
Олжобай сараң экен
Аң учурган укмуштуу окуя, кан жыттанган каармандар, төшөктүн кумарынан башканы элестетпеген аялзатынан куралган чыгарма – азыр өтүмдүү товар. Айрыкча, гезит соодасына жардамы жугат. Олжобай балбан бул чыгарманы жазып атканда кыязы, ошондой максатты алдына койбосо керек. Анысын деле аткарыптыр. Бирок жогоруда мен атаган жоруктары жок эле, бир маселени оңкосунан тургузуптур. Ал – адамды акчага көөмп, анан кайра тартып алып сыноо. Достоевский ошентет эмеспи, адамга күтүүсүз миллиондорду берип, кайра заматта тартып алып, анда эмне кылар экен, мында эмне кылар экен маанисинде эксперимент жасайт. Олжобай албетте, Достоевский эмес. Айрыкча, психологиялык ишенимдүү чечилиш жагынан. Азыркы итке минген кыргыз турмушу менен андагы аксөөктөр турмушун салыштырып болбойт. Ошондуктан Олжобайдын колунан миллион эмес, «калтырап-титиреп» атып 60 миң доллар араң чыгып атыр. Эң негизгиси, бул чыгарманы кыргыз окурманы кайдыгер окубайт. Канткен менен ушул турмуштун өзүн жашап атат. Аралашып жүрөт.
Алым ТОКТОМУШЕВ, 6-март, 2008-ж. (№13) «Dе-факто» гезити
Повесть
1. 60 000
Чатырдын үстүнөн кулап баратып, жамаачыланган жаман үйүмдүн чатыры сынып кетпесе экен деп ойлонгонучу. Жамаачы шымы шыйпырга илинип калыптыр, сынып кетти. Эми ага дароо чатырдын аңырайган тешиги көрүндү. Өзү да аңырайып калды. «Эмне кылам». Бечаранын айласы куруп турду. Шыйпырдын баасы кымбат экенин кечээ өз көзү менен көргөн. Качанкы эскилиги жеткен үйдү оңоюн дейт, каражаты тартыш. Суук эшигинен да, тешигинен да зырылдайт. Төбөсүнөн болсо жамгырдын сарыккан суусу тамат. Дубалдар сапсары темгилала. Үй ичи нымдын жытынан көгөрүп чирий баштаганын көргөндөн бери санаасы сан.
Эшикте күздүн муздак жели согуп турат. «Шырдактар чирип бүттү, эркектей болуп жамгыр тамган чатырдын үстүн бүтөгөнгө да жарабайсың» деген катынынын наалыганын угуп, кечээ базарга барды эле, бийлик кожоюндары ээлик кылган шыйпыр баасын көргөндөн кийин диңкеси сууп кайра келген.
Шыбыргак жамгыр башталганынан бүгүн эптеп короодо болгон сынык шыйпырларды кураштырып, жамгыр аккан тешиктерди бүтөгөнгө чыгынгандагысы болчу. Эми болсо аңырайган тешикти кайсы шыйпыр менен бүтөрүн билбей отуруп калды. Чатырдын үстү араң турганын билип туруп катындын кебин эмне уктум экен деп өзүнө жини келди. Жерге түшүп, ары басты, бери басты. Эмне кылар айласын таппай, тамтын үстүнө чыкты. Кызыкты эми көрүп ал. Аңырайган тешикти карап отуруп, шыйпырлар биринин үстүнө бири ашташкан жердеги устундун үстүндө желим баштыкка оролгон нерсеге көзү чалынды. Адегенде эки шыйпырдын ортосуна коюлган шынаа го деп ойлоду. Бирок азгырык деген балээ жанына жай бербей, сууруп чыкты. Сууруп чыгып алып, колундагыны «жарылып кетчү неме эмеспи?» деп кайра чочулады. Заманың түшкүр теракт деген укмуштарды теледен күндө көрүп, радиодон угуп атат ко. Азыркы күндө адам баласы тынч жашоого мүмкүн болбой калбадыбы. Күнүгө ааламдын ар кандай аалаамат окуяларын эшиткен Тээкбол азыр бөөдө кырсыкка кабылып калбайын деп ойлоду. Адамзаттын адамзатка жасаган кыяматы көбөйгөн заманда жан деген курусун, кадам сайын коркунуч. Жадагалса, күндөн күнгө өз үйүңдүн чатырынын алдында тынч уктоого мүмкүн болбой баратат.
Азыр анын колундагы абыдан дыкат оролгон желим баштык оор да, калың да көрүндү. «Жарылып кетсе не болот? Үйдү сапырып кетчү балээ болуп жүрбөсүн» деген ой турса да, бирок ачканча шашты. Кабатталган желим баштык жөндөн жөн турбаганын ойлогондо, үйдөн алыс жерге барып ачууга чыдамы жетпей, ачып ийди. Ичин көргөндөн кийин жүрөгү дүкүлдөп, колдорун калтырак басты. Жалаң кытыраган долларлар. Өмүрүндө акчада жыт болорун билчү эмес экен. Мынча акчаны кармап көрбөгөн жаны акчанын буркураган жытын сезди. Колунда жылмышкан долларларды шашкан неме улам миңден бөлүп санап болгуча, жерге чачылып кетти. Адашып да калды.
Канчалык өзүн-өзү карманайын десе да денесинин калтырагын токтоталбай койду. Бир убакта өзүнө келалбай турганын сезип, көзүн чылк жумду. «Өңүмбү же түшүмбү?» Өзүнүн күңгүрөнгөн үнүнөн селт этип чочуп алды. «Өңүм экен». Доллардын өңүн күндүн шооласына каратып текшерди. Аныгына ынанган соң санай баштады. Бүтөр эмес. Жарымын санап бүткүчөле колдору талып кетти. Жонунан кара тер жүгүрдү. Өмүрү кара жумуштан чарчабаган неме акча санагандан чарчады. Мээси лукулдап, көздөрү караңгылашат.
Доллардын бетиндеги башы тасырайган адамдын сүрөтү көз алдынан калкылдап кетпей койду. Көзүн кайра жумса да, башы тасырайган кишинин сүрөтү мээсине коргошун ок сымал кирип алгандай. Көз алдында кабат-кабат элестеген башы тасырайган кишинин сүрөтүнөн көңүлү айныдыбы, доллардын жытынан айныдыбы же ойдо жок жерден табылган олжодонбу?.. Кускусу келди. Акыры акчаны өлдүм-талдым болуп араң санап бүттү. «Туура санадымбы» деп бир эмес, эки жолу. Ашык-кеми жок 60 000 болуп чыкты.
2. Өң
Зуура адегенде күйөөсүнүн күүгүм талаш короодо жер касып атканын көргөн. Бирок кермеде жайылган кирлерин жыйнаары менен кирип кеткен. Үндөгөн да жок. Өң-алеттен кеткен Тээкбол көз карайган убакта үйгө кирди.
– Сага эмне болду? – деген Зууранын сөзү кулагына кирдиби, кирген жокпу, үндөгөн жок.
– Короону эмне казып атасың? – Баятан мелтейип каткан Тээкбол муну укканда чочуп кетти.
– Казган жокмун.
Бул сөз өзүнөн-өзү оозунан чыгып кетти. Бирок тизеси боз топурак болуп жүргөнүн көрүп, карбаластап калды. «Жер касып атканымды кайдан көрүп калды?» Жин тийген немедей ордунда отуралбай, сыртка чыкты. Эмне ойлогонун өзү билбей, жаңыле көмүлгөн акчаларды кайрадан каза баштады. «Кайда жашырам». Күшүлдөп-бышылдап, колундагы күрөктүн учун жерге матыра тээп атып, чүңкурду кайра көмгөнчө шашты.
– Тээкбол, кайдасың? Үйгө кирбейсиңби.
Үйдөн чыккан Зуураны көрүп, мээси дагыле лукулдап чыкты. «Көрүп калды окшойт».
– Эй, кире берчи!
Аялынын короо жакка басканын көрүп, жердеги тырмоокту ала койду.
– Эмне кылып атасың?
– Короо тазалап атканымды көрбөй атасыңбы?
– Караңгыдабы? Күндүз тазаласаң эмне болот?
– Кол тиймек беле.
– Күндүз бош эле болуп атасың го…
Жооп таппай калды. Зуура артына кеткенден кийин чуңкурдагыны кайра касып алып чердакка чыкты.
Тамтын үстүндө Тээкболдун ары-бери басып жүргөнүн уккан Зууранын жүрөгү бир балээни сезип, ал да бир орунга тура алсачы. Сыртка чыгайын дейт, бирок ачуусу чукул күйөөсүнөн сестенди. Бир далай убакыттан кийин үйгө кирген Тээкболдун алдына дасторкон жайды:
– Тамак сууп кетти...
Кечке сыртта жүрсө да Тээкбол тамакты жарытылуу ичкен жок. Өңү-башы кубарып, өзү менен өзү. Анын түрүн көргөн Зуура сүйлөгөндөн жазганды. Ушунча болуп жаак эттери титиреген күйөөсүнүн өңү мынчалык кумсарганын көргөн эмес. Үй ичинде Сагыныч экөө жыла басып, үн чыгарган жок. Эмне кыларын билбей, эртеле төшөк салды. Үңкүйгөн Тээкбол да төшөк салынганын көрөр замат үстү-башын чечип ыргытты. Төшөккө култ этип кирер замат чүмкөнүп алды. Заманы куурулган Зуура Сагынычка шыбырап, эшикке чакырды.
– Атаңа эмне болгон?
– Билбейм, апа.
Зуура менен Сагынычтын сыртка чыкканын туйган Тээкболдун санаасы дале тынчыбады. «Булар эшикке эмнеге кетти?»
Көп өтпөй Зуура менен Сагыныч кайра кирди.
– Кой балам, жаталы, – аялынын шыбырап сүйлөгөнү шектүү туюлду.
Зуура менен Сагыныч төшөккө жаткандан кийин Тээкбол сыртка чыкты. Шатыны көрүп, санаасы ылдыйлады. Койгон оордунан жылбаптыр. Кайра келип жатты. Бирок түнү бою уктаган жок. Анын түйшөлүп жатканын туйган Зууранын көзү кайдан ирмелсин. Экөө тең уктап аткандай түр көрсөткөнү менен бири-биринин дабышын кайтарып жатты. Улам сыртка чыккан күйөөсүнүн тынчсызданганын туюп, санаасы сан.
Тээкбол бир убакта сыртка чыгып кетти да, кирген жок. Зуура короо жактагы бөлмөнүн караңгы терезесинен сыртты караса, Тээкболдун колунда күрөк бар экен. Чочуп кетти. «Бирөөнү өлтүрүп коюп, короого көмүп атабы…» Жүрөгү оозуна кептелип, ою жамандыкка кетти. Күйөөсү түн ортосунда короодо жер касып атканы жөндөн жөн эмес экенинен кооптонуп, сыртка чыкты. Зууранын үнүн уккан Тээкбол да селейип калды.
– Тээкбол, эмне болсо да айтчы! Кудай жалгагыр… Жүрөгүм бир балээ болуп атат…
– Таап алдым.
– Эмнени?
– Акчаны.
– Эмне болгон акча?
– Кайдан билем!
– Канча акча?
– Алтымыш миң…
– Алтымыш?!
– Доллар менен.
– Койчу!
– Ошонүчүн коркуп атам.
– Кимден?
Тээкбол үндөгөн жок. Зууранын ансайын айласы куруй баштады.
– Эмне болгон акча? Кана...
– Акыры-ын сүйлө... – күйөөсүнүн шыбыраганын угуп, эми чындап чочулады. Түн жарымында минтип өң-алеттен кеткен Тээкбол көзүнө шектүү көрүндү. Болбосо менден эмне уурданат деген бүдөмүк ой турду.
Жанына Зуура келгенден баштап Тээкбол өзүн бир аз жеңил сезди. Мурдагыдай шырт эткен добуштан чочулабай, Зуура менен эми ачык сүйлөшмөк болду.
Үйгө киргенден кийин болгонун болгондой айтып берди. Андан соң экөө акчаны кайра-кайра үч жолу санашты эле, ашык-кеми жок туура 60 000 болду. Кенедей үйдө салынган шырдак бетиндеги жайнаган акчаны басып жыгылышты. Капыстан буюрган олжону бирөө колдон тартып алчудай алактаган экөө акчаны жашырганча шашышты. Бечаралар алеңгир эстери менен не кыларын билишпей, жүрөктөрү дүк-дүк.
– Не кылабыз? Бул эмне болгон акча! Кимдики? – Зууранын көздөрү алаят.
– Кимдики болсо ошонуку болсун. Бекем катыш керек… – деген күйөөсүнүн чечкиндүү жообунан кийин алайган көздөрү чанагынан чыкчудай муйтуңдады. Бир оорунга тура албаган экөө канча бир убакыттан кийин өздөрүнө келип, акчаны кайда катаарды билбей баштары катты. Эч бир ишенимдүү жер табылбай, акча менен келген коркунуч экөөнүн мээ булчуңун иштетпей салды. Кимдир бирөө аңдып тургансып алактап, эптеп ороого катымыш болуп, кайрале эртеси сары санаага батышты. Экөө бирдей уйку бетин көрбөйт.
60 000 доллардын ээси бул үйгө баарыбир келерин ойлогон экөөнүн ичкени ириң, жегени желим. Акыры «ушул үйдөн көчүп кетели, андан кийин эч коркунуч болбойт» деген чечимге келишти да, дароо ошол күнү алдыдагы кышка калбай, жаңы үй сатып алмай болушту. Реклама жарыяланган гезиттердин бирин калтырбай сатып келишти. Өздөрүнө өздөрү ишенип, ишенбей, шаардагы эң мыкты деген үйлөрдүн баасын сураштырып отуруп, «баардык шарты ыңгайлуу» деген үйлөрдүн бирөөнө токтолушту.
