Фубань – кичинекей коңуз.
Бирок ал ушунчалык шамдагай, кыймылы ыкчам, анын шумдуктай тездик менен ар кандай нерселерди ташып жүргөнүн көрөсүң.
Жолунан эмне гана жолукпасын, аны таштап кете албай мурду менен челип ыргытып, аркасына салат.
Улам барган сайын жүгү салмактанып, оорлой баштайт. Үстүндөгү оор салмакты көтөрө албай ичке бели ийилип, мына-мына жыгылат деп ойлойсуң, бирок дагы эле болбой жол боюнда жаткан нерселердин баарын жыйнаганын койбой сапарын улайт.
Коңуздун жону одуракай болгондуктан, көтөргөн жүгү канчалык көп болсо да жылмышып түшүп калбай кете берет.
Бирок коңуз акыры эси ооп, мүдүрүлүп, жыгылып, ордунан тура албай калат.
Кимдир бирөө, ага боору ооруп, жүгүнөн бошотот, бирок коңуз бошонуп алган соң, ордунан турат да, кайрадан жолуна түшкөн нерселердин баарын ыкчамдык менен чогулта баштайт.
Коңуздун дагы бир сапаты, ал жогору көтөрүлгөндү жакшы көрөт.
Бечара, болгон күчү менен тырмалаңдап өйдө көтөрүлгөнгө аракет кылып жүрүп, бирок көздөгөнүнө жете албай бир күнү бийиктиктен кулап өлөт.
Биздин убакта адамдар да дал ушундай: алар да колу жеткендин баарын улуп-жулуп жыйнай башташат.
Кандай буюм көрбөсүн, аны алуудан качпайт, байлыгын көбөйтөм деп жатып, ал нерсени алуу менен өзүнүн башына толгон-токой түйшүктөрдү үйүп жатканын түшүнбөйт.
Ошентип, ал мен жете элек дагы көп нерселер калып калмай болду деген сары-санаа менен жашайт.
Кээ бир учурларда өзүнүн ач көздүгүнөн адам шерменде болуп, кызматтан куулуп калган учурлар болот.
Андай кезде баарына колун шилтеп, жаңыжумушкаорношот.
Бирок адам чиркин унутчаак эмеспи, көп өтпөй эле напсиси ачылып, кайрадан эски жолуна түшөт.
Кантип кызматтан өйдө көтөрүлүп, байлыгымды көбөйтөм деп ойлойт.
Ач көздүк коркунучтуу нерсе, ал сөзсүз өлүмгө алып келет.
Бирок адам ач көздүгүнүн айынан кантип өлөрүн билип турса да,мындан өзүнө сабак албайт.
Адам канчалык таасирдүү, кызматы бийик болсо да, анын пендечилиги калбайт.
Акыл-эси кичинекей коңуздукунан ашып кетпейт.
Аттиң! Ал боор ооруганга гана татыктуу.
Орусча которуп басып чыгарган Ирина Абрамова (Калганова)
Орусчадан которгон Абийрбек Абыкаев
Колдоо көрсөтүү
KY
RU
EN
TR