
Бир күнү Табылды байкем кышкы каникулга чыгып, атам атка учкачтырып алып келди. Ошондогу менин кубанганымы айт. Сагынып калыптырмын. Түндө экөөбүз чогуу жатып, бир топко чейин кобурашып уктабай; ал кантип окуп атканы жөнүндө ар кызыктуу жомокторду айтып бүтсөчү, ошондогу таасири али эсимден кетпейт. Болгондо да «Манас» китебин Табылды байкем биринчи класстан эле окуй баштаптыр. Манас жөнүндө айтса, атам баш болуп, эки апабыз да жомокко муюп, ортодогу очокто казан боркулдап, бышып жаткан тамакты да ананырак ичебиз деген бойдон жомок дүйнөсүнө кирип кетчүбүз Табыкенин кебине кунт коюп отуруп.
* * *
Мектеп кайда, балдар кайсы айылдан барарына такыр түшүнчү эмесмин. Каникул тез эле бүтүп, Табылды байкемди атам кайра жеткирип кетти мектепке. Кайрадан жалгыз калдым. Ойноор эч ким жок. Үйдүн артында атка окшогон эки өркөчү бар ташым бар эле. Бирок аны төө эмес, атка көбүрөк окшотуп мингенимди айт. Ошого аттын тердигин төшөп минип алчумун, дырылдатып «чуркатчумун», чапчумун. Кыялымда улак да тартып ийчүмүн жерге эңилип. Кудайдын куттуу күнү эриксем эле ошол муздак «таш аргымак» атымды камчыламай, жулкунуп теминип, кыялымда далай ат жарышта алдыга озуп келмей, сүрмө топ улак тартышта башкага мөрөй уттурмай жок. «Ат — адамдын канаты» дейт эмеспи кыргыз. Таш «аргымагымды» минсем эле канаттуу кыялымда ай-ааламды чарк айланып тердегенче ойнойм, кыдырбаган жерим калбайт. Бир гана «таш аргымагымдан» тер чыгып чарчамагы кайдан. Керелдин кечке ойноп, анын үстүндөгү жулкунган мен эле чарчабасам, таш «аргымагыма» атаандашар жылкы тукуму табылабы?.. Далай калбыр өпкө, жез канат күлүктөрүң да, дулдулдарың да, тулпарларың да быякта эле калат…
«Таш аргымагымдын» жакшы жери — сугарып убара болбойм, колумду карап жем сурабайт, чөп сурабайт. Канча жулкунсам да жону жоорубас дулдулум эле ал… Бир гана кемчилиги — жонундагы тердигим токтобойт.
Оюндун кызуусуна эми келгенде улам шыпырылып калганычы. Эми аны тердик дегенге деле болбойт, улуу апам менен кичүү апам эмнени берсе ошону тердик дейм да. Айтор, алтын балалыгымдын канчасын унутсам да, ошол «таш аргымагым» кайдан унутулсун…
* * *
Атам ар дайым булак башына барганыбызда топусуна сууну толтура сузуп алып ичирер эле, таңгалбаңыз буга, окурманым. Ооба, топусуна толтура сузуп берчү туптунук булактан. Ошондогу суунун даамы — атамдын тер жыттанган топусунун жыты эле буруксуган. Сүйүүнүн жыты эле жыпар жыттуу. Аталык камкордугу, мээрими эле аттигиниң! Атамдын тер жыттанган, шор жыттанган топусунун касиети өнө боюбузга, ар бир кан тамырыбызга дейре аралап сиңип кеткенби — Табыкем экөөбүз ошон үчүн атанын уулу, атанын ысымын өчүрбөс атуул болуп өспөдүкпү.
Ошондогу атамдын өз колунан тер жыттанган сууну Табыкем экөөбүз кезектешип ууртап, кезектешип суусунубузду кандырганыбызды эми ойлосом: атамдын адал териңер менен агарып-көгөргүлө деген оозеки айтып жеткиргис акыл-насааты окшобойбу! Кош канаттай эки уулум маңдай тердин даамы кандай болорун түшүнүп, туюп чоңойсун деген окшобойбу, аттиң арман! Ушул эки балам маңдай тердин, шор тагдырдын даамы эмне экенин эрте жашынан туюп, сезип өскөндө гана адам болот деген акылмандык менен экөөбүзгө кезеги менен тер жыттанган топусуна суу толтура сузуп ууртатчу окшобойбу…
Көрсө, атакебиз балдарыма куру сөз менен акыл айткандан көрө — мээнет кылып тердесең, дөөлөткө жетесиң деген нуска кебин тилдин учунан айтпай, акыл чөйчөгүнө көмкөрүп кийип жүргөн топусун суу чөйчөктөн бетер булак суусунан толтура сузуп жуткурчу турбайбы! Акылга карк тойгузуп чоңоюшсун деген ниет эмей эмне касиет бул?.. Атамдын ошол даанышмандыгы — бизге карандай мээнеттен тер жыттанган, шор даамдуу булак суусуна жан дүйнөбүздү сугарып өстүргөн үчүнбү — Табыкем экөөбүз кийин атамекендик өндүрүштүн жол башчысы болуп чыкпадыкпы! Жалаң маңдай терибиз менен!
