О`Шакир: Эсили кайран, Элмирбек (2-бөлүк)

  • 27.04.2020
  • 8054

*     *     * 

1995-жыл. Элмирбек элге тааныла элек анда. Композитор Турдубек Чокиев “Кербез” аттуу музыкалык гезит чыгарып, ошол гезитте иштеп жүргөн кезим. Устат-шакирт салтын ошондо көрдүм. Ошондо өзүм күбө болгон Тууганбай Абдиевдин асыл сапатын Элмирбекти эскерүүдө кыстара кетүүнүн кыябы келип туру. Бул жөнүндө мурда да жазгам, кайталагандан келме бузулуппу, азыр да эскергим бар.

Ал кезде филармониянын директору Амангелди Керимбаев (кийин көзү өтүп кетти) болуп турган кези. Өтө катаал жетекчи дешчү. Ошол киши штаттык кыскартуу деген шылтоо менен Амантай Кутманалиев, Элмирбек Иманалиевди эл шайырлар тобунан жумуштан алып салганына күйүнгөн Тууганбай аке мага маек курду. Абыдан жаны ачып алган экен.

Төкмөлүк өнөр түп орду менен жок болуп кетеби деп тынчсызданган Тукабыз тиги экөөнүн таламын талашып, директор менен айтпаганды айтышып, өзү да “бойкот” жарыялап, жумушун таштап баса бериптир. “Мына, элдик өнөрдүн ээлерин көчөдө жумушсуз калтырган директор маданиятка күйсө ушуну кылабы!” деп күйүнүп, басма сөз аркылуу жогорку бийликтегилерге өз үнүн жеткирүүгө кылган аракети эле. Ошондогу Тукабыз балапандарын ителгиден коргогон тооктон бетер ордунан чарк айланат десең. Тилекке каршы, бийлик өнөр өстөнүндөгүлөрдүн муңуна кулак да түргөн жок. Ошону менен төкмө акындар көчөдө калышты.

Т.Абдиев өзү да ишсиз жүрүп калды. Ал эми Амантай менен Элмирбек өлбөстүн күнүн көргөн тагдырга туш болушту. Элмирбек Тууганбай Абдиевдин үйүндө жашап калды көпкө.

Тукабыздын күйүнгөнүндөй бар эле анда. Элмирбекти 13 жашынан шаарга алып келип алган өзү. Тестиер балага назары түшүп, андан чоң өнөрпоз чыгат деп ээликтирип шаарга алып келген да өзү. Адеп көргөндө эле купулуна толуп, мектеп жашындагы Элмирбектин ырларына баш сөз жазып “Кыргыз туусу” гезитине жарыялап, канатына калкалап өстүрүп келаткан шакиртин анан эле филармония директору жумуштан алып салса, оңойбу... Өзүнө өзү баш оору тапкан мүшкүл ушу эмеспи Тукабызга...

*     *     * 

Кийин Элмирбек шаарга кантип келгенин өзү айтып берсе, кыткылыктап күлөр элек “Айтыш” фонддо иштегендер. “Тукам деле кызык киши экен азыр ойлосом, – дечү жаркылдаган Элмирбек өзүнүн оозеки аңгемесинин ширесине жеткенде. – Өнөрдөн башкага жөндөмү жок Тукам менин документтеримди тууралай албай канча убара чекти, жарыктык киши. Мени филармониянын алдындагы эки жылдык студияга окутам деп алып келип алып, же мени ал жердегилер кабыл алсачы. Жашы жетелек баланы окута албайбыз. Мунуңуз мектепти бүтпөгөн болсо, кантип студиядан окутмак элек дешет экзамен кабыл алчу комиссия мүчөлөрү ордуларынан так секирип, ортодо мен чайналып, бир жагынан Тукамдын айласы куруду”, – дечү окуянын курч драматизмине жеткен Элмирбек эзиле күлүп, санын чаап каткырып.

Сөздүн ток этер жери: ошону менен Элмирбекти же айылга кайра кетире албай убайым жеген Тууганбай аке шакиртин шаардын эки-үч мектебине жетелеп барыптыр. Окутуп-чокутуп бергиле дептир. Кыргыз мектептерге барышса, орун жок деп кабыл алышпайт. Орус мектепке берейин десе, Элмирбек эки ооз орусча сөз билбестигин айтып жер карайт. Айтору, акыры кадыр-көңүлүн салып жүрүп Элмирди кайсы бир мектепте окуду кылып документин тууралап бергенин Элмирбек өзү айтып отурса, кыраан каткы күлөр элек.

Акыры филармониянын эки жылдык студиясына өтүп окуганга чейинки тагдыр жолу ушундай болуптур кыскача. Анан да 15 жашында үй-бүлө курган Элмирбек өзү бала бойдон туруп бала тарбиялоо мүшкүлү башына келген турмуш суноосун баяндап бергени шумдук эле...