Андан соң өздөрүнүн үстү-башы оңуп, оболу жалгыз уулун чыкыйтып кийинтип, болгон мүдөөсүн аткарышты. Кубангандары ушул. Болбосо элдин балдарынын мунусу бар экен, тигиниси бар экен деп айтып келчү Сагынычтын жер карачу басырлыгын көргөн ата-эненин жүрөгү сыгылып кетер эле. Экөөнүн дагы бир ызасы – Сагынычты аргасыз мектептен чыгарып алышкан. Ал да турмуш забынан келип чыкты. Зуура астма оорусу менен ооруганына үч жылга аяк басты. Күнүмдүк тамак-аштан мурда күнүмдүк дары-дармегин убагында колдонуп турмайын – өмүр менен өлүмдүн ортосунда кысылганы кысылган. «Флексотид аэр», «Серетид аэр», «Беклазон аэр» өңдүү көздөн учкан дары-дармектер үчүн борбую катып келаткан Сагыныч да атасына кошулуп базарда тачка түрткөндөрдүн арасында.
Бири күнүмдүк тамак-ашка тыйын тапса, бири дары-дармек үчүн тырбалаңдайт. Окуусун уланта берет эле, сумкасы бош. Күнүгө китеп-дептерсиз сабакка келген Сагыныч мугалимдерден тил уга берип жер карап бүтмөй болгондо, экинчи баргыс болгон. Мугалимдер мектеп ремонтуна ата-энеңе айтып акча алып кел дегенине бетинен оту чыгып, «ана-мына» дечү шылтоосу калбай калган.
Тээкбол 60 000 долларды таап алган күндөн бери жашоолору жомокко айланды. Уулу экөө тең эртеден-кечке базарда тачка түрткөн азаптуу турмуштан кутулуп, ойдо жок жерден короо-жай, мончосу бар, огороду кенен мөмө дарактуу шаар четинде жайгашкан үйдүн ээси болуп, жоонсунуп калышкан. Кудуңдаган Сагыныч курбулары менен мектепке барганына сүйүнүп, өзүн эл катарында эсептегеничи. Бирок бул үй-бүлөнүн бейпил жашоосу бир күнү эле түш сыяктуу алмашты. Түн жарымында каалга тарсылдаганын уккан Тээкбол сыртка башбагары менен кекиртегине бычак такалды.
3. Барымта
Тээкбол мурдагы кепедей үйүн төшөктөн туралбаган орус кемпирдин колунан арзанга сатып алды. Чамгарактын соодасы чечилгенден кийин кемпирди көчүрүшкөнү келген кызы үйдү арзан баага берип жиберген энесине катуу нааразы болгон. А кемпир бечара актанып, көптөн бери үйгө кардар чыкпагандан аргасыз сатып атканын айтып, кызын араң көндүрдү. Тээкбол да мындан башка берер акчасы жок экенин айткандан кийин үйдүн документтерин кыйылып атып карматышкан. Кемпир болгон оокатын үйдөн ташытып чыккандан кийин бир нерсесин унуткандай, босогодо көпкө турду. Бир убакта артына кылчайып үшкүрдү да, муздак дубалдарга кайрылып: «Эгер Сашам түрмөгө кесилип кетпегенде, сөөгүм сенден чыкпайт беле» деп ыйлап жиберди.
Кемпирдин бул арманына Тээкболдун ичи сыйрылып турса да, эмне кылалмак? Кемпирге кайрат айтымыш болду. «А уулуңуз качан келет?» дегенине, Сашасы бир ай мурда уурулук менен кесилип кеткенин айтып бышактаган.
* * *
Убактылуу кармоочу жайда уурулук шек менен камалып жатып бошонгон Саша түн жамынып келип, кепедей үйдүн чатырына каткан акчасын таппай, кайсалап калды. Каалгасын кара кулпу кайтарган үй ээсин кайдан табарын билбей, коңшусу Антондун дарбазасын какты. Сыртка чыгып, Сашанын көргөн Антон терине батпай кубанды. Ал-жайды сурашып, эски кошунасынын абактан бошоп келгенине ишенип-ишенбей турду:
– Ой, качан келип калдың?
– Жаңыле келип…
Антон дароо Сашанын бушайман болуп турганын сезди. Таноосу көөп, жини келип алыптыр.
Саша. Биздин үйдү сатып алган жаңы коңшуларың кайда?
Антон. Булар качан эле жаңы үй сатып алып көчүп кетишкен.
Саша. Ухх! – Муштумун муштумуна кагып, туруп калды.
Антон. А эмне болду?..
Саша. Кайдан сатып алганын билесиңби?
Антон. Билем. Өзүм көчүрүшүп баргам.
Антондон мындай жоопту күтпөсө керек, шак эле билектен алды.
Саша. Жакшылыгыңды эч качан унутпасмын… Сага баарын жолдон түшүндүрөм. Кеттик.
Түрмөдөн жаңы эле чыккан неменин колунан эмне шойком болуп кетеринен чочулаган Антон иштин чоо-жайын билгиси келди. «Билем» деп айтарын айтып алганына, кайта ичинен кыжаалаттанды.
Антон. Көчүп кеткен немелерде эмне ишиң бар?
Саша ага чердакка катып кеткен 60 000 доллар жөнүндө айтып берди. Ал эмес, «кошунаңдын жаңы көчүп барган дарегин таап берсең, акчанын жарымын сага берем» деген шерти менен бир заматта азгырды. Муну уккан Антон артына бир аз кылчактап барып, кайра тез эле көндү. Караңгы түндө ал экөөнүн эмнени сүйлөшүп, эмнени пландаганын жан адам уккан жок, көргөн жок.
* * *
Саша. Апкел акчаны!
Тээкбол. Кайдагы?
Антон. Эмне анткорлоносуң!
Саша. Убакыт жок, тездет!
Үйдө эмне болуп атканына түшүнүп-түшүнбөй жылуу төшөктөн туруп келип элейип калган Зуура менен Сагынычты көргөн Саша Антонго буйрук берди:
– Экөөнү эшикке чыгарба!
Зууранын телефонго чуркаганын көргөн Антон дароо басып жыгылды.
– Кайда чаласың?
– Милийсага.
– Милийсагабы! – желкеге муштады эле, көзү караңгылашкан Зуура жерге жалп кулады. Антон эми жерде сулап жаткан Зуураны оордунан сүйрөп, көзү тостоюп отурган Сагыныч экөөнү бөлмөлөрдүн бирине камады.
– Үнүңөрдү чыгарсаңар мууздап салам! Бейубак келген түрү суук Саша Тээкболду бычактын сүрү менен тез эле калтыратып койду.
– Демек, менин акчама үй алган экенсиң да… Жаман эмес. А мени келип калат деген жоксуңбу?
Бычактын сүрү сүр да, Тээкбол унчугалбады. Кадеми каткырдын корккону – тигинин колундагы жалаңдаган бычак. Мурда дайым Тээкболго кошуна кездеги кичипейил мамиле кылчу Антон азыр Сашадан өткөн жаналгыч сыяктанды. Анын да колунан жалаңдаган бычак. Экөө бирдин ичинен чыкмайын соо коёр эместей.
– Бул үйдүн ээси келди, документин бер! – Көздөрү сааттын жебесиндей кыймылдаган Антон эми Тээкболдун жанына келип, өзөртө муштады.
– Кана дейм?..
Тигилердин опузасынан корккон Тээкбол да эч каршылыгы жок үйдө болгон документтерди издей баштады. Документ деле көп убара кылган жок, телевизор турган тартманын ичинен чыкты.
– Эми паспортуңарды.
Сашанын колуна Зуура менен Тээкболдун паспорту, Сагынычтын туулгандыгы жөнүндөгү күбөлүк да тийди.
– Башка эмнеси керек? – Саша менен Антон кеңеше баштады.
Бир убакта үчөөнүн тең колдорун таңып, бир бөлмөгө камап коюшуп, экөө кухня тарапка жөнөдү.
– Эмнени сүйлөшүп атышат? – бүргөдөй туйлаган Сагынычтын суроосу апасынын да, атасынын да кулагына кирген жок. Кайдан кирет.
Тээкбол тээ бир убакта атасынын «бирөөнүн оокаты бирөөнө буюрбайт» дегенин эстеп мелтейип отурса, Зуура өз ичинен келмесин кайталап, өлүм менен маңдай-тескей тиктешип отургансып, бир чекиттен көзүн албады. Ийненин үстүндө отургансып, бирде тура калып ары-бери басат. А тигилер да ансайын башка бөлмөдө күбүр-шыбыр болуп отурганы жакшылыктын жышааны эмес экенин Тээкбол да, Зуура да туйду. Оо бир далай убакыттан кийин шаар ичи таптакыр жымжырт болуп калганда бөлмөгө Антон менен Саша башпакты. Экөөнүн ырайымсыз түрүнөн корккон Зуура Сашанын бутуна жыгылып, жансоогалап жиберди эле, төбөгө дагы жеди.
– Үнүңдү бас!
Антондун колундагы өзүнүн жоолуктарын көргөн Зууранын оюна өлүм кадалды да калды. Анын көзүнө азыр бир аз мурда жалаңдаган бычактын сүрүнөн да жибек жоолук сүрдүү көрүндү. «Бизди жоолук менен муунтуп өлтүрөбү?» деген суук ойдон корксо да тигилердин «үнүңдү бас» дегенине карабай, «балама зыян кыла көрбөгүлө, балама…» деген сөзүн жалынып-жалбарып кайталай берди. Башка сөз оозуна келбеди. Ангыча Сашанын шадылуу колдору Зууранын жаагын жап кылып, алкымдан алды. Анын алкымдан алган колу анык ажалдай туюлуп, Зуура алынын келишинче Сашанын колдорунан чыкканга тырмышты. Алгыр куштун колуна тийген эликтей тыбырчылаган Зуура эки колу артына таңылуу болсо да, каршылык көрсөтүп атты. Бирок ага болбой тигилер адегенде Зууранын көзүн таңып, соңунан Тээкбол менен Сагынычтын көзүн жоолук менен чытырата байлашты. Зуура жаалданганын койбой чыркыраганда, Саша ага өктөм буюрду:
– Сен угуп атасыңбы, канчык! Үнүңдү чыгарба!
Адам жан айласы үчүн кантип үн чыгарбайт. Колдору, көздөрү таңылып турса, жансоогадан башка эмне арга кылышмак. Бир убакта үчөөнү Антондун «Москвичине» тыккандан кийин, машине ордунан козголду. Ажал деген коркунуч жакадан алганда айла таппай туйлаган үчөөнүн баятан берки жансоога суранганын эки жаналкыч уккан жок.
Үчөөнү мүшөккө тыккан мышыктан бетер кайда апарып өлтүрөрүн айтпаган немелердин колунан кантип чыгып кетүүнүн аргасы турду. Кол эмес, көз таңылгандан кийин бул үчөөнүн жарык жашоодон үмүттөрү үзүлө түштү. Адам бечаранын көзү жарыктан ажыраар замат карайлатат тура: үчөө баятан бири-бирине караан болуп атты эле, көздөрү таңылгандан кийин жалгыз-жалгыздан карайлап калышты. Үчөөнүн тең башынан кетпеген ой бирөө гана: «Булар бизди эмне кылып өлтүрөт? Бычактаппы, тирүүлөй көмүппү».
Аларды өлүмгө алып бараткан жол узаргандан узара берди. Жолдун кыскарбаганын өлүмгө бараткан адам гана тиленбесе, ким тиленет. Үчөөнүн тилегени – узагыраак жол гана калды. Жол бүткөн жерден үчөө тең жарык дүйнөнү экинчи көргүс болобу? «Кайсы кара жердин алдына алып барып жашырат?» деген ойдон үчөөнүн тең башы чыккан жок. «Жетээр жерге жеткенде эмне болобуз? Бизди эмне кылып өлтүрүшөт? Бычактаппы же тирүүлөй көмүппү?..» – Бул санаа кайта-кайта Тээкболдун да, Зууранын да, Сагынычтын да оюнан кетпеди. Үчөө үч башка жан болсо да үчөөнүн тилеги, үмүтү – жашоо. Коркунучу, санаасы бир гана – өлүм.
«Москвич» токтоду. Карайлаган үчөөнү жулкулдатып жетелеген тигилердин бирөөсү чөнтөгүнөн ачкыч алып чыккандай болду. Бирөөсү колундагы бычак менен үчөөнүн көзүнө таңылган жиптерди кесип жиберип, үчөөнү босогодон ичкери карай түрттү.
– Биз келмейин жылбайсыңар, уктуңарбы? – деген Саша жарыкты күйгүздү.
Көздөрү чымыраган тигил үчөө колго жаңыдан үйрөтүлөр жапайы жаныбарлардай эки жактарын каранып бүшүркөдү. Бөлмөдө Саша менен Антон көпкө кармалган жок. Жарыкты кайра өчүрүп, чыгып кетишти. Жарыксыз дүйнөнүн алдындагы ал үйдүн ээси бар экенин да, жок экенин да эки күн бою билишкен жок. Кирип-чыккан жан көрүнбөй, колдору таңылып, эки күн кесээрип ачка отурган немелердин дааратканасы да, жатагы да бир бөлмөнүн ичи.
– Биз эми эмне күндү көрөбүз? – деген Зууранын деми кысылганын тиктеп отурган Тээкбол менен Сагыныч артка таңылган колдорун чечалышпай, эмнени гана кылган жок.
Бирине-бири артын такап, чыйратылган жибек жип менен чийе байланган колдорун чечкенге аракет кылган менен чымырап уюган колдо кайдагы каруу. Канча аракет кылышпасын, колдорун чымырата байлаган жип кайдан чечилсин.
Үй биринчи келген күнү жылуу эле, экинчи күнү кайыктырып таштады. Кыштын кыраан чилдесинде ээси жок үйдүн муздагы үч адамдын жанын алып кетерде, короодон дабыш угулду. Босогодон Саша менен Антон кирди. Кантсе да ажалдын суук түрүнө караганда кирип келген тиги экөөнүн жүзү ырайымдуудай көрүндү. Тирүүлүк жашоонун үмүтү кайра ойгонуп, үчөө үч жактан чырылдап жалбарды эле «үнүңөрдү дагы бир чыгарсаңар, мууздап салам!» деген Сашанын өктөм үнүнөн кийин басылып калышты.
Өлүмдөн мурда жаман ойдун сүрү сүр экен. Анан бул үчөө бычактын сүрүндөй сүрдү көрбөгөн чыгар. Кекиртектерине мизи курч бычак такалган кезде, шымдарын булгап коюшту.
Тиги экөө көпкө буйдалбастан, үчөөнүн көздөрүн таңып, сырттагы «Москвичке» кайрадан тыгышты. «Жайыбызды касып, даярдап койгон экен» деген суук ойдон Тээкболдун да, Зууранын да бою чыйрыкты. Денелери калчылдап, жансоогалагандардын кебин бул жолу да жан алгычтардын уга турган түрү жок.
