Азис Несин: Гезитпи? Биздин үйдө ага орун жок

  • 24.07.2023
  • 0

АҢГЕМЕ

Балдар өсүп жаткан үйгө гезит алып келүүгө жол берүүгө болобу! Алар канча-канды ичти дейсиң. Улуу уулум экинчи класста окуйт, кызым – биринчиде, а эң кичүүм – азырынча үйдө. Дем алыш күн эле үй-бүлөбүз менен чогуу отурганбыз. Дем алыш күндөрү беш гезит, башка күндөрү үч гезит алабыз.

– Чоң эне, стриптиз деген эмне? – деп калды уулум. Чоң энеси ушул эле бөлмөдө кир үтүктөп аткан.

– Ок! Жап жаагыңды! Мындай сөздү кайдан билесиң! Мындай сөз үчүн тилиңе калепмир салыш керек! Тантыраган сөздүн баарын үйрөнүп алышат, – деп ачуулана кетти, ага менин апам.

– Эч нерсени үйрөнгөн жокмун, гезитке жазып жатышпайбы… мына стриптиз Жылдызы… – деп турбайбы дейт балам.

– Мен сага сүйлөбө деп жатам!.. – апам кыйкырып келип, уулумдан гезитти жулуп алды.

– Бекер эле кыласың, – дедим апама, – жооп берип койбосоң, ого бетер кызыга беришет да…

– Ошол эле жетпей жатыптыр! – деди апам. – Мен ушул жашымда балаңа стриптиз эмне экенин түшүндүрөйүнбү!

Апасынан жооп болбосун сезген уулум мага кайрылды:

– Папа, стриптиз деген эмне?

– Алып келчи гезитти, карап көрөйүн.

Ал гезитти мага берди… М-да, сүрөт көрүнүктүү экен. Уулума бул эмне экенин түшүндүрө баштаганда берки эки балам да жаныма жүгүрүп келишти:

– Бул сүрөттү көрдүңөрбү… Эгерде аял кийимдерин биринин артынан бирин чече баштаса, мына ошону стриптиз дейт. Тиги аял ошентип чечинет да барып уктайт…

– А балдар стриптиз кылышпайбы? – деп сурады кызым.

– Жок, аны кыздар эле жасашат.

– Эмне үчүн?

Буга эмне деп жооп бересиң?

– Эркектер минтип чечинбейт, – дедим, – аялдар гана ошентишет.

– А мен стриптиз кыламбы?

– Дагы эмне!.. – бакырды чоң энеси.

– Сен антпейсиң, кызым… – дедим.

– А эмне үчүн, мен эмне кыз эмес бекемин?

– Жинди, сен азыр кичинекейсиң да, чоңойгондо жасайсың, – дейт уулум билерман немедей корсоюп.

– Чоң эне, а сиз стриптиз кылдыңыз беле? – кызым капилеттен сурады.

– Үйрөт, үйрөт ошентип, – деп апам мени жаман көзү менен карап алды да, башын чайкап ашканага чыгып кетти.

Ошол күнү кечинде биздикине менин үч жолдошум – режиссёр, инженер, баш директор аялдары менен келишмек…

Менин кино тармагына кызыгып жүргөнүмө көп болду. Жолдошторум менен кинокомпания түзүүнү ойлоп, бүгүн ошол маселени талкуулоо үчүн чогулмакпыз. Мен сценарийин жазып, баш директор менен инженер акчасын таап, инженердин аялы башкы ролду аткарып, режиссёр тартмак. Ошентип биргелешип иштеп, өзүбүздүн алгачкы кинобузду аз каражат менен тартып бүтмөкпүз.

Коноктор чогула башташты. Ал-жайыбызды сурашып, үстөлгө али отура элекпиз. Балдар адатынча чуркап чыгышты. Аяштарым биздин балдарды жакшы көрүшөт. Аңгыча эле улуу уулум мурдагы бийчи, режиссёрдун аялына кайрылганын кулагым чалды:

– Эже, сиз стриптиз жасай аласызбы?

