Өмүрбек Абдырахман: Мамлекеттик менчик – коррупция булагы

  • 04.07.2023
  • 3573

Өмүкенин кеби – демократия деми – 8

Суроо-Жооп...

Mavlian Askarbekov:

- Система дегениңиз эмне? Мисал келтирсеңиз? Системаны ким ишке ашырат? О.Ф.Бисмарктын айтканына макул эмесизби? “С плохими законами и хорошими чиновниками вполне можно править страной. Но если чиновники плохи, не помогут и самые лучшие законы.

Өмүрбек Абдырахман:

- Mavlian, мисалы сенин Инфинити деген жапондук машинең батыштык система менен жасалган. Мыкты жүрөт, комфорттуу, аз бузулат… А Москвич деген советтик система менен жасалган машинечи. Москвич деле башка машинелерге окшош, бирок бузула берет, жакшы жүрбөйт, а комфорту - нөл…

Дагы бир мисал: менин 22 гектар алма багымды советтик система менен 10 сугатчы сугармак. Сугаты чала-була болмок, бир алма көбүрөк, бири азырак ичип, кээ бири таптакыр ичпей калмак. Мен сугатчылар менен урушуп жүрүп өмүрүм өтмөк. Азыр менде Израилден келген система иштеп жатат. 65 миң түп алманын ар бирине бирдей тамчылатып суу берип турат. А Бисмарктын 200 жыл мурун айтканы бизге өрнөк болалбайт. Ал кезде арабаны кол менен жасачу. А сенин Инфинитиңдин 90% роботтор жасайт. Роботтор – бул система, алар жаңылбайт, брак да чыгарбайт. А сен шаарды аралап тратуарларды текшерип чуркап жүрөсүң. Эгер система болгондо ал иштерди аутсорсингге берип, баары өзү эле сапаттуу жасалмак…

Мамлекетти башкарууда дүйнөдө 2 эле система бар: демократиялык жана авторитардык. Демократиялык системадагы өлкөлөрдүн баары өнүккөн, а авторитардык системадагы бизге окшогон өлкөлөр өнүгө алышкан жок.

Суроо-Жооп…

Manas Osmon:

- Бу АКШнын Кыргызстандагы өкүлдөрү үчүн улуттук нарк, салт-санаа деген баалуулуктар тыйынга арзыбай калыптыр.

Өмүрбек Абдырахман:

- Manas Osmon, сиз менен Мамкатчы экөөңөр эле кыргыздын салт-санаа, нарк деген баалуулуктарын карманган чыныгы кыргыз бойдон калдыңар окшойт…)))

Калганыбыз бузулдук, Американын интернети менен компьютерин пайдаланабыз, Боинги менен учабыз, телефонун колдонобуз, Фейсбүгүнан чыкпайбыз, Ватсабы менен бекер сүйлөшөбүз (кечинде эле Америкадагы Адилет деген досум менен 1 саат бекер сүйлөштүм), джынсысы менен кепкасын кийебиз… Бизди оңдобосоңор бовой калды…))))

Суроо-Жооп....

Бакыт Рыспаев:

- Шайлоодо ырчылар жок эл чогулбай койсочу?

Өмүрбек Абдырахман:

- Бакыт, кандидаттар жана партиялар элди чогултканга тыйуу салыш керек. 2 ай бою программаларын айтып, ТВлардан дебат кылышсын. Аким, мэр уюштурган жыйналышка чогуу барышсын. Көп акча сарптаган көчөдөгү жана ТВ рекламаларга да тыйуу салынсын. Телевизордон сүйлөгөндөрү эле реклама болот.... Эгер ушул системаны киргизсек, партиялар акчалууну эмес, акылдууну издей башташат....

Суроо-Жооп…

Ulan Ibraimov:

- Дүйнө экиге бөлүнүүдө: демократиялык системадагы өлкөлөр диктатордук системасындагы өлкөлөргө каршы күрөш болчудай...