Бирок Саша менен Антондун алдынала түзгөн пландары таптакыр башка экен. Алар борбор шаардын күн чыгыш тарабындагы Каражыгач жаңы конушуна жеткенден кийин «эми каалаган жагыңарга баргыла» деп, айталаага коё берди.
Колдору, көздөрү чечилген үчөө эми караңгы түндүн алдында кайда барарды билбей карайлады. Алар асмандагы жылт эткен жылдыз, жарк эткен айды көргүлөрү келди, бирок дале көз таңылгандагыдай караңгы турду. Каякты карай кадам шилтээрди билбеген немелердин төбөсүндө эч болбосо жылдыздардан шоола тамып турса да, жолду болжойт эле. Айлананы туман каптап тургандыктан, үчөөнө анчалык алыс эмес шаардын жарыгы да көрүнгөн жок.
4. Шам
Көчөр иштен келатып, жолду кыскартыш үчүн имерилиштен эрте кайрылган. Алдыда кышкы чилде келаткан менен быйылкы кар жука болуп, жолдор кара болчу. Жаңы конуштагы дөңсөлөр жаткан тегерекке көз чаптырып бараткан Көчөрдүн көзү кумурскалардын уюгуна кадалаары менен ордунан тык токтоду. Кыш алды жер алдына кирип кеткен бойдон артка кайра чыкпаган кумурскалардын уюгу жансыз мүрзөлөрдөй тынч жаткан эле...
Көчөр уюктардын чоңурагына белги койду. «Жакшылыгыбызга шыпаа болуп калгысы бардыр» деп ичинен күбүрөнүп, Ырыска жакшы жаңылыгын жеткиргенче шашты. Босогону аттаары менен колуктусуна кумурскалардын уюгун таап койгонун айтып, ал жерге бул түнү экөө шам жакмай болушту.
Экөөнүн үйлөнгөндөрүнө он жылдан ашты, бирок Ырыстын согончогу канабай келатат. Экөөнүн барбаган жери, барбаган мазары калбады. Медициналык текшерүүлөрдүн да эч биринен майнап чыккан жок. Акыры элдик дарыгерлерден айла болор деп, бүбү-бакшылардын биринен сала бирине барып жүрүшүп, бирөөсүнүн айтымы менен кумурсканын уюгуна түн ичинде шам жагып ниет кылуу керектигин угушкан. Жубайлар түн оокумунда жараткандын күчүнө жалбарып чүрпө тилеп, кумурсканын уюгунун башында шам жандырып отурушту.
– Садагаң кетейин кудай, бизге кумурсканын тукумундай тукум бер… – күбүрөнгөн Ырысты Көчөр чыканактан сүйөдү:
– Жүрү эми. Буюрса, эртең да келебиз.
– Биз бул жерди өзүбүз үчүн мазар кылып, күнүгө деле келип турабыз.
Жакын жерде келаткан добушту угуп, Ырыстын мукактанган үнү токтоп калды.
* * *
Үч жандын кимиси жол, кимиси баш калкалаар жай табарын билбей, айсыз караңгыда турду. Үчөөнүн үмүтү бири-биринде. Бирок үч жан тең бирине-бири тиктейт. Биринен акыл чыксале, ээрчигени турат. Үн каткан бирөө да болгон жок. Бир аз мурда «Жаагыңарды жапкыла! деген эки жан алгыч жандарынан эбак узап кетсе да, үчөөнүн тең жаактары ачылбай, айланага көз чаптырып, тилдери күрмөөгө келбеди. Үн катсале эки жан алгыч пайда боло калчудай коркунуч үчөөнү дале басып турду. Уюп калган колдоруна көпкө чейин жан кирбей, булчуңдары сайгылашып, чымырап ооруганы эми күчөдү. Ийинден кесип салгандай шал болгон колдору денеден бөлүнүп, оор таштын салмагындай жерге салаңдайт. Денелерине аз-аз жан киргенден кийин алыс эмес жерден үлбүлдөгөн жарык көрүндү. Ал Ырысты чыканактан сүйөп турган Көчөрдүн колундагы шамдын жарыгы эле.
Баятан бери асманда жылт эткен жылдыз көрүнбөгөн үчөөнө ушул жарык азырак үмүт берди. Бейаң сезим үч жанды жарыкка өзүнөн өзү жетеледи. Жакын келген үч караандын бири озунуп салам айтаары менен:
– Туугандар… кечирип койгула, – дегени жөн-жай кишинин үнүндөй эместигин Көчөр туйду.
Түн оокумда үрпөйүп чочуган тигилерге Тээкбол болгон окуяны аяк-башы жок айта баштады. Бирок окуянын түйүнүнө келгенде токтоп калды. Анын 60 000 доллар жөнүндө айткандан кыйнала баштаганын көргөн Зуура кепке аралашып, болгон ишти болгондой айткандан кийин Көчөр менен Ырыс бейтааныш меймандарды үйдү карай ээрчитти.
Тээкболдун үй-бүлөсүнүн башына түшкөн тагдырга бул экөө да кошо кейип, эртесинде иштин ыкы-чыкысына Көчөр да аралашып кетти. Адегенде Тээкболдун жаңы сатып алган үйүнө келишсе, жаңы кожоюн чыгып, үйдү мыйзам жолунда сатып алган ал документтерди көрсөтүп чебелектеди. Колунда бул үйдүн ээси экенин күбөлөй турган эч бир документи жок Тээкбол эмне кылсын, кайда барып арызданарды билбей кайсалады. Куру дегенде үй ичиндеги буюм-терим, кийим-кечектерин алалы дешсе, сыйпалатып эч нерсе калтырышпаптыр. Үйдү сатардан мурда майда-барат буюмдарды башкаларга соодаласа керек, бүдүр нерсе табылбады. Жаңы кожоюн деле адамгерчиликтүү жан экен...
– Бизге башка бирөөнүн оокатынын кереги жок, болсо алып кеткиле, – деди.
– Ата, эми биз кайда барабыз? – Сагынычтын аянычтуу түрүн көргөн үй ээсинин да айласы куруп:
– Аттиң ай-йе… Мындайын биз кайдан билиппиз. Эмне кыл дейсиңер?..
Ары жак, бери жакты тиктеген Зуура эчкирип ыйлаган бойдон баласын бооруна кысып шалдайды.
Үч жандын томсоргонун көргөн Көчөр да жанын коёр жер таппай, ордунда тегеренип шалдайды. Анын башына Антонду табыш керек деген ой келди. Жалгыз илинчек ошол экенин айтып, Тээкбол менен Зуураны ээрчитип, Антон жашаган үйгө жөнөштү. Бирок ал да изин жашырып кетиптир. Үйдөн Бахтияр аттуу уйгур жигит чыкты:
– Силерге ким керек?
– Антон.
– Ал Россияга көчүп кеткен.
– А бул үйдүн ээси ким?
– Мен.
Бахтияр Антондун үйү менен бирге жанындагы Тээкболдун эски үйүн да ишкерлик үчүн сатып алганын айтпаспы...
– Менин үйүмдү саткыдай, анын кандай акысы бар экен! Бул үйдүн ээси... мына менмин! – Тээкбол таш тиштегенсип катты.
Бахтияр чатакты ырбатпаш үчүн үйдөн документтерди алып чыкты:
– Үйдүн ээси сен эмес, мына... мен!
Муну укканда Тээкбол менен Зууранын дүйнөсү алай-дүлөй аңтарылды. Бахтияр аларга үйдүн босогосун да аттата турган эмес. Кепке-сөзгө келбей, каалганы тарс жаап, басып кетти.
5. Кыш
Бул үй-бүлөнүн абалы Көчөрдүн ичин ачыштырып, үйүнө кайра ээрчитип барды. Бирок Ырыска күйөөсү үй-жайсыз, тааныбаган бирөөлөрдү киргизип алганы жакпады. Эки үй-бүлөө чогуу жашай баштагандан көп өтпөй эле бир күнү кечинде Ырыс эки балык көтөрүп келип, кууруп баштаган. Бышкан соң чоңурак кесим куйрук жактарын күйөөсү экөөнүн алдына коюп, балыктын эки башын Зуура менен Тээкболдун алдына түрттү. А Сагынычтын алдына табак коюлган жок.
– Ой, Ырыс, өзүбүзгө чоңурак кесимин алып алыппыз го… Кой, силер жегиле, – деген Көчөр өзүнүкүн Тээкболдун алдындагыга алмаштырды эле, Ырыстын кабак-кашы чыртыйа түштү:
– Өзүңдүн ырыскыңды өзүң же...
– Жок. Муну Тээкбол баласы экөө бөлүп жесин.
Көчөр өз сөзүн кесе айтты.
– Жо-жоо… жей бергиле, жей бергиле! – дегени менен Зууранын тамакка болгон табити дароо сууду.
Негедир Сагынычты «адам эсебинде жокпу?..» деп арданды. Анан калса балыктын башы канча эт болуп бермек. Эки балыктын башына үч жандын курсагы тоёбу. Ансыз да Зуура кургур тамак даяр болгонго чейин эле базардан келген Ырыстын эки балык көтөрүп киргенин көрөр замат өзүнөн өзү кысынып, тамактан баш тарткысы келип турган. Эки балык беш кишиге эмне? Сууктун күнүндө канчадан бери кара нан, кара чайга зарына болуп бүтсө да эптеп чыдап аткан немелерге үй ээлеринин көзүнө тике кароо деле оор. Бирөөнүн төрүндө башы батып, багалчагы сыйбаган үчөө жер карама болуп, каалаганын жеп, каалаганын ичмек кайда.
Үйдө катуурак үн чыгарып сүйлөшө албай, ансыз да муусаапырга айланышты. Чоочун үй-бүлөнүн таламын талашкан Көчөргө деле күндөн күнгө кыйын болду. Эрди-катындын кыжың-мыжыңы күчөгөндөн Тээкбол да акыры Зуура менен Сагынычын турмуштун туш келген тарабына жетелеп жөнөдү.
«Бала туубаган катында кайдагы мээрим болмок эле! Оокатты мен таап келем, а үйдөгү катындын дасторконго пейилди кенен салбаганын көрбөдүңөрбү… Таарынбай баргыла» деген Көчөр үй-бүлөсүн ээрчитип кетип бараткан Тээкболду далай жолго чейин узатып келди.
– Жок, биз силерге ыраазыбыз, – деген Зууранын колтугундагы Сагынычка Көчөр өз үстүндөгү кементайын жаап, үйүн карай бет алды.
Андан соң Тээкбол өзүнө, аялына, баласына документ алалбай, көрүнгөн эшикти түрткүлөдү. Күнүмдүк ичкен-жеген тамак-аштан тыйын арттыра албаган немелердин документке керектүү кагаздарды даярдаганга да буямалары жетпеди. Документ эмес, батирге төлөгөнгө чөнтөктөрүндө сокур тыйын жок карайлаган үчөөнүн кара өзөк күндөрү баарына түрттү. Жансактоонун айынан таштанды челектердин түбүн аңтарышат. Азыктын колго тийгенин тандабай жеген үчөө жан бычактын мизинде болгон күндөрү шаардын көчөлөрүнөн жыйнаган бөтөлкөлөрдүн тыйынына нан сатып жеп жан багып жүрүштү. Бирок бөтөлкөдөн жыйналган тыйынга сатып келчү айран-сүт, нан жумурга жук болбоду. Тамак-аштан мурда Зуурага дары-дармек үчүн күнүмдүк акчаны үзбөй табууга жанын жанга уруп иштейли дешсе, жумуш бирде табылса, бирде кайыр сураганга жеткирди. Күндөн күнгө кедеринен кеткен Тээкбол менен Зуурада жадагалса кайрым тутар тууган жок эндекей жандар эле.
Жатаар жайы, түнөр түнөгү жок кыштын кайыктырган суугунан кайда барарды билбей, көрүнгөн подъездерди сагааламай. Күнүгө кабат үйдөгү жашоочулардан кубаланып жүргөн күндөрдүн биринде Наргиза аттуу селсаяк кызды ээрчип, жылуулук трассасы өткөн жертөлөдөн орун табышты. Мурда алардын жашоосуна жийиркеничтүү караган үчөө селсаяктарга аралашууга тез эле моюн сунду. Бул жердеги көңүлдү айныткан бир гана нерсе – жертөлөдөгү абанын жагымсыз жыты. Көктүн жытыбы, чириген пияздыкыбы, чамгырдыкыбы, балыктыкыбы, жумуртканыкыбы, заараныкыбы, тердикиби, келемиштердикиби, айтор дубалдын боорунан жердеги топурак, ташынан өйдө жыт бөлүп турганы гана болбосо, жылуу. Ошол жылуулугу болгон үчүн эле байырлап калышты. Айланадагы каңылжаарды жарган жагымсыз жыттан канчалык окшубасын, бирок кайда баралышмак. Өздөрүнүн жыттары да жертөлөдөгү жыт менен сиңишип, жыт жөнүнүндө ойлонбой да калышты. Бирок бул жердеги жыттан жаман жиркеништүү жашоо – ата-эне, баланын ортосундагы сезим...
Жертөлөдө түнкүсүн кыңкысташкан аял-эркектердин үнүн уккан Тээкбол менен Зууранын беттери сыйрылып бүттү. Канчалык кулактарын жапырган сайын, кечкисин жертөлөдөгү көрүнгөн эркек менен Наргизанын «ахалап-охологонун» угуп жаткан Сагынычтан ыңгайсызданышат. Бала неме чоңдор жасап аткан ишти өзү жасап аткандай уялганын сезген ата-эне кирерге жер таппайт. Жан кумарга баткан аял-эркектин үндөрүн балабыздын кулагы укпасын деген Зуура менен Тээкбол кээде мукамдуу үндөрү болбосо да карылдап-шарылдап ырдамыш болот. Бирок муну жаман кементайын башына чулгап уктамыш болгон Сагыныч сезип эле жатат. Кээде жерди топулдатып бийлегенге аргасыз болушкан ата-энесинин маскарапоз болгонун айайт. Тигилердин деле башка табар амалы болгон жок. Күн алыстан кайталанчу жертөлөнү жаңырткан үндөр ата-бала-эненин ортосундагы сепилди кулатып салды.
