Ашым Жакыпбектин “Теңири Манас” китебиндеги уңгулуу сөздөрдөн:
* * *
Манас – “Манас” болмогу элден. Эл чыгарган, эл сактап келген. Көп миң жыл мурда көзү ачылган булак болуп башталса, бүгүн ал чалкыган деңиз сымал. Бул узак тарыхында кыргыз башынан эмнелерди кечирбеди, “белес-белден беш удургуп”, бирде кызыл бороон болуп албууттанса, бирде кумга сиңген суудай дайынсыз өчүп турду. Ал ортодо “тоо бузулуп сай болуп... эчен кылым эл өттү”. Эгер кыргыз бүгүнкү күнгө жетпей жоголуп кеткен болсо улуу эпосу кошо жоголмок. Антпеди, анте алмак эмес, “Манас” башка элге барып жуга алмак эмес – ал нукура кыргыздыкы, кыргыз рухунун түбөлүктүү кенчи болуп сакталып кала бермек. “Манасты” кыргыз жараткан, кыргызды “Манас” сактаган.
* * *
Эл башына күн түшсө,
Эл тилеген эр келет,
Эр убайын эл көрөт.
* * *
Мөмөсүз дарак отун тура.
* * *
Эркек бала шок болсун,
Эр болбосо жок болсун... (Эл сөзү)
* * *
Сөздүн баркына жетпеген хан да ханбы?!
* * *
Өкүмү болбой өнүкпөйт, башчысы болбой маарыбайт эл, башаламан жарыбайт эл. Жарактуу киши зар болбойт, хандуу киши кар болбойт.
* * *
Касташсаң да кастын намысын кордобо.
* * *
Ант. Бул эзелтен келаткан ыйык ант! Ант бузулбайт, бузганды ант урат, жалгыз жаны эмес укум-тукумуна доо кетет.
* * *
Кекчил эрдин намысы тоодой.
* * *
Айтылар сөз өзү айтылат, а бирок кыргыз салтында, жакшылардын наркында жоо чаап келатса да даам үстүндө, кызуу сөз ичинде отургандарды дүрбөлөңгө түшүрбөйт.
* * *
Арам ойлуу бузуктардын сөзүнө азгырылсаң азарсың. Тууган деген ошол, бар болсо көрө албайт, жок болсо асырай албайт.
* * *
Көңдөйгө сөз уюбайт турбайбы, катыгүн!
* * *
Эрге тең эр болгула!
* * *
Аял – эрдин жарым өмүрү, санаа тартса сырдашы, жан кыйналса муңдашы, өмүрлүк жары – курдашы, жолдош-жорого жайыл дасторкон кенен, жортуул жүргөн эрге сайдырбас берен болмогу абзел.
* * *
Сабырдын түбү – сарсанаа.
* * *
Чачылган мүлк кор болот, жөн билбеген жаш бала кеңешчи күтпөй, ээ күтпөй, бекерге өзү шор болот.
* * *
Баланын жаманы атасы өлгөндө бир көбөт, катын алганда бир көбөт.
* * *
Айыл үстүлүк кылыш арсыздык болор!
* * *
Аздын арманы күчтүү, көптүн дарманы күчтүү.
* * *
Алаамат башы күүлөнтөт, аягы – түгөтөт.
* * *
Корккондон жүрөк жарылбайт, кубангандан маңдай айрылбайт.
* * *
Үзүлгөндү улап, чачылганды жыйнап, эл эгеси болуш деген билеги күчтүүнүн гана колунан келе бербейт.
* * *
Эл сагынса эр туулар!
* * *
Эмгек этсең, үзүрүн элиң көрөт.
* * *
Элдин балалыгы же карылыгы болбойт, болсо зор болот, болбосо кор болот.
* * *
Ынтымагы бар элге ырыс жугат, ынтымагы жок элди каргыш урат.
* * *
Чыгаан эр элдин башын бириктирет, чыкпас көр элди ичтен иритет.
* * *
Эл ынтымагын уютар аталары бар болсун кыргыздын, элдин ырыс-кешигин байытар энелери бар болсун кыргыздын, эл жакасын бейкут багар кыраандары болсун кыргыздын.
* * *
Кулак экөө, сөз бирөө.
* * *
Арамдар түбү бирикпейт. Арамды ошон үчүн арам дейт.
Топтогон Мээрим САЙДИЛКАН
Эгер “РухЭш” сайтынын ишмердиги токтоп калбашын кааласаңыз, бизди колдоо үчүн төмөнкү банктык эсебибизге өз каалооңузга жараша акча которо аласыз... Мбанк+996 700 532 585 жана ЭЛСОМ +996 558 080 860, МойО +996 0700532585 жана Оптима банк-4169585341612561.
Колдоо көрсөтүү
KY
RU
EN
TR