О'Шакир: 11- март

  • 20.03.2024
  • 484

Туулган күнүм -11-март бүгүн.

...Апам кургур азабымды тартты миң...

 

Бейбаштыгым безелентип апамды,

абакта да тынчын алып жатамбы?..

 

Түшкө кирет эмнегедир байма-бай-

түйшүгүмдү тартканыбы кайрадан?..

 

Апам байкуш жер алдында муңабы?

Абак жайда жатканымды туябы?..

 

Улам-улам түшкө кирип калганы-

убайым жеп тынч эмеспи арбагы?..

 

Өлсө дагы о Эненин күчүн көр:

сот залынан көрдүм бүгүн түшүмдө!!!

 

Коштоп, жандап жүрөт окшойт арбагы-

коргогонго жетпей Эне дарманы?!

||

Жанымда жок жакын достор, үй-бүлөм:

жанды бирок муң-зар эмес күйдүрөр.

(Эгемендик орносун деп өлкөдө

эркиндикке элди үндөп жүрдүлем).

 

Жан кайгыга айланганда Мекениң-

жаагымды жаап, башты катып нетемин...

Өмүр ушул садагага кетсе да,

өлкөм туяр бул курмандык экенин...

 

54 жаш - баралыма жеткенде,

эл-жер үчүн айыпталып кеткен не?..

Башым катып,тилим жутуп, үн-сөзсүз

басынамбы эл башкарган бектерге?!

 

 Токтобосо коррупция, кылмыштар-

тойдум түфү! Кечтим мындай турмуштан!

Жалгыз башта бир өлүм бар кутулгус,

жан корчолоп, жалтанамбы кур муштан?!

 

Туулган күнүм-көп суроого камалдым:

Бул дүйнөгө деги неге жаралдым?..

Адабият жүгүн тартып алымча,

атпай журтту агартууга жарармын?..

 

Кантип эле коомго тийбейт керегим?

Кантип эле өмүр текке кородуң?

Кантип, кантип-сая кетет бул өмүр?

Кантип мындай ой-санаалар ородуң?!

 

Тос кагышып дос, туугандар, агайын,

тосом дагы туулган күндүн далайын!

Жаркын жашоо, жарык күндөр алдыда,

жанды неге туңгуюкка камайын!

 

Кайра жаңы туулган жашоо келди бейм...

Каалоо айтчу мейманым жок келгидей.

Туз даам татып, темир тордо шарап жок,

туулган күнүм бүгүн жалгыз белгилейм... 11.03.24.

Окшош материалдар

Комментарий калтырыңыз