Черчиллди сөзгө жыккан сөз чебери ким болгон?

  • 13.06.2023
  • 6012

Бир курдай кечинде Уинстон Черчилль зайыбы экөө Лондонду кыдырмак болушат. Экөө жарашыктуу бакчадан өтө берерде бейтаныш корукчу алдыдан чыгат. Премьер-Министрдин таңгалганы, тиги корукчу негедир анын зайыбына кайрылып сүйлөгөнү болуптур. Экөөнүн масилеттешүүсү бүткөн кезде Черчилль зайыбынан сурайт:

– Тиги сени менен эмнени сүйлөшкүсү келиптир?

– Мен ышкындай солкулдап турган кезимде акылынан адашып сүйүптүр мени, – дейт ачык мүнөз жубайы.

Премьер-Министр Черчилль айтат ошондо:

– Көрдүңбү, кокус ага турмушка чыкканыңда, сен азыр кароолчунун катыны болмок экенсиң...

Муну уккан Черчиллдин зайыбы ташка тамга баскандай жооп кайтарат ошондо:

– Жо-ок. Эгер мен ага турмушка чыксам, ал дагы Премьер-Министр болмок.

Булагынан https://web.telegram.org/ алынды.

Кыргызчалаган Бек Тамырлан

Эгер “РухЭш” сайтынын ишмердиги токтоп калбашын кааласаңыз, бизди колдоо үчүн төмөнкү банктык эсебибизге өз каалооңузга жараша акча которо аласыз... Мбанк+996 700 532 585 жана ЭЛСОМ +996 558 080 860, МойО +996 0700532585 жана Оптима банк-4169585341612561.

Окшош материалдар

Комментарий калтырыңыз