«Эптеп жазга жетип алсак, баш калкалар жай табарбыз» деген Тээкбол уулу менен аялын сооротумуш болуп, эртеден-кечке жаны сеп албайт. Бөксөсүнө эт, сүйрүсүнө сүт толелек Сагыныч да алы жеткен тыйын-тыпыр таап келсе, апасынын дары-дармегинен башкага жумшабайт. Жанын карыштаган Зуура бечара да күйөөсү таап келген ар кимдин арткан-үрткөн кийимдерин жамап-жаскай коюп, үчөө бир аз суукка моюн бербей жүрүштү. Күндө кечинде бири-биринин таап келген оокатына шүгүр келтирип, табылбаган күнү томсоруп отуруп калышат.
Булар менен жертөлөдө күн өткөргөн Зуура менен ымалашып сыр айтышар Наргиза көрүнгөн эркектин колунда кор болуп жүрүп, акыры ичкиликке ооп кетиптир. Кара көк тарткан өң-келбети мүңайым тартып, олоң чачы батташып жүрсө да, жылдызы жанып турат.
6. Тор
Өзүнүн айтымына караганда, аны мындай жашоого Зухра деген таяжеси жеткирген окшойт. Ал күндөрүн эстеген сайын уңулдап ыйлап алат. Зухра анын жөндөмүнө карап, адегенде Улуттук драма театрынын алдындагы училищага окутам деп шаарга жетелеп келген. Абитуриенттерди даярдоо мөөнөтү башталганда Ж... аттуу режиссёр менен тааныштырып, «Эми ушул агайың эмне айтса, ошону аткарасың, болбосо окууга өтпөй темселеп кайра айылга кетесиң» десе, секелек эмнени билсин, башын ийкеңдетип, таяжесинин сөзүнөн чыкпай турган болду. Анын үстүнө мектепти аяктагандан бери жүктүн түбүндө көп отуруп калган кыз ата-энесинин маңдайына кайтып баргысы келбеди. Режиссёр да ошол эле күнү Наргизага көркөм окуу, монолог жаттоо керектигин түшүндүрүп, тапшырманы эки күндөн кийин кандай аткарарын көрмөк. Андан соң «Этюд», «Сценадагы кыймыл» деген сабак жөнүндө айтып кубандырды. Наргизанын да эң эле кызыкканы ошол сабактар болду. Анда бийлегенди, артисттик чеберчиликти үйрөнөсүң деген.
Сахнага чыгуунун сырын ушул агайынын өзүнөн үйрөнөрүн уккандан тарта кыялы көкөлөп, үйгө жетиналбай келип, дароо көркөм текс жаттаары менен улам-улам күзгүнүн алдынан кайталап, агайы кандай айтса, так ошондой мойнун койкойтуп, өзүн актриса сезе баштады. Эки күндөн кийин театрга келип, абитуриенттерге аралашты. Агайы улам бир абитуриентти сахнага чыгарып, ар кимдин жөндөмдүү, жөндөмсүздүгүнө токтолуп, кээсин дароо эле «сен жарабайсың» деп, жалынып-жалбарып ыйлаганына карабай жөнөтүп атканын көргөндө, Наргизаны да сүр басты.
– Бул деген театр. Ар кимиңдин көңүлүңө карап алып калалбайм. Мага демектен жатындашым болуп кетсеңер да, таланты жогуңарды кантип актёр кылам? Ушул жерден билим алып чыккандын баары актёр болуп кеткен эмес, – деп абитуриенттерди бүшүркөтүп салган режиссёр бир убакта Наргизаны да сахнага чакырды. Негедир Наргизаны тааныбагандай, кайдан келгенин сурады.
– Зухра таяжем менен…
– Ушинткениңерди токтоткула! Мени атам алып келген, апам алып келге-ен… Кана, тапшырманы жаттап келдиңби? Айт! Сени театрга ким жетелеп келгенин сураганым жок.
Агайынын өктөм корсулдаганынан сүрдөгөн Наргиза жаттап келгенин унутуп салды.
– Айтпайсыңбы…
Наргиза өзүн карманып, көркөм окууну чолуп-чолуп айта баштаган жерден, агайы токтотуп койду.
– Ажылдаган аялды көрдүң беле? – режиссёрдун бул кебине залдагылар да, Наргиза да күлүп жиберди.
– Көргөм.
– Көрсөң, элестетчи. Элестетип атасыңбы?.. Эми менин бетимди келип тытып алчудай ажылдачы.
Наргиза уялып кетти.
– Сен уялба. Уялсаң, артист болалбайсың.
Режиссёр эми сахнага басып келип, ажылдаган аялдын образын туурап берди.
– Эми мени кайталачы.
Наргиза режиссёрдун айтканын кылды.
– Мына… мына. Бир аз өзүңдү бошот. Кысынба. Мынабул жерде эч ким жок деп элестет. Сахнада өзүң менен өзүң тургандай сез. Баарын унут. Бул жерде мен да жокмун, эл да жок…
Наргиза тез эле агайын ыраазы кылгыдай образга кирип кетти. Сахнага башкалар да чыгып, бирок көбүн «жарабайсың» деп дароо эле жөнөтүп атты. Эртеси, анын эртеси да абитуриенттер ылганып отуруп, 10-15 гана кыз-жигит калды. Алардын арасында да экзамен болгон күнү келген жолуна түшө тургандары бар экенин уккан Наргиза агайы айткан тапшырмаларга болгон дитин коюп, күндөн-күнгө чымырканып, режиссёрдун айтканын айткандай аткарат.
Өзгөчө жүдөгөнү «Сценадагы кыймыл» деген сабак болду. Өзүн мурда бийге жөндөмдүү сезген Наргиза агайынын алдына келгенделе жылан көргөн бакадай титирейт. Экзамен болоруна саналуу күн калганда агайы Наргизаны четке бөлүп, «кечинде мынабул үйдүн дарегине кел, бий үйрөнөбүз» деп олуттуу сүйлөп, басып кетти. Дарек боюнча кечинде агайы айткан үйдүн коңгуроосун шыңгыратты. Босогону аттаары менен денесин кайрадан калтырак басып, Ж...нын сүрүнөн коркуп турду. Үйдө музыка ойнолуп атыптыр. Агайы кадимки театр сахнасындагыдай калбааттуу түрү менен Наргизанын колунан алып, ортого тартты.
– Адегенде бийлегенди үйрөнүшүң керек. Ансыз, сценадагы кыймылга көнбөйсүң. Музыканын ритмин сез… Катыган немедей болбой, менин боюма жабыш. Эмне тартынасың?!
Экөө вальс темпиндеги музыка менен 1, 2, 3, 4 деген ыргакты чогуу кайталап, бири-биринин кадамын ээрчип, кенен залдын аягынан башына чыккыча бийлеп атышты. Наргизага бул өзгөчө жакты. Агайынын алдында мурдагыдай кысынбай, эми өзүн эркин сезип, ыргакка түшүп калганына сүйүндү. «Эң негизгиси – музыканын ыргагын угушуң керек» деген агайынын сөзүн арбир кыймыл сайын унуткан жок.
– Наргиза, суусадыңбы? Жүрү кухняга.
Экөө кухняга кирери менен агайы куюп берген компотту тартып ийди.
– Кел, дагы ич.
– Жок, ыракмат, агай.
– Рахматты окууга өткөндөн кийин айтасың.
Агайынын бул сөзүнө Наргиза чексиз ыраазы болуп калды.
– Экөөбүз азыр вино ичебиз.
– Мен ичалбайм.
– Ичип көрелексиңби?.. Азы-ыр… Муну ичсең, кадимки Таттыбүбү эжеңден өткөн актрисага айланасың. Жанагы театр сахнасынан киралбай аткан образга винону ичкенде киресиң. Сен эми мындан ары чыгармачыл адамсың. А чыгармачыл адамга эргүү керек.
Таттыбүбү жөнүндө агайынын кебине жүрөгү серпилип, ошол улуу актрисадай болом деген чексиз кыял менен агайы сунуп турган чөйчөктү албайм дегенге эрки жеткен жок. Бир жагынан мугалиминен жазганган кургур мөлтүлдөп турган чөйчөктөрдү «кел, кагыштыралы» десе, кагыштырып ийди. Кагыштыргандан кийин ичпей коё албады. Аз-аздан кылтылдатып ууртап отуруп, тез эле жүзү албырып чыкты.
– Жүрү эми, образга кандай кирер экенсиң...
Театр сахнасынан образга киралбай аткан Наргиза чын эле агайы айткандай, азыр кадимкидей эргүү менен үнү шаңкылдап, тартынганын унутту. Тиги да «жарайсың» деп ыраазы болуп карап отурганына сүйүндү.
– Кел, жаныма отуруп, бир аз эс ал.
Отурары менен агайы шадылуу колдору менен кучактап алды. Каршылык кылган жок. Кайра эркелегиси келип, өзү да агайына ыктады. Мындай жакындык экзаменден кулабай турган ишенимин да жаратып койду. Азыр алдыда эмне болорун барыбир сезип да турган. Бир жагынан кокус агайымдын эрки менен болбосом, эртеңки тагдырым эмне болот деген коркунуч да жоошуганга аргасыз кылды.
Ж... да жаш кызды дароо эле баса калган жок. Ар бир аракетти жасарда апкөйлүк менен шашылбады. Наргизанын баёолугу менен энөөлүгүн байкап, бир далайдан кийин чочутуп албас үчүн жүзүнөн сүйүп, чачынан жыттады. Мунусу тигиге да жагып турганын туйганда, азада кыздын тирсийген көкүрөгүн аспиет уучтады. Наргизанын деми алап-желеп болуп турганын сезгенде, этегин түрдү.
Жүрөгү дүк-дүк соккон кыз агайынын колун бир аз түрттү, бирок бул анын каршылыгы эмес, уялгандагысы эле. Буга чейин эч бир эркекке минтип аласына кол салдырып көрбөгөн секелекке агайынын эркелеткени жагымдуу сезилип, жаш денеси дүрт этип дүүлүгүп кеткен. Агайынын койнунда эркелик сезими менен жанкумарына баткан Наргизага эркек менен болгон эң алгачкы жакындык абыдан жакты.
7. Ыза
Ал ошол күндөн баштап агайынын үйүнө күндө келчү. Алдынала чочулаткан экзаменден да өттү. Экзамен алган мугалимдер абитуриенттердин бой-келбетине карап да тандоо жүргүздү. Бул жагынан анда өң-келбет кудайга шүгүр эле. Акыры бактылуу студенттик турмушка аралашып, агайына болгон сүйүү сезимине элирип солкулдаган Наргизанын тез эле сулуулугу артып чыга келди.
Театр студенттеринин эң жакшы көргөн сабагы – «Актёрлук чеберчилик». Бул сабактын мугалими Ж... нын ар бир сөзү, ар бир кыймылы студенттерге жакчу. Бирок жумасына үч эле жолу кирет. А студенттер болсо бул сабактын өтүшүн күнүгө каалар эле.
Зухра бир күнү «агайыңды бүгүн кечинде үйгө ээрчите кел» деп калды. Таяжеси күнүгө түнкүсүн жумушуна кетчү. Күндүзү деле көп көрүнбөйт. Негедир бул күнү үйдө эле. Кечинде агайы менен босогону аттаары менен таяжесинин жумушуна агайы менен Наргиза да бармай болду. Буга чейин таяжеси эмне жумуш кыларына кызыккан эмес. Азыр кызыкты.
Алар шаардын буйткалуу көчөлөрүнүн бириндеги саунага келишти. Ал жерде чоң залы бар экен. Анда өңчөй ажары келишкен ар улуттагы 15-20дай кыз Зухранын келишин күтүп отурушуптур. Алар Наргизалар кирип келери менен тура калып, илбериңки учурашты. Негедир баарысы эле Зухраны «мама» дешет экен. Наргизага бул кызыктай туюлду.
– Кана, тизилгиле, – деген Зухранын өктөм буйругу кыздарды шаштырып койду.
– Азыр мынабул агайыңардан бий үйрөнөсүңөр, – деген таяжеси Наргиза менен Ж...ны калтырып, өзү чыгып кетти.
Ошол күндөн баштап күнүгө кечинде чоң залга агайы экөө келчү болду. Кыздарга түрдүү бийлерди үйрөткөн агайынын билимине, талантына суктанат, бирок Ж...га болгон кызганыч сезимдери жанына тынчтык берчү эмес. Бийден кийин агайы күнүгө бир кыз менен саунага кирип кеткенин жактырбай жүрдү.
Күнүгө эркек аттуунун далайы ушул жерге келет. Босогону аттаары менен кыздарды каз катар тизип, көңүлүнө жаккандарын саунага жетелеп кирип кетишет. Муну көргөн Наргиза таяжесинен чочулап жүрдү. Ал эмес кыздардын кээсин сабай турганын көргөн. Бирок Наргиза аларды таяжеси эмне себептен улам сабаганын билчү эмес. Аны келген милийсалар да териштирбегенине акылы айраң эле. Алар дайыма карап отурушат. Бул жерде Зухрага кыңк эткен адамды көргөн жок. Ошондой күндөрдүн биринде залга жоон топ эркектер кирери менен адаттагыдай кыздардын баары каз катар тизилип калышты. «А сен эмне кыздардын катарына кошулбайсың?» деген таяжесинин үнүн уккан Наргиза элеңдеп калганда, Зухра дароо эле кабинетине ээрчитип барып, жаакка тартып алды.
– Сен эмне... мейманга келдиң беле? Бул жерде баарыбыз иштейбиз, көрдүңбү? – кабинетте карта чабышып отурган эки милийса менен агайын көрсөттү.
Наргизанын сойкулук кесиби ошол күндөн уланды. Ошол күндөн баштап бул жердеги башка кыздар сыяктуу эле күндүзү студенттик, түнкүсү саунадагы турмушу өтүп жүрдү. Келген кардарлардын көбү тез эле тааныш болуп калышчу. Бул жерди бир көрүп алган эркек кайра келбей койчу эмес. Арасында депутат, министр, бизнесмени бар. Аларды күнүгө телевизор же гезит беттеринен көрүп калчу.
Эс алганы келгендер үчүн бул жерде бильярд, теннис, телевизор, DVD, кафе баарысы боло турган. Ал эмес ак халатчан врачтардан бери келип-кетип кыздарды текшерүүдөн өткөрүшөт. Кептин баары ошондой текшерүүлөрдүн биринде Наргизанын боюнда бар экени билингенден башталды. Гинеколог муну Зухрага угузары менен Наргизага көрбөгөндү көргөздү. Кылгылыкты ким кылганын билип турса да, муну атайыле жаш кызды басмырлоо үчүн анан да башкаларга сабак болсун үчүн жасады...