Ал сөзсүз баласына атайын үйрөтүп койгондой көрдү да…

– Хы, хы, хы, – эмне кыларымды билбей мукактандым. – Ал бүгүн гезиттен окуп алыптыр. Шайтан алгырлар десе!

– Ата, – деп кайрадан үн катты улуу уулум, – сен бизге алар эмне үчүн чечинишерин түшүндүргөн жоксуң го.

Аялым аларды башка бөлмөгө алып кеткиче шашты. Биз жаңы эле кино тууралуу сөз баштаганбыз. Аңгыча болбой эле колуна гезит кармаган уулум кирип келип, түз эле инженердин аялына кайрылды.

– Эже, жалапкана деген эмне? Сүрөттөрү бар экен… Карасаңыз…

– Бери кел, – дедим дароо. – Бери кел, мен түшүндүрүп берем… Жалапкана…

Уялганымды айтпа… конокторго кайрылдым:

– Бала да… Балдар баарын билгилери келет. Гезиттен эмне көрсө, сурай беришет.

– Бол эми ата, айтып бербейсиңби…

– Жалапкана жөнөкөй эле үй, бирок ал жакта жалаптар жашайт…

– А биздин үй жалапканабы?

Коноктор каткырып жиберишти.

– Жок, – дедим. – Биздики өзүмдүк үй…

– Мен эч нерсе түшүнгөн жокмун, “жалапкана” деген эмне?

– Сага шашпай түшүндүрүп берем, бар, бөбөктөрүңдүн жанына жөнө… — Бул жолкусунда гезитти көтөрүп алып кызым кино жылдызынын жанына келди:

– Эже, окуп бериңизчи, бул эже эмне деп жатат…

– Кайсы эжең?

Ал газетадагы атактуу кино актрисанын сүрөтүн көргөздү.

– Ал эжең: «Атак-даңкка жол – режиссёрдун төшөгү аркылуу өтөт» — дептир.

– Гезитчилердин ойлоп чыгарган былжырагы, – деди режиссёрдун аялы.

– Ата, а эмне үчүн жол төшөктөн өтөт?

– Кызым, сен кээде апаң менен жатып жүрбөйсүңбү?

– А кино жылдызынын өзүнүн төшөгү жокпу?

– Бар, кызым, бар… Бар, бирок кээ бирде… Кээ бирде, мисалы, автобуска кечигип калат же ооруп калат…

Инженердин аялы ордунан тура баштады.

– Уруксат этсеңиздер биз кайталы, – деди ал.

– Ой шашпагыла, али эрте го. Тамак ичип кетиңиздер.

– Ал таарынып калды, – деди инженердин аялы.

– Коюңуздарчы, эмнеге таарынмак элем? Кичинекей акылы кире элек бала жалапкана жөнүндө сураганы үчүнбү? Эмнеге баарыңардын өңүңөр өзгөрө түштү?

Башкы директордун аялы да ордунан козголду:

– Биз деле жылалы…

– Мырзалар, суранам… Бизди кечирип койгула… Эгерде биздин балдар…

Конокторубуз акырындан жыйналып тарап кетишти. Кино тууралуу оюбуз ишке ашпай калганы аз келгенсип, менин досторум, аяштарым бизге, бири-бирине таарынышып тарашты.

Аялым ачууланып, балдарды сабап киргенде, араң арачаладык. Балдарды сабаган педагогикага туура келбейт да…

Ошол күндөн бери үйгө гезит алып келгенди токтоттук. Гезитти жумуштан гана окуйм. Аялыма катып алып келип берем, ал түнүчүндө төшөккө жатып алып окуйт… Биздин үйгө гезит алып киргенге такыр болбойт!

Которгон Абийрбек АБЫКАЕВ

Эгер “РухЭш” сайтынын ишмердиги токтоп калбашын кааласаңыз, бизди колдоо үчүн төмөнкү банктык эсебибизге өз каалооңузга жараша акча которо аласыз... Мбанк+996 700 532 585 жана ЭЛСОМ +996 558 080 860, МойО +996 0700532585 жана Оптима банк-4169585341612561.

Окшош материалдар

Комментарий калтырыңыз