Тезер Өзлү: Балалыктын суук түндөрү

  • 13.03.2024
  • 1219

Атам көп жыл дене тарбия мугалими болуп иштеп, пенсияга чыккан. Ал сабакта колдонгон ышкырыгын жоготпой сактап жүрөт. Азыр таң супа сала электе чаар, кенен ыштанын чечпей, ышкыра баштайт.

- Араң жан экенсиң, аскерге эмнеге келдиң? Бол, тур! Тур, дейм! Кернейдин үнүнө окшош үн менен кыйкырат. Ойгонгонумда, таңдын алгачкы нуру жузүмдү аймалайт.

Атамдын бул үй менен аскер кызматынын байланышы кандай? Бул атам үчүн канчалык мааниге ээ?, деп өзүмчө ойлоном. Себеби атам үйдө да аскерлердей жүрүшүбүздү каалайт, колунан келсе аскерлерге тиешелүү баардык ордендерди тагынып алмак. Бул чындык. Эгерде атамдын колунда бар, бай адам болсо, үйүбүздүн тегерегинде керней тарткан аскерлер да болмок... Күнү – түнү кернейдин үнү угулуп турмак... Атамдын муунундагы түрк жигиттеринин аскерге барсам дегенде эки көзү төрт болчу экен, алар аскердик кызматты абдан жогору баалашып, чын ыкласынан мекенине берилүү катары көрүшсө керек. Азыр мындай берилүү, мындай сүйүү кайда...

Биз азыр айылда эмеспиз. Кенен тактадан жасалган үйлөрдүн арасындагы мөмө - жемиш бак-дарактары тынч, жымжырт, үнсүз айыл артта калды. Жымжырттык коштогон айыл да 50-жылдарда калды. Артка көз чаптырганымда Эсентепенин бийик карагайлары, эриген кардын астынан сары, кочкул кызыл байчечекейлердин бажырайып ачылганы эсиме түшөт. Бир саамга балалык кыялдарыма барып келем.

Жаздын жаркыраган күндөрүндө ирбейген арык буттарым менен дөбөнү көздөй чуркаганым, салкын, мелүүн желге жүзүмдү тоскон күндөрүм унутулбайт.

Сарачханеден башталган бульвар, ортосунда жөө жүргүнчүлөр үчүн жол, эки четинде бой тиреген чынар теректер, Эдирнекапыга чейин созулат. Шуулдаган теректерден кээде муңдуу, кээде шаттуу кайрыктар угулгансыйт. Жолдун эки капталынан кызыл, жашыл вагондорун сүйрөп, трамвайлар өтөт.

Бульвардагы имараттардын жер төлөсүндө бир нече майда дүкөндөр, 1 – 2 банк жайгашкан. Жолдун дал ортосуна төшөлгөн брусчатка Чаршамбага карай кеткен жолго ылайыкталган. Солдон экинчи көчөнүн оңго бурулган туюк көчөсүндөгү үй – биздин үй.

Бала чагы өткөн, өрт каптаган ушул райондо жашаганына атам абдан бактылуу. Анын бактысын эч ким түшүнбөйт, биз дагы...

А мен түнү апамдын кучагына ыктап, сууктан, жалгыздыктан коргоном. Кышкы ызгаарда айыл сыртында жайгашкан мектепке бара жатканыбызда, бороон-чапкынга бети-колубуз туурулуп, кесилип, кан талап кетет. Мындан улам жер тиктеп басканга туура келет. Жаз айларында кургатылган тезектердин каптал беттерин бубак басат. Үйлөрдүн чатырларынан самсаалаган муздар кылычтардай болуп илинип калат. Атам көптөн бери эңсеп жүргөн үйүн өрт чыккан жерге салып жатат. Үйдүн пайдубалы казылып, акиташ түшүрүлүп, ылайга саман кошуп, гүвалак жасалып, дубал тургузулуп жатканда да дайыма жумушчулардын башында турат. Үй бүтөрү менен анын арт жагындагы кичинекей бакчага үч карагай отургузду. Бул жерде электр жарыгы кечинде күйөт, түн оокумда өчөт. Бакчалар, жыгач тосмолордун боюндагы көчөлөр жай айынын узун түндөрүндө гана тынч, жарык болот. Короздор түштөн кийин какылыкташат. Тоо боорунда уйлар оттошот. Кээ бир күндөрү Стамбулдан Анкарага бара жаткан кыска мурундуу автобус Саат Мунарасына токтойт. Саякаттаган, чоң шаарларга байма-бай каттаган жүргүнчүлөрдү суктанып караймын. Аларды эң бактылуу адамдар деп ойлоймун.

