Дайырбек Стантегин: Өз аялды сүйүүң керек ойноштой

  • 30.04.2025
  • 2945
  • 1

Жалгыз бейит
Үзүлүп жаткан өңдүү бопбоз туман,
Жок ата, жок энеси, жок дос, тууган.
Дөмпөйгөн куу такырда жалгыз бейит,
Мен бүгүн кудум сага окшоп турам.

Ичимден улугандай самсып көй ит,
Арданам алсыздыкка арсыз кейип.
Мен бүгүн кудум сага окшоп турам,
Дөмпөйгөн куу такырда жалгыз бейит.
03.08.2004.

Ышкырып турат
Ынсапсыз жанга береги,
Ыйласаң ыйман береби?
Кутуруп турган дардеске
Кудайдын эмне кереги?..

Бакырган жанга береги,
Байлыктын жокпу ченеми?
Заңгипес зөөкүр маңгиге
Закондун эмне кереги?..

Мээлеген жанга туш кылып,
Мертинтип коёт “мыш” кылып.
Ышкысын күүлөп ычкыр күч,
Ышкырып турат, ышкырып.
09.06.2004.

Өлбөстүктүн үрөнү
Дагы сүрөп, жана да ары сүрөп,
Тажаалданып тагдырга көнбөс түк ким?!
Өлүм барда тирүүлүк заңы жүрөт,
Өлүм ошол – үрөнү өлбөстүктүн.
26.05.2008.

Сүйүү керек
Кыттай уюп калган көңүл эркине,
Кыштай, жаздай, күнү менен жазыңдай
Чыпалактын бекем болсоң шертине,
Чын досуңду сыйлооң керек касыңдай.

Кайгысы не, кубанычы, нак ноюп,
Караанына карай берип тойбостой
Өртүнө да, көркүнө да баш коюп,
Өз аялды сүйүүң керек ойноштой.
16.10.2004.

Бой жеткен кыз
Бойго жетип калган кыз боюн күүлөп,
Бою сыйбас сезимге оюн күүлөп,
Кино – турмуш жетелеп каяккадыр,
Вино жыттуу түшүнө коюн кирет.
13.08.2004.

Апаке!
Өмүр гүлүн, көңүл гүлүн ачат ээ,
Өткөн түндүн өктөм таңы атат ээ.
Мээриң менен таштап кеткен кээриңди
Дээрим менен сезип жатам, апаке!

Ушул Күн да улуу тоого батат ээ,
Улуган ит сынган жаагын басат ээ.
Кашка чындык жашка тунган каңгы баш,
Башка эч нерсе көргөнүм жок, апаке!
23.02.2005.

Кыргый сезим
Жашыл, жашыл, жапжашыл жалбырактын,
Жалбырактын көзүнөн албырат күн.
Ойноок бала сыяктуу кагуу жеген
Олтурамын мелтиреп жалдырап тим.

Эске түшөт эңилчек, кыргый кезим,
Эдиреңдеп жел кууган чылгый кезим.
Жашоо өңдөнүп мен тойбос жанып турат,
Жалбырактын көзүнөн кыргый сезим.
08.06.2004.

Кечиккен бакыт
Каруу-күчүм азайганда келдиңби,
Кара көзүм кашайганда келдиңби?

Алдымдагы атты алганда келдиңби,
Агала чач башты алганда келдиңби?

Тумшуктууга туш болгондо келдиңби,
Туш тараптан мыш болгондо келдиңби?!
05.01.2011.

Оо, анда...

Көз менен сүйгөндөрдүн көзүн чукуп,
Сөз менен сүйгөндөрдүн тилип сууруп,
Эркектир, ургаачыдыр делип кылмыш,
Ченелсе мыйзам менен эгер бул иш...

Көзүнөн жаңылбаган жок ко пенде,
Азгырбас барбы сүйүү аруу жүзү?
Оо, анда сокур болмок жок дегенде,
Дүйнөдөн эркек-аял жарымысы.

Сөзүнөн жаңылбаган жок ко пенде,
Айттырбайт несин гана жүрөк иши.
Оо, анда дудук болмок жок дегенде,
Дүйнөдөн аял-эркек жарымысы.
23.09.2004.

Тышкары күч
Албетте, кечирип кой, атакеси!
Албетте, кечирип кой, апакеси!
Баланы жаратуунун эмнеси эрдик,
Баланы төрөгөндүн жана неси?

Башмалдак аткан менен күч-каруубуз,
Байланган макулукпуз биз баарыбыз.
Энеңди, атаңды да уруп койбой,
Эркиңди бийлеп турат тышкары күч.
11.02.2004.

Эгер «РухЭш» сайтынын ишмердиги токтоп калбашын кааласаңыз, бизди колдоо үчүн төмөнкү банктык эсебибизге өз каалооңузга жараша акча которо аласыз... Мбанк + 996 700 53 25 85 жана Оптимабанк-4169585341612561.

Окшош материалдар

Комментарийлер (1)

  • - Гүкү

    Жалаң кайгы, муң...

Комментарий калтырыңыз