Тирүү жан кезикпес, чаалыгып чарчатчу узун жолдо ит ээрчиткен киши көрүнөт. Бутун тарталбай эси оойт, ити андан бетер чарчайт. Анан эле алдында көз жоосун алган жай турат! Кооздугу шумдук дарбаза, тосмо артында музыка сыбызгып, гүлдөр аңкып, суунун шырылдаган үнү. Кыскасы, жаның жыргап эс алчу жай экен.
— Бул эмне жай? — жолоочу дарбазачыдан сурайт.
— Бул жер – бейиш. А сен эбак өлгөнсүң. Эми төрүнө өт, жаныңды жай алдырып эс ал.
— А суусу болду бекен?
— Каалаганча суусун кандырсаң болот. Туптунук фонтаны, салкын бассейни бар…
— А шам-шум эткенгечи?
— Эмне кааласаң, баары даяр.
— Бирок жанымда итим да бар эле.
— Урматтуу мырза, тилекке каршы, итиңиз менен кирүүгө болбойт. Аны бул жерде калтырыңыз.
Жолоочу кайрадан жолун улайт. Бир далай убакыттан кийин ал фермага туш келет. Алдынан дагы эле дарбазачы кезигет.
— Тамагым кургап келаттым эле, — жолоочу суусундук сурайт.
— Кириңиз, короодо кудуктун суусу бар.
— А итимди кантем?
— Кудуктун жанында итаяк турат.
— Шам-шум эткенге болобу?
— Курсагыңды тойгузууга кудуретим жетет.
— А итимечи?
— Ага сөөк-саак табылат.
— Бул эмне болгон жай?
— Бул жер – бейиш.
— Бу кантип? Тиги сарайдын дарбазачысы биздики бейиш деп айтты го.
— Жанын жейт ал. Алардыкы тозок.
— Деги сиз ушу жайды бейиш дегениңиз кантип болсун?
— Баарыбызга так ушул жай керек. Бизде эч качан досторун таштап кетпегендер гана бейишке чыгат, – деген экен.
Материал https://web.telegram.org булагынан алынды.
Которгон Бек Тамырлан
Эгер “РухЭш” сайтынын ишмердиги токтоп калбашын кааласаңыз, бизди колдоо үчүн төмөнкү банктык эсебибизге өз каалооңузга жараша акча которо аласыз... Мбанк+996 700 532 585 жана Оптима банк-4169585341612561.
Колдоо көрсөтүү
KY
RU
EN
TR