“Бир күнү мен дагы алыскы дүйнөлөрдү тааныймын, саякаттаймын” деп ичимден кыялданам. Арадан бир канча жыл өткөн соң атам: “Таптым” деп көздөрү жайнап кыйкырды. – Бул көп кабаттуу үйдүн аты “Челеби үйү” болот, - деди. Мрамор плитага ушул атты жаздырып, эшиктин оң жагына илип койду. Бул үйдүн маңдайындагы көчөдө көп балалуу үй-бүлөнүн бир нече эшиктүү үйү бар. Алар отургузган мажүрүм тал жайкалып, көрктүү өстү. Жайындасы мажүрүм талдын алдында отурушат. Түнкүсүн ырдап, саз чертишет. Алардын ызы-чуусуна, шатыра – шатман жашоосуна көнүп бүттүк.

Жыгач үйдүн биринчи кабатындагы үй кожойкесинин жүздөн ашкан атасы кубарып төшөктө жатат. Кайрадан сүт тиштери чыгууда. Ат араба менен айылга бара жатканын кайра-кайра жөөлүйт. Аял, мештин табына сүт кошулган кофе бышырып жатат.

Бизди “баласынтып” бербейт. Кичинекей терезесине аппак пардаларды тагып койгон.

Бакчадагы дарактарда кара өрүктөр бар. Үй кожойкесинин атасынын ак шейшептен чыккан, тартайган ичке буттарына, өсүп кеткен тырмактарына таң калып караймын, коркомун. Үйдө алты киши жашайбыз. Ортосу ичке кирип кеткен темир керебетке Сүм экөөбүз жатабыз. Ал темир керебет апам менен атамдын себинен калган керебет. Сүм керебеттин чуңкурайып кеткен жерине жылмышып, дароо уйкуга кетет. А мен дал ошол чуңкурга капталыман жылмышып, уйку издеймин. Жараткан барбы, жокпу деп ойлономун. Анын жок экенине ишенгенге чейин Кудайдан тилене берем. Баарыбыз үчүн тиленем. Эми тиленүүмдүн кереги жок. Каалагандай ойлоно аламын. Ар бир түнү Анын (Жараткандын) тизесинде уктаймын. Эртең көрүшпөйбүз. – Сени өбөмүн, дейт. - Эч бир эркек менен өбүшкөн эмесмин. – Сен менин үстүңкү эринимди, мен сенин алдыңкы эриниңди өбөмүн, - дейт. Айтканын кылабыз. Алар бизди таштап кетсе кана. Мен анын тизесинде уктагым келет. Бир-бирибиздин ички дүйнөбүздү таанысак дейм. Бир-бирибизди сүйсөк дейм. Табият берген сүйүү менен чоңойсок дейм. Эненин курсагындагы ымыркай сыяктуу. Буннинин керебети дагы ушул бөлмөдө. Ал беш убак намаз окуйт. Араб тилинде дуба кылат. Түнү уйку сонун арасында: «Алла! Менин Кудайым!" деп кыйкырат. 90 жашына чейинки же андан көп жашаган өмүрүндө эң көп колдонгону “Алла” деген сөз болсо керек. Төшөктө жатып ар нерсени ойлонгончо уйкумду издеймин. Айланамдагы бардык үндөрдү уктум, жанган жарыктарды көрдүм.