Өмүрбек Абдырахман:

- Дүйнө башынан эле экиге бөлүнгөн: демократиялык жана авторитардык болуп, СССР баштаган социалисттик лагерь жана Батыштын демократиялык өлкөлөрү. (Жапония, Түштүк Корея, Австралия, Жаңы Зеландия Батыш демократиясына кирет).

СССРдин лозунгу: «Бүткүл дүйнөнүн пролетарлары бириккиле!» Дүйнөгө социализмди, анан коммунизмди орнотобуз деген максат болгон. Тарых көргөзгөндөй 1990-жылы СССР баш болгон социалисттик лагерь кыйрап калды. СССРден башка Чыгыш Европанын социалисттик өлкөлөрү демократиялык Батыш өлкөлөрүнө кошулушту. Орусия КГБ башкарган өлкө болуп кала берди. Орусия президенти Путин нефти менен газдын акчасына мас болуп СССРди кайра түзүүнү жана дүйнөдөгү демократияны алсыздандарууну баштады. Ошентип Молдованын Приднестровьесин басып алды, Грузиянын Абхазия менен Түштүк Осетиясын бөлүп алды. 2014-жылы Крымды кошуп алды. 2023-жылдын 24-фералында Украинаны толук басып алуу үчүн согуш менен кирди… Үч күндө Киевди алабыз деген Путиндин тилеги таш каап, азыр кантип согуштан аман-эсен чыгуунун айласын издеп жатат. Эмки авторитардык өлкөлөрдүн лидери Кытай болду. Кытай согушка түз чыкпаганы менен максаты – дүйнөдөгү демократиялык умтулууну тизгиндөө жана алардын башында туруу…

Канткен күндө да дүйнөдөгү тенденцияны карасак, демократиялык өлкөлөрдүн саны көбөйүп баратат. Авторитардык өлкөлөрдүн саны азайууда. Бул тенденция дагы улана бермекчи. Анткени адамзат эркин жашоого, адамдын укугу сакталган, өнүккөн жана согушу жок планетада жашоого умтулат.

Суроо-Жооп… (коррупция жөнүндө)

Mirlan Duishenbaev:

– Өмүрбек Абдырахман, эми сизден башкача коммент болбойт, Өмүрбек мырза))) Мыйзамдуулук жеңет деп ишенип туралы. Ага үмүт, ишеним бар.

Өмүрбек Абдырахман:

– Mirlan Duishenbaev, фактыны да карай жүрсөң…))) Коррупция демократиялык өлкөлөрдө жокко эсе. Коррупциянын аздыгы боюнча Рейтингде биринчи 50-орунду негизинен демократиялык өлкөлөр ээлейт. Акыркы орундарды авторитардык жана диктатордук өлкөлөр ээлейт. Кыргызстан Орусия менен жанаша 140-орунда. Демек, коррупция азайбастан, кайра күчөп жатат. Камоо, атуу, кустуруу менен коррупцияны жок кылуу мүмкүн эмес. Демократиялык системага өтсөк гана коррупция азаят.

Биз менен бирге 1990-жылы эркиндикке чыккан өлкөлөрдүн демократияга өткөндөрүндө коррупция кескин азайды:

  • Эстония – 15-орун;
  • Литва – 33;
  • Латвия – 39;
  • Грузия – 42;

Авторитардык кошуналар:

  • Казакстан – 103-орун;
  • Өзбекстан – 129;
  • Орусия – 139;
  • Кыргызстан -140;
  • Тажикстан – 156;
  • Азербайжан – 157;
  • Түркмөнстан – 170;

Суроо-Жооп…

Акылбек Мамбеткеримов:

- Өмүрбек агай, Акаев демократ болчу, анан жеке менчик киргизди, сомду киргизди деп мактап атасыз!

1. Гигант завод-фабрикаларды орду түбү менен ким жоготту?

