
* * *
Чексиз бактым бул жарыкта барыңда,
чуркайт күлүк болгон болсо табында.
Жаным сыздап жаман-жуман кептерге,
жаным жыргап жазган ырдын сабында.
Жүрөгүмдө билбегеним, билгеним,
жаштык кылып, күйбөгөнүм, күйгөнүм.
Айланчыктап арам менен жалганым,
аласалды алаканда дүйнө миң.
Жаным учуп асман-жерге биригип,
жазарымда өлүп кайра тирилип,
жазда туруп ичиркеткен кыш болом,
үзүлгөндү уларымда түңүлүп.
Тикелей чаап бир үмүттү жандатып,
баратканда жалын өчүп калбасын.
Тумар болуп колдой келгин жараткан,
турганында агым-карам кармашып.
Кудай кайра кошпогонго кошчудай,
кыял ошол баарысынан озчудай.
Чырак жактым жан дилиме агарган,
чуркап чыгып жолуң кайра тосчудай.
Жаным түшүп кайра эле жалынга,
кең жерине батпай, батып тарына.
Жаным сыздап жаман-жуман сөзүңө,
жаным жыргап жазган ырдын сабында.
* * *
Канатында куштардын учутум каалгып,
карасында көзүңдүн чөктүм балкып.
Кеткендигин капарга албай жүрдүм,
көңүлүмдү бир сөзү өздүн жанчып.
Саясында багымдын күнөстөдүм,
санаасында буюкту жүрөктөгүм.
Кайда болбо барыңды кубат кылып,
кадырымды сен гана билет дедим.
Жылдарымды алыскы түнөктөдүм,
ырларымды медерлеп тилектерим.
Балбылдаган каректе отуң жанып,
баркым билсе сен гана билет дедим.
Канатында куштардын учтум каалгып,
карасында көзүңдүн чөктүм балкып.
Жалгыз барам өмүрдүн өрүн көздөй,
жүрөгүмдү бир кеби өздүн жанчып.
«Монпарнас» журналынын №10 саны