Кесүү
– Чакан ишкана ачылат. Чоңдор келип биздин ишкананын лентасын кесет, – деди кудуңдап сүйүнгөн болочок менеджер болор жаш жигит.
– Ооба, алар кесет. Лента менен кошо баардыгын кеспесе экен, мурда далай ишкана ачып, далай бут тосуулардан чарчаган, – деди селсаяк киши.
Клиника
25 жашта эле, төрөгүсү келип шаардагы эң жакшы деген жеке клиникага барды.
Аны төрөгөнгө болбойт деп клиникада жатынын алып салышты...
Коргоо
Жаратылышта териси балуу жаныбарларды коргоо боюнча форумга белгилүү адамдарды чакырышты. Белгилүү адамдардын баары ошол жаныбарлардын терисинен жасалган кымбат кийимдерди кийип келишиптир.
Турмуштун туздуу боёктору
– Энеке!!! Мен балдарга билим берүүнүн оордуна, колума курал кармап, жоокер болуп согушка кетип жатам (Ч.Айтматов, “Саманчынын жолу”).
– Апаке... акча табыш үчүн окуумду таштап, контрактын акчасына билет алып, мигрант болуп кетип жатам (Азыркы көрүнүш).
Завод
– Биздин өлкөдө завод жоктугун ай! – деди жигит теңтушуна.
– Ооба дос, эгер болгондо сага окшогон мыкты механиктер чет жакка чыкмак эмес! – Каңырыгы түтөй сүйлөдү. Баары жок кылынган! Досун аэропортко узатканы келген жигит.
– Капа болбо, дос! – кетип жаткан жигит өзүнүн да, досунун да көңүлүн көтөрүү үчүн сүйлөдү. Бирок биздин өлкө өзү завод эсеспи! – Көзүнүн кычыгындагы жашын көрсөтпөөгө жумшак күлдү.
– Кандайча?!
– Заводдорго жумушчуларды экспорттойт эмеспи...
Айыкпас оорулуулар
– Чоң эне, атамды куткаруу үчүн биз жактоочууга үйдөгүнүн баарын саттык ко, эми бөбөгүм жумуртка жебесе да, биз айран ичпесек да, ат минбесем да атам чыкса болду эле. Эмнеге атам чыкпады? – прокуратуранын алдында жети жашар бала чоң энесине сүйлөп келе жатты.
– Балам, – көзүндөгү шорун көрсөтпөй, жер карай бүкчүйө чоң эне сүйлөп жатты. – Атаң коомдогу айыкпас оору менен ооругандарга кокустан тийип кеткен тура... Алар чөнтөктүн чени менен бирөөнүн тагдырын чечишпедиби!..
– Алар айыкпайбы?
– Ал оорусун өздөрү менен алып кетсе... коом оорубайт, балдарына өткөрүп берсе өкүнүчтүү. Коомдо оорулуулар көбөйө берет.
– Ал кандай оору?..
– Коррупция.
Эгер “РухЭш” сайтынын ишмердиги токтоп калбашын кааласаңыз, бизди колдоо үчүн төмөнкү банктык эсебибизге өз каалооңузга жараша акча которо аласыз... Мбанк+996 700 532 585 жана ЭЛСОМ +996 558 080 860, МойО +996 0700532585 жана Оптима банк-4169585341612561.
Колдоо көрсөтүү
KY
RU
EN
TR