2. Өнүккөн орто завод-фабрикаларды ким жоготту?

3. Айыл чарба жерлерди бытыранды майда чарбаларга бөлүп салып, бүгүн кайра ирилештире албай жатышат.

4. Билим берүү системасын толук талкалап, жер жайнаган жеке менчик ЖОЖду түзүп, натыйжада дипломдор сатыкка чыгып калды.

5. Бүгүнкү күндө Акаевдин сабатсыз муундары мамбийликте акча чогултуп гана олтурушат.

6. Коррупциянын, уурулуктун, чыккынчылыктын, арсыздыктын ардактуу символу катары өзүнүн ким экендигин көрсөтүп, тарыхка ынжык жана ылжак катары кирип калды.

7. Акаев 15 жыл ичинде өлкөгө кандай өнүгүү алып келе алды? Бир ишкана ача алдыбы? Эмгек акы, жөлөкпул ж.б.у.с. көтөрө алдыбы?

8. Аскердик самолётторду, танк, ж.б., көптөгөн курал-жарактарды ар кайсы жакка сатып, талап-тоногон.

9. Тажик менен чек араны чечпей, натыйжада көп жерлер аларга өтүп кетти.

10. Уурулар менен коррупциянер, бандиттердин коомдо үстөмдүгүн орнотту.… ж.б...

Өмүрбек Абдырахман:

- Акылбек Мамбеткеримов...

1. Гигант жана башка заводдордун дээрлик баардыгы согуш заводдору болгон. Аларды сага берсе иштете алат белең? Биз эмес Орусиядагы чоң заводдор иштебей калган.

2. Айыл жеринде элдин 70% жашаган. Аларга жерди бөлүп бербесе эмне болот эле? Аламүдүн районундагы (Кордой чек арага бараткан жолдо) Ленин атындагы эң мыкты деген колхоз болгон. Аны кооператив кылып алып калышкан. Жыйынтык кандай болду? Нөл. Азыр аларда 5 эски трактор, 1 комбайн калыптыр. Элдин дээрлик көбү үлүштөрүн алып чыгып кетишиптир. Кандай болгон күндө да азыр Совет убагындай картошканы Польшадан (колорад коңузу менен) сатып алган жокпуз. Жайы-кышы айыл чарба тамак-аштары жетиштүү…

3. Албетте, ирилешкен агрокомплекстер болуш керек. Бирок аны зордук менен жасай албайсың. Мамлекет аларга Резерв Фондундагы жерлерди берсе болот. Мен суусу жок куурай басып иштетилбей калган Кеминдеги 22 гектар жерди сатып алып, азыр италиялык алма бак өстүрүп, аны кыргыздарга үйрөтүп жатам. Сиз айыл чарба адиси экенсиз, кандай мыкты иш жасап жатасыз?

4. Эгер Совет өкмөтү жакшы билим берсе мамлекет өлүп калбайт эле… Туура, азыр да ошол эски Советтик система менен билим берип жатабыз, ошон үчүн алар диплом берет, билим бербейт… Билимге да реформа керек.

5. Туура, азыркы бийликтегилердин билимдери начар, баары коррупциялашкан… Бирок алар Асмандан түшкөн жок, аларды кыргыз эли шайлады… Акаевди да, башка президенттерди да кыргыз эли шайлаган, демек, алар кыргыз элине туура келген президенттер…

Акаевдин кеткенине 18 жыл болуптур. Андан бери неге оңолбойбуз? Эмнеге мыкты президент шайлап өнүгө албайбыз? Эли кандай болсо башчылары ошондой…

Суроо-Жооп…

Кыргыз Саяков:

- Өмүрбек Абдырахман, ошол сизге президенттердин кимиси жагат?