– Сен каяктан жүрүп боозудуң?
Аргасыз жарга камалып турган бечара агайы менен мамиле күтүп жүргөнүн угузары менен Зухра ого бетер атырылды:
– Как атаңдын башы!
– Таяже.
– Жаагыңды жап! Таяже дегениңди экинчи укпайын. Мен бул жерде мамаңмын!
Эртеси эле өзүнүн эмес, Зухранын эрки менен боюндагысын алдырды. Буга эч болбосо агайым каршы турар деген ою да ойрон болду. Агайы бул ишке катыштыгы жоктой четке чыга берди. Ал ошол окуядан кийин сынды. Билим алам деген тилеги менен чайкоочулук кылган таяжесинин торуна түшүп калганына ызаланып, окуусун калтырды. Мындай кадам менен таяжесинен көңүлү кайткандыгын каңкуу кылгысы келген. Бирок мунусу Зухрага майдай жагарын акылы аңдабаптыр. Эми ал бул жерде күнү да, түнү да иштөөгө мажбур эле. Босогону аттаган кайсы эркек болбосун көзүнө илингендердин бири – Наргиза. Ажары төгүлүп турган жаш кыздын жалын отуна кызыккандар кээде Наргиза үчүн атайы келген учурлар көбөйдү.
Акыры эркектен жадаган жандын ызасынан ичкиликке көнүп алды. Иш убактысы күнү да, түнү да Зухранын гана эрки менен. Бул жерге көп учурда жогорку кызматтагы чиновниктер келген маалда алардын алдына жетелеп чыккан Зухранын Наргиза өңдү бой-келбеттүү 4-5 кызы бар. Кайсы маал болсун, мында келген сыйлуу меймандар үчүн стрип бийлеп берген да ушулар.
Тезекбай менен Зейнеп «Кызыбыз Наргиза шаарда театрда окуп атат» дегенге төбөлөрү көккө жетип сыймыктанчу. Бир күнү эле Наргизанын театрда окубай калганы, ичип жүргөнү, бузулган жолго түшкөнү жөнүндө ар кандай сөз айылга жетти. Абысындарынын оозун басалбаган Зейнеп, күбүр-шыбыр көбөйгөн сайын өйдө карай албай, кызынан кабар алганы шаарга келсе, мурдагы Наргиза эмес. Булдуруктаган мас абалында апасынын бооруна кулап, кечирим сурап турганы Зейнептин жүрөгүн муздатты. Кызын жаактан ары бир тартып алып, жатындашы жасаган иш экенине ишенип-ишенбей, баарыбир кызын күнөөлөдү.
Иштин чоо-жайын Зухрадан да сурады. Анын айтымында: Наргизаны агайы менен бирге саунадан кармап алыптыр. Кийин боюна бүтүп калганын билип, баласын алдыртып салганын укканда, кызынан жүрөгү сууган Зейнеп, Наргизага кайрылбаган бойдон айылга жөнөп кеткен. Ошондон кийин «Кызыңарды өз көзүм менен көрдүм» деген айылдыктардын кеби арбый баштаганда Тезекбай менен Зейнеп да биротоло «кызыбыздан кечтик» дегени Наргизага жетти. Аны баарынан ызалантканы ушул. «Кайда барам?» Ата-энесине чейин биротоло бети ачылып калгандан кийин бул суроого басса-турса жооп издеген Наргизага тагдыр буйругу дагы бир чалмоо ыргытты. Зухранын кол алдындагы Наргизага окшоп катуу ичип кеткен 2-3 кыз боло турган. Алардын ичкенин койдуралбаган Зухра бир күнү «Кайда барсаңар да кармабайм, кеткиле! Булар менен кете турган дагы кимиңер бар?» дегенин уккан Наргиза «мен» деди. Тиги да негедир эч каршылыгы жок, «Бар, айланайын, сенин ичкениңден өзүм да жадап бүттүм» деп, Наргизадан кутула жадап турганын билдирди. Зухранын Наргизага айткан акыркы сөзү менен «ыраазычылыгы» ушул болду.
Зухрадан колдоруна бир тыйын албай чыккан алар ошол эле күнү Правда-Кулатов көчөлөрүнүн кесилишиндеги Батма деген сутенёрдун тобундагы кыздарга кошулду. Бирок өздөрү тапкан акчанын жарымынан ашыгын сутенёрго карматышар эле.
Наргиза бара-бара акыркы тыйыны калса да, баарын ичимдикке жумшаганга өттү. Чөнтөк түбүндө тыйын калбаган күнү ичимдик татмайын туралбаган неме «пиво алпер» деп, тааныш эркектерге телефон чалганга кыныкты. Өз каражанынан башкага карабаган Наргизага кээде ичимдик болсо болду, мурдагыдай үстү-башына карабай калган. Акыры жүрүп көчөдөгү селсаяктарга кошулгандагысы ушул.
8. Касапчы
Жертөлөдөгү азаптуу кыштан чыгып, алашалбырт жаз келатты. Эми да Тээкбол менен Зуураны санааркаткан көй бар – баягы жаңы конушка жеткенде буттары кенен сунулуп, эрди-катын балалуу болууну ниет кылышкан. Эми күндөн күнгө Зууранын да мөөнөтү жакындап келатат. Сыз жертөлөдө өлбөстүн күнүн көрүп, эптеп кыштан чыгып алгандан кийин да экөө эмне кылышты билбей, баштары катты. Ана-мына деп жүрүшүп, Зууранын боюнан алдырып таштаганга таптакыр кеч болуп калды. Сыз жертөлөнүн шартында төрөлөр наристенин тагдыры кантер экен? Муну ойлогондо «кайсы каргашалуу күнгө туш болдук» деп, Зууранын жүрөгү зыркырайт. Бир жагынан күндөн күнгө начарлаган өз денсоолугунан чочулап, чүнчүп да бүттү. «Куру дегенде мурдагыле кепедей үйүбүз буюруп калса эмне. Эскилиги жетсе да, ушул жертөлөдөн өйдө эмес беле» деген кейип-кепчигендери көбөйдү. Бул өкүт дайыма экөөнүн ичин сыйрып, ошол кепедей үй көздөн учат.
Ой-санаа жеп, жазгы күндүн илебине чыйрыккан денесин кактап темир жолдун боюнда отурган Зуура алыстан Сагынычтын ыйлап келатканын көрдү.
Сагыныч акыркы убактарда Ош базарынын тегерегинен чыкпай калган. Базарда аны менен бирге жүргөн шимүүр түлкүдөй 3-4 жетим бала бар. Булар базардагы майда чөнтөкчүлөр. Чоң чөнтөкчүлөрү да бар, бирок алар буларды бирөөлөргө урдуруп-соктурбай, сырттан көзөмөлдөйт. А алардын сыртынан көзөмөл кылар Бакыт, Кемел, Айбек деген милийсалар жүрөт. Кимде-ким чөнтөкчү балдарды колго түшүрүп алса, алар бул базардын тартибин көзөмөлдөгөн ошол милийсаларга кайрыла турган. Кызыл шапкечендер чөнтөкчү балдар колго түшөрү менен арызын жазган жабыркоочунун көзүнчө чөнтөкчүлөргө түшүнүк кагаз жаздырган түр көрсөтүп, пунктка жетелеп кетишчү. Бирок аларга чара көрмөк түгүл, дароо бошотуп, «кечке чейин дагы баланча акча табасыңар» деп, чөнтөкчүлөрүн жортуулга жөнөтүшчү. Сагыныч да далай жолу колго түшүп, далай жолу бошоп чыккан үчүн коркуу дегенди билчү эмес. Мунусу милийсаларга майдай жакчу. Кайра күндөн күнгө тирикарак болуп бараткан Сагынычты «өрт бала» дешип, жакшы көрүшчү. Башкаларга караганда Сагыныч да чөнтөк тинткенге келгенде жолдуу эле. Эч бир куру кол кайтчу эмес. Ошондой күндөрдүн биринде базардын эт саткан бөлүгүндөгү узун кезекти күткөн элдин артында турган. Улам арттан келгендерди алдына өткөрүп жиберип, эки-үчөөнүн чөнтөгүн тазалап койгон. «Алдыга өтө бериңизчи» деп кичипейил көрүнгөн баладан эч кимиси шек санабады. Ангыча эле Сагынычты бирөө келип кежигеден уучтап, карылуу колдору менен тыбырчылаткан бойдон эт чапкан дөнгөчкө сүйрөдү. Кезекте тургандар чуру-чуу болуп, «Жөн турган немени эмнеге ыйлатат?» дешип, баланы тыбырчылатып сүйрөп бараткан колу кетмендей касапчыга нааразы болушту. Алгыр куштун колуна түшкөн түлкүдөй тыбыраган баланы дөңгөчкө эңкейте кармаган касапчың да касапчы экен, эт чаап аткан балтасын жарк эткизип өйдө көтөрө берди. Дөңгөч «дүңк» дегенде эле бала чыңырып ийди. Эт чабылган дөңгөчтүн үстүндөгү баланын колунан кан диркиреп, төрт манжасы секирип-секирип кетти. Манжанын учунда деле жан бардан бетер бүлк-бүлк эткенин көргөндөр, чыңырып ийген баланы аяды.
– Ой, канкор! Бул эмне кылганың? – деп жаңыле кезекке чиркешкен чүкөдөй чалдын жаны чыдабай кетип, таягы менен касапчыга тап берди эле, касапчы кайра чалды урушту:
– Чөнтөгүңдү карачы. Карачы дейм! Акчаң ордунда бекен?
Чал да жанчөнтөгүнө колун салып, селейип калды:
– Катыгүн, акчам жок!
Касапчы эми башкаларга да өкүм кыйкырды:
– Дагы кимдин акчасы жоголуптур?
Базар ичи чуру-чуу түшүп, «менин акчам жок» дегендер касапчынын оозун тиктеп калышты.
– Баарыңардын акчаны мынабул желмогуз алды! – түпкүчтөй түйүлгөн баланы элдин алдына түртө берди: – Бар эми, кайда барып арыздансаң да алдагы манжасыз колдоруңду көрсөт!
Жардангандар баланын чөнтөгүн тинтип, бирок эч кимиси сокур тыйын да табалган жок. Бир убакта күрсүйгөн-күрсүйгөн, бука моюн буржуйган үч-төрт жигит пайда болуп, касапчыны тоорумакчы болуп чекеге чакырды эле:
– Мына, акчаңарды мынабул бадиректер алды! – Касапчы, капчыгын жоготкондорго тиги тургандарды көрсөтөрү менен базардын жарымы ошол чөнтөкчүлөрдү кууп жөнөдү.
Баланы болсо милийсалар келип, пунктка жетелеп кетти. Алар кан токтобогон Сагынычтын колуна кайдан-жайдан таап келген кийиз куурду күйгүзүп баса койгондон кийин, кан токтоп калгандай болду. Базардагы чөнтөкчүлөргө капчыктарын каңтартып ийген жабыркоочулардын уу-дуу болгону басылары менен милийсалар Сагынычты «бул жагын өзүбүз тууралайбыз» деп узатып коюшкан.
* * *
Уңулдап ыйлап келген баласынын түрүн көргөн Зуура «Кудай ай, биз сага эмнебизден жаздык!» деп, касапчыны каргап-шилеп, ботодой боздогонун уккан адам жанына чыдап туралбас эле. Адегенде жаалы кайнап, касапчыга бармай болгон. Бирок аны Сагынычтын «Милийсалар мени эптеп куткарыш үчүн качырып жиберди. Экинчи келбе деп айткан» дегени гана токтотуп койду. Кечинде баласын көрүп, касапчыга бармакчы болуп жулкунган Тээкболдун ачуусун да ушул сөз токтотту. Болбосо касапчыны бычак менен жарып өлтүрмөк болгон.
Сагынычтын колу бир айча зырылдап ооруп жүрдү. Көрүнгөн дары-дармекти шыбап атышып, акыры айыктырып алышты. Ал анан атасына кошулуп, Аламүдүн базарында тачка түртүшүп, жан үрөп жүрдү.
9. Канталамай
Бир күнү кечинде базар жабылар убакта элдин баары: «Акаев качып кетип, Акүйгө эл кирип барыптыр» дешип, жабыла жөнөгөн. Бийликке нааразы элдин көтөрүлүшкө чыкканын уккан Тээкбол менен Сагыныч да окуяга күбө болгону элдин шарына кошулуп кетти.
Көчөдөгү эл күндөгүдөн башкача дуулдап, бир убакта сүрүлүп бараткан топтун алды дүкөндөрдүн терезесин талкалай баштады. Кээси кирип атат. Казганаттап тургандардын арасындагы тиги экөө да эмне болуп атканына түшүнбөй калышты. Ангыча кирип кеткендин баарысы дүкөндүн ичинен колго эмне урунса, сыртка ташып атканын көргөн Тээкбол менен Сагыныч да колго тийгенин алып, кудуңдап жертөлөгө жөнөштү. Сумка-сумка тамак-аш көтөрүнүп келген экөөнү көргөн Зуура элейди. Шаар көчөлөрүндө дүкөндөрдүн баары талкаланып атканын укканда, Наргиза экөө да кайта бир барып келмей болгон Тээкбол менен Сагынычка кошулду.
Наргиза орто жолдон эле азык-түлүк дүкөндөрдүн бирине кирип кетти. Шаар ичиндеги үй эмеректери сатылган дүкөндөрдүн биринен диван, кресло көтөрүп чыгып аткандарды көргөн Тээкбол, Зуура, Саныныч да четте калбады. Бирөөлөр көтөрүп баратып таштап кеткен дивандын бирин алып жөнөштү. Кышы бою сыз жертөлөдө көңүлдөрү сууган аларга ушул гана керек эле. Аны «Ээси менмин» деп да эч ким талашкан жок. Колунун жарааты толук айыга элек Сагыныч кыйралаңдап апасы менен дивандын бир учун көтөрүп баратты. Ай-күнү жакындап калган кош бойлуу Зуурага андан бетер оор болду, бирок чыдаганга аракет кылды. Далай оор турмуштун азабын тартып келаткан шордууга дивандын салмагы оор сезилген жок.