Ал тургай оорукананын жымжырт түндөрүндө да жогору жактан келген балдар клиникасында жаткандардын ачуу кыйкырыктары кулагыма жаңырып, уктай алган эмесмин. Бунни таң эрте ойгонот. Мештин күлүн тазалайт. Чырпынды даярдап, бираз бензин куят да, мешти жагат. Чырпындыдан “поп, поп” деген үндөр угулат. Агарган таң менен бирге бозоргон бөлмөнүн нымдуу абасына жылуулук тарайт. Мына эми турушубуз керек.

Бөлмө жылыбаса да, мештин жанына бүжүрөйүп олтуруу адатыбыз. Денебиз бир аз жылуулук сезгенде кыймылдай баштайбыз. Муздак мончодогу тоңоюн деп калган сууга бети-колубузду шашып-бушуп жууп, кайрадан мештин түбүнө үйүлөбүз. Мектепке кийген кийимдерибизди кечинде даярдап жатабыз. Бирок алар да мупмуздак болуп, тоңуп калган болот. Аларды да көздөй көргөн жалгыз мешке тосуп жылытабыз. Кийимдерибизди алмаштырып жатканда терибиз тооктун терисиндей үрпөйүп чыгат. Бунни чоң табакка чай, айвадан жасалган мармелад жана нан алып келет.

Сүм Стамбулга кетти. Мен андан бир жылдан кийин келдим. Сүм мага шаардан үйрөнгөндөрүн үйрөтө баштады. Кирдеген раковинага хлор сээп: - Кара, азыр таптаза болуп калат. – Мына, көрдүңбү, агарып жатат, ээ?, - деп сурайт. Сыртта дүкөнгө киргенибизде: - Пастерленген сүт ичебиз, дейт. – Ал эмне, деп сураймын. – Кайнатпай ичсе болот. Абдан даамдуу, дейт. Ал ичет. Мага даамы жаккан жок. Андан соң Атлас кинотеатрына бардык. Чоң зал. Мен ошондо алгач көргөн кинону унуткан жокмун. Инспектор туралуу. Кинотеатрдан чыкканыбызда Сүм жаңгак сатып алды.

Ал шаардын жашоосуна көнүптүр. Ал ар бир жагдайды бат кабыл алат. А мен дагы эле айылдагы абалдан чыга элекмин. Айылдагы үйдүн эшигинин артындагы илгичте баарыбыздын кийимдерибиз илинип турчу. Үстү-үстүнө, бири-бирине кабатталып илинчү. Бөлмөдөгү кичинекей шкафта үй-бүлө мүчөлөрүнүн (агамдан башкасынын) кийимдери илинип турат. Бөлмөдө килем бар. Пардалар кыска болгондуктан, терезени толук жаппайт. Атам өз колуна жасаган эки тартмалуу үстөлдүн үстүндө баарыбыз сабак окуйбуз, ошол эле жерде тамактанабыз. Столдун үстүндө шам чырак бар. Сабак окуган столубуздун маңдайындагы дубалда атанын насааты илинип турат.

Балдарым:

1. Жарык сол жактан тийиши керек.

2. Китепти көздөн 30-45 см узактыкта окугула.

3. Сабагыңар бүтөрү менен электр жарыгын же шам чыракты өчүргүлө ж.б... Өлкөңөрдүн кайрымдуу атуулу болушуңарды чын жүрөктөн тилеймин. Силердин мээрбан жана силерди абдан жакшы көргөн атаңар. Бул насааттын эң төмөнүндө Аты, фамилиясы жазылып, колу коюлуп турат. Дал ушул насааттын артында ата-энемдин бөлмөсү менен конок бөлмөсү бир. Эң жаңы килем ушул бөлмөдө. Эки кишилик керебеттен ашып калган жерге төрт олтургуч алышты. Олтургучту күндөн коргоо үчүн терезеге парда тагышты. Парданы жаңы алышкандыктан терезени толук жаап турат. Таң агарары менен апамдардын төшөгү биздин бөлмөгө жыйылат, диванга кездеме жабышат. (Бул үйдүн бардык жагында жүк жыйылуу. Бардыгы бир бурчка жыйылган). Апам менен атамдын ортосунда эч кандай жылуулук, сүйүү жоктой сезилет мага.

