Асатилла Тешебаев: 45 жылдан соң – мааракелик көргөзмө

  • 15.01.2025
  • 1859

12-январда Москва шаарында кыргыз сүрөткери Асатилла Тешебаевдин «Жашоо чыйыры» (Серпантин жизни») аттуу жеке көргөзмөсү ачылды. «Москванын Улуттар үйүндөгү» көргөзмөгө сүрөткердин живопистик жана графикалык эмгектери, коллаждары коюлган.  

Кыргыз художниги «өзүнө мүнөздүү бөтөнчүлүгү бар, көз көнбөгөн таң каларлык сүрөттөрү кызыктуу» деди «Москванын Улуттар үйүнүн» көргөзмө уюштуруу тобунун жетектөөчү адиси Ольга Анатольевна Карелина вернисаждын ачылышында. Ал эми чебер акын, көрүнүктүү котормочу, адабиятчы М.И.Синельнковдун айтуусунда: «Асатилла Тешебаевдин эмгектеринде Кыргыз көркөм өнөрүнүн өнүгүүсү боюнча бардык этаптары чагылдырылган. Живопись, майбоёк менен сүрөт тартуу Кыргыз искусствосу үчүн жаңы замандын жышааналары. Акындардын, жумушчулардын, койчулардын образдары – социалисттик реализмдин таасири жана Кыргыз искусствосунун бир доору. Бул айтылгандын баары А.Тешебаевдин көргөзмөгө коюлган эмгектеринде этият сакталат».

Михаил Синельников Жалал-Абад шаарында чоңоюп, Ош педагогикалык институтун бүткөн. Алыкул Осмонов, Жолон Мамытов жана башка кыргыз акындарынын чыгармаларын орус тилине которгон.

Вернисаждын ачылышында москвалык искусство таануучу Г.Н.Гинзбург кыргыз художниги өз сүрөттөрүндө кыргыз эли баскан жолду кенен чагылдырганына көңүл бурду.

«Асатилла Тешебаев – силердин, Кыргыз элинин художниги. Аны менен сыймыктансаңар болот. Ал дүйнөнүн да художниги. Мен Асатилланын чыгармачылыгын акындардын чыгармачылыгы менен салыштырмакмын. Ал летописчи. Себеби, анын картиналары – элдин летиписи, жашоонун түркүн кыйынчылыктарын, азаптарын баштан кечирип, духун жоготпой, руханий жана чыгармачылык жеңишке жетишкен элдин летописи. Асатилла европалык деңгээлдеги сүрөткер. Ал экөөбүз алгач он жыл мурдакы көргөзмөдө жолуккан элек. Бүгүнкү көргөзмөгө ал европалык деңгээлдеги эмгектерин коюптур. Тактап айтканда, бул көргөзмөдөн мааниси, аткаруу чеберчилиги жана ыкмасы боюнча абстарционизм, конструктивизм жана башка эбак калыптанган багыттардан тартып, бүгүнкү бардык багыттагы эмгектер бар. Ал сүрөттөр кишини эмнеси менен алат? Сүрөттөр карапайым адамдын тагдыры жөнүндө. Бул сүрөттөр бизнес дүйнөсү, акча бийлеген дүйнө жөнүндө. Биз, жөнөкөй жарандар, мындай дүйнөгө али көнө элекпиз. Жөнөкөй жаран береги дүйнөдө өзгөрүүгө аргасыз, трансформация болот. Асатилланын сүрөттөрүндө киши – улуу. Анткени художник – кишинин жан дүйнөсүн көркөм-поэтикалык образ аркылуу көрсөтөт. Художниктин калем менен тартылган сүрөттөрү – керемет. Себеби, сүрөттөрдүн поэтикалык жана көркөм композициясы чоң чеберчилик менен тартылган. Художник өнөрдүн сырын терең өздөштүргөн. Эң маанилүүсү: Асатилла карапайым жарандардын жашоосуна кайдыгер эмес. Алардын абалын жүрөгүнөн өткөрүп, клеткалары менен сезет. Ошого биз, көрөрмандар, художник менен кошо толгонобуз, жүрөк ритмин сезебиз...» – деп бүткөрдү сөзүн искусство илимдеринин доктору Г.Н.Гинзбург.