Өмүрбек Абдырахман:

- Кыргыз Саяков, мага мурун Акаев жакчу. Анткени мурунку партбоссторго салыштырганда демократ жана реформатор болчу… Ленин «жер дыйкандарга, завод-фабрика – жумушчуларга!» деген лозунг менен бийликти алган. Бийликти алгандан кийин Ленин менчиктин баарын мамлекеттик кылып, жеке менчик дегенди жок кылып, жумушчу менен дыйканды кул кылып салган. Ошол кулдуктан эмгиче кутула албай жүрөбүз. СССРдин өлүшүнүн эң негизги себеби ушул болгон.

Акаев Лениндин ошол лозунгун ишке ашырды: жерди, малды элге бөлүп берди, соода-сатык ишканаларды, завод-фабрикаларды приватташтырды. КМШда 1-болуп сомду киргизди. Менчик пайда болуп, дефицит деген неме жоголду… 90-жылдары өзбектер, казактар биздеги экономикалык эркиндикке суктанышчу… Алма-Атада бензин жок километр кезек болуп турганда Бишкекте бензин толтура болчу. Анткени бизде бензин ташыган, саткан менчик эле, Казакстанда мамлекет башкарчу… Ошол себептен биздин сом Орто-Азиядагы эң туруктуу валюта болгон. Биз да, Казакстан да 1 долларды 4 сом, 4 тенге менен киргизгенбиз. Азыр бизде 1 доллар 88 сом, Казакстанда - 442 тенге…

Бирок биздин өнүгүп кетишибизге көп тоскоолдуктар болду. Эски партократтар көпчүлүк болуп, демократияга, либералдык экономикага бут тозушту. Жаңы заманды, жеке менчикти, бизнести колдогондор аз болду. Ошентип Акаев 2-мөөнөтүнүн аягында реформаларды токтотуп, кайра Советтик система менен, Апас Жумагуловго окшогон эски кадлар менен иштей баштады…

Мен мурун Акаевдин реформаларын колдоп жүрсөм, 3-мөөнөтүндө сындай баштагам. Азыр да кыргыздардын көпчүлүгү Акаевди мамлекеттик менчикти таратып ийгени үчүн күнөөлөшөт.

Мамлекеттик менчик эч качан ийгиликтүү иштебейт. Мамлекеттик менчик – коррупция булагы. Башка президенттер иштемиш этип жүрүштү, бирок бир да олуттуу реформа жасай алышкан жок…

Суроо-Жооп…. (Люстрация жөнүндө).

Жолдош Турдубаев:

- Люстрация такыр мүмкүн эмес дейсизби? Саясатты кантип тазартууга болот ансыз?

Өмүрбек Абдырахман:

- Жолдош, люстрация мүмкүн, ал болуш үчүн шарт керек. Чыгыш Европа жана Балтика өлкөлөрүндө кабыл алынган Люстрацияны карап көрөлү. Аларда система алмашты, авторитардык системанын ордуна демократиялык система орноду. Бийликке келген демократтар эски бийликтин башчыларын люстрация тизмесине кошуп, мыйзам кабыл алышты. Аларды камаган жок, бирок мындан кийин мамлекеттик кызматка, саясатка киришүүгө тыйуу салышты.

А бизде үч төңкөрүш болсо да система алмашкан жок, азыр да эски системада жашап жатабыз. Эгер азыр люстрация кылса (ким президент болбосун) өзүнө каршы адамдарды, коркунучтуу оппозицияны, баш ийбеген олигархтарды ал тизмеге коштурат. Ошентип өзүнүн тегерегин дагы 5-10 жылга тазалап алат. А эски система кала берет. Айтып койчу нерсе, мен Америкадан люстация мыйзамынын долбоорун Убактылуу Өкмөттүн мүчөлөрүнө жөнөткөм, бирок Текебаев, Отунбаева, Атамбаев каршы болуп коюшкан. Ал мыйзам долбоорунда бир да фамилия болгон эмес. Эң чечүүчү кызмат башчыларынын иш орду гана көрсөтүлгөн. Ошондо 120дай адам люстрация тизмесинде болмок…

Люстрация жаңылануунун стартери гана, а саясатты, чиновниктерди демократиялык система өзү тазалайт…

Салыштыруу: эки Германия

Германия согуштан кийин экиге бөлүнүп калган: ФРГ жана ГДР болуп. Америка Батыш Германияны бошотуп, демократиялык система кылып ФРГны түзгөн, а СССР Чыгыш Германияны бошотуп социалисттик кылып ГДРды түзгөн (Германская Демократическая Республика). «Жаман иттин аты Бөрүбасар».

