О'Шакир: Дзэн көсөмүн окуп...

  • 13.02.2024
  • 0

"Горы плывут по воде"
(
Сон Чол Сыним, корей буддисттеринин патриархы).

(Экс-Генпрокурор, коом агартуудагы тилектешим Аида Саляновага арнайм)

"Тоолор тоо, суулар суу" дедиң,
асыл ой кандай туюнсак,
ак калпак элге бул кебиң.

Суулары мөңкүп туптунук,
суу ичкен элден а менин
супсунум сууду. Буктугуп...

Жери - чөл. Сууга жетпеген
сансыз эл канча дүйнөдө:
не азап гана чекпеген?..

Болсо да жери саз-мекен,
өмүрү шар суу көрбөгөн,
өнүккөн элдер аз бекен?..

Булактын көзүн көрбөгөн
жанкечти канча улут бар,
жашоосун мыкты жөндөгөн.

А бизчи? Элбиз куруган:
агын суу жетпей аңызга
дыйкандар ыйлап-улуган!

Сугат суу бурбай дайрадан,
сурамчы элбиз, тилемчи -
карызга батып сайраган!

Тизгиндеп түркүн дайраны
ГЭС курган болсок тээ качан,
көрмөкпүз канча пайданы!

Ысырап суулар талаада,
ысыкта гүлдөр, бак-шактар
соолууда канча калаада!

Дайра көп ашып-ташыган,
дайынсыз аккан сай-сайда
кыргыздай кудум башы маң!

Тоо суусун ичип туйлаган -
тоо мүнөз болор жерде элек,
тоолук көп муну туйбаган.

Тоо мүнөз күтпөй пас болдук,
томук сөөк баштар ойлонбос
майда кум, майда таш болдук.

Тоолордон алчу кубатты -
ичи кир, баткак эл болдук
ичсек да тунук булакты...

Апапак кайран мөңгүлөр,
аттиң-ай, аттиң ак калпак
аңкоо бир элди көрдүңөр!

Тоолор да, суулар - арманым...
тоолук эл жетпей баркыңа -
арманым толо дайрамын...

Суусу мол элим эсирди,
суулары соолуп көз жаштай,
салбасын башка кесирди!

"Тоолор тоо, суулар суу" дедиң,
"Тоо калкыйт суунун бетинде".
О Сон Чол, улуу бул кебиң...
                               09.02.24

1-Сон Чол Сынимдин дзэн концепциясынан.

Комментарий калтырыңыз