Себеби апам аны эркек катары такыр жактырбаганын ар бир кыймыл-аракетинде билгизип турат. Бардык майда буржуазиялык адамдар сыяктуу эле, аларды бири-бирине жоопкерчиликтин зарылчылыгы байланыштырып тургандай. Алардын ар бир таңы, ар бир түнү ушунчалык муздак, ушунчалык сүйүүсүз, бош. Үйгө келген коноктор аз да, көп да эмес. Атам менен апам сүйүүсүз бирок “милдетине, мекенине”чын дилинен берилген жубайлар. Үйгө конок келгенде печенье менен чай беришет. Майрамдарда дасторконго шоколад коюшат. Конок келгенде атам абдан көп сүйлөйт. Темасы баары окшош, бирдей. Мектеп. Милдет. Ийгилик. Башкаруучу менен түшүнбөстүктөр. Балдардын ийгиликтери. Кайрадан мектеп. Кайрадан милдет. Агама жакшы, кулагы тынч. Анын жеке өзүнүн бөлмөсү бар. Китеп койгучу, кийим салгыч шкафы, каалаган убакта жага турган газ менен иштеген меши. Бут кийимдерин мага тазалатат. Алгач баткактарын таза тазалашымды айтат. Китептери абдан көп. Дубал менен бир. Аларды абдан аярлап окуйт. Уруксатсыз албагыла, дейт. Ошого карабастан ал бөлмөсүнөн чыгары менен дароо жашыруун киремин. Ар бир күнүм туман болгондуктанбы, же бош сезимдерди чагылдыргандыктанбы, же баарысы бул чыгарма туралуу талкуулашкандыктанбы, дайыма Туман бульварын окуймун. Күттүргөн кемелер. Алыскы сагыныч. Кыялдагы жетпеген сүйүүлөр.

Ортомчу деген тасмада бала, өзү конок болгон ак сөөктөрдүн сарайынын кенен тактадан жасалган тепкичтери аркылуу жогорудагы бөлмөгө чуркап кирет. Жалгыз калганда пардаларды ачып, Көк асманга тиктейт. Ай булуттардын арасында. Даана көрүнүп турат. Дүйнө, Аалам кандай сырдуу, табышмактуу. Дал Бала көргөн Ай сыяктуу. Космос. Ашкананы герань гүлү, конок бөлмөсүн Фикус эластика гүлү кооздоп турат. (Бул гүлдү азыр да жактырбайм. Үйлөрдөгү дем кыскан оор абаны же эч бир иш ойдогудай болбой, тамеки жыттанган бөлмөлөрдү эсиме салат). Баардыгы таш. Таштай муздак. Караңгы. Дал ушул жерде тамактанабыз. Атам электр жарыгы ысырап болбосун, деп ламбаларды ошого жараша тандайт. Эч ким жок бөлмөдө ламба күйүп турганын көрсө, абдан ачууланат. Атам залдын бир бурчуна Ататүрктүн бурчун жасады. Ал жерге Ататүрктүн алтын жалатылгын бюстун койду. Анын жанындагы кичинекей темир устунга кызыл атласка ийне менен ай жылдызын саймалап, Түрк байрагын асты. Атам кээ-кээде, айрыкча улуттук майрамдарда баарыбызды Гимнди чогуу ырдаганга мажбурлайт. Эч ким ырдабай койсо, кернейдин үнүндөй болгон үнү менен жалгыз өзү ырдайт. Радиодо да Гимн жаңырса атам дайыма даяр, түптүз туруп, аягына чейин чогуу ырдайт. Бизди да түз турушубузду каалайт. – Үйдө “дайыма даяр болгондун, түз тургандын кереги жок” деп биз дагы айтканыбыздан кайтпайбыз.

Түрк тилинен которгон Мээрим Сайдилкан

«Монпарнас» журналынын №10 - саны

 

Окшош материалдар

Комментарий калтырыңыз