Гүлнара Шадыман: Мини сага

  • 16.05.2025
  • 666

Мини сага – бул 50 сөздөн ашпаган, бирок терең маани камтыган кыска окуя. Ал күтүлбөгөн бурулуш менен аяктайт жана окурманды ойлоно тургандай кылат. Мини сагалар көбүнчө адам тагдыры, эмоция, турмуштук сабактар же философиялык ойлорду камтыйт. Сиздерге мини сага сунуштаймын.

Үнсүз окурман

Ал жазды. Түнү менен, унчукпай. Эшик каккан жок, сахнага чыккан жок. Болгону «РухЭшке» жиберди. Бир күнү бир кат келди: “Мен сиздин аңгемеңизден өзүмдү таптым.” Колу титиреп кетти. Ошол мүнөттөн баштап ал өзүн да таба баштады.

Төш белги

Кыргыз тилин өнүгүүсүнө кошкон салымы үчүн төш белги ыйгарылды. Отургандар кол чапты. Кечинде үйгө келди. Сыйлыгын куттуктап уул-келин неберелер да келишкен. Неберелер орус тилинде куттуктоо айтышты. Төш белги төштө турду, бирок ошол тилди уланта турган бир да үн, бир да из жок эле…

Кайрымдуулук

Ал колуна баштык кармап, карыянын жанына барды. Камера ишке түштү. “Биз – кайрымдуу элбиз!” — деп видео жүктөштү. Комментарийлер: “Жакшысыңар!”, “Үлгү болгула!” Эртеңинде карыя ошол эле бурчта отурду. Камера жок болчу. Эч ким келген жок.

Ооба же жок

Илимпоз өмүр бою “эмне үчүн?” деп изденди. Онтомдук эмгек жазды, эл аралык сыйлык алды. Бир күнү журналист: “Сиздин жашооңуз ийгиликтүү өттүбү?” — деп сурады. Ал узак ойлоно түштү. Анан айтты: “Бул суроого азыр жооп берүүгө илимий далил жетишсиз…”

Сүрөт

Кемпир күндө дубалдагы сүрөттү карап отурчу. Келгендерден: “Бул уулуңузбу?” — дешсе, башын ийкеп койчу. Бир күнү коңшу кыз сүрөттү алып кетти. “Бул атактуу актёр да! Теледен көргөм!” Кемпир унчукпады. Анын уулу эч качан сүрөткө түшкөн эмес... болгону армиядан кайткан эмес.

Унчукпоо

Апасынын көзүнчө кыз сүйлөгөн жок. Келин болгондо да унчуккан жок. Бир күнү уулу үйгө ыйлап келди: “Алар мени шылдыңдашты, сен эмне дейсиң?” — деди. Ал баягыдай эле унчукпады. Ичинен гана күбүрөндү: “Мен да ушинтип чоңойгом. Биз уят деп үндөбөй калдык.”

Илим

Ал жашынан эле “эмне үчүн?” деп сурай берчү. Убакыт өттү. Китептер, тажрыйбалар, диссертациялар… Бир күнү формуланын четине “апам” деп жазды. Студент сурады: “Бул эмне үчүн керек?” Жооп узун болчу. Бирок ал жылмайып койду: “Анткени илим да сүйүүдөн жаралат.”

Онлайн жашоо

Ал досторун онлайндан издеди. Түшкү чайды стористен көрдү. Түн ичинде “жашоо эмне?” деп Google'га жазды. Жооп чыкты: “Сиздин интернет жок.” Бир мүнөт тынчтык. Терезени ачты — көчөдө кошуна бала футбол ойноп жүрөт экен. Ал биринчи жолу катталбай туруп күлүп койду.

Күндөлүк

Директор күндө тынчы кетип, класстарды кыдырат. “Тартип, билим, жоопкерчилик!” — дейт. Балдар унчукпайт. Бир күнү мугалим анын партасынан эски күндөлүк тапты. Ичине: “Эмне үчүн мени түшүнгөн чоңдор болбогон?” — деп жазылган. Эми ал директор. Балдардын үнүн угууга дагы эле даяр эмес...

Эшик

Ал көп жылдар бою чоң мүмкүнчүлүк күттү. Бирок ар бир сунулган шанс үчүн шылтоо тапты: "Азыр эмес", "Мен даяр эмесмин", "Мага мүмкүнчүлүк беришкен жок".

Бир күнү баягы “жабык” эшиктердин алдына кайтып келди. Жакшылап караса, алар эч качан бек болгон эмес экен.

Аларды жапкан өзү экенин билди.

Баа

Жашоосунда көп нерсеге жетишти. Бирок убакыт өткөн сайын аңдады: сыйлыктар өчөт, наамдар унутулат.

Кеч баа берди: жетишкендик эмес, үйрөнгөн сабактар баарынан маанилүү экенин.

Чыныгы ийгилик

Максаттары ийгиликти көздөп чуркады. Убакытын, күчүн, кыялдарын арнады. Бирөөсүнө жетсе, дагы бир жаңысы пайда болду...

Күзгүдөн чарчаган көздөрүн көрдү.

“Мен эмнеге жеттим? Же жөн гана өзүмдү түгөттүмбү?” — деп ойлонду.

Ошондо гана түшүндү: чыныгы ийгилик – өзүңдү жоготпой жашоо.

Сабак

Практикант сабак өтүп жатып, ката кетирди. Уялып, мугалимине карады.

Мугалим жылмайып:

— Ката – бул жаза эмес, сабак, – деди.

Ошол күнү практикант түшүндү: чыныгы мугалим ката үчүн сындабайт, үйрөнүүгө жардам берет.

Тамыр

Чет тилдерди мыкты өздөштүрдү. Дүйнө кезди, көп нерсеге жетти.

Бир күнү кичи мекенине кайтып, балалык көчөсүндө бир кемпирдин сөзүн түшүнбөй туруп калды.

Ошондо түшүндү: башка тилдер – канат, бирок өз тили – тамыр экенин.

Тынчтык

Атасы дайыма урушчу. Баласы унчукчу эмес. Апасы ыйласа, ал терезе карап отура берчү. Бир күнү атасы жок болуп калды. “Жумушка кетти”, — дешти. Жумалар өттү. Баласы ыйлап жатты. — Эмне болду? — Кɵрсɵ бала урушкан үнгө көнүп калган экен... Тынчтыктан м коркуп жатыптыр.

“Сөз”

Декан убада берди: “Ким эң көп илимий макала жазса — менден акчалай сыйлык!” Ал шыктанды. Ондон ашуун макаласы жарык көрдү. Жыйын тынч өттү. Сыйлык болбоду. Унутулдубу? Айлыгы тийбей калдыбы? Ал азыр да үмүт менен сыйлык күтөт. Жазууну токтото элек…

Эгер «РухЭш» сайтынын ишмердиги токтоп калбашын кааласаңыз, бизди колдоо үчүн төмөнкү банктык эсебибизге өз каалооңузга жараша акча которо аласыз... Мбанк + 996 700 53 25 85 жана Оптимабанк-4169585341612561.

Окшош материалдар

Комментарий калтырыңыз