*     *     * 

Йе, Элмиш, өлбөй кал! Кээде кейип калчу элең: “Элибиз эмне болуп баратат?.. Кызык эл болдук, ыя...” Жаак этиң чулуюп, баш чайкап алчусуң. Мезгил өткөн сайын Салижан Жигитовго түшүнө баштаганыңды айтчусуң. “Ал киши кыргызды туура эле тилдечү турбайбы” дечүсүң. Анан өзүң да элди сөгүп калар элең. Себеби өз элиңдин оркойгон кемчилиги сенин да жан дүйнөңдү эзип баштаган кийин. Кейикчелдигиң арбыган...

Сен да кийин Салижан акени оозуңдан түшүрбөй калгансың... “Көрсө Жигитов өз элин сүйгөн үчүн тилдечү турбайбы” деп калдың кийин. Сенде да сынчылдык касиет өсө берди. Ал кишинин сөзүнө жазылган Асан Керимбаевдин “Элегиясын” боздоп ырдап берчүсүң анан. “Шуулдаба терегим, теректерим, шуулдасаң ыйлагым келет менин”... Анан Асакени да, Салижан акени да жокточубуз экөөбүз. Бул ырды автордун өзүнөн ашыра боздоп ырдачу элең.

Эстесем: деле бала күнүңдөн шаңдуу обон аткарганыңды көрбөптүрмүн. Адамдын кайгы-касиретин козгогон муңдуу чыгармалар жакын эле табиятыңа...

*     *     * 

Элмирбек менен катар Салижан акени кеп куруп отурган себебим: Элмирбек эми-эми баралына жетип, сынчылдык касиети курчуп калган кезинде арабыздан кете бергени арман болбодубу! Өз улутунун кемчилигин саналуу адам гана көрө алат, жеткире сындайт, сай-сөөгүнө, жүрөгүнө таамай тийгизет. Күйгөнүнөн, сүйгөнүнөн – өз эл, өз улутуна, айлана-чөйрөсүнө таасири болот!

Бөлөк-бөтөн улут өкүлүнүн оозунан айтылган сын өөн кабыл алынат, бөтөн улут кыргызды басынткандай таасир этет. Кыргыз кыргызды кандай ачуу сындаса да, орундуу сөз ордун табат. Андай сын жүйөөлүү кабыл алынат. Мына ушул маселеге келгенде Элмирбек кийин улам жетилип, кыргызга сын айтса жараша турган кезин эми-эми алдыдан күтөр кезибиз эле, арман!

Эр ортону элүүгө, алтымышка чыгар Элмирбекти элестетип көрөлүчү: улут абийири болор анык ак таңдай, анык каркыбар кашкөй болбойт беле ал! Себеби ал тестиер – бойсунган кезинен бери рухий изденүү жолунда келгенин эң жакындан билгендердин бири катары далай күбө болгонумдан улам күйүнүп отурам, күрсүнүп отурам – жер муштап!  

*     *     * 

Эки жыл мурда алыскы Ак-Шыйракка Элмирбек менен барып келгенибизди баяндаган элем (шилтемеси мында >>>>). Ошондо баргандан-келгенче улуттук кемчилигибизди санап бүтө албадык. Калкыбыздын караңгылыгына, баёолугу менен энөөлүгүнө, бөлүнүп-жарылган мүнөзүнө катуу кейип жүргөн кези экен. Бийлик башындагыларга болгон жаалы да толуп калыптыр көкүрөгүндө. Көз карашы курчуп, тилинин учуна ыр болуп төгүлөрүнө ошондо эле аз калыптыр болчу. Акындын жарылар кези туюлуп турган. Биз күткөндөй эле акыркы эки жылдагы саясый темадагы ырлары өтө курч мүнөздө чыкканы да бекер жеринен эмес болучу...

Эртеби-кечпи бийлик курчоосундагыларды эле жеберине жеткире тилдебестен, ошо бийлик башындагыларга алданган элдин өзүн тилдеп, элди сындай турган кезмет да келип, бышып калган кезинде, арабыздан күтүүсүз ажал алып кетти аны! Болбосо Элмирбек уламдан-улам эле бийликтегилерге гана сынын айтпастан, элдин өзүнө айыпты оодара турган дарамет-деңгээли бышып, жарыла береринде тили буулуп калбадыбы, арман!

Шайлоо сайын көрчеңгел саясатчыларга алданып келаткан элибиздин өзүндө чоң мандем бар экенин ыр түрүндө сабалатып төгөр этапка келген кези болчу! Айрыкча быйылкы шайлоого карата элди безине сайып, бул жолу көзүңдү ач деп айтуу мерчемин көздөп, тили кычышып, жаны ачыгып калган кези болчу кайран акындын!

*     *     * 

Мен анын чыгармачылык жактан да, рухий жактан да өсүү жолуна далай күбө болгон жайым бар. Үй-бүлөдөгү келим-кетим мамилебизден сырткары “Айтыш” фонду түзүлгөн жылдардан баштап ийиндеш бирге иштедик. Чыгармачылык лабораториясына баам салып суктанар элем. Ал тынымсыз изденүү жолуна түшүп алган абыгер эле. Апыздын андагы жайына кийинки эскерүүмдө толук токтолормун, азиз, окурман!

(Уландысы бар)

Окшош материалдар

Комментарий калтырыңыз