Нурлан Абиев: Күз келээр

  • 03.09.2024
  • 0

Боз чалды аңызды, талааны,

Бозоруп тоолордун карааны.

Түйүлсө асмандын кабагы,

Күздүн бар абада кабары...

 

Күз келээр, чачыла алтын чачып.

Кылкылдап күн кыскарып,

                ылдамдап көктөгү сапары.

Күз келээр, чачыңа күмүш чачып.

Чегине өмүр шашып,

               сээлдеп курдаштын катары...

18.08.2023

Окшош материалдар

Комментарий калтырыңыз