(Германиядагы мекендештер, окумуштуу - агартуучулар Рахат Жолдошалиева, Гүлзат Баялиева, Айзада Акбекова, Аксана Исмаилова, Махабат Садырбекке арнайм)
Таянбай бабалардын арбагына,
таянсак илим - билим жардамына.
Түз жолго түшсүн десек мүлдө калкты,
түптөөбүз керек жаңы наркты, салтты.
Улутпуз тамырыбыз тереңдеги,
унуткан аттиң аны керең көбү.
Баатырлар баатыр, бирок акыл - эссиз,
баатыр көп элибизде - арты тексиз.
Улутка карта керек багыт берер,
умтулган муратына алып келер.
Самолёт, корабль же авто- унаа
картасыз түшалабы так жолуна?
Картограф керек жолдон ( жаңылтпаган ),
калкты эч адашууга кабылтпаган.
Картаны чиер болсо көсөмдөрүң,
калк табат карайлабас өсөр жолун.
Улуттун бардай далай көрөсөнү,
не алар жандуу эмес, өлөсөлүү?..
Кеменгер аттуу - баштуу жакшылардан
кемибес, бөксөрбөс не бакты калган?..
Кайышам: калкты көрүп караламан,
караңгы таксырлар көп аралаган.
Таасир, күч берер кези келди деген.
Таз Баймат манасчы көп келжиреген.
Той сүйгөн элбиз уу - ду той - тойлогон,
төкмөлөр жалган мактап жойпоңдогон.
Жалганчы жазуучусу, акындары -
жаамы журт Эне тили жакырлады!
Жамырап жүрөт толо окумуштуу,
жат бирок тарыхыбыз - өкүнүчтүү!
Келебиз эл болалбай оомат алган,
көсөмсүз акылынан шоола тамган.
Картасыз байсал болбос сапарыбыз,
картасыз калкпыз бүтпөс чатагыбыз.
Жол таппай турса эрлер арассаттай, [1]
акылдуу кыздар силер - Карачачтай...
Кыз - кыркын, мекендештер алыстагы -
кыргыздын ойготкула намыс, арын!
Илимде ашып - ташып жөндөмүңөр,
а мында жетпей турат өрнөгүңөр!
Илимдүү, билимдүүлөр идиректүү,
мекенден сыртта жүргөн - кудуретпи?!
Агылып жаштар сыртка идиректүү,
Атажурт жоготобу кудуретти?!
[1] Арасат - ишенимсиз, эки анжы абал. Апрель, 2024.