Атакебиздин топусунун тер жыттанган даамы метафизикалык купуя сыр эмей эмне касиет деп ойлойсуз, окурманым?! Чаңкап ууртап, моокум канганча ууртаган ошондогу атамдын тер жыттанган топусун азыр ойлосом; ошондогу таңдайыбыздагы тердин жыты мага тер эмей эле балдай ширин, балдай таттуу алтын балалыктын өмүр бою эсте калар суусундугу экен…
* * *
Урматтуу окурмандар, буга чейин «Шоро» компаниясынын тарыхын баяндап берүүгө аракет кылып, «Кантип соодагер болдум?» деп чиймелеп баштап, түрдүү себептер менен жазууга чолом тийбей жүрдү. Жазма түйшүгүн Табыкем тартчу эле, буга келгенде ага тең келиш кайда. Анын көзү өтүп кеткенден кийин, башым маң болуп бир топ жыл жүрдүм, баарын кантип кагазга түшүрүп же компьютерге жазууга моюн жар бербеди. Айлам кеткенинен «башка иш түшсө , байтал жорго» демекчи, жазууга билек түрүндүм, бирок илхам деген балакет чырмады; жазуу мүшкүлүнө келгенде мурда-кийин тажырыйба топтобогон жаным баштаганымды таштаган учурум көп болду. Окшошсо-окшошпосо да окурмандардын таразасына салып, тобокел кылып көрмөк болдум акыры.
Албетте, менин жазгандарымды Табылды байкем окуса, капилеттен эле кайдан-кайдан «жазуучулук» дымагым ойгонгонуна санын чаап күлмөк. Көзүнөн жаш чыкканча карсылдап каткырмак. Себеби Табылды байкем окуган китептердин бирин да окуган эмесмин. Өмүр бою Табылды байкемдин аттокуру болуп, кара жумуштан, «Шоронун» кыбыр эткен чарбасынан баш көтөрбөй келген менден кайдагы жазуучу чыксын деген ишенимсиз сезим — душманыма айланды. Бассам-турсам бышпаган, көпшөк жемиштей ойлордун сели каптайт мээмди, ойлорумду бышырган менен өзүм чийки, өзүм чечкинсиз болуп жүрүп, далай өмүр сая кетти, аттиң!
Жакшылап чыгынып, жазууну чечтим да, жазгандарымдын «төл башын» Кудай өзүң кечир дедим. Чыгармачылык толгоом бышкан учурларда «жазылбай калгыча, жаман болсо да жазайын» деп чечтим. Кантсе да бир жатындан туулгандан кийин анча-мынча Табыкемдин какшыктуу, куйкумдуу сөздөрү менде да бар эмеспи дедим өзүмдү өзүм шыктантып. Бирок жазгандарымдын «төл башын» көпчүлүк окурман кубаттап кабыл алса болобу, мактоолор жаап, мадырайып эле калдым. Кадыресе дем-шык болду.
Ана жазам, мына жазам деп жүрүп, ортодо дагы далай убакытты жоготкондон кийин, эмнеси болсо да «Шоронун» тарыхы, өзүбүздү бала кезден калыптап өстүргөн ата-энебизден баштап, үй-бүлөлүк турмушубузду чагылдырууну чечтим.
Бул өзүнчө чоң тарых болгондуктан; көп күч, көп убакыт, көп убарачылыкты талап кыларына да көзүм жетти. Мынтип эми ар убакка туш келген, эсиме түшкөн кызыктуу окуяларды четинен жазып, чагылдыра берүүнү эп көрдүм. Кийин чоң китеп кылып жазарда, чогултуп алууга да жеңил болот деп ойлодум.
Бул үзүндү “Биздин чыйыр” аттуу Жумадил Эгембердиевдин жакында жарыкка чыгар китебинен алынды.