АҢГЕМЕ
– Алар эттен жасалыптыр.
– Эттен дейсиңби?
– Ооба. Алар эттен жасалыптыр.
– Эттенби?!
– Так ошондой. Биз планетанын ар кайсы жеринен бир канча экземпляр алып, чалгынчы кемебизден болушунча текшердик. Алар толугу менен эттен жасалыптыр.
– Шумдугуң кургур! А жанагы радиосигналдарчы? Жылдыздарга жөнөтүлгөн кабарлар?...
– Кабарлашуу үчүн радиотолкундарды колдонушат экен. Бирок ал сигналдарды өздөрү жибербейт. Аны машиналар жиберет.
– Ал машиналарды ким жасайт экен? Биз ошолор менен байланышыбыз керек.
– Аны ошолор жасайт. Мен эмнени айтып жатам сага. Ошол эттер машиналарды жасайт экен.
– Кайдагыны айтпачы! Эт кантип машина жасасын? Же сен эмне эттин эстутуму, сезимдери бар дегенге мени ишендиргиң келип турабы?
– Мен сени эч нерсеге ишендиргим жок. Мен чындыкты айтып жатам. Булар бүтүндөй сектор боюнча жападан-жалгыз акыл-эстүү жандыктар. Бирок алар жалаң эттен турат.
– Балким алар орфолейлердей болуп жүрбөсүн? Эсиңдеби, баягы өсүп жетилүү маалында эт фазасынан өткөн карбондуу интеллекттерчи?
– Жок, алар эт болуп туулуп, эт бойдон өлүшөт. Биз алардын жашоосунун бир канча циклин изилдеп көрдүк. Айтмакчы, алардын жашоосу да кыпкыска экен. Сен деги ал эттер канча жашарын элестете аласыңбы?
– Өх, эзбечи суранам... Макул. Балким, алар бүт бойдон эттен турбайттыр? Баягы... веддилейлердей. Ичинде электро-плазмендүү мээси бар эттен жасалган баштуу немелерчи.
– Жок, жок! Алгач биз дагы алардын башы эттен турарын көрүп, ошондой ойлогонбуз. Бирок кийин жана айтканымдай ар бирин текшердик. Башынан аягына чейин текшердик. Бардык жери бүт бойдон эт экен. Сырты кандай болсо, ичи да ошондой.
– А мээчи, мээ?
– Мээси деле бар, кадимкидей. Болгону ал дагы эттен турат.
– А ойлор кайдан келет?
– Түшүнбөй атасыңбы? Ойлорду мээси пайда кылат. Эт.
– Эттен ой чыгат бекен? Сен эмне эттин акыл-эстүү экенине ишенишимди каалайсыңбы?
– Ооба, акыл-эстүү эт. Сезимдери бар эт. Абийирдүү. Түш көргөн эт. Чылк эле эт. Түшүнүп атасыңбы?
– Оо, Кудай... Чын элеби?
– Чыпчын. Алар кадимкидей эле эттен жасалыптыр. Жана өздөрүнүн эсеби боюнча акыркы жүз жылдан бери байланышка чыгууга аракет кылып келатышат.
– Деги алардын каалаганы эмне экен?
– Азырынча жөн эле баарлашкысы келет... Андан кийин, байкашымча ааламды аңтаргысы келгендей. Башка дүйнөлөрдүн аалымдары менен байланышып, алардын идеяларын, маалыматтарын уурдагысы келет. Кыскасы, баягыдай эле...
– Демек, эт менен да сүйлөшүүгө туура келет экен да э?
– Кептин баары ошондо болуп жатпайбы. Алар «Алло! Тирүү жан барбы? Ким бар?» деген сыяктуу былдыраган сигналдарын кайра-кайра жиберип көшөрүп отурат.
– Эмне ошондо алар кадимкидей сүйлөшөт бекен? Сөздөрдү, ойлорду, түшүнүктөрдү колдонушабы?
– Колдонгондо да кандай! Айрыкча жанындагы эттер менен...
– Бирок сен аларды радио колдонот дебедиң беле!
