Нарсулуу Гургубайдын котормосундагы татар акыны

  • 28.07.2023
  • 0

АЛЁНА КАРИМОВА (КАРИМОВА АЛИЯ КАЮМОВНА) - акын, жазуучу, котормочу. Татарстан Республикасынын Жазуучулар союзунун жана Татарстан ПЕН-борборунун мүчөсү. Татарстан Республикасынын Жазуучулар союзунун көркөм котормо бөлүмүнүн жетекчиси. М.Горький атындагы адабият институтунун мугалими. Бир нече эл аралык фестивалдардын жана китеп жарманкелердин катышуучусу жана жеңүүчүсү.

*   *   *

Оо, келгин да, бакчамды көр, түркүн түстүн ичинде
кечээги ыйым менин, жана эртең келчү жеңишим,
сен экөөбүз болуп калдык, Жашоо, эже-сиңдидей  
менин башка бара турган планетам жок үчүн...
Бийлик сенде, сага ашыкча мактоо дагы, мактануу,
бүт сеники, талаша албайм эч нерсени мен сенден -
көгүш түстүү чатырларды, коңугуроолор, башканы,
шаарды дагы, теректерди бубагы учуп термелген.
Сенин тилиң чулдур, чала, ак карганын тилиндей,
бирок сени түшүнө алам, бирөө үчүн да ал тургай
сени ырдаймын, сен керемет ыр болосуң дирилдеп,
татынакай таажыңда мен жакут болуп жалтылдайм.

*   *   *

Камырабай пиаладан чай ууртап,
сүйүп коюп алыстагы бир жанды,
оңой эле алдануу бул жарыкта,
мен дүйнөгө зарылмын деп турганда.
Чындап эле ким түрүнүп билекти,
жасайт муну жүрөк менен, дил менен,
күйө берет Жер жүзү үчүн иретсиз,
өз көлөмүн, чен-өлчөмүн билбеген.

ЭНЕМЕ
Айталбайсың, айтсаң жалган көрүнгөн,
сөздүн баары ачыштырат тамагым.
Көзүң тирүү кезде түндө төгүлгөн,
Кара жаанды мен эми эстеп каламын.

Жарыктыгым, тынчы, ыркы жок дүйнө бу,
жок кылганга батыл, сараң мээримге.
Ашка канча туз салганды билгени,
жооп издеп барам эми мен кимге?

Тайыз жерин кимден сурайм кечерде,
шок Черемшан дарыясы аркылуу?
Уйкусурап жаткан сууну жетелеп,
жаның ошол тарапка учуп бардыбы?...

Жарыктыгым, чебереңди, карачы,
басып калды чалынбай да, жыгылбай.
Тиземде азыр, менден калем талашып,
барактарды чачып улам чырылдайт.

Ал билбейт да, сен экөөбүз жашаган,
каттам жолдун солундагы элетти.
Үйдө конок, булдүркөндөр бакта, анан
карарганын куш чиелер себетте.

Султанбай көл биздин айыл артында.
Сатып берип сууга сүзгүч жапжашыл.
“Карма, балам, – деген элең -  тартынба,
чурулдаган курбуларың таң калтыр”.

А кара улак мени ээрчип... Бир сырдуу
мүнөзү анын. Өзгөчө эле... Ээсиндей...
Жашаганбыз шунтип...
Балам, уктуңбу?
Бирок балам мени укпастан эмшиңдейт.

Анын дагы энеси бар учурда,
экөөбүздөй алар дагы сырдашат.
Жарыктыгым, бүлө деген ушулбу?
Баары үчүн сага ыракмат! Зур рахмат!

*   *   *
Унутулат жашоо аз-аздан, акырын...
Сен жашарып баратасың түшүмдө.
Уулум жүрөт, бутума улам асылып,
мукураткан кур кайгымдын ичинде.
Үй куруп бер, ойнойбуз дейт ал мага
кутудагы кубиктерин чыгарып...
Үйбү деймин... Жылмаямын жазгана...
Билесиң да, чечкиндүү эле кыялым,
бирок, эне, сен билгенди билбеймин,
үй кура албайм урандыдан жыгылган,
мен билбеймин бакча, башка, гулдөрдү,
бейпайда, кам топурактан жуурулгам....