Эки Германия 45 жыл жанаша өнүгүштү. 45 жылдык мезгилде өнүгүүсу боюнча ГДР ФРГдан 30 жылга артта калган. ФРГ Мерседес, БМВ чыгарса, ГДР Трабант деген Запорожецтен да начар машина чыгарган.

1990-жылы ГДР өзүнөн өзү өлүп калды… Анын артынан СССР түзгөн Польша, Венгрия, Болгария, Румыния, Чехословакия, Албания, Югославия… ыдырап жок болушту. Алардын ордуна демократиялык өлкөлөр пайда болду…

Америка менен дос болсоң ФРГдай демократиялык мамлекет куруп, ФРГдай өнүккөн өлкө болосуң. Оруссия менен дос болсон ГДРдай болуп өнүкпөй каласың. Кандай система түзсөң ошондой жашайсың…

Суроо-Жооп…

Базарбек Кыдыралиев:

- Европа, Америка бизге эмне кылып койду. Украина согушун карапайым элди кыйнабай токтотпойбу, мейли, Крым, ДНР, ЛНР Украинанын курамында калсын, улутчулдукту токтотуш керек да, орустар оюндагысын бербеген эл экенине деле ынанып бүттүк ко, АКШ менен Англия эмнеге экинчи дүйнөлүк согушта Германияга болушпай, СССРге кошулуп, кийин кайра каршы чыкты, баардыгы АКШ ойлогондой боло бергендин жыйынтыгы Украинадагы согушка алып келди.

Өмүрбек Абдырахман:

- Базарбек Кыдыралиев, бир аз тарыхтан, саясаттан сабак алышың керек экен…))) Америка баскынчыга каршы күрөшөт, ошон үчүн согушта СССРге көп жардам берген… Германия талкалагандан кийин экиге бөлүнүп калган. СССР бошоткон жагы ГДР болуп социализм курган, Америка бошоткон жагы ФРГ болуп капитализм курган. 2 Германия параллель 45 жыл өнүгүштү...

СССР демократиялык дүйнөгө каршы куралданып жатты. «Бүткүл дүйнөнүн пролетарлары бириккиле!» деген ураан менен дүйнөгө социализм курам деп аракеттенди. Ошентип «холодная война» башталды. 1990-жылы СССР да ГДРдей болуп өлүп калды. СССР түзгөн чыгыш Европадагы 10 мамлекет да өлдү. Алар Батышка ооп, демократиялык мамлекет түзө баштады…

Путин да СССРди кайра түзүп, Батыш өлкөлөрүн чөгөлөтөм деген планы менен мурунку Союздук өлкөлөрдү басып ала баштады. Молдавиянын Приднестровье обласын басып алды. Грузиянын 2 облусун басып алды. Украинанын Крымын, Донбасс, Луганскисин басып алды.

Былтыр 24-февралда Украинага кол салды… Баягы эле Америка менен Англия баш болгон демократиялык өлкөлөр баскынчыга каршы Украинага жардам берип жатат. Украин эли өз мекенин коргоп калыш үчүн болуп көрбөгөндөй баатырдык менен өз жерин бошотуп жатат…

Азыр орус ТВлары ачык эле Казакстандын Түндүк тарабын талашып жатышат. Кыргызстанда Роzzиянын Аскер базасы Кантта турат… Эми түшүндүңбү?