Алдыда күшүлдөп-бышылдап бараткан булардан алдуу-күчтүү Тээкбол Зууранын ай-күнү жакындап калганын деле унутуп койгондой. Кээде гана диванга бир аз көчүк басып, тыным алары менен арттан бирөө кубалап келчүдөй шашылган үчөө акыры жеткирип тынышты. Зуура бечара жертөлөгө келер замат диванга боюн таштаган бойдон турган жок. Эми жертөлөнүн ичине диван коюлганы абыдан жарашып калды. Бул жерге келгенден бери үчөөнүн эң катуу кубанган күнү бүгүн. Азык-түлүктүн камы да бир далайга жетчүдөй. Бирок түнү бою онтолоп чыккан Зуура эртеси катуу кыйналып баштады.
10. Байчечекей
«Мен силерди ошондо эмнеге үздүм экен?» Жаңы ачылган байчечекейлерден көзүн албай отурган Наргизанын жүрөгү зырп этип алды. Бажырайган гүлдөрдү телмирип тиктеген анын көкүрөк кусасы элөөсүздөн козголуп, ыйлап жиберди. Ала-Тоодо эң биринчи эрте ачылып, эрте соолуган назик гүл байчечекей экенин эстеди. «Эмнеге силерди ушинтип жаратты экен?» Гүлдөрдүн таажысынан сылап, гүлбурактары назик болорун буга чейин элес албай келген Наргиза бала кезинде үзүп ойногон байчечекейлерге табияттын ташбоор экенин ойлоду. «Табияттан мурда, наристе өспүрүмдөн өйдө эмнеге байчечекей гүлүн аябайт? Эрте ачылганы үчүнбү? Эмнеге күзгө чейин ушул жарашыгыңар менен бажырайып турбайсыңар?» Гүлдөр менен сүйлөшкөн Наргизага азыр жарык дүйнөдө байчечекейден бөлөк аянычтуу эч нерсе жоктой туюлду.
Анын көзүнө эң четтеги башкаларынан эрте ачылган байчечекей көрүндү. Чирип баштаптыр. Бажырайып турган таажылары четинен соолуп, курушуп турганы – айыккыс дарт сыяктуу сезилди. Өсүмдүккө жабышкан ал дартты өз денесиндеги жаңыдан пайда болгон котон жарасына окшоштурду. Соолуп бараткан гүлдү да – соолуп бараткан өзүнүн жаштыгындай элестетип, «Менин тагдырым да сеникине окшош» деп, гүлбурагы чириген байчечекейди кебездей жумшак алаканы менен сылап, аны гүл эмес, тикенекке окшоштурду. Назик гүлбурагы кургап калган байчечекей Наргизанын алаканын тикенек сыяктуу сайгылады.
Ал өз денесинде пайда болгон котон жарасын бүгүн гана байкаган. Аны жазбай тааныды. Тааныр замат – заманы куурулуп, бул айыккыс дарттан арылаар арга таппагандан, бир кездеги Айгүл курбусун эстеди.
Денесине котон жарасы чыккан Айгүл дартынан айыгып кеткен. Аял кишинин денесинде жаңыдан пайда болгон мындай балээни эркекке өткөрүп жиберүү оңой экенин ошол Айгүлдүн оозунан уккан. Батманын колунда иштеп жүргөн Айгүлдүн дартын көп эркектин кайсы бири тез эле илип кетти. Калыбы, Батманын айтуусу боюнча эркек менен болгон катнаш оңой жол экенин угуп, сутенёру айткан кеңешти жасаган. Айгүл чындап эле ошондон кийин айыгып кетти.
Наргиза да азыр курбусунун бул балакет оорудан куландан соо кутулганын эстегенде, агайы Ж…ны эстеди. Бул дартты, бул азапты Ж…га гана ыраа көрүп, башка эч бир эркектин бул дартка кабылышын каалаган жок. Анан ургаачы аттуудан Зухрадан башка эч бир жан котон жараасы эмне экенин көрбөгөн, билбеген болсо деп тиледи. Ушул эки адамдын котон жарасынан чирип өлгөнүн кудайдан суранды. «Каргышым ушул экөөнө жетсин!» деп, каргылданып ыйлап: «Мен бул дарттын азабын башка жан адамга каалайбайм. Мен азыр өзүмдүн жанымды өзүм кыям да, бул дартты өзүм менен алып кетем…»
Бирок кантип өз жанын кыярды билбей, эки жагын каранды. «Эмне кылсам! Эмне кылып, жаным кыйналбай өлүп алсам экен?»
Бул дартты баарынан да ушул жертөлөдө жашаган селсаяктарга жугузуп алуудан чочулады. Алардын ар бири өзүнүн үй-бүлө мүчөлөрүнөн артык көрүнчү. Ангыча «баа» деп ыйлаган наристенин үнү угулду. Үн жертөлөдөн жаңырды. Тээкбол менен Сагыныч бул убакта түндө талоонго алынган дүкөндөрдү дагы бир сыйра кыдырып жүрүшкөн. Наргиза азыр наристенин ыңаалаган үнүнө кулак түрүп, ай-күнү жакындап калган Зуураны эстеп, жертөлөгө жүгүрдү. Кыңкыстап жаткан Зууранын жанына келери менен кызыл эт ымыркайдын тыбырчылаганын көрүп, чочуп кетти. Эриндери кеберсиген Зууранын суусундук сурап атканын түшүндү. Анын үнү угулбай калыптыр. Түндө баштыкка толтура көтөрүп келген арак, пиволордун оозун ачты да, адегенде бир шише аракка колун таза чайкады. Чебелектеп шаштысы кеткен неме Зуурага пиво жуткузгандан кийин, карбаластап калды. Бир убакта бөтөлкөнүн сыныгын таап келип, Зуура көргөзгөн жерден баланын киндигин кесип жиберип, дивандын бир башындагы эски жоолукка наристени орой салды. Наристени колуна көтөрүп, эми ал жертөлөнү жаңыртып кыйкырды:
– Сүйүнчү, эркек бала төрөлдү! Мен анын киндик энесимин…
Жер жаңыртып жар салды да, колундагы бөтөлкөнүн сыныгын алган бойдон ордунан шарт жөнөдү. «Менин жанымды кыйнабай турган ажал сенин гана мизиңде» деп, ичинен күңгүрөнгөн Наргиза байчечекей жайнаган күнөскө кайра келди.
Билегин түрүнүп, жоон кантамырын узунунан тилип жиберди. Айнек тилген колунан кан шүүшүдү шыр. Түтүктөн аккандай шырылдаган кан бажырайып ачылган байчечекейлердин таажысына жамгырдын суусундай төгүлдү. Бирок жамгырдын суусундай гүлбурактарды бажырайтып ачып жиберген жок, бүрүштүрүп, бүрүштүрүп салды. Көзү караңгылашкан Наргиза да байчечекейлердин үстүнө бүрүшүп кулады. Ал да байчечекей гүлүндөй үн чыгарбай соолуду.
11. Кайрат
Жертөлөгө эң биринчи Тээкбол келди. Зуураны көргөн ал же сүйүнөрүн билбей, же күйүнөрүн билбей деңдара аңырайды. Балким башка учурда эркек балалуу болгонуна сүйүнөр беле, бирок азыр заманы тарып турду. Көкүрөгүндө эч бир аталык сезим жок селейип каткан бечаранын акыл-эси олку-солку эле. Азыр ал муздак кабар уккан адамдай сустайды. Түндө диванды көтөртүп байкоостук кылганына күрсүнүп алды. Зуурага үңүлсө, өңүнөн каны качып, төрөттөн кыйналгандыктан, кырча тиштелген эрди жарылып кетиптир. Ангыча атасынын артынан өзүнөн чоң баштыктарды жонуна көтөрүнүп алган Сагынычты көргөн Зуура эчкирип ыйлап жиберди. Чыканактай баласын турмуш ушунчалык өжөр кылып койгонуна эне кургурдун сайсөөгү сыздады. Баласы буга чейин мынчалык аянычтуу көрүнгөн эмес эле. Күндөн күнгө бойсунуп келаткан уулунун шымынын багелеги чолоюп кыска келип турганына каңырыгы түтөдү. Багелектен кызыл ашыгы бултаңдап көрүнүп жүрөт. Жашы быйыл он экиге карап атат. Ушул жашка чейин эмнени гана көргөн жок? Турмуш аны ийик менен чыйратылган жиптей чимирди.
Жарым жан оорукчан апасына бойтоңдоп буту басып, тили чыккан күндөн бери «Мен чоңойгондо сизди өзүм айыктырам» дегени эле канча жолу жүүнүн бошотуп, кайта канча чыйралтты. Баладай болуп оюнчук эмне экенин эмес, биринчи: ооруу эмне экенин, акча эмне экенин, дары эмне экенин билди. Баладай болуп, балдардын тобуна кошулбай, эс тарткандан ушуга чейин эле оорукчан апасынын жанынан чыкпай, керектүү дары-дармектерге акча тапканга далалаттанып келатканычы. Баладай болуп, жомок эмне экенин эмес, турмушту түшүндү. Ал жомок деген керемет дүйнө бар экенин деле билбесе керек. Аны атасы, апасы мажбурлай албас түйшүккө нечен жолу турмуш мажбурлады. «Апамды айыктырам» деген таза дили, таза дити менен баарына даяр балага уурулук деген түшүнүк таптакыр жат болчу. Аны айып деп эсептечү эмес, аны ал эненин ак сүтүн актачу милдетим деп сезер эле.
Зууранын көзү бозоруп турса да, ушуну ойлогондо жүрөгү зырылдады.
– Балам, келчи бери.
Сагыныч апасынын бооруна башын жөлөгөн кезде, Зууранын муун-жүнү бошоп, бүлкүлдөп ыйлап жиберди:
– Шордуум, ай… шорду-уум!
Эненин бул үшкүрүгү заманын кууруп турса да, Сагыныч азыр кайраттуу көрүнгүсү келди. Бирок апасынын абалын көргөн бала өзүн кармана албады. Ал да апасынын ушуга чейин кайраттуу, чыдамдуу болуп келгенин аяп, өксүп ыйлады. Буга чейин канчалык ыза болуп жүрсө да, апасынын көзүнчө карманып, ыйлачу эмес эле, жүрөгү өзүнөн-өзү дирилдеп кетти. Буулуккан жашын төгүп болгондон кийин:
– Апа, бөбөгүмдүн атын Кайрат коёлубу? – деди.
Бирок ал муну айтам деп, апасын дагы бир сыйра ыйлатып алды.
– Тилегиңден айланайын десе. Сен айткандай ушу бизге Кайрат болсунчу, балам! Акжолтоюбуз болсун.
Баятан башын салбыратып отурган Тээкбол да муну укканда жандана түштү. Ал жаңы төрөлгөн уулуна ысым жөнүндө эч нерсе ойлонгон эмес. Ордунан серпилип туруп келип, жоолукка оролгон наристенин жүзүнө эми гана тиктеди. Баятан бери үңкүйүп турган неме эми ымыркайга бир аз үйрүлүп, эмчегин эмизмек болгон Зууранын колуна берди.
Оозуна эмчек тиери менен ыңаалаган үнү басылып калган бөбөгүн тиктеп сүйүнгөн Сагыныч «түндөгү талоонго кабылган дүкөндөрдөн бөбөгүмө коляска ала келбеген экемин» деп ичинен өкүнүп алды. Курсагы ачка неме түндө атасы экөө көтөрүп келген баштыктардын биринен колбаса алып чыгып, оозуна тиери менен бул жердеги жертөлөдөн кетпеген сары күчүгү шыйпаңдап жүгүрүп келди. Сагыныч ага чоң кесим колбаса ыргытып бергенин көргөн Тээкболдун ачуусу келди:
– Өзүңдүн ырыскыңды өзүң жебейсиңби, атаңдын оозун урайын десе!
– Бул деле ачка да.
– Баарыбыз эле ачкабыз! Эмне сен, тоюнуп калдыңбы? – Муштумдай колбасаны кысканган Тээкбол, уулун тилдерин тилдеп алып, кайра аяды. Ойлоп отурса, баладай болуп же балдар менен ойнобосо, ушул күчүк менен чын-дилинен кубалашып ойногон уулун тилдегенде эмне? Өзү курдуу балдар менен сүйлөшкөндөн корунган уулунун ушул күчүгүнөн башка кайсы жанкурбусу бар?..
Күчүктүн башын сылап эркелетип аткан аянычтуу уулун карап отуруп, тээ качанкы турмушун эстеди.
12. Нике
Тээкбол кенедейинен мал менен чогуу өстү. Атасы Шонкенин бала көрбөй жүрүп көргөн эндекей туягы. Ал өмүр бою чабан болуп жүрүп өткөн. Кийин көзү өтөрдө «ушул балам малга кароо. Таягымды уулума өткөрүп берейин, жакшы чабан болор түрү бар» деп башкармадан суранып, Тээкболду да малчылык кесиптин артынан салган. Зуура менен Тээкболдун кол кармашып калганына да атасы себепчи. Ал анда колхоздун тубар коюн кармачу. Бир жылы Ат-Башыдан келген сакманчылар менен бирге кесиптик окуу жайдын студенттери жиберилип, арасындагылардан маңдайы жарык кичипейил Зууранын турмушка бүйрө экени Шонке аксакалга абыдан жагып калды:
– Айланып кетейин, мектепти орусча окуганың менен чабандын кыздарынан да тың экенсиң. Мынабул жаман уулумду карачы, жактырсаң, келин кылып алып калалы. Макулсуңбу? – дедиле, тиги да тырсылдап жооп бергени:
– Уулуңуз абыдан жоош экен, а чүлүктөп жетелеп алсамчы, – деп Тээкболду чымчый кеткен.
– Мейли ошент. Эркекти чүлүктөп жүргөн да бирөө керек, – деп ичи жылып калган.
Тээкбол экөө ансыз да бирине-бири ымаласанашып жүрчү эле, кексе чал аны астыртан туюп жүргөн үчүн жылдырып сүйлөдү го…
– Сен да бирөөнүн жалгызы экенсиң, бул да жалгыз. Эмне бар, эмне жок, көзүм өтүп кетелекте ушул жалгызымды үйлөнтүп, жайлантып кетсем, арманым болбос. Кемпирден айрылганыма бир жыл болду. Айланып кетейин, ошент, батамды берейин, – оюн-чындын арасында эле эки жаштын ниетин жакындатып салган. Ошондон көп өтпөй өзү да төшөктөн турбай жатып калды. Карынын көзү баарына жеткенби, Зуура менен уулун бир күнү маңдайына чакырды:
– Көзүм көрүп калсын, колуңарды кармашкылачы.