Эне, азыр нөл бешинчи жыл. Жана
дагы кабар төңкөрүштөн. Не дейсиң?
Кар жаап жатат. Коркунучтуу уктаган,
ойгонуу андан коркунучтуу эмеспи...

Кубиктерден уулума үй курамын -
билем, узак ызгаар бүтөт бир күнү.
Мен үйрөнөм. Келет бир күн убагы...
Үйрөнөмүн. Керектигин билчүмүн.

*   *   *
Күнүм муңдуу. Түнүм андан муңдуураак.
Ушул жерден жыйырма жылдай арыраак,
капысынан жашоо мага кулпурган,
баш-аяксыз керемет деп табылат.
Бирок азыр буулугамын, буулугам.
Караңгы өзү барды-жокту сиңирет.
түн өчүрүп салган өңдүү, буюмдар
кайра мага азуу болуп тигилет.
Коркпогондой түр көрсөтөт өңдөнөм.
Өзүмө өзүм азыр чырак жандырам.
Аябадым кечээ күнүм өлдү эле.
Жагымсыз жыт урат дайра шарпынан.
Керек эмес азыр бизге бул кайык...
Биз жашайбыз такай, дайым бул жерде,
сейилдейбиз жээкте. Коңшу айылдан,
арак таап келип туулган күндөрдө,
куттуктайбыз башкаларды, карачы.
Керек эмес бизге. Кайра таң атса -
бүркүт Күнгө белек кылат канатын.
Башканы кой, бизге ушул жарашат.

*   *   *
Өлүмдөн да, сүйүүдөн да, кайгы-муңдан, башкадан,
кача албайсың, таштай салып какыраган дүйнөнү.
Коркпо, бирок жүрөксүбө, сен өзүңө башчы, анан
күйөрман, дос, ыйык дагы, кесептесиң түндөгү.
Бөтөлкөгө, күндөлүккө качандыр бир толтурган
күлкүлүү бир сырларыңды кимге артынып барасың?
Бир өзуңө, бир өзүңө. Күйүт деле жок мында.
Асылдык бул. Туңгуюктун кошумча эшик-каалгасы.

*   *   *
Жашаймын деп ойлоносуң, жай шашпай...
Кыш короодо... Короодо кыш кайрадан
Ийгиликке алып келбейт, ишке ашпайт
Акылымдан азбайм деген айла-амал.

Зеригичтүү элеттеги санаадан
Ойлодуң сен эмнени, эмне тууралуу?
Келет кайра дарыгермин деп алдап –
Санаа оорусу айрылуунун тууганы.

Эске, эсепке ала турган учур бул –
Шаарларды жана бардык көчөнү,
Бак аралап, ойлуу шилтеп бутумду
Эми эч качан сүйбөймүн деп өтөмүн...

Тиктей турган учур адам калтырбай.
Качандыр бир, күндөрдүн бир күнүндө
Өзгөргөнү сени акыры мажбурлайт
Ушул жолдор, ушул жарык, шул дүйнө.

*   *   *
Il pleure dans mon coeur…
Paul Verlain

Элегияңды мен окушум керекпи?
Билесиң да, ансыз деле суз жашайм:
куураган чөп, үкүнү да көрөгөч
өңдө көрөм,
өз кайрыгым кураймын
түштөрүмдө элеттик
көпөлөктөр, булактардан, таштардан,
кыялдардан чырайлуу...
кокус эгер кар жаап кирсе сампарлап
жашырганы жаайт жердеги убайды,
жемиштерди, коргонду да, тиги итти –
эсиңдеби, сары жүнү саксайган
күчүк эле ботокөздүү, сүйүктүү?...
Көп жыл алдын, сүйбөйм сени
көп жыл мындан кийин да
не болору оңой эле такталган...
Ал жөн эле бир ыр да...

Орус тилинен которгон: Нарсулуу ГУРГУБАЕВА

Эгер “РухЭш” сайтынын ишмердиги токтоп калбашын кааласаңыз, бизди колдоо үчүн төмөнкү банктык эсебибизге өз каалооңузга жараша акча которо аласыз... Мбанк+996 700 532 585 жана ЭЛСОМ +996 558 080 860, МойО +996 0700532585 жана Оптима банк-4169585341612561.

Окшош материалдар

Комментарий калтырыңыз