Суроо-Жооп…

1993-жылкы Конституция боюнча сурагандар көп…

Өмүрбек Абдырахман:

- 1993-жылы кабыл алынган Конституция 1993-жылы чыккан Москвичтей эле нерсе…))) Ал Конституцияны Москвадан чакыртылып келген Алексеев деген адам башчы болуп жазышкан.

Тоталитардык СССРдин Конституциялык Сотунун (надзор) башында турган адам жана биздин советтик адамдар жаңы демократиялык Конституцияны кантип жазмак эле.

Ошентсе да 1990-жылдагы СССРдин ыдырашы, жаңы суверендүү өлкөлөр пайда болушу – чоң келечекти үмүттөндүрүп, Конституцияны болушунча деклоративдик маанайда жазышкан… Ушул себептен көп адамдарга 93-жылкы Конституция жагат…

Бирок каалоо болгону менен, өздөрүн «легендарлуу» деп атап алган коммунисттик элитадан турган парламент жана биринчи президент Аскар Акаев жаңы Кыргызстандын өнүгүү багытын так аныктай алышкан эмес.

Американын Конституциясы 1787-жылы кабыл алынган… Конституцияны жазардан мурун алар өнүгүү багытын так көргөзүп, демократиялык жолду тандап алышкан. Алардын негизги максаты жана баалуулуктары Адамдын эркиндиги жана укугу болгон. Аны камсыз кылуу үчүн Конституциянын башка беренелери жазылган… Андан бери 236 жыл өтсө да ошол Конституциянын өзөгү өзгөрбөстөн сакталып турат… Ал Конституцияда каралган демократиялык система Американы дүйнөдөгү эң кубаттуу жана бай мамлекетке айлантты…

Биз Конституциябызды кабыл алгандан бери 30 жыл өтсө да максатыбызды, өнүгүү багытыбызды дагы эле так айта албай келебиз. Өнүгүү багытыбыз так болбогондон кийин кандай Конституция болсо да жардам бербейт.

Ар кайсы райондук соттор Конституциянын каалаган беренелерин токтотуп коё алат. Мисалы, Конституцияда гарантияланган граждандардын чогулуш эркиндигин райондук сот токтотуп койду. Сөз эркиндиги боюнча Конституциянын беренесин көпчүлүк учурда бийликтегилер аткарбайт… ж.б.

Суроо-Жооп…

Бексултан Мамытов:

- Биз Орусия менен АКШга Орто Азиядагы бир буюм эле көрүнөбүз. Андыктан, экөөнүн тең кыргызга бир тыйын пайдасы жок. Андан көрө ошо баарыбыз суктанып жаткан Американын башкаруу системасын алалы, бирок өзүнө "кокуй, ушунун карамагында болсок жыргап калабыз" дегенди токтотолу.

Өмүрбек Абдырахман:

- Бексултан, Американын айфонун, ватсабын, интернетин, фейсбугун, Боингин, джынсысын, кепкасын, технологияларын… өнүктүргөн системасын алалы, бирок Америкадан алыс бололу дейсиң…))))) Логикаң укмуш ко… Америкага кошулалы деп Референдум өткөргөн өлкөлөр бар, бирок Америка бирин да кошуп албайт… Америка демократиялык система курсаңар өнүгөсүңөр деп гана айтат. Аракет кылган өлкөлөргө жардам берет. Бир эле кичикий мисал, Кыргызстандын айылдарына водопровод курган «Таза Суу» долбоору Американын акчасына салынган… Аны бир да кыргыз эстебейт…)))

Демократиялык система дүйнөдөгү өлкөлөрдүн баарына бирдей универсалдуу, Жапонияга да, Австралияга да, Тайванга да, Канадага да, Европа өлкөлөрүнө да… Демократия деген коомдун өнүгүү стандарты. Ал Американыкы да, Англияныкы да эмес. Бул эки өлкө биринчилерден болуп демократия орнотуп өнүккөн өлкөлөр… Демократия кыргызча, монголчо же африкача болбойт. Демократия стандарттарын орното алсаң өнүгөсүң, орното албасаң жүрө бересиң көрүнгөндөн акча сурап... Акылбек Жапаровго окшоп…)))

Суроо-Жооп...

