Түш көрдүм. Күндүн таңында.
Кудай бар экен жанымда.
Шайтандар ойноп сценада...
Театр. Эл жык залында.
Сахнада оюн. Дүрбөлөң.
Актёрлор залдан сүрдөгөн.
Режиссёр - Кудай. Мен - автор.
( ... көрүүчү калбай күлбөгөн...)
Чеберлеп ойноп каармандар,
баарысы шайтан, жаалданган.
Жактырбай Кудай отурду
кабагын түйүп каарданган.
"Режиссёр өзүң жараттың...
түйбө, - деп - мага кабакты!
"Кудайды тилдеп отурдум,
карматып жинди адатты. 18.04.24