
Бул токойдо өзүнүн сулуу келбети менен укмуштуудай сыймыктанган текебер роза гүлү жашайт. Ал тикенектүү, ыраңы суук кактустун жанында өскөндүгүнө абдан өкүнөт. Роза Кактустун сырткы келбетине көп асылчу, анын намысына тийип, кордогусу келчү, бирок Кактус ага теңелчү эмес. Бир күнү роза гүлүнүн жанындагы Карагай, Даракка:
- Роза гүлүндөй сулуу, сүйкүмдүү болгум келет, - деди.
Анда дарак карагайга:
- Бизде андай мүмкүнчүлүк жок, капа болбо, чөкпө. Сенин ички дүйнөң сулуу, кооз, - деп карагайга дем берди.
Экөөнүн сүйлөшкөнүн уккан Роза:
- Бул токойдогу эң кооз, сулуу гүл менмин, мага эч бириңер тең келе албайсыңар, - дегенде, сабырдуу Күн карама башын акырын көтөрүп:
- Бул токойдо кооз гүлдөр көп, а сен алардын бирисиң. Эмнеге дайыма текеберленип, өзүңдү гана ойлой бересиң? Билесиңби, “өзүңдү эр ойлосоң, бирөөнү шер ойло”, “бирөөнү кемсинткендин, акылы тайыз” деген сөздөр бар. Роза сен абдан сулуусуң, бирок сыртың гана сулуу болбой, ички дүйнөң да сулуу, кооз болушун каалайм, - деди.
Анда Роза ачууланып:
- Мени баардыгы суктанып тиктешет, силер мени көрө албайсыңар. Мынабу жанымда өскөн Кактус көңүлүмдү иренжитет, ыраңы суук, тикенектүү, - деп оозуна келгенин сүйлөп салды.
Дарак Розанын шылдыңдуу сөздөрүнө “уялбагандан өзүн уял” дегендей, табиятындагы баёолук, аруулуктан улам кызарып, Розага мындай деди:
- Роза, Сулуулук кандай болушу керектигин билбейт турбайсыңбы, аттиң! “Өзүн мактагандан өлөрчө кач”, “Өз кемчилдигин көрбөгөндөн түңүл” дегендей, сен өзүңдүн башыңдагы чөптү көрбөй, башкаларды “тикенектүү, саят, ыраңы суук” деп шылдыңдап жатасың. А өзүңдүн тикендериңчи? Мейли, Жараткан берген тышкы көрүнүшүңдөгү тикенектерди сөз кылбай эле коёлу. Бирок ичиңде ирип калган, көрүнгөнгө асылган мүнөзүңдөгү тикенектериңди, эмне дейли? Оозуң жабылбаган мактанчаак, текебердигиңдичи?!
Ал эми Роза Дарактын тайманбай, чындыкты ачык айтканын кабыл алгысы келбей, унчукпаган Кактустан ачуусун чыгарып, Кактусту кемсинткен, шылдыңдуу сөздөрүн токтотподу. Кактус Розанын бир да сөзүнө териккен, капа болгон жок. Ал розага:
- Кудай эч бир затты максатсыз жаратпайт. Менин дагы бул жарыкчылыкта бир пайдам бардыр,- деп муңайды.
Жаз бүтүп, күн жылыды. Негедир жамгыр жаабай, токойдо жашоо оорлоду. Кызыл Роза соолуй баштады. Күндөрдүн биринде Роза канаттуулар Кактусту чокуп жатканын көрүп калды. Ал буга абдан таң калды. Карагайдан:
- Канаттуулар эмне үчүн Кактусту чокуп жатышат, - деп сурады.
Анда Карагай:
- Кактус абдан боорукер. Ал ушунчалык азап тартып, кыйналып жатса да, канатуулар суусуз калбасын, деп өз өзөгүндөгү суусун кошо бөлүшүп, алардын суусундарын кандырып, жардам берип жатат. Ал жаратылгандардын эч бирине кайдыгер эмес. Дайыма жан дили менен жардам берүүгө даяр. Жардам бергени үчүн мактанбайт, жөн гана болгонун, колунан келгенин бөлүшө билет. Бирөөнүн жашоосуна киришпейт, ашыкча сүйлөбөйт, -деди.
Кызыл Роза Кактустан суу сурагандан уялды. Соолуп баратат. Бираздан соң куурайт. Жан таттуу эмеспи. Акыры сураганга аргасыз болду. Боорукер Кактус кабак-кашым дебей, Розага жардам колун сунду. Канаттуулар тумшуктарын сууга толтуруп, Розанын тамырын сугарышты. Текебер Роза уялып: Мен өзүмдөгү кемчилдикти көрдүм. Эми өзүмдү оңдогонго аракет кыламын, - деди ичинен. Андан соң боорукер досторуна акырын ыраазылыгын билдирип, башын төмөн ийди.
Окуядагы сабак: Эч качан сырткы келбетине карап баа бербеңиз!
Англис тилинен которгон Мээрим Сайдилкан