Чэнь Цзижу «сылык болуу кыйын» дейт

  • 29.04.2025
  • 2614

«Улуулардын тилин кантип табам?» китебинен тандалган афоризмдер

Жай отурсаң, күнүмдүк түйшүктөрдүн канчалык маанисиз экенин түшүнөсүң. Бир аз унчукпасаң, күнүмдүк сөздөрдүн канчалык куру экенин түшүнөсүң. Күнүмдүк түйшүктөрдөн баш тартсаң, адамдар канчалык көп күчүн текке кетирерин түшүнөсүң. Дарбазаңды жапсаң, тааныштыктын канчалык оор жүк экенин түшүнөсүң. Каалоолоруң аз болсо, адамзаттын ооруларынын эмне үчүн ушунчалык көптүгүн түшүнөсүң. Адамгерчиликтүү болсоң, жөнөкөй адамдардын канчалык кайдыгерлигин түшүнөсүң.

♦     ♦     ♦

Эркектин жакшы сапаты – анын таланты. Аялдын таланты жоктугу – анын жакшы сапаты.

♦     ♦     ♦

Мамлекеттик ишмер мамлекет жөнүндө ойлонуп кайгырышы керек, бирок мамлекетте кайгы жараткан сөздөрдү айтпашы керек.

♦     ♦     ♦

Жөнөкөй адамга баа берүүдө, анын чоң иштерди кантип аткарганына кара. Көрүнүктүү адамга баа берүүдө, анын майда-чүйдөгө канчалык көңүл бурганына кара.

♦     ♦     ♦

Мамлекетти башкарууда эки эреже бар: коркунуч жаралган учурларда сабырдуу бол, тынч убакта сак бол.

♦     ♦     ♦

Адам жөнүндө жакшы нерсе укса ишенбеген, жаман нерсени укса дароо эле айтылгандарды кайталаган адам – тулку бою менен ууга чыланган адам.

♦     ♦     ♦

Адам асманды да багындырат. Эгерде ал эркин топтой алса, руху курч болсо, анда тагдыр да, белгилер да ага бийлик кыла албайт.

♦     ♦     ♦

Жаман адам башкалардын ырайымын көксөйт, а каалаганына жеткенден кийин ыраазычылык билдирбейт. Улуу адам башкалардан жеңил ойлуулук менен ырайым албайт, а алгандан кийин ага көрсөтүлгөн кызматты эч унутпайт.

♦     ♦     ♦

Суу көбөйгөндө дамбалар пайда болот. Ашкабак бышканда, жалбырактары түшөт. Бул сөздөрдө жашоонун бүт мааниси бар.

♦     ♦     ♦

Медицина адамдардын өмүрүн сактайт, бирок наадандын колунда ал адамдарды жок кылат. Жоокерлер адамдардын өмүрүн кыят, бирок акылмандын колунда адамдарга өмүр берет.

♦     ♦     ♦

Рухий адамдардын сөзү көркөм. Акылдуу адамдардын сөзү жөнөкөй. Татыктуу адамдардын сөзү ачык. Жөнөкөй адамдардын сөзү көп. Жаман адамдардын сөзү пайдасыз.

♦     ♦     ♦

Адамдар бийик үйлөрдү куруп, кымбат кийимдерди кийишет, анткени бул алардын ким экенине бир нерсе кошот деп ойлошот. Бирок чатыр канчалык бийик болсо, башыбыздан ошончолук алыс турат, а кийим канчалык бай болсо, биздин денебизден ошончолук алыс. Биз ким үчүн жашайбыз: башкалар үчүнбү же өзүбүз үчүнбү?

♦     ♦     ♦

Улууларды сыйлабаган жаштар көбүнчө эрте өлөт. Эгер алар карылыкты баалабаса, анда эмне үчүн Кудай аларга узак өмүр бериши керек?

♦     ♦     ♦

Эгер адам күндүз бир жакшы сөз укса, бир жакшы иш көрсө, бир жакшы иш кылса, анда ал күн текке кеткен жок.

♦     ♦     ♦

Эгер кызматчыларың башка бирөөнү таарынтса, аларды кечирбе. Эгер кызматчыларың сени таарынтса, аларды кечир.

♦     ♦     ♦

Адамды таануу оңой эмес. Бирок оңой таанылган адам таанышууга арзыбайт.

♦     ♦     ♦

Жакшы насааттарды чогулткан адам ар бир тыйынды чогулткан жана акыры байыган соодагерге окшош.

Аң-сезим ар нерсеге умтулса, бул – караңгылык. Аң-сезим тийиштүү нерсеге умтулса, бул – агартуу.

♦     ♦     ♦

Бай жана атактуу адам менен жолугушканда сылык болуу оңой, бирок жайдары болуу кыйын. Кедей жана жетим менен жолугушканда кайрымдуу болуу оңой, бирок сылык болуу кыйын.

Которгон Абийрбек Абыкаев

Эгер «РухЭш» сайтынын ишмердиги токтоп калбашын кааласаңыз, бизди колдоо үчүн төмөнкү банктык эсебибизге өз каалооңузга жараша акча которо аласыз... Мбанк + 996 700 53 25 85 жана Оптимабанк-4169585341612561.

Окшош материалдар

Комментарий калтырыңыз