Турмуштун окуткан сабагынан артык сабакты көрө албадым...

  • 09.08.2024
  • 0

Узакбай Абдукаимовдун “Майдан” романындагы накыл сөздөр

***

Дээринде бар бала бат эле согулуп-кагылып токтолот.

***

Жакшылыкта ар ким жолдош, дос  боло берет. Жолдош деп жамандыктагыны айтыш керек. Ким дос, ким кас ошондо билинет.

***

Турмуштун окуткан сабагынан артык сабакты көрө албадым...

***

Адамдын көңүлү да азапта да, өлүм алдында да өзүнүн сүйгөнүн, өзүнүн жакшы көрүп, сагына турганын кыйбай, эңсеп турат турбайбы!.. Сүйүүнүн, турмуштун толкуну андан бетер оргуштап, андан бетер шаркырайт тура!

***

 “Айдын он беши жарык, он беши караңгы”, дешет. Айдын жарыгы да, караңгысы да керек... Жарыгында да, караңгысында да өмүр сүрөсүң. Өмүрдү куру сүрбөй, максат, тилек менен өткөрүш керек. Айдын жарыгында жол таап, караңгысында темселеп калбай, жарыгында жаркырап, караңгысында кайсалап калбай, жарыкта да, карангы да турмуштун эшигинен адашпай  турган болуш керек. Бирок кантип ошондой болосуң? Ага киши кантип жетет? Турмуштун эшигин таппай, адашып жүрүп, акыры каржалып, биротоло түгөнгөндөр толуп жатпайбы? Жок, турмуштан адашкандар – булар озунгандар. Ай он бешке бир эле күндө толбойт. Анын убакты, сааты, мезгили бар. Турмушту анын биринчи тепкичинен баштаган жакшы го. Анан ар бир баскычын басып көрүп, анын бекемдигин туш-туш жагынан сынап көрүп, анан жогорулаш керекко. Калпыс басып алып тоголонуп кетпегидей бол. Бир тоголонгондон кийин бутуң сынып аксап, балким, такыр майып болуп, кайта чыгууга даай албай, турмуштун түбүнө чөгүп кетиши да мүмкүн.  

***

Эркекти эркек кыла турган аял, аялдын сүйүүсү, аялдын мээри. А болбосо эркектин башы жерге кирип, үмүтсүз болот.

***

Кимде ким жигери менен бирдемени туя билсе, андай (мен жашык кишилерди да кошо айтам)киши турмуш, тирүүчүлүктү терең сезет турбайбы.

Топтогон Мээрим Сайдилкан

Окшош материалдар

Комментарий калтырыңыз