– Ооба, бирок... Алар эфирди эмне менен толтурат дейсиң? Эттин үндөрү менен толтурушат. Жанагы эт менен этти тийиштиргенде чыккан чылпылдаган үндү билесиңби? Алар бири-бири менен ошондой чылпылдашат. Ал тургай кысылган абаны эттин арасынан сызылтып чыгаруу аркылуу ырдашат дагы.
– Мына сага! Ырдаган эт дечи! Жо мунуң ашыкча болуп кетти.... Кана эми эмне кыл дейсиң?
– Расмий жагын сурап атасыңбы же дос катары элеби?
– Андайы деле, мындайы деле.
– Расмий жагынан биз алар менен байланышка чыгып, саламдашып, эч кандай шектенбей, чочулабай, жалтактабай эле бул тармактагы ой жүгүрткөн жана көп кырлуу аң-сезими бар жандыктарга байланышууга уруксат беришибиз керек. А жеке дос катары сурап жаткан болсоң, мен бул шайтан алгырлар тууралуу маалыматтардын баарын өчүрүп, ушундан нары биротоло эсимден чыгарып таштамакмын.
– Мен да сенден ушуну угам го деп күткөм.
– Бул албетте, айла жоктун иши. Бирок ар нерсенин чеги болуш керек да! Же эмне биздин ошончолук эле эт менен сүйлөшкүбүз келип жатыптырбы?
– Мен сага толук кошулам! Өзүң деле ойлоп көрчү, «Салам, эт! Кандайсың?» дедик дейли. Анан? Деги алар канча планетага жайгашыптыр?
– Бир эле. Алар эттен жасалган өзгөчө контейнерлер менен нары-бери жүрө алышат, бирок анда жашай алышпайт. Анан калса алар эт болгон үчүн бир гана С кеңдигинде жашай алышат. Ошондуктан нурдун ылдамдыгына жете алышпайт. Демек, алар менен байланышка чыгуу ыктымалдуулугу деле таптакыр төмөн. Тагыраак айтканда, жок дегидей аз.
– Андай болсо, жөн эле Ааламда эч ким жок дегенсип койгонубуз жакшы го э?
– Так ошондой.
– Кыйын... Бир чети сеники да туура. Эт менен эле кимдин жолуккусу келип жатыптыр? А тиги текшерүү үчүн алганыңар эч нерсе эстебей каларына кепилдигиң барбы?
– Бирөө-жарымы эстеп калган күндө деле аларды жинди деп коюшат. Биз алардын башына кирип барып ушундай карадык дейсиң, алар бизди түшүндө көргөндөй эле болду.
– Эттин түшү... Элестет, биз эттин түшүнө кирип атабыз!
– Андай болсо картанын бул секторунун баарын эч бир жашоо жок аймак катары белгилеп койолу.
– Эң сонун! Толугу менен кошулам. Расмий дагы, жеке арабызда да ошондой болсун. Маселени ушуну менен бүтүрөлү. Башка эмне бар? Галактиканын наркы бетинде дагы эмне кызыктар бар экен?
– Баягыдай эле... 445-зонанын тогузунчу класстагы топ жылдызында бир тартынчаак, бирок татынакай водороддон турган жандык бар экен. Бир канча галлактикалык мезгил мурун байланышка чыккан. Ошол кайрадан достук жиберип жатат.
– Өхх! Деги булардан качып да кутула албайбыз го!
– Койчу эми наалыбай! Ойлонуп көрчү, бул ааламда биз эле болгонубузда, ал кандай гана муздак болот эле!
Которгон: Насыпбек Асанбаев
Эгер “РухЭш” сайтынын ишмердиги токтоп калбашын кааласаңыз, бизди колдоо үчүн төмөнкү банктык эсебибизге өз каалооңузга жараша акча которо аласыз... Мбанк+996 700 532 585 жана ЭЛСОМ +996 558 080 860, МойО +996 0700532585 жана Оптима банк-4169585341612561.
Колдоо көрсөтүү
KY
RU
EN
TR