Экөө канчалык тартынып турган менен оор акыбалда кыңкыстап жаткан карынын шагын сындырбас үчүн кол кармашты.
– Эп, баракелде… Ылайым кармашкан колуңар ажырашпасын. Экөөңөрдүн алдыңардагы аталык милдетимди толук аткаралбасам да, айтар кебимди уккула… Зуура, сенин ата-энеңдин алдына барып, жакшылыктын ырым-жырымын жасайлы десек, экөөнүн тең көзү тирүү эмес деп атасың. Бирак урук-туугандарыңдын алдына барып, кулдук урганга жарайбыз. Эмне айтсаң, макулмун, оюңду айтчы, балам... – деген Шонке аксакалдын кебинен кийин үй ичи жымжырт боло түштү.
Көөдөндөгүсүн айтарын айтып алып, баятан «коюңузчу» деген жоопту укпасам экен деп бүшүркөп жаткан чалдын үмүтүн суутпай, Зуура да чечкиндүү жооп узатты:
– Той камын өзүңүз жакшылап айыгып кеткенден кийин көрөлү. Убакыт бар, – деп короодо маараган козуларга чуркап кетти.
Ал күндөрү уулу экөөнүн үй тириликтерине да аралашып кеткен жакшылыктарына ыраазы болгон чал Зуураны чындап колунан чыгаргысы келбеди. Босогодо чечкинсиз туруп калган уулун чакырып:
– Тээкбол, бери кайрылчы. Уучуңду узарта турган түгөйүң болчу жан ушул кыз. Өзүң да имерсең боло, – деп уулуна ичи чыкпагандай түр менен жалдырады.
Анын эртеси эле Тээкбол менен Зуурага Шонкенин акыркы керээз айткан күн болуп калды.
– Зуура, айланайын, сен менин өз балам болуп калдың. Сенден жашырар кеп жок. Кокус, жамандык болуп кетсе, мынабул караан туткан медеримди жалгыз калтыра көрбө. Ушуну сенин колуңа тапшырып атам…
Дагы бир аз тынымдан кийин, алсыз колдорун жайып, бата берер алдында эсине бирдеңке келгендей буйдала түштү:
– Тээкбол, унутуп атканымды кара. Тээтигил ыраматылык апаңдын сандыгын ачсаң… Жок балам, сен аччы, – деп кайра Зуурадан өтүндү.
– Ачылдыбы?.. Ачылса, ошондогу ак жоолукту алып, Зуурамдын башына өзүң сал, – деп болочок келинчегинин башына жоолук салып аткан уулунун кыймылынан көзүн албай тиктеди.
– Эми колуңдагы ачкычты келинчегиңдин колуна бер, – деп мындан ары ал сандыктын ээси Зуура болорун айтып, колун батага жайды: – Ак жолтой келин болуп келгениңе ыраазымын, балам. Жалгыз тилегим ушул эле, тилегиме жеткирдиң. Экөөңдүн өркөнүңөр өсүп, алдыңарды мал, артыңарды бала бассын, оомийин... – акбата бергендин эртеси таңга жуук үзүлүп кете берди. Ошондон бери Тээкбол менен Зууранын кармашкан колдору ажырай элек.
13. Жаңы мезгил
1991-жылдын күзүндө радиодон СССР өлкөсү тарагандыгы жөнүндөгү кабар эшитип калды. Радиодон уккан жаңылыкка ишенип-ишенбей жүрдү. Ошондон бир жыл өткөндөн кийин эле мал санакчылар келип калды:
– Колхоз тарап атат, малыңды өткөрүп бер.
– Ой, менин малчылык кесиптен башка колумдан эмне келет?
– Биз эмнени чечмек элек. Бул тээ жогору жактын буйругу.
Мындайды күтпөгөн Тээкбол менен Зуура аргасыздан малын өткөрүп, боз үйүн чечип бергенден кийин жакага көчүрүлүп келинди.
Түз эле колхоздун конторуна аттап, башкармага кирди:
– Биздин мындан аркы көргөн күнүбүз эмне болот?
– Эмне болмок эле, малдан деле жадагандырсың, эми жыргап жата бер, – деген башкарма жер аңтарылып кетсе да козголор эместей. Бирок ага болбой, арыз-муңдун четин чыгарды:
– Өзүңүз билесиз, ушул жашка чейин малдын артынан келатам…
– Анан?..
– Эми кайда барып жашайм?
– Кайда барып жашамак элең? Үйүңө…
– Менде кайдагы үй? Мал артынан жүрсөм…Мага эми өкмөт жардам бербесе, ким берет?
– Өкмөт кайдагы үйүн берет? Түшүнөсүңбү? Азыр өкмөт деген жок. Ал оомийин болду… Ха-ха-ха-ааа, – башкарманын жообунан кийин салбырай басып, атасынан калган эски жалпак тамга жөнөдү.
Босогону аттаары менен жакшы кабар күтүп отурган үй-бүлөсүнүн да супсундары сууй түштү. Өзүн колхоздун алдыңкы чабанымын деп жүргөн бечара минтип башкармадан шагым сынып, ызаланам деп ойлогон эмес эле. Өмүр бою партия жүктөгөн милдетти аткарып келатам деген куурагыр СССРдин кулап калганына кабырга сөөгү кайышып, мүмкүн жакшылык болуп кетер деген үмүттөн ажырагысы келбеди. Коммунисттик партия ушул бойдон таптакыр кыйрап каларына ишенген жок.
Уулу Талип экөө ошол эле күнү ылай ийлеп, атасынан калган эски чамгарактын шыбагын жаңыртканга киришти. Эшик-терезелердин жыртыгын бүтөп, сынган айнектерди кураштырып атып, колундагы дат баскан мыктардын керектүүсүн ыргытып, керексизин пайдаланып отуруп, өзүн да так ушул керексиз мыктай сезди. Эми ойлосо, убагында өкмөтүң деле Тээкболду так ушул мыкты колдонгондой колдонуптур. Азыр эми майышып, керекке жарабай ыргытылган мыктан эмне айырмасы бар? Кагылды, согулду, акыры эмне болду?.. Өкмөт ушинтип мындан ары керексиз мыктай ыргытып таштайбы? Муну ойлогондо, шуу үшкүрүп алды.
Үйдүн ичи-тышы шыбалып, акталгандын эртеси короо-жайын ирээттештирип атып, бастырмага кирселе уулу Талиптин денеси арканга асылып калыптыр…
– Талип! Кокуй, бул эмне кылганың!
Талиптин өлүмүнө эмне себеп болгону табышмак бойдон калды. Эч кимге эч нерсе деп айтпай, кабагы түнөрүп жүрүп эле өз жанын өзү кыйган өспүрүмдүн өлүмү ата-энесинин башынан оңбогондой оорчулукту салып койду.
Жаманчылык зыйнатын баштан өткөрө элек немелер кыйынчылыкты ошондо көрдү. Короосунда маараган малы жок абалын көргөн айыл эли чогулуп, акыры жаманчылыкты бирге көтөрүп кетти. Эптеп бирөөнүн кунан чыкма жылкысы табылды. Андан башка ыгым-чыгымы деле оңой болгон жок. Баарынан да боз үй берген киши чыкпай, ар кимден ижарага сурап барып атып, араңдан-зорго табылды. Элдин пейили бузулган заманды Тээкбол ошондо көрдү. Айыл эли жаманчылыкта да боз үйдү ижарага берип калары оюна келбептир. «Элде салт деген бар эле. Кайда ошол?» – деп, замандын капшабына кабылды. Бир журттун ичинен чыккан боз үйдүн ээси күнүгө боз үйдүн кунун доолап келе бергенде, карызды күтө турганга араң көндүрдү.
Ушул жашка келгиче төбөсүндө үйү жок экенин капарына албаган аңкоолуктун азабы мына. Жайлоого көчсө – колхоз берген боз үйү, кыштоого көчсө – сарайы бар неме үй-жайга кам-чоло көрбөй жүрө бергенинин азабын тартар күнгө туш болду. Партия үчүн адал эмгек жасап жүрөм деген түшүнүктүн быт-чыты чыкты. Буга чейин алдындагы алкынтып минген аты, айдап жүргөн малы өз менчигиндей көрүнчү экен. Аларды колхозго өткөрүп бергенден кийин аны менен эч кимдин иши болбой калганына баарынан катуу арданды. Алдыңкы чабан кезинде алган үйдөгү орден, сый барактардын баары өкмөттүн баланы алдаган оюнчугунан бетер пайдасы жок экенине ичи ачышканычы.
Короосунда койдун коргоолу жок Тээкболдун үй-бүлөсү ал жылы атасынан калган жаман тамда эптеп эле кыштан чыкты. Талипти жерге бергенден кийин көмүр сатып алганга чамалары жетпей турганда, кыш кирип келди. Жыртык мешке от жаккан сайын үй ичи түтүнгө толуп, кошуна-колоңдон тилемчи болуп, отун сурап келгенде: «Кудай таала адамга башканы суратса да, чилденин күнүндө бирөөдөн от сурантпасын» деген күндөрдү өткөрдү. Куру дегенде Аксайдан көң жүктөп келгенге колхоз башкармасына барды эле, трактор сурап алганга кадыры жеткен жок.
Акыры колхоз карамагында эч бир энчиси жок экенинен үмүтү үзүлүп, ошол каатчылык жылдары Чүйгө көчкөн көпчүлүк менен Бишкекке жылды. Мал менен жүрүп, ыкшоо мүнөз күтүп калган жаны кыжылдаган шаар турмушуна аргасыз үйрөндү. Кызы Салима менен Зуура бирөөлөрдүн аркасы менен Орусияга товар ташышса, өзү көчөдө тамеки, семичка сатып отурду. Бир аз ирденип келатканда дагы бир ырайымсыз кырсык Зуура экөөнө кан жуткусуп кетти. Орусиядан келаткан кызын бирөөлөр поюздан ыргытып жиберип, сөөгүн тосуп алышты. Зуура экөө анда да канаты кайрылган куштай, сыздап отуруп калышкан. Ошондон кийин да батирден батирге көчүп, турмушу улана берди. Сагынычы төрөлдү. Жаңыдан көз жарган наристенин ыйын угуп сүйүнгөн экөө Талип менен Салиманын бир кездеги айжаркын элесин сагынганда, «Сагыныч» деп азан чакырышты. Зуура экөөнүн кайгысын Сагыныч төрөлгөндөгү жакшылык бир аз жеңип кетти.
Жаңы замандын шарданы кайра эле соода кылгандан башка арга таптырган жок. Өкмөттүн кылча пайдасы жогуна түшүнүп, анын кан соргон мите курттан эч айырмасы жок экенине көзү жетти. Маңдай тер менен тапкан болор болбос тыйын-тыпыры салыкчылардын чөнтөгүнө кетет. Күнүгө ар кайсыны айткан милийсасы да, салыкчысы да көп. Зуура экөө соода кылар бир чарчы жер үчүн кокодон алчу ошолордон күйдү. Өкмөт чыгарган заң-закүндөрдүн шылтоосу күн сайын алмаша бергенинен, акыры соодадан көңүлү калып, курулушчуларга кошулду. Андан да чекеси жылыбаганда, чоң базарга барып, тачка түрткөн түйшүккө аралашты.
Канча жыл батирден батирге көчүп, көңүлү калган Зуура экөө жарыгы күйүп турган терезелерди көрсө, кудай-тааладан үйдөн башка эч нерсени тилеген жок. Экөөнө терезеси жарык үйдө жашагандар бул дүйнөдө эң бактылуу көрүнөр эле. Шаар четиндеги козугарындай жаңы көтөрүлгөн чатырларды көргөн сайын Зуура экөөнүн ичинен кан өтүп жүрүп, акыры эптеп жыйган акчага төшөктө жаткан орус кемпирдин эски үйүн сатып алышкан. Бирок акыры минтип чатыр көздөн учкан тагдырга туш болушту. Анын үй-бүлөсүнө эски замандын да, жаңы замандын да жарыгы тийген жок.
Канчалык белин бекем бууп, каруусун казык кылбасын, маңдай-теринен жарыбай койду. Кимди күнөөлөйт. Өзүнбү? «Тагдыр ырайымын качан көрөм?» деген Тээкбол азыр турмуш эмнеге ушуга жеткиргенине башы катып отурду. Зуура экөө эмнеден адашты? «Кудай кандай адамдын колуна эле берип коёт? Өз ырыскымдан жыргап кеткен күн болдубу? Ууру кылганым жок. Киши өлтүргөнүм жок. Кудай бизди эмнеге жазаладың! Каргышыңа кабылгыдай эмне кылдым эле!? Бир уурунун акчасын таап алыпмын, ошобу? Каргышыңа калар иш кылганым ушул элеби? Ууру кылгандардын канчасын көрдүм? Бирөөнүн адал тер, адал эмгегин жеп деле жыргап жашап жүргөндөрдүн канчасы жүрөт! Эмнеге ошолордун телегейи тегиз? Ошолордун жазасын бербеген кудай-таала эмнеге менин үй-бүлөмдүн башына азапты үйүп салдың? Эгер кудай-таала бар болсоң, эмнеге баарыбызга тең болбойсуң! Кудай-таала, эмнеге сенин кулагың керең, көзүң көр болуп калган! Эмнеге бизди кууратып койдуң?!»
Каңырыгы түтөп отуруп, жер муштаган бечара баятан кудайга акаарат келтирип алганына кайра өзү калтаарый түштү. Өмүр бою кудайдан коркуп жашаган бечаранын кудайга акаарат келтирген күнү деле ушул болчу.
14. Келемиш
Күн кечтеп калган маалда Зууранын деми кысылып, алсырай баштады. «Чыйрыгып атам» дегенинен Тээкбол менен Сагыныч таштанды челектердин арасынан таап келген эски кастрюлга сорпо кайнатып беришти. Бирок жарытылуу иче алган жок. Алардын «ооруканага жеткирели» дегенине да эч көнбөдү. Түнү бою кыңкыстап жатып, бир убакта көзү илинип бараткан экен, баланын ыңаалаган үнү басылбай атканынан ордунан козголуп, сүт чыкпаган эмчегин дагы эмизди. Баланын ыйы мурдагыдан күчөндү. Зуура болсо «Карды тойбогон үчүн ыйлап аткандыр» дегенден башканы ойлогон жок. Эмчектен сүт чыкпай атканына кейиди.