А.Тешебаев кыргыз элинин жашоосундагы, жүрүм-турумундагы, маданиятындагы өзгөрүүлөрдү жана калыптанып бараткан жаңы карым-катнашты көрсөтүү үчүн түрдүү абстрактуу образдарды, анын ичинде геометриялык формаларды жаратат. Ушундан улам художниктин айырым эмгектери – кванттык живопись менен үндөшүп кеткенин белгиледи М.В.Ломоносов атындагы Москва мамлекеттик университетинин профессору, филология илимдеринин доктору М.Э.Коңурбаев.

Эл аралык транспорт академиясынын президенти В.А.Досенко кыргыз сүрөтчүсү легендарлуу темир жолчу, экономика илимдеринин доктору А.Зайцевдин портретин тартканын айтып, «А.А.Зайцев: человек, инженер, ученый, министр...» деген китептин титулдук бети ошол портрет менен кооздолгонун салтанатта баса белгиледи.

Мекендешибиз А.Тешебаев ондогон жылдардан бери Ата журтунан алыста эмгектенип жүргөн кыргыз художниктеринин бири. Анын дүйнө кезген сапары өткөн кылымдын 80-жылдарынын этегинде Москвада башталат. Ал СССР бүлүнгөндө Швециянын байтакты Стокольмдо сүрөт тартып жүргөн. Кийин Ыстамбул, Берлин, Париж, Барселона, Мадрид, Мюнхен, айтор Европаны түрө кыдырып, он жылдан артык мезгил Австрияда жашаган жана Ала-Тоосуна кайра келатып, өзү жогорку билим алган Москвада байыр алат. Арийне, жер кезүү кишинин дүйнө таанымын кеңейтип, турмуштук тажрыйбасын арттырат. Бөтөн дүйнө художниктин эстетикалык табитин жана палитрасын байытат, түрдүү стилдерди өздөштүрүүсүнө түрткү берет. Ошондуктан А.Тешебаевдин вернисажына коюлган сүрөттөрдөн түрдүү боёктордун гармониясына, күтүүсүз композицияларга, ар кыл стилдерге бай. Ал залкар художниктерди туурабайт, өз жолун издейт. Изденүүсүнүн натыйжасында, жашоодогу социалдык, психологиялык, саясый кубулуштарды (көрүнүштүрдөрдү) өзүнө окшоштуруп же жакындатып көрсөтүү менен чектелбестен, анын акыл менен аңдачу касиетин ачып көрсөтүүгө умтулат. Өзүн башка художниктерден өзчөлөгөн метареализм стилинде эмгектенет.

«Москванын Улуттар үйүндөгү» көргөзмөнү А.Тешебаевдин мааракелик вернисажы атасак да болот. Себеби, ал сүрөтчү катары катышкан туңгуч вернисаж 1985-жылы Москва шаарындагы көркөм сүрөт жогорку окуу жайлары менен факультетери аралык көргөзмө болгон. Ал кезде же 40 жыл мурда А.Тешебаев Бүткүл союздук мамлекеттик кинематография институту – ВГИКтин көркөм сүрөт факультетинде 3-курста окуп жүргөн.

Көргөзмөнүн ачылышына Москва шаары менен Москва облусундагы кыргыз аксакалдар кеңешинин төрагасы, КРнын мурдакы элчиси Раимкул Аттокуров баш болгон эмгек мигранттарынын өкүлдөрү келишкен. Ал эми ачылыш салтанатынан кийинки сый тамактын (банкет) чыгымын эмгек мигранттарынын Кадамжай коому менен художниктин мигрант айылдаштары көтөргөн. «Москванын Улуттар үйүндөгү» көргөзмө, Кадамжай райондук аксакалдар кеңешинин төрагасы Маматысак Кадыровдун айтымында, кайсы гана художник үчүн болбосун чоң сыймык. «Көргөзмөнүн ачылышына Орусиядагы белгилүү адамдар келди. Ушундай адамдарды сыйлабай кетирип жиберүү уят иш да. Асатилла Тешебаевдин көргөзмөсү биз, кыргыздар үчүн чоң сыймык эмеспи. Москвада кыргыз художниктеринин жеке көргөзмөсү сейрек болот», – деди М.Кадыров.

Асатилла Тешебаевдин Москва шаарындагы «Жашоо чыйыры» («Серпантин жизни») аталган жеке көргөзмөсү 29-январга чейин уланат.

Амирбек Азам уулу

Эгер «РухЭш» сайтынын ишмердиги токтоп калбашын кааласаңыз, бизди колдоо үчүн төмөнкү банктык эсебибизге өз каалооңузга жараша акча которо аласыз... Мбанк + 996 700 53 25 85 жана Оптимабанк-4169585341612561.

Окшош материалдар

Комментарий калтырыңыз