуу күркүрөө менен түбү жок туңгуюкка, түбөлүк караңгылыкка кулады.
Кылымдар өтүп, Зевс кайрадан Прометейди караңгы туңгуюктан жарыкка көтөрдү. Бирок анын азабы ошону менен бүткөн жок; ага андан дагы кыйын болду. Баягы боюнча бийик аскага керилип, көөдөнүнө болот казык кагылып, чынжырга чырмалып жатты. Күндүн кайнаган нурлары анын денесин күйгүздү, бороон-чапкындар каптап, чарчаган денесин жамгыр менен мөндүр камчылап, а кышында Прометейдин денесине муздак кардын бүртүкчөлөрү жабышып, буту-колун муздак суук тоңдурду. Бирок бул азаптар да аздык кылды! Күн сайын күчтүү канаттарын шалдырата күүлөп зор бүркүт аскага учуп келип Прометейдин көкүрөгүнө отурат да, аны болоттой курч тырмактары менен тытып, боорун курч тумшугу менен чокуп жейт. Кан жайыла агып, асканын бети кызыл жаян болуп канга боёлот; жар түбүнө уюган кара кан толуп; күн нуру аны чиритип, айлананы саңырсыган жыт каптайт. Күн сайын эртең менен бүркүт учуп келип, кандуу тамактануусун баштайт. Түн ичинде жаралары айыгып, боор кайра чоңоюп, күндүз бүркүткө жаңы азык берет. Жылдар, кылымдар, бул азаптар уланды. Күчтүү титан Прометей чарчады, бирок анын күчтүү, намыскөй рухун бул азаптар сындыра алган жок.
Титандар Зевс менен жарашып, ага баш ийип беришкенине көп болгон. Алар анын бийлигин таанып, Зевс аларды түнт Тартардан бошоткон. Эми алар эбегейсиз күчтүү титандар, жердин учу-кыйырына, Прометей чынжырланган аскага келишти. Алар тегерете курчап, Прометейди Зевске баш ийүүгө көндүрө башташты. Прометейдин энеси Фемида да келип, уулунан намыскөй рухун багындырып, Зевске каршы чыкпоону суранды. Уулунан аны, энесин аёону жалбарып өтүндү. Анткени уулунун азабын көрүү, эне үчүн азаптын азабы эле. Зевс өзү да мурунку ачуусун унуткан. Азыр анын бийлигинин күч-кубаты ташып турган убагы, аны ордунан эч нерсе козгой албайт, ал эч нерседен коркпойт. Ал азыр тиран сыяктуу башкарбайт, мамлекетти коргойт, мыйзамдарды сактайт. Ал адамдарды жана алардын арасындагы чындыкты коргойт. Чагылган ээсин азыр бир гана нерсе тынчсыздандырат — бул бир гана Прометейге белгилүү болгон сыр. Зевс, эгерде Прометей ага бул тагдыр чечүүчү сырын ачса, күчтүү титанга ырайым кылууга даяр.
Бирок Прометейдин азаптары бүтө турган убак жакын калган. Тагдырдын буйругу менен титанды кишенден куткарууга жаралган улуу баатыр эбак төрөлүп, жетилген. Баш ийбес Прометей дагы деле сырын сактап, азап чегип, бирок ал деле алдан-күчтөн тая баштаган.
Акыры Прометейди бошотуу маңдайына жазылган улуу баатыр жер кыдырып жүрүп ушул жерге, жердин деңиз менен кошулган чегине келип жетти. Бул, адамдардын эң күчтүүсү, кудайдай кудуреттүү баатыр Геркулес болчу. Ал Прометейдин азабына үрөйү учуп карады, анын боорукердик сезими ойгонду. Титан Геркулеске өзүнүн оор тагдыры жөнүндө айтып берип, Геркулестин келечекте жасай турган улуу иштери тууралуу баяндады. Титандын сөзүн Геркулес кунт коюп укту. Бирок Геркулес Прометейдин азап-тозокторунун баарын көрө элек эле.
Аңгыча алыстан күчтүү канаттардын шуулдаган үнү угулду – зор бүркүт өзүнүн кандуу тоюна учуп келе жаткан. Ал Прометейдин көкүрөгүнө конууга камданып, үстүдөн тегерене баштады. Геркулес ага Прометейди кыйноого жол берген жок. Ал жаасын колуна алып, саадагынын учуна ажал катылган курч жебени сууруп чыгып, жаачылардын колдоочусу Аполлондон жебенин бутага дал тийишине колдоо көсөтүшүн суранып бата кылды да, аны коё берди. Жаанын катуу керилген жиби зыңылдаган үн чыгарып, зуулдап учкан жебе денесин тешип өткөн бүркүт жардын так түбүндөгү бороондуу деңизге кулады. Боштондукка чыгуу учуру келди. Ошол учурда бийик Олимптен желдей учуп Гермес жетип келди. Мээримдүү сөз менен ал Прометейге кайрылып, Зевстин алдыда турган оор тагдырынан кантип сактануунун сырын ачса, дароо бошотуларын убада кылды. Акыры кудуреттүү Прометей Зевске сырды ачууга макул болуп, мындай деди:
— Чагылган ээси деңиз кудайы Фетидага үйлөнбөсүн, анткени тагдырдын кудайлары, олуя көзү ачыктар Фетидага ушундай тагдырды сууруп чыгышкан: ал кимге күйөөгө тийсе да, ал атасынан күчтүү уул төрөйт. Кудайлар Фетиданы баатыр Пелейге аялдыкка беришсин, ал эми Фетида менен Пелейдин уулу Грециянын өлбөс баатырларынын эң атактуусу болот.
Прометей чоң сырды ачты, Геркулес оор чокмору менен чынжырды үзө чапты, көкүрөгүнөн титан аскага кадалган дат баспас болот казыкты сууруп алды. Титан ордунан турду, эми ал бош болчу. Анын азабы бүттү. Ошентип анын бир адам аны боштондукка чыгарары жөнүндөгү олуячылыгы аткарылды. Титандар катуу, кубанычтуу кыйкырыктар менен Прометейдин бошотулушун куттуктап жатышты.
Ошондон бери Прометей кылымдар бою канчалаган айтып бүткүс азапты башынан өткөргөн аскадан алынган таш менен шөкөттөлгөн темир шакекти колунан чыгарбай тагынып жүрөт.
Ал эми өлгөндөрдүн жан дүйнөсү жайгашкан жер алдындагы падышачылыкка Прометейдин ордуна акылман кентавр Хирон түшүүгө макул болду. Муну менен ал Геракл кокусунан жаралантып алган айыккыс жаранын азабынан кутулду.
Которгон Абийрбек Абыкаев
Эгер “РухЭш” сайтынын ишмердиги токтоп калбашын кааласаңыз, бизди колдоо үчүн төмөнкү банктык эсебибизге өз каалооңузга жараша акча которо аласыз... Мбанк+996 700 532 585 жана ЭЛСОМ +996 558 080 860, МойО +996 0700532585 жана Оптима банк-4169585341612561.
Колдоо көрсөтүү
KY
RU
EN
TR