* * *
Жертөлөдөгү келемиштер бул жердеги кыбыр эткен жандардын тирлиги тынчыган кезде күндүзгү кандын жытына келген. Шимшилеген алардын бири жоолукка оролгон Кайраттын кызарган согончогун кемирип кирди. Бирок аны наристе чырылдап ыйласа да жан адам туйган жок. Бул жердеги келемиштерге көнүп калгандыктан баары бейкапар уйкуда эле.
Наристенин ыңаалаган ыйы эч бир келемиштин коркуу сезимин ойгото алган жок. Алар тез эле биринин үстүнө бири үйүлүп, ымыркайдын согончогун кемирип жиберди. Төшөнчүнүн үстү кыбырап атканын туйган Зуура үлбүрөгөн чырактын жарыгындагы келемиштердин күндөгүдөн көп экенин көрүп, жүрөгү бирдеңкени сезгендей Кайраттын төшөгүн кымтылар кезде колунун учу тыз дей бергенде – келемиш тиштеп алганын туйду. Чочуп турган неме Кайраттын согончогун көрүп, бакырып жиберди. Түн ортосунда Зууранын келемиштерди кубалап, далбастап атканын көргөн Тээкбол эч нерсеге түшүнгөн жок. Кайраттын согончогун көргөндөн кийин гана эки колу менен жүзүн баса калды. Экөө эмне кылар айласын таппай отурганда, баятан бышактап ыйлап аткан Зуура үн катты:
– Каражыгачта жашаган баягы Көчөр эсиңдеби? Балага бөөдө убал кылбай, ошолордун колуна берели… Андан башка аргабыз жок, – дегенден кийин, кабыргасы кайышып отурган Тээкбол да аялынын акылына көндү.
Экөө бул сырды эч кимге айтпоону чечти. Муну Сагынычка да угузбай турган болушту. Тээкбол акыркы жолу Зууранын эмчегин наристеге бир эмиздирип алып, жылуу кымтылатып ороткондон кийин түн жамынып, Каражыгач жаңы конушуна жөнөдү. Баягы каргашалуу күн башына түшкөндө Ырыстын согончогу канабаган аял экенин айткан Көчөрдүн күйүтүн эстеп келатты. Баланын кадырын билер кишинин терезесинин түбүнө келген кезде, эмне кылышты көпкө ойлонду да, каалганы такылдатты. Үйдөн чыгып келаткан Көчөрдүн дабышын угары менен наристени үстүнкү тепкичке шаша-буша коё салып, караңгыга сүңгүп кетти.
15. Түш
Таң эртең менен Кайраттын кайда экенин эң биринчи сураган Сагыныч болду.
– Түндө кыйналганынан ооруканага жеткирип бердим, – деген атасынын жообунан Сагыныч эч бир шек алган жок.
– Кайра качан алып келебиз?
– Чоңойгуча алып келбейбиз. Бул жерден аны кантип багабыз? – деген Тээкболдун жообуна Зуура бир жактан кошулду:
– Бул жерди көрүп атпайсыңбы, балам. Аны кантип чоңойтобуз? Өзүбүз адам өңдүү жуунуп-таранып жашай албай атып, баланы каяктан жуунтуп, каякка уктатабыз? – деп каңырыгы түтөп турган апасынын жообунан кийин кечээтен бери бөбөгүнө камкор боло баштаган Сагыныч да эч нерсе дей албады.
Атасы менен апасынын түнөрүнкү кабагын байкап, түндө көргөн жакшы түшүн айтып, маанайды көтөргүсү келди:
– Апа, түндө жакшы түш көрдүм.
– Түшүңөн айланайын, айтчы.
– Түшүмдө дайым эле кичинекей чатырлуу үй көрөм. Биз ошол үйдө жашайт экенбиз. Менин Короочу деген күчүгүм бар экен.
Сагынычтын бул түшүн Зуура жакшылыкка жоруду. Ал да түшүндө дайыма кичинекей чатыры бар үйдү көрөрүн айтып, уулунун маңдайынан сылады:
– Буюрса, биздин да үйүбүз болот, балам. Аман бололучу, – деген.
* * *
Денеси чыйрыгып, деми кысылып турган Зууранын бүгүн жөтөлү басылбай туруп алды. Бүткөн бою бир жактан оор тартып, көзү караңгылайт. Түндөтөн бери калчылдап үшүгөн денесинин калтыраганы күчөдү. Кубаты кетип турган Зууранын абалы тез эле начарлай түшкөнүн туйган Тээкболдун да санаасы ордунда эмес эле. Зуурага кечээ кайнаткан сорпону кайрадан ысытып, бирок бүгүн да ичире албай убара болду. Колу калчылдап, чыныдагыны оозуна жеткире албаганын көрүп, өзү жардамдашты. Анда да болгону бир ууртап, тескери бурулду.
– Ичсең эми.
– Күндү көргүм келип атат. Мүмкүн күнгө чыксам, чыйрыкканым басылар, – дегенинен Сагыныч экөө Зуураны колтуктан сүйөп, темир жолдун боюндагы күнөс жерге отургузушту. Көпкөк асмандан көзүн албаган Зуура күн нуруна бир башкача тиктеди. Жаз деми жыттанган теребелге көз чаптырып, суктанып алды:
– Күндүн табын карагылачы. Бүгүн абыдан сонун экен…
Бирок күндүн табы Зуураны жылытпай койду. Мурдагыдай эле денесинин калтырагы басылбай, жөтөлү башталганда каны качып турган жүзү көпкөк болуп чыкты. Анын түрүн көргөн Тээкбол жанбүдө болуп санаасы тынчыбаганынан, тез жардам чакырганы жөнөп кетти.
– Сагыныч, мага жакын келчи.
Жанында сүйөнүп отурган уулунан көпкө чейин көзүн албай, телмирип отурду. Анын бул көз карашы – Сагыныч менен акыркы көз ирмеми эле. Бир нерсе айтайын деп, бирок уулунун жүрөгүн ооруткусу келбеди. Коштошоордогу эң акыркы кебин эне жүрөгү айттырбай койду. Омуртка сөөгү сыздап турса да, тилин тишине катты. «Кош бол, балам, – деп кантип айтам! Жаным үзүлүп баратса да айтпастырмын. Оозума таш! Тиги дүйнө бар экени чын болсо, балам менен коштошпойм… Тиги дүйнөгө барайынчы… Атасы экөө бу дүйнөдөн көрбөгөн жакшылыкты мен тиги дүйнөгө барганда тилейм. Эгер тиги дүйнө жок болсо, анда кудайдын да бар экени жалган! Кудайдын бар экени чын болсо, баламды кудайдын колуна тапшырдым. Баламдан эми кудай-таала мээримин аябастыр… Кудай-тааланын бизге көргөзбөгөн башка эмне кордугу калды! Бу дүйнөдө атасы экөөнө жүк болгондон башка пайдам кайсы… Жарым жан оору болуп жүрүп, экөөнү кыйнап бүттүм. Жок. Жок, өлбөйм. Балам жанымда турганда, аны кантип чыркыратам! Жөөлүп атамбы? Жок. Жөөлүбөйм. Мына күндүн көзү чакчайып турбайбы… Балам жанымда отурбайбы…»
Бекем чымырканып, оордунан тургусу келди. Денесин козгой алган жок.
– Балам, атаң кайда?
– Азыр келип калат. Чыдаңыз апа. Тез жардамга кетти.
– Наргиза эмне көрүнбөйт? Бүгүн кайда кетип калган?
– Билбейм, апа.
Зууранын Наргизаны сураган себеби: «Менин көзүм өтүп кетсе, Сагынычка менин ордума энелик мээримиңди сала жүр» деп айтмак болгон. Уулун да, күйөөсүн да мээрими жумшак бирөөнүн колуна тапшыргысы келген. «Тээкбол менен Сагынычтын тагдырын тапшырып кетсем, тынчырак өлөрмүн» деп, Наргизаны көргөнгө эки көзү төрт болду.
– Наргиза эжеңди чакырып келчи, балам…
Сагыныч Наргизаны издеп, жүгүрүп кетти.
«Жок мен… кудайдан мээрим тилебейм. Кудайдын бар экени кана! Анын жок экенине мынабул чакчайып тийген күндүн өзү күбө. Биз мынабул жарык күндүн алдында кудайдын жакшылыгын көрдүкпү? Кудайдын калыстыгы кана! Ал биздин үнүбүздү ушул күндүн алдында угуп койдубу?!»
Ал азыр кудайдын тирек болоруна таптакыр ишенген жок. Тээкбол менен Сагынычка тирек болор күч кудайдын эмес, Наргизанын колунда деп ойлоду. Кудай-тааланын колунан келбеген жакшылыктын баары аялдын колунда, аялдын жүрөгүндө, аялдын мээриминде деп ичинен күңгүрөндү. Бул дүйнөдө кудайдын жок экенин ал азыр сокур сезим эмес, көкүрөгү менен туйду. Туйганда да жарык дүйнө менен коштошорунда…
– Наргиза эжени таппай келдим, – деген Сагынычтын кебин кулагы эшиткен жок.
Өзүнчө кайышып отурган апасынын үшүгөн колдорун ушалаган Сагыныч болсо алдыда жамандык болорун күткөн эмес эч. Апасынын мындай оорусуна ал далай жолу көнүп калган. Бул жолу да көнүмүштөй сезилди. Болгону мурдагыдан көбүрөк аяп, апасы көрүп келаткан турмушту ойлонуп, телмирип катып калган. Бир убакта апасынын көк жөтөлү кармап, өң алети бузула баштаганынан коркуп кетти. Апасынын тарбайган колдору жайылып келип, күндүн нуру менен кошо Сагынычтын тулку боюн бир кучактап алган бойдон деми чыкпай калды.
– Апа! – деп бакырган Сагынычтын үнүн Зуура уккан жок. Анын денеси жер тарта бергендей болуп туруп эле сууп калды.
Сагынычтын жүрөгү титиреп, чыңырып жиберди. «Балам жанымда турганда, аны кантип чыркыратам!» деген Зууранын кулагына Сагынычтын чыңырыгы жеткен жок. Жетсе, жарык күндүн нуру менен коштошпойт эле. Ал дагы бир чымырканып, баласын бооруна кучактап отурмак. Наргизага Тээкбол менен Сагынычтын тагдырын тапшырып, көрүндө тынч жатмак.
Бул убакта тез жардам айдатып келаткан Тээкбол апасынын үстүндө кулап жаткан уулунун жер сабап атканын алыстан көргөндө эле жүрөгү жамандыкты сезди. Тез жардамдан эми пайда болбосун билсе да, айдоочуну шаштырды.
Кеч болуп калганына ийин куушурган врачтар Зууранын жасатын алып кетебиз дегенин укканда Тээкбол каршы болду. Бирок анын сөөктү бербейм деген эркине коюшкан жок. Керектүү кагаздарга кол койдурарга келгенде, Зууранын да, Тээкболдун да эч бир документи жок экенин уккан врачтар, өздөрүнүн жоопкерчилигинен коркуп туруп алышты. «Соттолуп кеткидей алыбыз жок» дешип, аялынын жасатына Тээкболду ээ кылбай, жүктөп кетишти.
Эң чоң кыйынчылык эртеси башталды. Врачтар сөөктү моргго өткөрүп салгандыктан, Тээкбол менен Сагыныч он күн убара чегип салпакташты. Ар кимге жансепил көрүнүп, Зууранын жасатын моргдон алууга уруксат алалбай, барбаган жерлери калган жок. Кайда барып арызданышпасын, «Колуңарда Кыргызстан жараны деген паспортуңар кана» деген шылтоолор жадатып, акыры Зуураны өз колу менен көмалбай калганына арманда калышты. Кайда барышпасын, арыз-армандарынан эч майнап чакпай турганына көздөрү жеткенден кийин бир күнү ата-бала маңдай-тескей отуруп, Зуурага эң биринчи жолу куран окушту. Алакан жайып бата кылар кезде Сагынычтын манжасыз колдорун көргөн Тээкболдун көзүнө турмуш ушунчалык суук көрүндү. Алаканын жайып отурган уулунун колун тиктеп, өзүн дал ушул манжасыз колдой элестетти. Өмүр бою жанында таяныч болуп келаткан Зуура жок үчүн мындан аркы жашоо жолу эми ага так ушул мулуюп турган манжасыз колдой туюлду.
Кош канаты жарадар куштай оордунан эңшерилип өйдө көтөрүлгөндөн кийин, артына бурулуп, көзүнөн кылгырган жашты уулуна көрсөтпөй, үнсүз басып кетти. Ал ошол күндөн баштап Кайраттын ыңаалаган үнүн угуп кайтуу үчүн Каражыгач жаңы конушундагы Көчөрдүн үйүнүн терезесинин түбүнө түн жамынып дайыма бир маал келип-кеткенге көнүп алды. Үйдүн сыртынан далайга чейин акмалап жүрүп, Кайраттын ыңаалаган үнүн бир угуп алгандан кийин, жандан чыккан наристесинин маңдайынан сылап алгандай болот. Түн жамынып бир маал келип кетмейин, Кайраттан санаасы тынбайт. Бөбөгү жөнүндө Сагыныч да ойлонбой койбойт. Бөбөгүн эстегенде, апасын да эстейт. Апасын эстеген сайын кичинекей чатыры бар үй дайыма түшүнө кирет. Түшүндө апасы менен ошол үйдө бөбөгүн эркелетип, бирде Короочу деген борсулдаган күчүгү экөө ойноп жүргөн болот. Түшүнүн эң жакшы көргөн жери – апасы үйдөгү мешке от жагып отурганы. Ал түшкө абыдан ишенет. Ал эми турмушта көзү жеткен нерселерге ушул жашынан эле анча ишенбейт. А түшүндө көргөн нерселер качандыр бир кезде турмушунда болоруна негедир көзү жетип турат. Апасынын кайра тирилип келбесине көзү жетсе да, бирок качандыр бир кезде атасы экөөнүн үстүндө сөзсүз чатыр болоруна ишенет.
2007-2009.