Жаштар эмнеге умтулат? (Saat.kg)

Экс-депутат Өмүрбек Абдырахман жаштардын саясатка аралашып, бирок эски, келечеги жок социалисттик идея менен ооруп жүргөндөрү бар экенин айтты.

«Азыркы жаштардын айрымдары мыкты билим алсак, англис жана башка тилдерди үйрөнсөк деп аракет кылып жүрүшөт. Бир топ жаштар Америкада, Европада, Кытайда, Орусияда, Малайзияда жана башка өнүккөн өлкөлөрдө билим алып, окуусун бүткөндө дүйнөлүк белгилүү компанияларда ийгиликтүү иштеп жатышат. Ал эми көпчүлүк жаштардын мага жакпаган жактары болсо билим алууга эмес, диплом алууга умтулушат. Айтор, коом кандай болсо жаштарыбыз да ошондой» — дейт Өмүрбек Абдырахманов.

Кошумча акча табуу үчүн мамлекеттик кызматка умтулушат. Абдырахман жаштарга улуу муун дурус мамлекет түзүп бере албаганын айтууда.

«Авторитардык-советтик система жаштардын өсүшүнө балта чабат. Мамлекеттик жумушта иштеген жаштар коррупцияга сугарылып, бузулуп бүтүштү. Аларга мамлекет жетишерлик айлык төлөбөйт. Ошондуктан жаштар айлык үчүн эмес, кошумча акча табыш үчүн мамлекеттик кызматка умтулушат. Демек, биз мамлекеттик башкаруу системасын реформа кылып, демократиялык стандарттарга алып келбесек өлкөбүз өнүкпөйт жана жаштардын келечеги болбойт. Эгер өзгөрүү кыла албасак, билими жана саясый түшүнүгү жок шоопурлар, жансакчылар, чарба башчылар, олигархтар жана эски саясый интригандар азыркыдай болуп мамлекетти башкара беришет», - деди ал.

Суроо-Жооп…

Аскербек:

- Адамдар жана улуттар ийгиликке жетиш үчүн кандай негизги касиеттерге ээ болушу керек?

Өмүрбек Абдырахман:

- Улуттар жана адамдар сын көз караш (критическое мышление) менен стандарттан тышкары (нестандартное мышление) ойлонууну үйрөнгөндө гана ийгиликке жетет. Көпчүлүктүн агымы менен кете бергендер да, мамлекет да ийгиликке жетише албайт…

Дүйнөдөгү Реформа жасаган башкаруучулар коомдун өнүгүшүнө сын көз менен караган адамдар болгон. Алар стандартуу эмес жол менен өз өлкөсүн тез арада өнүккөн өлкөгө айландырышкан…

Аскербек:

- Алар кимдер жана кайсы өлкөлөр?

О.А.:

- Алар Сингапурду тез арада эң өнүккөн өлкөгө айландырган Ли Куан Ю, Эмираттарда чөлдү гүлдөгөн өлкө кылган шейх Зайид, Түштүк Кореяны эң алдынкы өлкөлөрдүн катарына кошкон Пак Чон Хи, криминал менен коррупция башкарган Грузияны демократтялык заманбап өлкө кылган Саакашвили… жана башкалар…

Эгер “РухЭш” сайтынын ишмердиги токтоп калбашын кааласаңыз, бизди колдоо үчүн төмөнкү банктык эсебибизге өз каалооңузга жараша акча которо аласыз... Мбанк+996 700 532 585 жана ЭЛСОМ +996 558 080 860, МойО +996 0700532585 жана Оптима банк-4169585341612561.

Окшош материалдар

Комментарий калтырыңыз